Илимдин казаны "кайнаганда…"

Реформа терисин жамынган "президент"
Улуттук илимдер академиясындагы реформа дегенден (туура жүрүп жатабы жокпу, аны биз биле албайбыз) чыккан ичара тиреш башталганы жакындан бери комчулукка ММКлар аркылуу дайын боло баштады. Биз гезитибиздин мурунку санында ушуга тиешелүү макалага орун бергенбиз. Макалада айтылгандар жалаа экендигин билдирип, Академия Президенти редакцияга төгүндөө материалдарын берем деп отурат. Биз тигинисине же мунусуна тартпай, эки жактын көзкарашын чагылдырганга даярбыз. Бирок экинчи тараптын жообу жок болгондуктан, ушул маселени тереңирээк иликтөө максатында, КР Улуттук илимдер академиясынын корресподент-мүчөсү, КР Инженердик академиясынын академиги, Эл аралык инженердик академиянын академиги (Москва), КР илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, экс- деректир Мустафа Кидибаев менен кеп курдук.


- Мустафа Мусаевич, Академияда болуп жаткан талаш-тартыш негизи эмнеден чыгып жатат, алгач ушуга токтолсонуз?
- Өзүңүз жакшы билесиз, Манаста айтылат эмеспи, "Көкөтайдын ашы, Чоң Казаттын башы",-деп. Анын сыңарындай, Академиянын өзүндө болуп жаткан "ичара тирештин башталганы" Президент Ш.Жоробекованын академиктер бир добуштан ишеним көрсөтүп шайлап бергенинен кийинки өзүм билемдик иш-аракеттери, академиктердин, корреспондент-мүчөлөрдүн кеп-сөзүн укусу келбеген кекирейме мүнөздөгү мамилеси, институттардын жалпы коллективинин ой-пикирлери, кызыкчылыктары менен эсептешпестен "шайландым болду, мени шайлагыла деп суранган эмесмин" деген кыяздагы текеберчилигиби деп ойлойм. Антпесе ал кишини өкмөт сунуштаганда "мейличи эми, бирөөбүзгө эже, бирөөбүзгө карындаш экен, кыз киши эмеспи" деп академиктер айкөлдүк менен кол көтөрүп шайлап алышты эле, убакыт өтүп-өтпөй ал кишинин "өнөрүнө" күбө болуп отурбайбызбы… Эми бул маселе жалпы академиядагы моралдык-психологиялык кырдаал. Мен аларды айтып отурбайын. Учуру келгенде ар ким өзү айтаар. Бирок ушу жерде мен бир маселе боюнча өз жеке пикиримди билдире кетким келип турат: Бул жалпы эле академиядагы реформага байланыштуу. Ооба, реформа керек. Учурдун талабына төп келген, Академиянын өнүгүш келечегин көрсөтүүгө багытталган реформа бүгүнкү күндүн өктөм, кечиктирилгис талабы. Биз муну толук түшүнөбүз жана реформага кызыктарбыз… Бирок кандай реформага? Мына бул - негизги маселе.
Тилекке каршы, Президент болгонуна бир жарым жылга аяк басып калса дагы, реформа деген эмне экендигин, анын эмнеден башталарын толук элестете албаганы ачык көрүнүп калды. Дегеним, бүгүнкү күнгө чейин реформаны жүргүзүнүн Концепциясы алигиче иштелбеди, Академиянын мүчөлөрү менен бул маселе алигиче талкууланбады.
Академия - бул абройлуу, кадыр-барктуу мекеме, өзүнүн Уставы бар, ошол Уставга ылайык иш жүргүзүлөт. Менимче, реформа, эң алды, ушу Уставга бүгүнкү күндүн талабына туура келген өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду, тактоолорду кийрүү менен Жаңы Устав кабыл алуудан башталыш керек эле. Президенттин азыр жасап жаткан "реформасы" (эгер ушинтип атоого болсо) куйругунан башын көздөй кеткендей элес калтырат, а дурусу реформа Уставдан башталышы керек болчу… Эмне деп койчу эле: "аягы асманды карап, башы салаңдап" дечү беле…
Айтып коюшум керек, Уставга өзгөртүү, толуктоо, тактоо кийрүү боюнча Академиянын мурдагы Президенти маркум Жаныбек Жээнбаевич атайын комиссия түзүп иш башталган. Анын аягына чыкпай ал кишинин көзү өтүп кетти. Ошол кездеги Вице-президент катары Ш.Жоробекова, калп айтпасам, комиссияга өзү суранып кирген. Ушундан суроо пайда болот экен: Эмне үчүн Вице кезинде комиссияда болгон Ш.Жоробекова эми Президент болуп баарын өзү билип, өзү чечип турганда ал маселеге көңүл бурбай билмексен болумуш болуп "тынч" отурат? Же реформа деп Институттарды бири-бирине кошуп, өзүнө жакпаган деректирлерди, Ж.Жээнбаевдин кадрлары деп өзү "образ" түзүп алган окумуштууларды иштен кетирип, куугунтуктаганды түшүнөбү…
- Сөзүңүзгө аралжы, чынында эле, реформа Уставдан башталышы керектир. Дегеним, эгер мүмкүнчүлүк болсо, Уставга кандай өзгөртүү кошоор элеңиз?
- Устав өзгөрүп, толуктоо, тактоо менен кабыл алыныш керек. Ал талкууланганда айтаармын, конкреттүү сунуштарымды. Бирок эң биринчи кезекте: Академиянын Президентин альтернативдик негизде өкмөт сунуштаганы туура, бирок академиктерди шайлоодон башка баардык маселелерди чечүүдө: Уставды кабыл алууда, өзгөрүүлөрдү киргизүүдө, президентти шайлоодо ж.б. академиянын мүчөлөрү катары академиктер менен эле кошо корреспондент-мүчөлөр да добуш берүүсү демократиялуу да, негиздүү да болот деп ойлойм…
Экинчиден, Академияны башкаруу системасы бүгүнкү күндө сенектик абалда. Бул абалдан тезарада арылуу керек. Алгачкы кадам катары Институттарга укук берип, талапты, жоопкерчиликти күчөтүү зарыл. Ошол эле учурда каржылоо механизмин да өзгөртүүгө, жаьыланууга муктаж.
- Сиз, 30 жылдан ашык иштеп, лаборанттыктан Физика институтунун деректирлигине чейин жеттиңиз (өкмөттүн аппаратында, андан кийин, ректор, билим жана илим министри болгонуңузду кошпогондо). Институттун ысыгына күйүп, суугуна тоңгон кызматкер, жетекчи катары Академияда Ш.Жоробекова жүргүзүп жаткан реформанын жаңырыгы Физика институтуна кандай тийип жатат, ушуга "колуңузду жүрөгүңүзгө коюп туруп" калыс пикириңизди айта аласызбы?
- Туура, тигил же бул маселе болобу, же бирөө жөнүндө болобу, кеп-сөз айтканда колду жүрөккө коюп туруп, калыс пикир айтышыбыз керек. Мен жогорку сөздөрдү так ушундай калыс пикир деп эсептейм. Жөн жерден эле бирөө жөнүндө туура эмес, жалган, жалаа сөз айтуу менин табиятымда жок. Ар кимдин өз чындыгы бар деңизчи, бирок жалпы чындык дегенди да унутпашыбыз керек го…
Мисалы, Ш.Жоробекова жүргүзүп жаткан "реформанын жаңырыгы" Физика институтунда үч багытта жүргүзүлүп жатат:
Биринчиден, Жаныбек Жээнбаевичтин көзү өткөндөн кийин коллективдин өтүнүчү эске алынып, Физика институтунун биринчи деректири, анын уюштуруучусу жана түзүүчүсү, академик катары Академиянын Президиумунун чечими менен Жаныбек Жээнбаевичтин аты институтка берилген. Ал кезде Ш.Жоробекова президиумдун мүчөсү катары ал чечимди колдоп кол көтөргөн. Өзү Президент болгондон кийин өзү берген добушуна өзү кайра каршы чыгып, бүгүнкү күнгө чейин Президиумдун чечимин аткарбай келет;
Физика институтун түзгөн, уюштурган, анын биринчи деректири катары өнүгүүсүн камсыз кылган, он жыл Илимдер Улуттук Академиясынын Президенти болуп иштеген, өмүр бою бир гана жерде эмгектенген (ар кайсы жерде көчүп-конуп жүргөндөрдү айтпай эле коөюн) Союздук, дүйнөлүк атак-даңкка эгедер окумуштуу Жаныбек Жээнбаевичтин атын институтка ыраа көрбөгөндүгүн эмне дейбиз. Эмгеги сиңип, көзү өтүп кеткен маркумга мынчалык эле эмнеге кастарын тигет. Ушу маселе боюнча мен Ш.Жоробековага бир нече ирет кирип, өз оюмду айткам, аны эже өзү билет. Мен анын баарын майдалап айтып отурбайын. Бир гана өкүнүчтүү нерсе, Ш.Жоробекова эже мага: "Мен турганда аты коюлбайт" деп, көзү өткөн кишиге эрегишип, дүйнөгө түркүк болчудай сүйлөгөнү бар. Өзү деле муну жандүйнөсүндө тана албашы керек.
Экинчиден, өзү кол көтөргөн чечимди аткарбоонун кыйыр амалы кылып, нституттун атын өзгөртүп, акылга сыйбаган ат менен "Физика-технические проблемы и материаловедения" деп атап койду. Мындай аталыштын маңыз-мазмунундагы оркойгон осол каталыкты жөн коөюн (аны физиктер өзүбүз сезип өзүбүздү-өзүбүз шылдындап күлүп жүрөбүз), Институттун кире беришине каша ичине калдайтып Физ-тех деп жазып алды. Анда материаловедениеси кайда калды? Көрдүңүзбү, аталыштын өзүндөгү эле катаны. Илгери Конфуцийден сураган экен: "Эгерде мамлекет башкаруу мүмкүнчүлүгү колуңузга тийсе эмнеден баштаар элеңиз", -деп. Анда ал "аталыштарды оңдоодон" дептир. Тилеке каршы Ш. Жоробекова Академиядагы реформаны аталыштарды бузуудан баштады. Ушундай аттарды өзгөртүп, бузуп-бурмалоо, кошуп, бириктирүү, кайра бөлүү башка институттарда да болду. Маселен, "физика-механика горных пород" деген институттагы физика деген сөз тап душмандай жоюлууда.
Үчүнчүдөн, мен жогорто айтпадымбы, Ш.Жоробековага бир нече жолу кирдим деп. Ошондо Институттун проблемалары, чече турган маселелери боюнча көп сүйлөштүк. "Жээнбаевдин атын бердик дейсиң, Музей түзгөнү жатыпсыңар, эгер музей ачылып калса көзү өткөн академик кемпир-чалдын баарына музей ачыш керекпи, кайдагыны баштап жатасың, токтот", - деп кагып койду. Мен институттун көйгөйүн көтөрсөм, ага жакпадым. Институттун окумуштуулар кеьешинин реформа боюнча сунуштарын Ш. Жоробекованын өзүнө да, вице-президент Т.Оморовго да бердим. Эч уккулары жок.
Материалдар менен иштеген лабораториялар бар экен материаловедение деген сөз кошулуш керек деп туруп алышты. Ошондой эле атын өзгөртүү зарыл болсо физика-техникалык институт деп өзгөртөлү, көнбөсөьөр бийлик силерде, өзүьөр билгиле деп макулдук берген жокмун. Кызыгы вице-президент Т.Оморов бөлүмдүн бюросунда жана президиумда коллектив да директор да каршы эмес деп калп айтып, Институттун атын өзгөртүп жатпайбы. Өз кызыкчылыктарын өткөрүш үчүн калп айтып жатышса, мындай жетекчилерден эмнени күтсө болот?
Эптеп институттун атын өзгөртүүнү шылтоолоп, мени деректирлик кызматтан кетирди. Мен буга капа деле эмесмин, мен институттун коллективинин окумуштуулар кеьешинин сунушу, өтүнүчү четке кагылып, физик эмес, адис эмес математик-механикти алып келип койгонуна иренжидим…Ш.Жоробековага айттым, мени эле деректирлик кызматтан кетишим керек болсо, мен өзүм арыз жазып берейин, бирок институттун атын өзгөртпөңүз, өзүнүн аты, традициясы, илим чөйрөсүндө орду бар институт. Ушул жагын ойлонуңуз дедим. Болбоду. Өзүңөр көрүп жатасыңар, Сиз айткандай, кара казан шарактап кайнап баштады…
Реформа деп Институттарды кошуп, аттарын өзгөрттү эле. Эми кайра кошулган Институттарды бөлүп, мурдагы аттарын кайра бере баштады. Эми ушуну реформа дейсизби. Демек, академияда эч кандай реформа жок, реформа деген сөзгө жамынып алып, өзүм билемдигин орнотуп дагы, жүргүзүп да жатат.
- Сизди угуп отуруп ой кетет, чынында эле Улуттук деген Академиябызда ушундай абал түзүлүп калдыбы Академияда же Сизден экс-деректир катары ичкүйдүлүгүңүзбү?
- Эмненин ичкүйдүүлүгү болсун, мен, жогоруда айтпадымбы, барга, азга, жокко каниет кылган, кардыма эмес, кадырыма камкөргөн адаммын. Академиядагы азыркы абал ушундай экендигин, мындан да оор экендигин өзүң гезиттерден окуп-билип, мага суроо берип жатпайсыңбы. Ушулар калпыс болсо, башкалар бар да. Мен айтайын дегенимдин азын гана айттым. Гезиттин бетин, Сенин убактынды аядым.
Бирок ошондой болсо да, иним сенде "агайда аз-маз ичкүйдүүлүк барбы" деген бүдөмүк сезим калбасын, биздин Физика институтундагы (Сенин сөзүь менен айтканда кичине казандагы) абал жөнүндө бир-эки сөз айтайын. Кыргыз эли айтат го "ыйлагандын көзү жаман, айткандын оозу жаман",- деп. Кандай болсо да бирөө айтыш керек. Бүгүнкү күнү Института коллектив үчкө бөлүнүп турат. Бир тарабы жаьы жетекчи - Ормонбековду ыктап, туура эмес кыйшык иштерин да оь деп турушат. Аларды түшүнсө болот, көрпендечилик деген да бар да… Экинчи тарап кандай болуп кетет, мага тийбесе болду деген кыязда "касапчыга мал кайгы, калганына жан кайгы", - дегенсип жүрөкзаада. Үчүнчү тараптагылар Институттун орду, имиджи, кызматкерлердин кызыкчылыгы үчүн өз ойлорун ачык айтып, туураны туура, кыйшыкты кыйшык дешип, Ормонбековдун адис эмес экендигине, адис эмес адамдын жетегинде калышканына катуу нааразы болгондор.
Булардын минтип нааразы болушуна негиз бар. Ага Ормонбеков өзү "повод" берип жатпайбы. Мен башкаларын жөн эле коөюн. Илимий, адамдык этикага канчалык деьгээлде жатат билбейм, бирок академиктикке шайланам деп үч жолу көргөзүлүп, үчөөндө теь шайлоодон өтпөй калды. Өтпөй калыш себебин өзү ойлонуп, жыйынтык чыгарыш керек эле. Ал антпеди. Академиктикке илимдин бир багытында, бир тармагында такай иштеп, жогорку деьгээлде илимий ийгиликтерге жетишкен окумуштуу шайланышы керек. Бул эреже, талап, муну эч ким бузбайт. А.Ормонбеков болсо үч жолу академиктикке башка-башка багыт, башка-башка тармак боюнча катышып, өзүнүн илимдин тигил да, бул да тармагында тийди- качтылыгын, принципсиздигин көрсөттү. Эки жолу Химия, Химиялык технология (академик Ш. Жоробекованын өзү менен катышкан) акыркысында "Механика твердого деформированного тела" деген адистигине катышкан, Член-корреспонденттигине "Теория механизмов и машин" деген адистик-багытка катышкан. Көрчү иним, Ормонбеков же химик эмес, же механик эмес, же машиновед эмес, же физик эмес, Эми материаловед болуп чыга келди… Мен эми Институттагы башаламандыкты, Ш.Жоробековага таянып алып өзүмдү-өзүм билем деп мурунку орун басарын бошотуп ордуна аэропортто иштеген бир жигитти алып келди. Окумуштуулар кеңешине мүчөлүккө курулушчуну, тигүү цехи бар деп мактап технологту ар жактан алып келип жатат. Эмне дейсиь. Же дагы улайымбы?...
- Рахмат…
- Эгер ушул маселе кызык десеь, дагы маек уюштур, анда да Академиядагы, Институттагы ишмердүүлүктөр жөнүндө кеп салып берем.
Мустафа Мусаевич, Сиздин К.Шаршеев менен бирдикте жазылып, Министрлик тарабынан ЖОЖдор үчүн окуу китеби катары сунушталган "Жалпы физика курсу" жети томдук китебиңиздер жөнүндө коомчулукта, илим-билим чөйрөсүндө жылуу пикирлер айтылып жүрөт, өткөн жылы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүп өтпөй калыпсыздар.
- Конкурс деген ошол да, берген иштин баары эле өтө бербейт, буюрса учуру келгенде өтөөрбүз. Ал жөнүндө күмөнүм жок. Кеп башкада, секцияда талкууда өтпөй калган иштерди кайра карап, комитеттен өткөрүштү. Анткени ал автордук коллективде өзүнүн кара чечекей кызы (Кудайбергенова) бар эле. Эптеп кызын өткөздү…
Дагы бир кызыгы: "Энергетические безопасности" деген автордук ишке, толук аталышы эсимде жок, "Мамлекеттик сыйлык берилди" деп президент Курманбек Салиевич Бакиевдин Указы чыкты. Үч-төрт күн өтүп-өтпөй ал Указга өзгөртүү киргизилип, жогорку иш мамлекеттик сыйлык алган иштердин катарынан чыгарылды. Муну менен Ш.Жоробекова президент Курманбек Салиевичти такыр ыьгайсыз абалда калтырбадыбы…
Ушундан кийин аргасыздан ой келет. Илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлык берүү комитети эмне деген комитет, анын төрайымы Ш.Жоробекованын ою, өзүм билемдиги төрайым катары жоопкерчилиги кайда. Мындай окуя тарыхта биринчи жолу болуп жатат. Бул маселеден Ш.Жоробекова жыйынтык чыгарышы керек эле.

Маектешкен
Зулпукаар Сапанов










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan