"Операция Я"

...же Алмаз Атамбаевдин актануусу
" Ишенген молдоң сууга акса, алды-алдыңан тал карма" деген эл макалы эми чынга чыгат окшойт. Эл ишенген оппозиция улам бирден "секреттерин" жумурай-журтка шардана кылып, аны уккан коомчулуктун башы андан бетер айланып турган кези. Биринен-бири өткөн сенсация, биринен-бири калышпаган ызы-чуу. Адегенде оппозиция лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаевдин "Агымга" фотолору чыкты. Эмне деп айтаарды билбейсиң. Кызарасың да, бозоросуң. Ошентсе дагы баары бир Текебеваевге болгон ишеним болсо толугу менен өчүп калды деп айтуу али эрте. Чындык ким жакта экенин тарых да, турмуш да далилдейт го деген ойдон дале алыстай элекпиз.

Ошого удаа Алмаз Атамбаевдин "Лица" гезитине актанган макаласы чыкты. Баягы апрелдеги тополоңдо элдин баарын короодогу койго, эрмен жеген эчкиге теңеп, бийликтин союлун чапканга аттанган Атамбаев, көрсө, оппозициянын "бейкүнөө" курмандыгы болгон экен. Башкача айтканда, аны менмин деген оппозиция лидерлери чакалайдын чак түшүндө "кидать" этип таштаптыр. Аны башынан "маңыроо" адаты бар Алмакең кашайып билбей калыптыр. Баелук кылып, алданып калыптыр. Анын айтканына караганда ошол оппозиция лидерлери өтө "маанилүү чогулуш" өткөрүп, ал чогулушта Атамбаевге мамлекет башчысы менен сүйлөшүү милдетин тапшырышкан экен (мындайча айтканда, анын чоң дипломатиялык "жөндөмдөрүн" эске алып). Айрыкча бул ишти дал ошол Атамбаевге тапшырууну эмнегедир Феликс Кулов аябай каалаптыр. А Кулов, Атамбаевдин версиясы боюнча, адатынча жөн жүрбөй, өзүнчө эле бир "операция Ы" дегенди ишке ашырууну көздөп, бийликтин арам оюн турмушка ашыруунун камылгасын көрүп жүрүптүр. (Ошондогу алеки саатта алданган эл үчүн Кулов менен Атамбаев бири-биринен эч бир айырмасы жок эргулдар экенин, экөө тең жең ичинен бийлик издеген немелер деп эсептээрин билбесе керек).
Башкача айтканда, Атамбаевге оппозиция "сен Бакиев менен сүйлөш да, премьерликтин креслосун кандай болсо да ээле" дегендей милдетти жүктөшүптүр. Анда адатынча "айкөлдүгү" кармаган Алмакең: "жок мен кое турайын, муну Сариевге же Байболовго жүктөгүлө" десе, тигилер (канткен менен ой пикирлери таза жигиттер эмеспи), дароо отказ кылышыптыр. Ошондо гана төрт амалы түгөнүп, айласы алты куруган Атамбаев аргасыздан премьердин креслосун отурууга туура келиптир. Айласыздан мурун "политический труп" деп жүргөн Бакиевди сизден өткөн киши жок турбайбы деп асман-айга жеткирип мактап жүрүптүр. Муну да ага оппозиция милдет катары жүктөгөн беле? Аны эмнегедир айтпай кетиптир Алмаз Шаршенович…
Азыр оппозиция Атамбаевди кандай жаңы милдеттерди жүктөп атат болду экен?-деген ойго кетесиң. Кокус дагы адатынча ойт берсе, анысын да мага ушундай милдет тапшырылган болчу деп кутулуп кетпесе болду, Алмаз Шаршенович. Себеби, кечээ жакында эле оппозиция лидерлери колдорун коюп, биригели, баш кошолу деп меморандум токуп атышса, Алмаз агабыз дагы эски адатын карматса болобу… Меморандумга кол коюп кетип баратып, СМИге интервью берди да, "Мен Кокон хандыгына каршымын, ошон үчүн оппозицияга кошулдум, бирок Бакиев менен ысык, жакшы мамилем дагы да кала берет" деп баса айтып туруп үйүнө кетпедиби? Аны ким унутту? Эч ким унуткан жок.
Айтор, элдин башы чынында да маң. Элдин атын жамынып сүйлөп, аны ар качандан бир качан сатып кете берген саясатчылардын кайсы бирин айталы. Бийлик башына барышат, демократияны орнотобуз, элди жыргатабыз деп убаданын соңунан убада беришет, бирок креслого отураар замат баары эстен чыгат. Алмаз Атамбаевды кой, жалпы калайык-калк ак батасын, добушун берип, Акаевдин бийлиги жасаганды жасабагыла, калпты чындай кылып сүйлөбөгүлө, уурдабагыла дегенине карабай, андан он эсе жаман иштерди жасап аткан андан жогорудагыларды не дейбиз? Же биздин чоңдор алдоо үчүн, а кыргыз эли алдануу үчүн жаралганбы?
Мурункулардын калпы кийинкилердин кымырынып-кымсынбай туруп айткан жан кечти калптарына караганда шоона эшпей калды го, чиркин… Премьер болуп барат, заводдорунун карыз-кооласын дал ошол элдин эсебинен чечет, банкроттон сактайт. Анан мен кыйраттым, мен жыргаттым деп ар качандан бир качан калпты ышкырткандан тажабайт. Кризисти мына мен баштап бердим деп бир ооз айтпайт…Анткени уялбайт.
Азыр оппозиция кыйын маселенин алдында турат. Анын катарын ыдырата турган, канатын кайыра тарган бир канча проблемалар турат. Анткени оппозициянын катарында кадимки "Трояндын аттары" жайнап жүрөт. Андай болбосо, Текебаевдин жакшынакай атына доо кетирткен, ага дос болумуш болуп, бирок көчүгүнө суу куйган ким?
Баса, "Трояндын аттары" деген накыл кепти окурмандарга түшүндүрө кетели. Илгери Грецияда Троя деген шаар болуп, ал шаарды эч ким жеңип алалбай шайы оойт. Ошондо кытмырлыгы кыр ашкан Одиссей деген бирөө аябагандай чоң бир аттын кебетесин тактайдан жасайлы да, ага көңдөй жасап, көңдөйгө мыкты деген жоокерлерди киргизели дейт. Айткандай эле зор аттын кебин тактайдан жасап, ичине душмандар кирип, отуруп алышат. Калгандар шаардан алыс кетип, экинчи кайрылбайбыз деген ишаратты жасашат. Троялыктар Буга ишенип, атты шаардын капкасына сүйрөп киришет. Киришет да, биз жеңдик деп, шапар тээп, арак менен шарапка тоюнушат. Укташат. Ошондо аттын ичинде отурган азаматтар билинбей сыртка чыгышат да, уйкуда жаткан Троялыктарды бирден-бирден кырып, шаарды басышат. Накыл мааниси ушул.
Бул накылдын азыркы оппозицияга түздөн-түз тиешеси бар болуп бараткандай, түгөттүкү. Аны турмуш, тарых көрсөтүүдө. Ошону менен бирге ак ниети менен эл сөзүн сүйлөп берели, кошулалы дегендерге тарчылык кылыштын кереги жок. Биригели дегендерге да жолду кенен ачуу керек. Анткени оппозиция кимдир бирөөнүн менчиги же короосу эмес.
Оппозиция-эл үнү, калк рупору, ошону менен бирге тазалыктын үлгүсү, адалдыктын уюгу, эр жүрөк азаматтардын саясий кошууну.
Кеп ушунда.

Нурдин АСАНОВ




  Кайран сөздөр, ай

Өмүрбек Текебаев,
"Ата Мекен" партиясынын лидери:
"Бул бийликтин күнү бүтөөрүнө аз калды..."
Биз Бакиев жүргүзгөн саясаттын түпкүлүгү элге каршы саясат экенин ар дайым көргөзүп келебиз. Мындан ары да күрөшүп, анын саясатын мүмкүн болушунча ишке ашырбаганга элди чакырабыз. Биздин мындай каршылык мыйзамда көрсөтүлгөн ар кандай формада болушу мүмкүн. Бул боюнча конкреттүү жыйынтык-пландарды айтуу, баа берүү азырынча эрте. Бирок, биздин күрөш чечкиндүү болот. А бийликтегилер үчүн акыркы күрөштөй болуп, болгон аракеттерин жумшап жатышат. Бул бийликтин күнү бүтөөрүнө аз калды.
****
...Мен бул бийликтин саясый-экономикалык кризистен өлкөнү чыгарып кетээрине ишенбейм. Анткени, булардын дарамети жетпейт. Тышкы да, ички да саясатыбыз чалмакей чалынып, жалаң куру, кооз сөз менен коштолуп калды. Азыр бийликтин айткан сөзү башка да, жасаган иши башка. Бийлик өзүнө-өзү душман болуп, кайда урунаарын билбей калды. Ошон үчүн, биз бул бийликти, анын системасын алмаштырбыз!

***
Эң негизгиси оппозициялык күчтөрдүн максаты, көздөгөнү бир. Жакында "Бириккен Элдик Кыймыл" түзүлдү. Биз ушул кыймылдын тегерегинде Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу системасына каршы нааразычылык акцияларын март айларында баштайбыз.
***
... Президент мөөнөтүнөн мурда кетүүсү керек экендигин талап кылабыз. Бийликти алмаштырганга элдин толук укугу бар. Элдин 90%га жакыны бийликке нааразы.

(Улут лидери болот деген уулубуз Ө. Текебаевдин бир ай мурун эркин ММКларга берген интервьюларынан)
А, бүгүнчү...


Айгай: Урматтуу Өмүрбек Чиркешович, учурда тар чөйрөдө, тар эмес чөйрөдө да сизди жең учунан бийлик менен "соодалашып" алыптыр, алган эмеси оңой сумма эмес экен деген сөздөр Ала-Тоонун асманында калкый баштады. Дегенибиз, Сиз жөнүндөгү интернет сайттарына чыккан кара пиар "көркөм фильм" жөнүндө чын - жалган экенин ачык айтып, жалган болсо Сизге моралдык жактан жалаа жапкан ошолорду сотко бербесеңиз да, жок дегенде Сизди "бийлик менен соодалашыптыр" деген айың кептин жалган-чынын коомчулукка кабардар кылып койсоңуз дурус болоор эле. Айта турган оюңуз болсо "Айгай" гезитинин эшиги ачык.




Оппозиция март айында
Бир күн "борк" этебиз дейт

Жасай турган ишинен бүгүн, эртең, бүрсүгүнкүсү көп БЭКтин лидерлери 1-мартта кеңейтилген жыйынга чогулуп, март айындагы саясий акцияны өткөрүү күнүн аныкташмак болду. "Бул жаз чечүүчү жаз болот" деген БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун айтканына таянсак "март айында жалпы республика боюнча бир күндүк саясий акция өтөт..."
Бир күндүк ал не деген акция болду экен?








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan