Имиш чындыкка айланса...

Президенттик шайлоо 2009-жылдын
июнь-июль айларында болобу?
Өлкө башчыбыздын 11-февралдагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда журналисттердин: "Ушул жылы президенттик шайлоо болобу?" деген суроосуна: "Менимче, президенттик шайлоо 2010-жылы болуш керек. Бирок, юриспруденцияда ушундай ар тараптуулук көп экен. Айрымдар шайлоону ушул жылы болуш керек деген пикирлерин да айта калып жүрүшөт. Бул постто бир, эки жыл ашык же кем отурамбы, маанилүү эмес. Конституциялык сот кандай чечсе, ошондой болот. А мен ошол Конституциялык укуктан пайдаланып, экинчи мөөнөткө ат салышам" деген оюн билдирген эле.
"Кинг-Конг ака өзү билади" демекчи, шайлоонун ушул же аркы жылы болоор чечимин биздин күндө ким чечээри айтпаса деле түшүнүктүүдүр. Албетте, бул Консотко эмес, ажонун кабагына жана жазындагы абалга карата чечилиши мүмкүн. Президенттин ММК өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунун өзөгү да ушул суроо болду окшойт. Бирок, биз минтип оозду жыйып бүткүчө, кезектеги президенттик шайлоо мал жайлоого көчкөндө, аны менен кошо чабандар кошо кеткенде, "прогрессивдүү" деген студенттер жайкы каникулга, далайлары эмгек отпускасына чыгып, кээси айылында, кээси көл жээгинде, кээси чет жакта эс алып жүргөн жай мезгилинде кезектеги президенттик шайлоо болот экен деген каңшаар тарады. Болушу мүмкүн, 2005-жылы жайында деле жапжакшынакай эле "калыс" шайлоону өткөрүп, жайкы эс алууга карабай баарыбыз өз ордубузда "болуп", айрым облусттар шайлоого "101% катышпадык" белек...

Оп-па-а...
Шайлоо өтсүн
Жакында Жалал-Абаддагы "Ак каркыра" аттуу жалаң спортсмендерден турган коом Кыргызстан калкына кайрылуу жасады. Анда коомдун бир жарым миңдей мүчөсү жыйын куруп, президенттик шайлоону ушул жылы өткөрүп жана өлкө башчысы К.Бакиевдин талапкерлигин колдоого өлкө калкын чакырды. Алар: "Биз президенттин саясатын кубаттайбыз жана 2010-жылга К.Бакиевдин президенттик кызматы менен кирүүбүз керек" дешти.

Памир МАНАС




 "Атадан" калган туяк…

Президенттик "экинчи админстрация" түзүлдүбү?
Жыл жаңыраары менен Президент өзүнө жаңы "секретариат" түзүп, анын башына орус кызы О.Малеванаяны алып келди. Бирок, ал катчылыктын түзүлгөнүнө түшүнгүнбөгөндөр көп. Эмне жумуш аткарат? Милдети кандай (?) деген суроолор арбын айтылып, коомчулукта уу-ду кеп болуп жатыр. Ал ортодо Президенттин пресс-катчысы Н.Шакиев кызматынан учуп, ал жетектеген президенттин алдындагы пресс-катчылык жоюлуп да кетти. Анда иштеген кызматкерлердин бир тобу көчөгө сүрүлдү. Ал эми аталган секретариат пресс-катчылыктын милдетин аткарат деген божомолдор тескери чыгып, анын укугу оголе көп экени жакында басма беттеринен билинди.

Жаңы секретариат кантип иштеши тууралуу жобого көз жүгүртсөң, экинчи президенттик-админстрация түзүлгөнбү деген ойго келесиң. Башында баягы эле катчылык аткарган максаттар, милдеттер тизмектелет. Президенттин жасагандарын элге жеткирүү, маалымат айдыңын топтоштурууда сунуш даярдоо, ММКларга президенттин иши тууралуу так маалыматтарды жеткирүү ж.б. ж.б.

Окуй берсең, кичинекей мамсекретариаттын көзөмөлдөй турган укугу кеңейе берет. Ушундан улам бул идеяны ким ойлосо да, аркандын учун алыска ыргыткан экен дейсиң. Себеби, жөн эле жерден түзүлө калган жок да. Мунун артында чо-оң саясат жатат. Анткени, секретариат мамлекеттин түзүмүндөгү бийлик бутактарынын дээрлик баарынан маалымат алганга укугу бар экен. Өтө жашыруун дегендерди дагы алууга мүмкүнчүлүгү бар. Сураган маалыматты мамлекеттик бийлик структурасы кыңк этпей бериши кажет. Маселен маалыматты кимдерден алат: Президенттик Админстрациядан, Өкмөттүн аппаратынан, башка маморгандардан жана жергиликтүү органдардан, мамлекеттик мекемелерден, алардын ичинде Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынан жана Президенттин алдындагы стратегиялык изилдөө институтунан.
Карап көрсөңүз, секретариат дээрлик баардык мамлекеттик башкаруу системасындагы маалыматтар менен камсыз болот. Андай чоң маалыматка ээ болгон катчылыкта, албетте, эбегейсиз зор күч болоору айтпаса да түшүнүктүү. Мындай органдын жетекчиси менен эсептешпей койууга мүмкүн эмес. Демек, ошончолук үлкөн маалыматка ээ болуу, кимдир бирөөгө абдан зарыл. Дегеле, мындай маалымат саясат менен шугулданган адамга аба менен суудай эле керек. Бирок, саясатты терең түшүнүп, келечекти көрө билген көсөмдөр "куру кыйкырык" салып ар кайда жүрбөстөн, колдо бийлик турганда "өз кишилерди" өстүрүп, узун жиптин учугун таштай жүрөт окшобойбу. Андайлардын пайдасы бүгүн тийбесе да эртең "жарк" этип жарык чачаарын турмуш көрсөтүп келет. Ошентип, мындай жобону бийликтин бийик бутагына илинбей калган күн келээрин эрте билип, ошондой учурда маалыматка кенен жетүү үчүн жасалган иш экени таасын көрүнүп тургандай, кудая тобо!
Жаңы секретариатта мындан сырткары дагы бир топ үлкөн укуктар бар. Мамлекеттик органдар менен кеңешме курууга, Президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөө жана баалоо институтун контролдоо жана жүргүзгөн ишин көзөмөлдөө. Анын деректиринен каалаган маалыматты берүүсүн талап кылуу деген сыяктуулар.
Ушуларды карап отуруп, жогорудагыдай секретариат президенттик админстрациянын экинчи көчүрмөсү экенин байкайсың. Бул ким үчүн керек? Ошондой эле экономикабыз эңшерилип, калктын турмуш шартын оңдой албай турганда бирин бири кайталаган органдардын кереги барбы (?) деген суроолор оголе көп арбыды.
Секретариат түзүлүп-түзүлө элек жатып, жылдын аягында болчу салтка айланган президенттик кайрылууну "бузушуп", анан ажону журналисттер менен дагы жолугуштуруп жиберди. Бул силер башка менен эмес, секратариат менен гана эсептешкиле деген белги эмеспи? Бирок, секретариат чу деген жерден эле жаңылып калгандай. Мисалы, Президенттин кайрылуусун "уюштурду" эле, аны көпчүлүк түшүнгөн жок. Ошол кайрылуудан кийин президенттен жүз үйрүгөн адамдар да өзүнчө көбүрүп чыкты. Экинчиден, журналисттер менен жолугушуу уюштуруу маселесинде Президентке көлөкө түшүрө турган одоно нерселерге жол берилди. Журналисттерге алдын ала суроолорду даярдатып, жакпай калгандарын бердиртпеди. Эң көп нускалуу "Ачык саясат" гезити чакырылбады. Минтип уюштургандан көрө, жөн эле койсо болмок деген сөздөр да айтылбай койгон жок. Барган журналисттерди мектептеги балдардай "үйрөтүп", "президент келгенде тургула, а киши отургандан кийин отургула" деген көрсөтмөлөрү өтө жагымсыз маанай жаратты. Көч ушул кейпинде уланса, Президенттин кызматтан кетишине чоң көмөкчү ушул секретариат болуп бериши ыктымал. Тфу-тфу. Бул эми божомол.
Бул жерде кыргыз идеологиясы тууралуу сөздү кошпой кетсек болбойт. Дегеним, ажо К.Бакиев январь айынын аягындагы элге болгон кайрылуусунда: "Биз бардыгыбыз, саясатчылар, чыгармачыл жана илимий интелигенциянын өкүлдөрү бир суроого так жооп берүүгө тийишпиз. Улут катары биз кимбиз?" деген суроону койгон. Чыгармачыл жана илимий интеллигенция "ким" экенибизди айта элек. Тагыраак айтсак, алар уйкуда жатат. Бирок, интеллигенция ойгонуп, саясатчылар жооп берген күндө дагы алардын колунан эч нерсе келбейт. Муну президент өзү гана чечет да. Ушуну билип туруп элге суроо салдырган секретариаттын ою түшүнүксүз болуп жатпайбы?
Бүгүнкү күндө улут жөнүндө кеп козгоонун өзү туурабы деген маселе турат. Балким, секретариат президентти улут жөнүндө сүйлөтүп, кыргыздын канын кайнатып жаткан жокпу? Дегеним, улуттун кызыкчылыгын бүгүн кимдер жүргүзүп жатканы сокурга да көрүнүп жатпайбы. Кечээге чейин админстрацияда казак өкүлү отуруп, не деген жерлерди, пансионаттарды боордошторуна кармата "берди". Бүгүн эми негизги бийлик башында кимдер отурат? Өкмөттүн башында И.Чудинов, секретариатта О.Малеваная, энергетикада Ширшов, ж.б.
Жогорудагы темага багыштап айтаарыбыз, улутка гана тийиштүү жашыруун маалыматтарды изилдеген Стратегиялык изилдөө институтту О.Малеванаяга көзөмөлдөтүп койуу улттук кызыкчылыкка жатабы? Экинчиден, ушул маалыматка ээ болуучу секретариаттын башка мүчөлөрү четэлдик политолог менен аналитиктер экен. Аларга эмне үчүн койнубузду ачып бердик (?) ж.б.у.с. суроолорго жооп жок.
Кыргызстанда жүрүгүзүлүп жаткан саясат негизинен баарына эле түшүнүктүү болуп, Акүй улуттун кызыкчылыгын ойлоонун эмес, кландык тирешүүлөрдүн ордосуна айланып калды. Бүгүнкү түзүлгөн секретариаттын толук курамы да кайсы бир кландын өкүлдөрү. Ичинде дагы деле тиреш жүрүүдө. Мындай нерсе качан токтоору али белгисиз. Же кыргыздын, Кыргызстандын келечегин ушунтип "ойното" беребизби?

Нурдин АСАНОВ









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan