Жаз келатат, айымдар...

Замира Молдошева, "Люкс" сулуулук салонунун директору:
"Сырткы келбеттеги сулуулуктун сексен пайызы, чачтын жасалгасында"
- Сиз, өз ишиңизде адамдарга сулуулук тартуулап келесиз. Соболумду да ушундан баштагым келет, адам баласынын сырткы келбетиндеги сулуулукту неден көрөсүз?
- Менин пикиримде, адамдагы сулуулуктун сексен пайызы чачтын жасалгасында деп айтаар элем. Мисалы, тигил же бул адам канчалык кымбат кийинбесин, чачынын жасалгасы жок болсо, ал адамдын сырткы келбети, анын кийиминин кымбат экенин ачып бере албайт, сырткы сулуулугун дагы. Тескерисинче, канчалык жөнөкөй кийинбе, бирок, чачынын жасалгасы жакшынакай болуп турса, ошол адам сулуу көрүнөт.
- Сулуулук демекчи, сиздердин салон адамды өз жашынан жашыраак көрүнгөндөй мүмкүнчүлүктү жасай алабы?
- Ооба. Чачты эле жасалгалоодон тышкары бизде косметология бөлүмү иштейт. Ошол жерден көп мүмкүнчүлүктөрдү жасаса болот. Айтмакчы, кудай буюрса, 1-1,5 айдан кийин биз "Мода үйүн" ачуунун алдында турабыз. Анда адам баласынын сырткы келбетин, сиз сурагандай, жакшынакай көрсөтө турган баардык бөлүмдөр иш алып барат.
- Эгер жашыруун болбосо айтсаңыз, Сиздердин салонго белгилүү коомдук инсандардан кимдер көп келет?
- Биздин салонго министр, депутат же белгилүү саясатчы болобу кимдер гана келбейт. Бирок, алардын жардамчылары менден көп өтүнүшөт, аттарын атабоону. Ошондуктан, кызматтык этика боюнча, мүмкүн болсо кимдер экенин айтпай эле коеюнчу.
- Анда биздеги саясатчылардын ичинен өздөрүн тыкан алып жүрөт дегендерден атай аласызбы?
- Менин көз карашымда мисалы, Адахан Мадумаровдун сырткы стили жагат. Ар дайым тыкан, жарашыктуу, дене келбетин чыкыйтып алып жүрөт. Өмүрбек Бабановдун классикалык стилде жүргөнү жагат. Ошондой эле Өмүрбек Текебаев. Анан дагы Мелис Эшимканов көп учурда галстуксуз жүрсө да, костюмдарды жарашыктуу тандаганы жагат.
- Аялзаты өзүн-өзү дайыма татынакай алып жүрүш үчүн не кылыш керек?
- Мен, эркектерден айырмаланып, аялзатынын ар убакта өздөрүн карап жүрүүсүн суранаар элем. Себеби, аялзаты жер жүзүндөгү бардык сулуулуктун өзөгү. Балким, пикирим айрым айымдарга катураак тийип калаар, бирок, өзүн-өзү карап жүрбөгөн аялзатын "өз келбетинин чыккынчысы" дээр элем. Ушул жерден бир нерсени кошумчалай кетейинчи, кээде карап турсаң кырк жаштан өткөн аялзаты тасырайып жаш кыздардай кийинип алышат. Бул өтө одонолук. Жарашык "тезек кабы менен" дегендей, ар бир курактыкы өзүнчө. Мисалы, 18-23 жаш курактагылар көчө стилинде, ал эми 30 жаштын тегерегиндегилер классикалык үлгүдө, 40 жаштын ары жагындагылар кымбатыраак маанайда кийинип жүрүшсө туура болот болуш керек. Ошентсе да, мени кубантканы Европа маданиятындагыдай одонолук бизде көп байкалбайт.
- Баса айтмакчы, сиздердин салонго келген кардарлардын эң улуусу канча жашта экенин айта аласызбы?
- Бизге 80 жаштын тегерегиндеги белгилүү чыгармачыл инсан ар убак келип, чачы-башын жасалгалатып кетип турат.
- Ушул жылы кандай түстөр мода болот?
- Мисалы, орусча "золотистый", "горох" түсүндөгү көйнөктөр көбүрөөк кийилет го деп ойлойм. Ошондой эле, кээ бирлери "быйыл бука жылы, бука кызылды жаман көрөт" деп атышпайбы. Тескерисинче, кызыл, күрөң түстөр да быйылкы жылдын модасына айланат.
- Соңку соболум, окурмандарга өзүңүздүн эркин пикириңиз?
- Не дейин... Жаз келатат, сулуу бололу, бар бололу, патриот бололу. Айрыкча, аялзатына айтаарым бул - дүйнөнүн сулуулугу сиздерсиздер. Ар дайым татынакай болуп, ден-соолукта болгула дегим келет.
Суроо салган
Эльнура Дүйшеева










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan