жаңы чыгарма

"Кабылан"
Баратбай АРАКЕЕВ
(повесть)
УРМАТТУУ ОКУРМАН!
Гезитибиздин бүгүнкү санынан тартып Баратбай Аракеевдин жаңы эле жазылып бүткөн, окуган сайын окугуңду келтирип турган "Кабылан" аттуу повестин жарыялай баштайбыз. "Кабылан" деген бир жигиттин каймана аты, кличкасы.
Чыгармада бүгүнкү күндүн сүрөтү тартылган: мамлекетибизди бура бастырбай турган коррупция, кылмышкердик, заказ менен адам өлтүрүү, мещандык, аны менен бирге эле сүйүү, ата-энеге болгон ыйык мамиле, жигиттик, адамкерчилик, ачкөздүк, арамзалык, сатып кетүү сыяктуу көрүнүштөр да дилиңиздерди биртоп түйшөлтөөр.
Кызыгы, кээ бир каармандар Сиздер билген, балким мамилелеш болуп жүргөн, же аңызы элди аралаган жетекчилерге, депутаттарга, кримавторитеттерге окшоп да кетет. Ал карандай окшоштук, баардыгы көркөм образдар.
Эмесе, урматтуу окурмандар, "Кабыланды" окугула, анын тагдыры менен аз убакытка болсо да тагдырлаш болгула!

Шоруң курган адам баласы алсыз экенсиң сен, арсыз экенсиң сен. Асмандын башын айтканың менен, асманга бутуң жеткени менен, дегеле бүтүндөй тири жандын пашаасымын дегениң менен бир эле чымын учуп келип ишиңди бүтүрүп таштайт, ала келген оорусун жугузуп, болбосо кадимки эле ит тиштесе кутуруп өлөрсүң…Cени өлтүргөндөн жеңил нерсе жок, азоо ат тепсе өлөрсүң, уй сүзсө өлөрсүң, жылан чакса өлөрсүң, машина тепсеп кетсе өлөрсүң, мүдүрүлүп кетип деле өлөрсүң, а балким душманың аттырып, же жардырып салар… күйөөсү катынын же катыны күйөөсүн бөтөлкө менен башка чаап деле өлтүрүп жаты- шат…шоруң кургур, а турсун майга какап өлүшүң бар, чымындай жаныңды чыркыратып, сенин өлүмүңдү апкелчү нерселер бу өзүң ээликмин деп төш каккан турмушуңда миң сан.
Сенин ар бир кадамыңды өлүм тооруйт, өмүрүңдү өлүм коштоп, сен оголе кыйынсың деп жүрүп олтуруп, колтуктап жүрүп олтуруп акыры алып тынат… Ал аралыкта сен кыйын болгонуң кыйын болгон. Сен акыры келип бир өлүмдөн кача албайсың. Ошон үчүн шордуусуң сен.
Кызыгың кур эй, анткен менен жанагы ажал дегениң келмейин сенин өлүшүң да кыйын: каргаса да өлбөйсүң, тепкилеп, кийиздей ийлесе да өлбөйсүң, машина эмес трактир тебелеп кетсе да өлбөйсүң, а турсун атса да өлбөйсүң… бу жагынан кыйынсың сен. Анан да өлүш керек эле дегениң өлбөй, өлбөш керек эле дегениң өлүп турганы кызык. Кызыкка толгон, тапкыс табышмакка толгон дүйнө экен адам дүйнөсү.
…Ушинтип ойлойт Кабылан. Эти жан чыдатпай ооруса да ушинтип ойлоп жатат. Бу жерде жатканына беш күн болду. Бир жигитинин таанышынын үйү. Жигиттери атайын ушул жерге алып келишкен, анткени бу жерге Кабылан келет деп эч ким ойлобойт. Шаардын чыгыш жагындагы заңгыраган чоң там.
Үйдүн килейген бөлмөсүнүн бир бурчундагы кенен керебетте жатат. Оң жак далысынан ок жеген, жанаша тийген эки ок көзөп чыгып кетиптир. Өмүргө анча коркунучу жок деп докдур айтканы менен жанды көзгө көрсөтө ооруйт, бөтөнчө дарысын сүйкөп, таңуусун жаңыртканда. Кабылан жанында киши жокто аздап кыңкыстап, бирөөлөр келээри менен анысын токтотот. Азга жалгыз калбаса, жанында үйрүлгөндөр бар. Булар далай ирет сыноодон өткөн, өтө ишенимдүү жигиттери. Өл десе суроосуз өлүп берчү немелер.
Бөлмө чоң, жыгач-ташка толгон, анткен менен баары ыгы менен коюлуп, көзгө толумдуу, жагымдуу. Бөлмөдө дүпүйгөн эки бак өсүп турат, анан мөмөсү самсаалаган лимон да бар. Кабылан ошону көп карайт. Айыгып кетсе ошондон өз колу менен өстүрбөсө элеби. Булардан башка да бөлмө гүлгө оролгон, кай жерди караба гүл, тим эле гүлбакчада жүргөндөй болосуң.
Бу замандын тили менен айтканда Кабылан өлкөдөгү кримавторитеттердин бири. Акыркы жылдары нечен бир менменсинген өзүндөй авторитеттердин куйруктарын балчайта-балчайта басып, өтө душмандашып кеткен бир-экөөнүн эсебин таап, тынчытып да салган. Өчтөрү толтура, мына эми алардын биринен ок жеп отурат. Айыккандан кийин баарыңдын түбүңөргө жетем деп тиштенип олтурат. Жетсе жетип коет. Азырынча өзүн ким атканын даана аныктай элек, шегалгандардын гана тизмеси такталып жатат. Менменсинген кыйын жигиттери ушунун үстүнөн иштеп жатат, анан албетте, милийса, прокуратура тараптагы жакшы санаалаштары да ушул иштин үстүндө, таап бериши бар.
Аны менен бирге аткандар да Кабыландын тирүү калганын билип күнү-түнү издейт, оорукана дегендин баарын… тешик-пешиктин баарын калтырбай издеп жүрүшөт.
Ажал жокко айла жок экен. Автомат менен чайкалган Кабылан тим эле таарылып түшмөк, бирок андай болбоду. Жанагы "кудай сактады" деген сөз дал ушул жерде болду окшобойбу…
Адам баласы, ооруп калса же башына кайгы келип, өзүнчө бук болуп жатканда өткөн өмүрү өзүнөн өзү чубалып өтөт. Тээ илгерки небак унутулган окуялардын баары, баары эске келет. Аларды атайын эстейин десең, эстей алмак эмессиң. Ошол өткөн өмүр тизмектелип, мээнин бир бурчуна сакталат сымал. Анан ошолор күнү бүгүнкүдөй, сынынан жазбай көз алдыңан чуурат да турат.
Кабыландын күндүз ойлонгонго убактысы жок, жанында жигиттери. Ал эми түнүндө, уктайм деген маалында көпкө уктай албай, ошол баштан өткөн окуяларынын туткунунда уйку-соонун ортосунда жата берет. Өзү Кабылан атала элек, Жаманкул болуп жүргөн убакыт келет. Бул атты чоңатасы коюптур…

* * *
- Ата, мен чоңойгондо Бакирди атып салам, э?- дейт Жаманкул атасынын башын сылай,- Жуманы да атам. Ит аткандай атам.
Атасы бырс күлдү:
- Кандай кылып атам дейсиң?
- Ит аткандай кылып…
Атасы дагы күлдү. Кой, антпей жүр деген болду. Анан бу мектепке эмдиги жылы барат деп турган уулун имере кучактап, жыттап-жыттап алды. Жаманкулу кичүү уулу, кырктын кырынан небак өткөндө көргөн. Андан улуу эки эжеси, бир агасы бар. Жаманкул - көкүрөк күчүгү. Деле баладан башкача жаралгандай сүйлөгөнүн айт. Кээде туруп чоң киши ойлоп тапкыс сөздөрдү айтат дейсиң… Ошондо атасы чочуп кетет, көз тийбесин деп чочуйт. Кой, антип айтпа деген болот. Кучактай калып өөп-өөп алат.
Эми карабайсыңбы, эки бирдей теңтушун "ит аткандай атып салам" деп жатканын.
- Кел, жаныма жатчы. - Атасы уулуна төшөк ача жанына жаткызып элжирей кетет.
Жаманкулдун атасы Өмүраалы элүүдөн өткөн, ортодон жогору бойлуу, чымыр дене. Мүнөзүнө таң каласың: бирде туруп жанда жок аккөңүл да, бирде туруп жинине тийген немеге чагылгандай тийип, каардуу болуп чыга келет. Бирде кардай эрийт да, бирде муздай тоңот. Эч кимге моюн бербеген, бел ийбеген мүнөзү ушул элүүдөн өткөнчө зыянын жакшы эле тарттырып келатат. Ошол карама-каршы кыялы көп ирет башын жерге салдырып уят кылып да коет. Чукул кыялынан башка душманы жок.
Кечээ жанагы Бакир, Жума деген достору менен ичкен. Анан сөздөн сөз чыгып олтуруп мушташа кетишти. Достору экөөлөп Өмүралынын кичине токмоктоп коюшканбы, оң көзү көгөрүп, эрини айрылып кеткен. Анын эч деле залалы жок. Жөн эле тургусу келбей, башы ооруп жатат. Анан да элүүдөн өткөнчө мушташым калбады го деген уялуу көкүрөгүн өйүп жатат. Ичкиликтин деле артынан түшпөйт.
Аялы мугалим, мектебине таңдан кеткен. Бир мүнөз жүргөн аялы түшүнүктүү жан, ургаачынын жакшы тарабынан. Эмне ичесиң, эмне мушташасың карыган кезиңде деп мээни эзгендин ордуна, көгөргөн жерине бир нерселерди сыйпап, эптеп тамак ичирип, жаткызып койгон түндө. Тиги болсо Жаманкулду кучактай жатып, Бакир, Жума достору менен ичкенин, чырдашканын айтып жатып, уйкуга кирген.
Өмүраалынын башы зыңылдап ооруйт. Баш жазганга деле анча жок, бирок бир стакан болсо ичмек. Эки досун ойлойт. Аларды катуу согуп койбодум бекен деп санааркап жатпайбы. Ит болушуптур да.
- Ата, башың ооруп жатабы? - деди уулу.
- Ооруган деле жок… Азыр экөөбүз турабыз, тамак ичебиз, анан телевизор көрөлү. - Өмүраалы уулун сыга кучактап өөп, ордунан козголду. - Кана, турдукпу.
- Турдук. Ата, баш жазып ал уктуңбу? Болбосо ооруп каласың.
Өмүраалы кызыктай болуп кетти. Бу алтыдан жетиге кеткен уулу эмне деп тур. Балакет ээй, баш жазганды кайдан билет. Башың ооруп жатабы деп көгөргөн көзүнө байланыштырып жатат го десе…
- Жама, сен баш жазган дегенди кайдан билесиң,ыя?
- Билем, билбегендей эмне кичинекей белем. Элдин баары эле билет баш жазганды. Бакир байкемдер дайыма эле биздикине келип баш жазып жүрүшпөйбү. Баш жазбасам өлүп калам дейт го дайым эле.
- Туй ата… - Өмүраалы башка сөз айта албай, уулунан уялгансып турду.
Экөө туруп, кобураша жуунушту. Анан ашканага кирип, тамак жылытып, аздап ичкен болушту, наркы-беркиден коюп термостогу чайдан эрмектешти. Бир маалда уулу муздаткычты ачып жарым бөтөлкө аракты атасынын алдына койду:
- Ичип ал, ата. Ичпесең өлүп каласың.
Өмүраалы жана бир делдейди:
- Кой… Сен эмне…
- Ме, ичип ий. - Уулу аракты энеси чай ичип жүрчү фарфор кружкага куюп жиберип жатпайбы. - Бол, ичип жибер, айтпадымбы, башың оорубай калат.
Делдейгени кайта элек Өмүраалы аракты бир тартты. Туздалган помидордон тиштеди.
Аздан соң уулу сурап турду:
- Ата, эми кичине жакшы болдубу?
- Жакшы…
- Көрдүңбү, ичпесең жаман болмоксуң. Дагы ичип ал. - Уулу жана бирди куюп сунуп турду.
Өмүраалы тартты… Оо, анан көрүп ал, Өмүраалынын баш оорусу кол менен алып салгандай болуп, болгондо да жанындай көргөн уулунун колу менен алып салгандай болуп… магдыратты дейсиң, мындай жыргалга туруштук бериштин өзү аябагандай кыйын эмеспи.
Өмүраалы уулун алдына алып, кайра-кайра өөп, эркелетип, эзилип турду. Чынында ушул уулун жанынан артык көрөт. Берки уул-кыздарын деле жакшы көрөт дечи, бирок бул уулуна өзгөчө берилет. Бири-бирине чексиз берилген мындай ата-бала чанда чыгар.
- Жамы, сен экинчи бөтөлкө кармачу болбо… мага арак куйчу болбо, уктуңбу,- деди атасы уулун өөп.
- Макул, - деди уулу, - өзүң эле куюп ичип жүр анда, ээ. Бирок, аз эле ич.
Атасы уулунун бу жообуна эч нерсе кошумчалай алган жок. Сөз табалбады. Терең ойго батып, жумушуна жөнөдү, уй сарайга.
Өмүраалы бир бүлөнүн ортончусу. Эки эжеси, бир агасы, анан үч иниси бар. Баары үй-жайлуу, бапырап оокат өтөшөт. Алар менен бирдей мамиледе. Бир бүлөдө коюн-колтук алышып өскөнү менен кийин бүлө күткөндө алыстап кетет экен. Жезде деген болот экен, күйөө бала деген болот экен, келин менен жеңе деген чыгат экен. Анан алардын жардамы менен бир туугандык ынтымак акырындап ыдырай берет тура.
Анткен менен Өмүраалынын жеңеси менен келиндери жаман чыккан жок. Тынч жашоонун адамдары. Жеңеси, келиндери анан өзүнүн аялы Майра ынтымактуу, уруш - талашы жок. Баланчанын келиндериндей деген жакшы сөзгө эгедер. Баланчасы болсо - Өмүраалынын атасы Сартбай сексен ашуун жашап, ошончо жыл эч кимге жаман көрүнбөй, жай аккан суудай мүнөзү менен кете берди. Бу өмүрүнө ыраазы болуп кетти көрүнөт, анткени балдары жаман чыккан жок, алардын жамандыгын көрбөдү. Байбичеси Седеп да абышкасын жоктоду окшойт, жарым жылдай жашап туруп а да кетти артынан…

(Уландысы бар)









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan