А-уу, жаңы министр!

Жаңы шайланган Элге билим берүү министри Абдылда Мусаевге
Урматтуу министр, ишиңиз экономикалык кризис эмес, турмуш кадимки калыбында кылдырыган заманда да толгон токой маселелеринен башы чыкпаган татаал жумуш эле, башыңыз бир топ ооруй турган болду окшойт.
Баса, БГУга телефон чалып, кандай иштеди эле ректор катары десек, мактагандар эмнегедир аз эле болду. Эми элге жагыш кыйын иш го, аны баары эле түшүнөт. Ректорго чейин жетекчи катары, адам катары дурус да, мыкты да эле, ишине бүйрө, көбүнөн тың иштечү эле дегендер да бар экен. Бирок эркин шайлоодо, бийликтеги айрым "акалар" кысканына карабай, атаандашыңыз Жолборс Жоробековду жолдо калтырып, чырылдатып туруп (ал кездеги и.о. ректор), чипчистый утуп алыпсыз, аны да айтышты.
Эми каалоо менен бир катар сизге окурмандардын атынан жолдой турган айрым тилектер да бар экенин кыстара кетели. Коррупция азыр университеттерде эле эмес, андан ылдыйлап келип, накта мектеп класстарына көчүп келген. Директорлор азыр киши тааныбай калган. Бизче айтканда, эбак кудайды тааныбай калышкан. Ай сайын эмес, кээде жума сайын акча жыйнамай. Бааны каалагандай коймой. Рекет, бандитизм, бычакташмай, наркотизм. ...Жыйналган акчалар кассага түшөт, бухгалтериянын учетуна кошулат деп ойлобоңуз. Чөнтөктөргө түшөт, чөнтөктөргө кетет. Ал эми сабактардын сапаты, методикасы, балдардын билим деңгээли деген төмөндөгөндөн төмөндөп баратат. Айла кеткенде ата-энелер балдарын орус мектептерге берүүгө мажбур. Анткени, орус мектептерде канткен менен талап деген бар, уят-сыйыт деген бар (бирок орус мектептер эле жыргап кетти дегенден алыспыз, ал жакта деле окшош "оорулар" жана "илдеттер"). Университеттердин ректорлору болсо андан бетер. "Эл аралык", "Улуттук", "регионалдык" ж.б. аты угумдуу наамдарды алып алышып, баары эле "президентпиз" деп чиренишет. Ышкырыктары таш жарат, бирок бир саат лекция окушпайт. Студенттер менен жолуккандан эринишет. "Чоң" иштерден колдору бошобойт. Чындыгына келгенде, тээ тоо арасындагы, болгон күчүн сарптап, нарындыктарга билим сүтүн берип жаткан университеттен эч бир сапаттык айырмалары жок.
Анан да, чет элден келген университеттерге да катуулап көз кырыңызды сала жүрсөңүз дегибиз келет. Кувейт университети деген окуу жайда кыздар хиджаб салынып, кадимки эле медресенин жыты келип тургандай. Кээ бир университеттерде кыргыз тили эбак четке сүрүлүп, ошол келген жагынын тили негизги тил экен. Документтер да ошол тилдерде жүргүзүлөт. Ал тургай ошол келген жагынын саясатын таңуулаганга аракеттерин анча деле жашырышпайт. Ушундан улам жаштарыбызды эмитен ар кайсы идеологияларга сугарып алып, кийин кыргыздар өз ара тил табыша албай отурбайбызбы деген ойго да келет экенсиң. Макул, университеттер болсун, бул жерде жаман эч нерсе жок. Бирок аларга Кыргызстандын гана идеологиясын жүргүздүрсөңүз. Биздин ректор жетекчилер маселе чечсе, биздин адистер бирөөнүн үйүндө конок болгондой эмес, өз үй, өлөң төшөгүндө жүргөндөй сезсе. Айлыктары теңелсе. Жамандын коногу бийлейт болбосок.
Бул сиз чече ала турган маселе. Ага акылыңыз да, укугуңуз да жетет го деп ишенебиз.
Ишиңизге ийгилик, Абдылда Инаятович!

"Айгай" гезити




  Учур чак

Идеология "идиотологияга" айланганбы?
Өткөндө Курманбек Бакиев ММК жетекчилери менен болгон жолугушуусунда "Жаңы кылым" гезитинин "Өлкө башчысы катары Кыргыз мамлекетинин идеологиясы кандай болуш керек деп эсептейсиз?" деген суроосуна берген жообу мени төмөнкү ойлорду жазууга мажбур кылды. Анда президентибиз: "Улуттук идеология боюнча ар кандай окумуштуулар, адисттер бир чечимге келе албай турушат. Мен кыргыздын макал-лакаптарын анда-мында окуп жүрөм, ошондо кыргыз баласы кандай болушу керектиги, кандай болбош керектиги бүт камтылган. Ошондуктан идеологиябыздын өзөгүн ошол макал-лакаптар түзсө, туура болот эле деп ойлоп коем..." деп атпайбы.

Ажобуз мамлекеттин мамлекеттүүлүгүнүн маанилүү рычагы болгон идеология жөнүндө үстүрт берген жообу, ушул өлкөнүн жараны катары мени өкүндүрдү. Улуттук идеологиябыздын жок экендиги сезилди мага. Чыныда эле жаңы бийлик келген 4 жылдан бери улуттук идеология жөнүндө кичинекей болсо да программа кабыл алындыбы? Жок. Анда иделогиясыз кантип мамлекет болот?
Кезинде СССР деген улуу держава, анын күчү бүт дүйнөгө өз таасирин берип турган. Эмне үчүн? Себеби, идеологиясы өтө күчтүү болгон. Ушул жерден советтик иделогиянын тарых барактарына үңүлүп көргүм келет. Кыркынчы жылдардын экинчи жарымынан тарта ЦК ВКП(б)нын агитация жана пропаганда Башкармалыгында М.А. Суслов деген ысым пайда болот.
Советтик идеологиянын агымы дал ошол инсандын ысымы менен камтылып жүрүп олтурат. 1956-жылы октябрь-ноябрь айларындагы капиталисттердин советтик лагерди өзгөртүүгө болгон Венгриядагы аракетинин мизин майтарган дагы дал ошол Сусловдун идеологиясы экени көрүнөт. Ал эми 1960-жылдары кыргыздар айткан "ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" дегендей, Сусловдун күчтүүлүгүнөн чочуган Н. С. Хрущев аны кызматынан четтетет.
А бирок, арадан 4 жыл өтпөй, Хрущевдун өзүн ээрден оодарууга КПССтин ХХ съездиндеги ошол эле Сусловдун доклады өлкө башчысынын тагдырын чечкенге тете иш болгон. Ошондон тарта бийликке жаңы келген Л.И.Брежнев ар дайым аны оң колу катары кармап, Суслов өлкөнүн экинчи адамы катары саналып келген. КПСС БКнын баардык жыйындарына жетекчилик кылган да, өлкөдөгү бүт идеология саясатын, анын ичинде ММК, маданият, искусство, билим берүү, кыскасы, баардык тармакка Суслов көз салып турган. Бүтүн өлкөнүн тагдырын чечкен Борбордук Комитеттин Саясий Бюросунун 26 кишисинин эң таасирдүүлөрүнүн бирден-бири болгон. 1977-жылы кабыл алынган СССР конституциясын даярдоодо өзгөчө роль ээлегени да айтылып келет. Тилекке каршы далай күнөөсүз балдардын өмүрүн алган советтик аскерлерди Афганистанга киргизүү жөнүндөгү 1979-жылдагы чечимге да чоң роль ойногон. Балким, анын да өзүнчө себеби болгондур. Бирок, кандай болгон күндө да М.С. Суслов, советтик идеология үчүн жанын да аябай эмгектенгени көрүнөт. Ал тургай эл оозунда, "айлыгын алты айда чогултуп бир алып, анын теңинен көбүн партиянын кассасына төкчү экен" деген сыяктуу аңыз кептер айтылып келет. 1982-жылы январда каза болот. Көп өтпөй артынан Л.И.Брежнев кетет. Советтик идеологиянын күчтүүсүн ушундан көр, Суслов кайтыш болгон соң, ал кызматка ал кезде дүйнөнүн кайсы өлкөсүнө болсо да укуругу жеткен КГБнын өкүлү Ю.Андропов бекитилет. Көп өтпөй Ю.Андропов өлкө башчысынын эки тизгин бир чылбырын колго алат. Жыл айланбай ал киши да каза болот. Андан кийинки мезгил улуу империянын кагылып, согулуп олтуруп (балким, Сусловдой күчтүү идеологдун жоктугундадыр) жок болот...
Албетте, бул эми тарых. Тек, мен бул жерден өлкөбүздө акыркы 4 жылдан бери идеология дегенибиз негедир жок болуп калгансыганына кейигеним. Калыстык үчүн айткым келет, бүгүнкү бийликке салыштырмалуу өткөн бийлик тушунда азбы, көппү, жаманбы-жакшыбы идеология болгон экен. Бир эле мисал, ошол кездеги Манастын 7 осуяты азыр да далай мектептин такталарында илинип турат.
7 осуят жөнүндө сабак мектептерде бүгүн да жүрүп жатат. "Мамлекеттүүлүктүн 2200 жылдыгы" деген эмгек өзүнчө илимий ишке айланган. "Манас-1000" программасы али да иштеп келет. Бүгүнчү? Мамлекеттик катчыбыз эмне иш кылып жатканын, айылдагыларды айтпайлы, борбордо турган биз билбейбиз. А идеологиясыз улуттун келечеги не деген коркунучтарга кептелээрин негедир сезбей жаткандайбыз...

Эльнура Дүйшеева









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan