Саясатчыларга "портрет"

ЖКнын депутаты, "Ак жол" партиясынын мүчөсү Кабай Карабековго
ЖИГИТ болсоңуз, Бакиевди ачык колдоңуз
Кабай мырза, сиздин саясаттагы биографияңызды иликтеп отуруп, "кандай сөз менен кыска жана нуска туюнтса болот?" деген кыйын суроого туш болдук. Бир топ издендик. Сиздин орусча тилиңиз мыкты эмеспи, ошону эске алып, орусча сөздүктөрдү да абдан барактадык. Маданияттуу айтылган, сиздин кабагыңызга кар жаадырбай турган, бирок сиздин заадиңизди, адамдык нарк-насилиңизди, чыныгы жүзүңүздү ача турган, бетпардаңызды бир гана сөз менен сыйра турган сөздү издедик.

Кээ бирлер сиздин саясий бейнеңизди ача турган сөздөр көп, кыска да, нуска да, бирок ал сөздөр, тилекке каршы адабий нормада жок, ошондуктан сөздүктөрдө да жок деп чыгышты. Ал сөздөр анда каяктан табылат десек, үй куруп аткан куруучулардан же катардагы эле бульдозерист же трактористтен сурасаңар бир эмес, бир нечесин дароо эле колуңарга карматат дешти. Кой дедик. Кантсе да мурунку журналист, биздин коллега эмеспи, нормативдик лексикадан издейли дедик. Орустун тили кудай ургандай бай эмеспи, акыры жүрүп таптык. Таарынсаңыз тазга барыңыз, сиздин атыңыз "перевертыш" окшойт. "Депутат болсом гана болду, мага кандай партия болсо да баары бир" деп айтканыңызды өз кулагы менен уккан кишилер бар экен. Ал сөзүңүз гезит бетине да басылып калыптыр, иттики десе.
"Менден өткөн чынчыл, акыйкатчыл киши жок бу мамлекетте" деп кара жаныңызды карч уруп жүрүп, депутат болгонсуз, ал эсибизде. Биринчи эле трибунага чыгып сүйлөгөнүңүздө, артыңызда турган мамлекет башчысын көзүңүзгө илбей, популист болуп көнүп калган жаныңыз: "Акаевдин төрт баласын араң бакканбыз, эми Бакиевдин тогуз бир тууганын, калган бала-чакасын Кыргызстан бага да албайт, көтөрө да албайт" деп айгай салгансыз. "Кетсин!", "Кетсин!" деп ураалаган мына өзүңүз. Капырай, нака көзү жок шер, чыныгы элдин уулу турбайбы деп уккан да, укпаган да сизге тан берген, "Кабай" деген сөздү урмат менен айтып калышкан.
Калган сөздү айтпай эле коелу. Сиздин кийинки өтө качмайлыгыңыз, шайлоочуларыңызды иренжиткениңиз, билмексенге салып, парламентте уялбай отурганыңыз, "Ак жолго" жылкы теппей, жылан чакпай өтө качканыңыз…
Эми, ак чөп башта, Каке. Андай болду, билмексен болуп быткыйбай, Курманбек Салиевичтин саясатын ак дилиңизден колдоп бериңиз. Анткорлонбоңуз, билген жокмун, кашайып көрбөй калыпмын дегенсип. Сиз элди көргөн жоксуз, бирок эл сизди көрүп турат. Анча бардыңызбы, эркек болуңуз, ачык колдоңуз. Эл электри жок калды, бул абдан туура болду деңиз. Президент мөөнөтүнөн мурда кайра шайлана турган болду, анткени, өзү айткандай, турмушту аябай "оңдоп" койду, бул абдан туура деп теледен чыгыңыз. Энергетика менен кен байлыктар, ал гана эмес, улуттук парктар да сатыла турган болду, мен муну өлө колдойм деп жер сабаңыз, кекиртегиңиз айрылгыча кыйкырыңыз. Университеттер жеке менчик болот, бул да абдан акылман саясат деп жар салыңыз. Антпесеңиз жигит эмессиз. Анткени, жигит киши бирди сүйлөйт, катын киши миңди сүйлөйт. Мамлекет башчысына тилиңиз тийгендиги үчүн кечирим сураганды да унутпаңыз, анткени жаманбы, жакшыбы, ал - мамлекет башчысы. А эгер анын саясаты жакпаса, ачык айтыңыз да, жаңылган экемин, ит болгон экемин, кечиргиле эл-журт деп, шайлоочуларыңыздан кечирим сураңыз. Парламенттен кетип калыңыз. "Политический труп" деп коюп, анан эртеси кызмат үчүн Арзыматтын ролун аткарган айрым кокуйларга окшобоңуз. Алардын жоругу жолдо калсын, аларга сүт менен жууса да баары бир эл ишенбейт.
Депутат болбоңуз, жигит болуңуз.
Саясатчы болбоңуз, атуул болуңуз, Кабай мырза.

Темирбек МУКТАРОВ





ЖКнын депутаты "Ак жол" партиясынын мүчөсү Кубанычбек Исабековго
МЫРЗАГА, КЫРК УБАДА АЗДЫК КЫЛАТ ОКШОЙТ...
Коммунизмге шыр кетип бараткан заманда шайлоо деген күн майрам болор эле. Элдин баары майрамда кийчү кийимин кийинип жадырап-жайнап, бир кишидей болуп, ооба, бир кишидей болуп сал деген кагазын салып келчү. Шайлап жаткан адамың ким, ал өзү кандай неме, татыктуубу деген сыяктуу суроолор берилчү эмес, зыңкыя түшкөн сүрөтүнө суктанып тим болушчу. Неси болсо да тынч заман эле, аттиң!
Бүгүнкү шайлоонун кебетесинен түңүлүп бүттүк. Президенттикти айтып не, депутаттык шайлоо эмне деген гана коркунучтуу окуялар менен өтөт.


Оо, анан алардын убадаларын айтпа, бүтүндөй мамлекеттин колунан келбечү иштерди бүткөрүп таштайт, силер шайлап эле салгылачы деп убада тарапка тилин агытып жиберсе туруштук берип көр, эр болсоң…
Спикердин орун басары Кубанычбек Исабеков мырза дагы мурунку шайлоодо убаданы аябай жакшы берди. Чынын айтыш керек, шайлоо компаниясы тушунда, андан кийин бир аз убакыт бир аз иштерди аткарып да таштады. "Бу жигитти шайлаганыбыз сонун гана болгон экен", - деп Жети-Өгүз элинин кубанганын айтпа! Ал ал болду. Анан убакыт өтүп, Исабековдун баягы "эңгезердей" убадалары аткарылбай, "кайдан көрдүм кара эшек..." нугу менен кетти бейм.
Эми анын убадаларынан айта кетели: ар бир айылга техсервиз уюштурам, жайы - кышы иштеп тургандай кылам, вулканизацияларды ачтырам, эл продукциясын сата албай кыйналып жатат, ошондуктан кайра иштетүүчү завод куруп, биринчи иретте алма менен картошканы кайра иштеттирем, дыйкандар укмуштуудай киреше алат, налог да районго калат... мына ушундай убадалары толо болчу.
Мурунку парламент тарап, жаңы парламентке шайлоо компаниясы жүрүп жатканда "акжолчулар" Исабековду анча жактыра бербеген белем, эптеп тизмесине кошуп, кошкондо да аяк жагына кошуп турганда, кайран шылуун жигит Караколго келип "Каныкей" деген кафеге Көлдүн жакшыларын чогултуп, арманын айтып, баягы убадаларын жаңыртып айтат. Ошондон кийин көлдүк биртоп аксакалдар Акүйгө кирип, бу жигитти тизменин алды жагына жылдырткан деген кеп эл оозунда.
Исабеков "Кумтөрдүн" эсебин табам, баланча миллион өндүрөм деп жүрүп, тескерисинче, ошондой миллион зыян тарттырды деген кеп да тарады, "Вечерний Бишкек" жазды окшоду. Кандай болсо да "Кумтөр" Исабековго алдырбай турат, алдырабы деги?! Аны менен канча ирет соттошту, санаган киши жок. Баса, Исабеков соттошуу жагынан алдына адам салбай келет: Коргоо министрилиги менен соттошту, чек ара кызматы менен соттошту, жеке адамдар менен соттошот. Бир адамга бу соттошуулар көп эмеспи?
Эсимде, бир ирет Исабеков тележурналистке интервью берип жатат. "Алар, социал-демократтар менен коммунисттер палатада эч нерсе чече албайт, добушу жетпейт, биз акжолчулар гана чечебиз" маанайда. "Зордук" менен жеңген партиясынын атынан ошентип сүйлөп жатат, эптеп кирген партиясынын атынан ошентип атат. Ушуну шашпай чечмелесем болор эле…
Кийинки кезде эл арасында "Исабеков 2010- жылы президенттикке ат салышат экен" деген сөз да чыгып кетти. Эгерде ошол чын чыгып, Кудай Таалам, эл аны колдоп президент болуп калса, анда президентке "тунабыз" дейсиң, "кайдасың Акаев, кокуй, Бакиев" деп озондоп эле калабыз го, бурч-бурчта. Эмнегесин чечмелебейин...соттошмок белем…

Баратбай АРАКЕЕВ











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan