Мародерлор майрамын утурлай…

24-март. Маршка даярданган бийлик
Кыргызстандын туш-туш тарабынан келген кабарларды окуп отуруп, биздин бийлик башка иштердин баарын жыйнаштырып коюп, бир чоң маршка камынгандай, не бир тилсиз "жоону" алдын ала тосконго даярдангандай таасир калтырат. Тиякта тренировка, быякта күжүрмөн даярдык… Сырттан жалдап келинген чоң муштумдар, боецтер, спецназдар, дагы дагы ушу сыяктуу топтор, топтор...
Жазгы талаа жумуштарын анча деле оозанган киши жок. "Талаа-палаа деген майда-барат жумуштар азырынча кое турат" дегендей кыязда… "Кайда качмак эле, күтө турат, алиги жаз деген немеңер" дегендей кыязда… Жаз жарышты мезгил мамысына чүлүктөп байлап койгондой. Андан да маанилүүрөөк маселелер бар дегендей кыязда… Сүйлөгөндөрүн тыңшап отурсаң, кризис бизди жандап өтүп кетет, анын бизге жамасаң да тиешеси жок дегендей тыкылдашат. Рапорттору шумдук. Кулак сүйүнөт. Маселердин баары шайма-шай чечилген экен. Эшимкановдун кара жашиги эбиресе, денең балкыйт. Сыртка чыксаң эле эсиңди эки кылган реалдуу турмуш, таптакыр башка контраст.
Талаачылык анча актуалдуу болбой турган соң, бардык мамчиновниктердин кеңселеринде "боевой настроение". Жалаң аскердик иштер, ага тиешелүү кем-карчтар. Баары улуу жүрүшкө чыкканга даярданмакта.
А гезиттерчи? Өңчөй кандуу окуялардан репортаждар. Камоо, бычактоо, тирүүлөй өртөө…
Экономиканы да бийлик унутту. Кышта көбөйүп бараткан Токтогулдун суусу жаз ташкыны келген замат кайра азая баштаптыр. Жарыкты өчүрүүлөр кайра көбөйгөнү ошого байланыштуу экен. Бирок бул да актуалдуу маселе эмес болуп чыкты бу күндө. Базарлар соодасы жүрбөй, "Аламүдүн-Дордойдо" эл азайып, казаны катуу кайнай албаган Чоң Дордой азыр карасаң андан бетер "дордоет". Эки мамлекеттин жалпы базарына айланган атактуу Кара-Суу базары да кадимкидей сумсайып, "пош-пош!" деп кулактын кужурун алган арабакечтер иши жок акыйат дейт көргөндөр. Анткени Казакстан катуу кризисте. А баягы кыргызга кырдана караган казактар азыр "карызыңар кымындай ау, ширкин" деп тамшанат кайра бизге, күлкүнү келтирип. Катуу чардап, катуу ысыраптаганга көнө түшкөн казактар, карызга катуу баткан белем, айткандарын угуп, чын эле төбө чачың тик турат. Деле жүз миллиарддан аз карызды кеп кылган кишини ныпым таппайсың, дейт, Алматыда. Өзүнчө эле мифология, элдик оозеки чыгармачылык. Биздин эки миллиардды айтсаң, ыкшып күлөт. "Биздин чоңдордой эле алсаңар арбыта алып, жесеңер арбыта жебейсиңерби, карызга батсаңар биздей батпайсыңарбы" деп же мазактаганы, же мактаганы билинбей кыткылыкташат. "Силердей кекиртегибиз кенен болбосо, сата турган газ менен нефтибиз жок болсо, ошентебиз да, эй" деп араң кутуласың аскиясынан.
Мисалы, бизде азыр майрам артынан майрам келатат. Мына, Нооруз келип калды шаштырып. Анын артынан Революция күнү, тоюс, мародерлор майрамдаган күн келатат жаркырап-жайнап… Атаганат, ошол күн дагы бир кайталанып калсачы дегендер канча… Бекер телевизорлор, кол телефондор, муздаткыч менен кир жуугучтар… Ал эмес Ак үйгө кирип, каалаганча чардап, ак мраморлорго очойто отуруп, талашыңча талап… Санасаң сан жетпейт. Ыйлагандар, акылынан адашып, жинди болгондор да ошончо. Каргагандар, зарлагандар да ошончо. Ошон үчүн "мародерлор майрамы", жөн майрам эмес дечи…
Башка улуттар бул күндү эстеп ыйламак. Аза күтмөк. А биздин чоңдор өлө сыймыктанат экен. Болбосо, 24-мартты улуттук майрам кылып, кызыл календарга киргизмек эмес. Анан ой кетет экен, бул кебетелери менен дагы бир таламай, таламайга аралаш качмай, качмайга аралаш эл байлыгын чачмай сыяктуу "мероприятиелерди" өздөрү уюштуруп, себепчи жана демилгечи болот окшобойбу...
Майрамыңар кут болсун анда, жолдоштор!

Темирбек Муктаров




  Жоопсуз ойлор

Тар заман
Кыргыздын жаңы тарыхындагы эң эле кейиштүү өлүм. Эң эле кайгылуу өлүм. Уккан адамдын жүрөгүн титиреткен өлүм… Таш боор, адам деген асыл наамдан пайдаланышка кымындай акысы жок жырткычтардын колу менен жасалган өлүм. Саясий өлүм. Бийлик үчүн баарына даяр жексурлардын буйрутма өлүмү...
Бул сөздөр, бул ойлор азыр ар бир аң - сезимдүү кыргыздын мээсинде саат болуп чыкылдап турган убагы. Тынчтык бербей турган убагы. Уктаса түн уйкусун бербей, ойгонсо оюнан чыкпай, түйшөлтүп турган кез. Бул не деген заман болуп кетти, эмне деген коомдо, эмне деген жексур мезгилде жашап жатабыз?- деген опурталдуу ойлор оор үшкүртүп турган убак. "Аңгектен качсаң, дөңгөккө" деген ушу беле?-деп, туңгуюктан жол издеп, кайсалап турган заман ушул. Саясатчыларды чакалайдын чак түшүндө өлтүрмөй, тирүүлөй уурдамай, журналисттерди соо жерин калтырбай бычактамай, тепкилемей, жилигин сындырмай… Эми минтип, денеси күл болгонго чейин өрттөмөй…
Каякка келип такалганбыз, кайсы туңгуюктабыз, тандасаң тазга жолугасың деген ушул беле? Өткөндү жаман деп жерип отуруп, жеткен жерибиз ушул болдубу? Элди кантип тойгузабыз да, кыйын-кыстоо замандан кантип алып чыгабыз деп акыл издегендин ордуна, мөөнөтүнөн мурда шайланабыз деп аңыраңдаган төбөлдөрдү карап туруп, не айтууга болот? Аларга 2005-жылы жапырт ак батабызды ушул үчүн бердик беле? Арстанбек акын айткандай, башка чапса былк этпес тар заманга ээрчиткиле деп добушубузду бердик беле? Адам укугу дегенди уруп ойнобой, мыйзам дегенди чымын чакканча көрбөй, кың дегендин башына камчы ойноткула, элди мал катары карап, айдаган жакка чубаган короодогу койго айланткыла деп бийликти алмаштырдык беле?
Акаевдин заманында жок дегенде каалаган убагыбызда көчөгө чыгып, керек болсо Ак үйдүн так тушуна барып айкырыкты салган заман ушу менен кайрылгыс болуп кете береби, чиркин?
Ушул жана ушул сыяктуу оор күрсүнткөн, түнү түйшөлтүп, күнү ойлонткон дүмөктүү ойлор Медет Садыркуловдун трагедиялуу өлүмүнөн кийин ого бетер күчөдү.
Качанга чейин ушул турмуш уланат? Качанга чейин ушул ушул сыяктуу киши колдуу болгон ажалдарды санап коюп, күн өткөрөбүз?
Суроо… Суроо…Суроо…
Азырынча жоопсуз суроолор…
Жообу бир гана суроолор…

Нурдин Асанов




  Чыйрыккан суроо

Майрам демекчи...
Эсимде. Илгери майрам жакындаган сайын ал күндүн келишин эртелеп күтүп, болгон жакшы кийимдериңди даярдап, алдыдагы салтанатты ушнчалык күтөөр элек. Андай учурда адамдардын маанайы да өзгөчө ачылып, шаан-шөкөт айланада толкуп турчу. Мейли түн болсун коркунуч деген сезим дегеле сезүлчү эмес.
Мына жакында, мыйзамда жазылган боюнча карасак саналуу күндөрдөн кийин Кыргызстан 24-март "Элдик майрам" күнүн белгилөөнүн алдында турат. Ал эми айланабызды караңызчы, не деген жүрөктүн ушун алган окуялар. Тономой, сабамай, өлтүрмөй, өрттөмөй...
Коомдук тартип дегенге такап, көчөдө кетип бараткан адамдарды ыксыз текшерүү күчөдү. Чоң-чоң шаарлардын кире бериш жерлеринде тишине чейин куралданган аскерлер турат, МАИни коштоп. Майрам күнгө эмес, кандайдыр бир коркунучтан коргонуп жаткандай маанай. Дегеним, дал ушундай коркутуу көрүнүштөрү менен элдин майрамдык маанайын көтөрсө болобу? Бул неден кабар берет? Элди коркутуп-үркүтүү менен аларга ишеним, жылуу маанайды кантип тартулаай алат? Анан дагы майрам дегенибизчи...

Калыбек Таштанов
Бишкек шаарынын тургуну.











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan