Спорт жылдыздары:

Дидьде Дрогба
Кара калтар чабуулчу
Кашкөй таланттардын арасынан карааны калдайып, жылдызы жаркырап жанган футболчу, албетте, Дидье Дрогба. Ооба, кара калтар чабуулчу!
Пил Сөөгүнүн жээги же Кот-д-Ивуар деп аталган экзотикалык жерде, мурдагы француз колониясында төрөлгөн өспүрүм чоң футболго кечирээк - 21 жашында келди. Бирок, чоң таймаштардан кечиккен жок.
Майда өлкөдө же кичинекей аралда төрөлгөн адамдын өксүгү жаштайынан арбын болору бышык. Анткени көпчүлүккө таанылып, назарга илинүү үчүн жан үрөп түйшөлүүгө мажбур.
Дидье катаал сыноолорду тырмактайдан, турмуштун жыргал-кууралын бармактайдан кечирди. Ачка-токко кайыл болгон жети баланын улуусу. Атасы банкта иштесе дагы турмуштан каржалып, тун уулу Титону (Дидьени ушинтип айтышкан) 5 жашында Францияга жөнөтүүгө аргасыз болот. Анткени Дрогбалардын тууганы "Мишель байке" француздук "Брестке" илээшип калган.
11 жашында Дидье экинчи ирет Мишель Габонун колуна келип, "көчө футболуна" ээликтейт. Эмигранттар кварталында машыкты. Түттү. Күттү. Ошондогу абыгер чеккени эми он эсе акталып жаткан кезеңи. "Эмнеге жетишсем, ошонун бардыгы Мишель байкемдин эмгеги" деп эскерет эми "Челсинин" чабуулчусу.
Азыр Дидье Дрогба - Батыш Африкадагы өз Атажуртунун улуттук баатыры. Пил сөөгү Жээгинин футбол боюнча курама командасынын туу тутар сыймыгы. Гвинея булуңундагы Кот-д-Ивуардын образын туристтер эң ириде "какао" менен байланыштырат көрүнөт. Андан кийин "Дидье Дрогба" деп жооп беришет экен. "Пилдер" Африка континентинде катуу кармашып, дүйнөлүк чемпионаттын 2006-жылкы финалына татыктуу жолдомо алган. Германиядагы таймашта Дрогба Аргентинанын "чебин бузганы" калың күйөрман журттун көз алдында.
Дүйнөлүк чемпионатка барчу жол анда жеңил болбогон. Тандап алуу таймаштарында Дидье өз Жээгинин намысын коргоп, атаандаштар дарбазасына 9 топ киргизген. Африкадагы таймаштар ар дайым айыгышкан мүнөздө өтөт. Кара калтарлар өз борбору Абиджанда бир оюнду Камерунга кокустан уттуруп койгон. Ошондо Дидьени жердештери куугунтукка алышкан.
Аскердик төңкөрүштөн кийинки жети жылдан бери Пил Сөөгүнүн тополоңу тозуп, кылмыш күчөп жатат. Эркектердин орточо курагы ушу тапта 46 жашты гана түзөт. Бир нече күн Дрогба каны кызуу жердештеринен, "саткынды атып өлтүрөбүз" дегендерден жашырына турууга аргасыз болгон.
Пил сөөгүнө көмүлгөн жээктен Парижге келген бозбала адеп "Левалуа-Пере" деген ышкыбоздор клубунда ойнойт. Мектепти аяктап, бухгалтерлердин "Ле-Ман" колледжине кирет. Ошондо Марк Вастерлоп машыктырган "Ле-Ман" командасына, кудай жалгап, 19 жашында аралашып калса болобу! Бар же жок! Келишимге кол коюлган сааттан тарта Дидье күн сайын тынымсыз машыгат. 2000-жылдын башында "Генгамдын" курамына кирет. Элиталык дивизиондон шыпырылганы жаткан бул клуб үчүн Дрогба 17 топ киргизет.
Тубаса талантты эми кудурети күчтүү "Марсель" клубу сатып алат. "Марселде бир гана жыл өткөрдүм. Бирок, кандай бактылуу жыл!" деп тамшанат кийин африкалык футболчу. Марселдин "Олимпиги" үчүн 18 гол салым кошуп, УЕФА Кубогунун финалында таасын ойногон. Францияда Жылдын мыкты футболчусу деп таанылган. Бирок, кемирчеги толуп, кемелине келгенде футболдук жаракаттын айынан жабыр тартат.
Бою 190 сантиметрге жакын африкалык карылуу уланга португалдык кыйды насаатчы Жозе Моуриньюнун көзү түшүп жүргөн. Бирок, "Портунун" бюджети чектелүү болуп, өзү жактырган чабуулчуну чакырта албайт. Эки чоң талантка Англиянын "Челси" командасында ата-баладай жолугушуу буйруган экен.
Буйрук деген - буйрук. 2003-жылдын ортосунда Дрогбаны Лондондун клубу 24 миллион фунт стерлингке сатып алды. 30 миллиондон ашуун АКШ доллары деген анда таң каларлык сумма эле. "Стэмфорд Бридж" стадионуна келген сезондо 16 топ киргизди. Барган сайын Дрогбанын дүбүртү күчөп, кызый берди. 2006-07 - сезондо жалпысынан 33 топ киргизип, 20 голу менен Премьер-лиганын бомбардири болду. Ж.Моуринью сындуу насаатчынын тушунда Англиянын эки жолку чемпиону, улуттук Кубоктордун ээси атанды. Европанын чемпиондор лигасынын тандап алуу жана финалдык беттешүүлөрүндө, Африка калктарынын Кубогунда татыктуу өнөр көрсөттү.
Дидьени журналисттер "savage nature" деп мүнөздөгөнүн окуганым бар. Кыргызчалап айтканда, "жапайы шер" же "ээ-жаа бербес көкжал" дешкенине да макул дейли. Чынга чычалап эмне?
Кээде Дрогбага "техникасы начар", "чебердик жетишпейт" деген кине коюшат адистер. Мунусунда дагы чындык бар. Кулун-тай кезден мыкты саяпкерге туш келбеген күлүктүн мүчүлөшү болбой койбос. Болушу зарыл алтурсун. Бирок, кептин бардыгы - Дидьенин табият берген нукура талантында, эмгекчил мүнөзүндө! Жоктон барды, умсунуудан утушту жарата билген эрдигинде!
Антпесе, чабуулдун кылда учунда, жебенин өткүр мизинде мыкты клубдарда өнөр көрсөтүү ар кимдин эле энчисине туш келе бербейт. Дидье курч, Дидье дайым карылуу.
"Челсинин" чабуулу көпчүлүк учурда өз дарбазасынан башталат. Дарбазачы Петр Чех тээ алыска - чабуул тарапка тепкен топ Дидье Дрогбага багытталарын атаандаштар жаттап бүткөн. Эки-үч коргоочу эки капталынан кайтарып, такымдап турганына карабай, "ээ бербес көкжал" Дидье көкөлөгөн топту көкбөрүдөй жулуп кетип, атаандаш дарбазага атырыла тепкени тагдырды чечип, таалайды аныктап жүрбөйбү!
Стадионду өлүп, кайра тирилтүү - чыныгы кашкөй оюнчунун энчиси. Мындай эрдик чыгаан чабуулчунун гана колунан, так айтсак, бутунан келет. Башы менен буту бирдей иштеген чабуулчуну кайсы коргоочу жактырсын? Айрым атаандаштар Дрогбадан кооптонуп турса, айрымдары жининдей жек көрөт. Чалып жыгууга же кара калтарга жаракат салууга көзү күйгөндөр канча!
2008-жылдын аягы Дрогба үчүн оор болду. Катуу жаракат алып, кыштын аягы, жаздын алды гана кайрадан катарга кошулду. Кошулганда кандай: беш оюнда тагдыр чечүүчү төрт топ киргизди!
Дидье экинчи жаракат алган учурда "Челсинин" оюну да жүрбөй калган. Англиянын Премьер-лигасында аргымактай озуп келаткан команданын кубаттуу арымы тушалып, топ башынан төртүнчү орунга жылмышкан. Балким, быйыл коюу кара чаңга аралашып калар беле?
Бул учурда "Челсини" машыктырган бразилиялык Луис Сколари дагы ээрден шыпырылды. Февралда Россиянын курама командасынын насаатчысы Гуус Хиддинк шашылыш чакыртылды. Анысы абийир болгон экен. Голландиялык адис келгени "Челси" жети оюнда катар жеңишти колдон чыгарбай, жебенин учуна кайрадан кара калтар чабуулчу Дрогба коюлду.
Чемпиондор лигасында плей-оф (өлдүң-калдың) оюндары башталып, "Челси" италиялык "Ювентус" менен беттешмей болгон. "Ювенин" дарбазачысы Буффон өз интервьюсунда "Дрогбаны токтотсок гана утабыз" деген. Дүйнөдөгү эң кымбат дарбазачынын ойлогону ордунан чыкпады. Туриндиктер менен эки таймашта эки гол киргизген Д.Дрогба лондондук "Челсини" чейрек финалга сууруп чыкты. Бали, Кара калтарым!
Дидье азыр Францияга бакыт издеп келген кара курсак, шалпык эрин бала эмес. Кечээ жакында, 11-мартта 31ге толду. Өзү да үч баланын атасы. Эрендердин эр оюну футболдо, эми ашып кетсе, дагы 3-4 жыл гана күч сынаша аларын жакшы түшүнөт.
ФИФА тарабынан "Дүйнөнүн мыкты оюнчусу", "Жылдын мыктысы", Франс футбол тарабынан "Алтын топко" бир нече жолу көрсөтүлсө дагы, бул наамдар Дидьеге буйрубай келет. Сыйлык, наамдарды кимдер алат адатта? Атаккумар адамдар! Ал эми африкалык футболчу жашыл талаада гана чеберчилик көрсөтүп, башка жерде "бышпастын ашы - бербес" экенин билет.
Дидье Дрогба кабыргасы катканда француз атуулу делинсе болмок, кийин соңу Франциянын курама комадасында ойноого кудурети жетмек. Бирок, киндик кесип, кир жууган Пил Сөөгүн алмаштыргысы келбеди.
Албетте, Африкадагы кичинекей өлкөнүн намысын коргогон кара бермет Дрогба эч качан дүйнөнүн чемпиону атана албайт. Бул арманы түбөлүк өз ичинде калат. Бирок, жашыл талааны кылчак карап, күйөрмандар менен коштошуп кеткиче, Дидье Дрогбанын маңдайына дагы бийик титулдар, жаңы голдор жазылар бекен?
Go! Go! Go, Drogba!

Акбар Рыскул










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan