"Ата Мекендин" лидери

Текебаев кичи Мекенинде болду
Ата Мекенди коргоо күнү Ө.Текебаев кичи Мекени Базар-Коргонго барып, өзүнүн урук - тууганы менен учурашып, киндик кан тамган жеринде "эмне кылабыз?" деген суроого жооп издеп кайтты. Ким менен сүйлөшүп, не тыянакка келгенин ким билсин, анын эртеси эле Ө.Текебаевдин эмки сапары кайын журту болгон көл калаасында уланаарын партиянын пресс-кызматы билдирип чыкты.
Баса айтмакчы, Өмүрбек Чиркешович ал жактагы көргөнүн минтип түшүндүрдү:
"Аймагы жагынан башка облусттарга салыштырмалуу чоң, элинин саны жагынан көптүк кылган Жалал-Абад облусунда элдин 60%ы азыркы бийликтин саясатына карыш экенин, аргасыз макул болуп унчуккандан айбыгып отургандар 20%, ал эми калгандары "кантсе да өзүбүздүн балабыз эмеспи" деп жердешчилик сезимге алдыргандар экен"...

 "Чыдабайм" деген...

Дагы бир атуулга кемийбизби?
Укук коргоо иштери менен 20 жылдан бери алектенип анын ичинде 14 жолу соттолуп, акыркы жолу улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козуткан деп айыпталып, Оштун убактылуу кармоочу жайында он айга жакын камалып чыккан Равшан Гапиров аттуу укук коргоочу өлкөдөн чыгып кетүү алдында турат. Анын пикиринде: " Кыргызстанда адам укуку одоно тепселенип, сот тармагы болсо белчесинен коррупцияга баткан" дейт...

  Тактап берчи, КонСот....

Президенттик аламан качан болот?
Бул жөнүндө СДПК партиясынын ЖКдагы депутаттары жалгыздап дагы, жалпылап дагы Конституциялык Сотко кайрылып, Президенттик шайлоонун качан болоору жөнүндө тактама берүүсүн өтүнүшүүдө. А, КонСот болсо тыянагын үч ай аралыгында чыгарганга укугу бар. Кааласа, баягы М.Эшимаканов менен К.Карабековдун арызын алеки саатта карап койгондой эртең эле жообун берип коймок. Бирок, эртеңдин эртеси эмне боло тургандыгы толук чечилбей жатса керек, тиякта...

  Аксынын асманында

Топчуке "обон" созуп...
Айтылуу Топчубек Тургуналиев Аксыдан оголе көп кабар менен кайтты. Топчукенин пикиринде азыркы тапта Аксы эли өлкөдөгү саясий экономикалык абалга, жаңы салык кодексине, саясий куугунтукка, кымбатчылыкка, электр жарыгынын өчүрүлүшүнө өтө эле нааразы.

  Уккан кулакта жазык жок

Спикер Айтибай мырза "төшөк" жаңырттыбы?
ЖКнын төрагасы А.Тагаев Ала-Буканын бийлик төбөлдөрү менен "кайындап" жүрөт деген каңшаар тарады. Мунун чын-төгүнүн билбей, бу киши үйлүү-жайлуу эмес беле деп күбүрөнгөндөр көбөйдү. Баягы айтылып жүргөн көп сөздүн бири го деп, маани бергенибиз жок. Уккандар болсо, испикер мырза төшөк жаңыртып, Ала-Букадан олжолуу кайтып, Гүлжамал аттуу 26 жаштагы чүрөктү бөктөрүнүп келет дешип, алакан ушалашууда...

  Чын бекен, ыя?

Март айында кайрадан жарык өчөт дейби?
"Түндүк электро" ишканасы тараткан маалыматка ылайык Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына жана Казакстандын энергосистемасынын Кыргызстандан бөлүнүп чыгып кеткенине байланыштуу электр керектөө жогорку чекке чыгып кеткен учурларда жарыкты өчүрүү графигинен тышкары дагы кошумча өчүрүүлөр жүргүзүлөт. Бул саат 18:00дөн 22:00гө чейин болот.
"Түндүк электро" ишканасынын маалыматы боюнча буга Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү башкы себеп болууда. 26-февралга карата суу сактагычтагы суу 7 млрд. куб метрге да жетпей калды. Бүгүнкү күнү андагы суунун көлөмү -6 млр. 985 млн. 450 миң метр кубду түзөт.

  Окуу, окуу демекчи...

Жалал-Абатта мугалимдер жетишсиз
Ушул тапта облустун мектептерине 900дөн ашуун мугалим жетишпейт. Мындай маалымат кечээ облустук билим берүү борборунун жетекчисинин орунбасары Токомбай Тургамбаевден алынды. Анын айтымында, жетишпеген мугалимдердин ордуна ардагер адистер жана сырттан окуган студенттер иштөөдө. Айлыктын аздыгы жана педагогдор үчүн турмуштук зарыл шарттардын жоктугу мугалимдердин башка кесипти тандоосуна өбөлгө түзүүдө. Жаш мугалимдердин депозит долбоору мектепке кандайдыр бир жардам бөлгөнү менен ал педагогикалык кадрлар жаатындагы көйгөйдү чечпейт экен. Ал эми долбоор боюнча айлыгына кошумча төлөнгөн 2 миң сом жаш мугалимдердин материалдык талаптарын канааттандырбайт...

  Кезек кимде?

Бийлик жарандык коомду ооздуктодо
Мындай пикирди "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова билдирди. Ошондой эле "Жарандык коомдун ишин көзөмөлдөөгө, алардын ишмердүүлүгүнө бут тосууга атайын мыйзам аркылуу жол табуу буйругу бийликтен келип түшүүдө," дейт укук коргоочу.
Ошол эле учурда ЖК депутаттары Исхак Масалиев, Нургазы Айдаров жана Арапбай Төлөнов кооммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө, Кыргызстанга келген каражаттардын террорчул жана экстремисттик уюмдардын колуна түшүп калышын алдын алуу максаты менен негиздеп жатышат...




  Бүтсө деле, бүтө элекпи?

АКШ акыркы чекитти кое элек дейт
Эл аралык Кризис тобунун Борбор Азиядагы өкүлү Пол Куинн-Жадж: "Кыргызстан Борбор Азия аймагындагы экономикасы чабал өлкөлөрдүн бири. Ушундан улам "Манас" аба базасын чыгаруу тууралуу чечимди өлкөнүн өкмөтү экономикалык кызыкчылыкты көздөп чыгарды. Эгерде алдыдагы төрт ай ичинде Америка өкмөтү аскердик аба базаны калтыруу үчүн Кыргызстанга көбүрөөк акча-төлөм сунуштаса, анда кыргыз бийлиги буга макул болот. Бирок андай учурда Орусия Кыргызстанга бере турган насыя акча тууралу кайра ойлонушу ыктымал. Кыргыз бийлиги болсо Орусиядан 2 млрд. доллар өлчөмүндөгү насыяны алуу үчүн "Манас" аба базасын чыгарууга макулдугун берген, ал эми Орусия болсо аба базаны кандайдыр бир деңгээлде президент Барак Обаманы жана анын администрациясынын кө?үлүн өзүнө буруу үчүн пайдаланууда" деп божурады, жакында.
АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн аба базасын Кыргызстандан чыгаруу боюнча кыргыз өкмөтү чечим кабыл алгандыгын КР президенти Курманбек Бакиев 3-февралда Москвада жарыялап, 19-февраль күнү бул чечимди Жогорку Кеңеш бекитип, 20-февралда мамлекет башчы бул тууралуу мыйзам долбооруна кол койгон. Ошол эле күнү "Манас" аба базасынын чыгарылышына байланыштуу кыргыз өкмөтүнүн нотасы өлкөнүн тышкы иштер министрлиги тарабынан АКШнын Кыргызстандагы элчилигине тапшырылган. Ошентип "фильм" аяктады. Же мунун башка сериясы дагы барбы? Андай болсо сөз, мыйзам дегенди канттик...

"Ганси" аба базасы боюнча дагы бир келишим денонсацияланат
Аскердик "Манас" аба базасы боюнча дагы он бир өлкө менен түзүлгөн келишимди денонсациялоо маселесин Коммунисттер фракциясы карап, кыргыз өкмөтүнүн чечимине макулдугун берди. Калган фракциялар унчуга элек. ЖК маалымат кызматынан кабарлашкандай антитеррордук күчтөрдүн аба базасын чыгарууга байланышкан документ КР ТИМ тарабынан парламентке өткөн жумада эле берилген. Ал эми тиешелүү комитеттердин жана фракциялардын кароосунан өткөн соң, "Манас" аба базасын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча Австралия, Дания, Италия, Испания, Корея, Нидерланды, Норвегия, Түркия, Жаңы Зеландия, Франция жана Польша мамлекеттери менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу маселеси ЖК регламенти боюнча жалпы отурумга алынып чыгат. Бул маселеге депутаттар шайлоочулар 2-марттан кийин кайрылышары айтылууда.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan