Сулуулук дүйнөнү сактап калат
"Мөңгүлөр булут жазданат, мөл - мөл кыздар назданат" демекчи, мөл - мөл көз кыздай болгон жаз мезгили да айланабызга кирип келди. Эне боорундагы быйтыйган наристедей болгон, бүгүн эртең жарыктыкка келем деген жалбырактарына үңүлүп, негедир сулуулук деген түшүнүккө аргасыздан байланып кеттим. Анан ошол сулуулуктун чоң бир өзөгү аялзатына таандык экенинен уламбы сулуулар жөнүндө жазгым келди. Бирок, "миң айткандан бир көргөн артык" деген сыңар, өздөрүнүн ажарлуу келбеттери менен дүйнөнү багындырган аялзаты жөнүндө эмес, минтип алардын жүзүн окурмандарга сунуштоону эп көрүп отурганым.
Негизинен "Дүйнө сулуусу" сынагы 1951-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Ал эми сиздердин назарыңыздардагы асылзаадалар XXI кылымдын "Аалам сулуулары". Тагыраак айтканда, 2000-жылдан беркилер. Анда алар:
2000-жылкы "Дүйнө сулуусу" - Приянка Чопра. (Индия) анда ал 18 жашта болчу. Эки ирет өз сулуулугу менен дүйнөнү багындырган.
2001-жылкы "Дүйнө сулуусу" - аталган конкурстун тарыхында биринчи ирет Африка континентинин сулуусу жеңип алган. Ал- 18 жаштагы Нигериялык Агбани Дарего.
2002-жылкы "Дүйнө сулуусу" - Азра Акин (Турция)
2003-жылкы "Дүйнө сулуусу" -Ирландиялык Розана Дэвидсон. Белгилүү ырчы Криса де Бурганын кызы.
2004-жылкы "Дүйнө сулуусу" - Мария Джулия (Перу). Анда ал 20 жашта эле.
2005-жылкы "Дүйнө сулуусу" - Исландиялык 21 жаштагы Бирна Вильямсдоттир.
2006-жылкы "Дүйнө сулуусу" - Татьяна Кучарова (Чехия)
2007-жылкы "Дүйнө сулуусу" - 23-жаштагы Чжан Цзилинь (Кытай)
2008- жылкы "Дүйнө сулуусу" - Ксения Сухинова (Россия). Сибирлик кыз Ксения анда 21 жашта эле.




Даярдаган
Эльнура Дүйшеева








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan