Крыловдун тамсили ай...

Оппозициядагы билетсиз "жүргүнчүлөр"
Оппозиция убада берген жаз да келип калды. Алигиче алардын анабашы дайындалбай, жазга карата иш чаралардын планы бекитилбей турат. Текебаев болсо лидерликтен баш тартты. Ал эми "Темир Сариев менен Алмаз Атамбаев экөөнүн бири көч баштайт го" деп кулак түргөн коомчулук жакын арада жооп ала алгыдай эмес. Ортосунан оюп айтканда, өткөн жылдын этегинде оппозиция "БЭК" деп ат коюп (Бириккен Элдик Кыймыл) меморандумга кол коюшуп, катуу чамынышкан. Бирок, рулга отураар башчысы чечилбей "буксовать" этүүдө.

Чачырап кеткен оппозициянын башын жыйып, чогултуп, бир жылдан бери бириктирип келе жаткан Аликбек Жекшенкуловдун "бириксек жеңебиз" стратегиясынан майнап чыкпай жаткандай. Балким, биригүү процесиндеги түркүн саясий күчтөрдүн кошулуусунан куралган "винегретке" керексиз "ингредиенттер" кошулуп кетип, жегиликсиз болуп калганбы, белгисиз. Күчтүү бир муштумга айлануу үчүн эмне кылыш керек, тазалануу керекпи, ажырашуу керекпи? Азыр оппозициянын анабашылары ушу суроого такалышты.
Алмаз Атамбаев болсо шайлоо жөнүндө сүйлөп, ЖКдагы СДПК фракциясынын депутаттарынын колу менен Конституциялык сотко шайлоо мөөнөтүн тактап берүүнү өтүнүп, кайрылып олтурат. Ал эми БЭКтин алкагындагы жаз мезгилине белгиленген милдеттер, биргелешип "касам" ичип кабылдаган милдеттенмелер, жакындап келе жаткан шайлоолорго жолтоо сыяктуу болот дештиби, айтор, СДПК үчүн жазгы иш пландарды бекитүү, элге жар салынган нааразычылык акцияларын уюштуруу, жалпы оппозициялык лидерди тактоо маселелери экинчи планга жылып, президенттик шайлоо өнөктүгү негизги маселеге айлангандай. Ошентип, бир лидер тандоо маселесине Атамбаев "бар" же "жок" дебей, ортодо БЭК эки анжы болуп турат.
Ал эми лидерликтен баш тарткан Өмүрбек Текебаев көрсө, жаз айларына белгиленген БЭКтин массалык акцияларына каражат камтама кыла албай тургандыгы үчүн жазгы акциялар учурунда гана лидерликтен баш тарткан экен. Бирок, президенттик шайлоого талапкер катары катышуу планынан кайтпагандыгы белгилүү болду. Кыскасы, Алмаз Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин "Жазындагы акцияларга кимдин акчалары болсо чыгарып, лидер боло бергиле. А бирок, күзүндө президенттик шайлоо болуп кала турган болсо биз оппозициянын лидери катары аламанга ат салышабыз" деген ойлору Сайракан жеңенин орсок уй сааганына окшошуп кетип жатпайбы, түгөттүкү. Болбосо, улуттук лидер да ушинтеби? Чыныгы улуттук лидер "жазында сен, күзүндө мен" деп ойноктобой, от менен жалынды кечип, ар дайым эл алдында жүрүш керек эле го. Кыскасы, азыркы тандалган убактылуу лидер күзүндө аны чана турган болсо, анда азыр оппозицияга лидер эмес, каражат гана керек деп түшүнүүгө болот. Атамбаевден ачык жооп ала албай жатканда, Текебаевдин тетири жүрүшү (же сөзүнөн кайтышы) оппозициянын жазгы иштеринин илгерилээрин күмөндөтүп салды. (Кечээ эле гезит беттерине "Бул бийликтин күнү бүттү" деп, "пачке-пачкелеп" интервьюларды бергеничи).
Ушундай кырдаалда үчтүн бири катары айтылып жаткан Темир Сариев Текебаев менен Атамбаевден өзгөчөлөнүп "Мен туруктуу туруп, акырына чейин күрөшөм. Силер макул десеңер анабашы болуп, жоопкерчиликти моюнга алганга да, башка маселелерди чечкенге да даярмын",-деген белем... Бирок, Темир мырзага өнөктөштөрүнүн каражат таап, акцияларды уюштуруп убактылуу лидер болуп бер, кийин бизге таарынба, сен күүлөгөн "жазгы поезд" менен эптеп-септеп билетсиз эле күзгө жетип алалы, анан ар кимибиз өз алдыбызча ... дегени көпчүлүкө жага бербеси бышык. А чынында эле "без билетный пассажир" кайсы айдоочуга жаксын. Бирок, Алмаздын "соодалашмайы" менен Өмүрбектин тетири тактикасынан тажап, жактырбай бараткан БЭКтин саясий бюросундагы көпчүлүк ачык айтып ак сүйлөгөн Темир Сариевге ыктаганы менен, Бирдиктүү Элдик Кыймылдын келечеги, элдин аларга арткан үмүтү, эл алдындагы өзүлөрүнүн абройлору тууралуу ойлошту бекен, ошолор. Ушундай көрүнүштөрдөн улам Советбек Жамалдинов баштаган Улутчулдардын "Асаба" партиясы, "Бирдиктүү Кыргызстан", ревкомчулар сыяктуу БЭКтин курамындагы таасирдүү күчтөр тезирээк бир жаңсыл болуп, жазгы акцияларды чамдатуу үчүн реалдуу кандидатура катары Т.Сариевди көрүшүүдө. Жогоруда айтылган тараптар жалпы лидер маселеси чечилсе, оозеки эле эмес, болгон күч аракеттерин, ресурстарын ортого салганга даяр имиш. Кеп, жоопкерчиликти, ресурстарды кабыл ала турган лидер жоктугунда окшойт.
Ал эми турмуш чындыгында калың элдин катмарында азыр бийликке карата нааразычылык абдан күч алып турат. Караңгыда "кашайып", жашоо күндөн күнгө оорлоп, келечегинен үмүт үзө баштаган эл оппозицияга колдоо көрсөткөнгө даяр болуп калган...
Өткөндөгү аксакалдардын оппозицияны колдоп, куугунтуктарды токтотууну талап кылып, Президентке болгон кайрылуусунан кийин президент К.Бакиев дагы элдин бийликтен көңүлү калып, оппозицияга оой баштаганын сезип, радикалдар менен да сүйлөшүүгө даяр экенин бекеринен билдирип жаткан жоктур. Болбосо, оппозицияны "сүйгөнүнөн" сүйлөшүүгө дайын болуп калган жок. Кара-Буурадан оппозицияны Түптөгүдөй жумурткага "тойгуза" албаганын сезди. Эл ичиндеги нааразычылыктын күчөгөнүн туйду. Күч колдонуп, Аксыдагыдай кан төгүлсө, арты жаман болоорун билет, андыктан сүйлөшүүлөр аркылуу курчуп кеткен абалды жумшартууга жан далбастоодо. Мындай жагдайда бийликке сүйлөшүүлөрдү сүйгөндөр абдан керек. Мисалыбы? Мисалы, Атамбаев сүйлөшүп орден алып, Ирсалиев "сүйлөшүп" мандатын тапшырып, Бабанов "сүйлөшүп" баш баканга биринчи орун басар болуп, айтор туруксуздуктун "инкубаторуна" айланып калгандай "биздин" СДПК мындайда диалогго албетте дайым даяр. Айталы дегенибиз албетте диалог болсун, бирок, "өз көмөчүнө күл тарткан" эмес, улут көмөчүнө күл тартса.
Деги эле мындай учурда айтаар сөз, оппозицияга тагдырдын тараза ташы өзүлөрүнө оой турган маалда эсине келе албаса, алар кыялданган бакыт кушу колдон таяры айдан ачык.
Анан да жаздан-күзгө, күздөн жазга деген оппозиция ушу тапта ишкердүүлүк көрсөтпөсө, эл алдында ишениминен ажырайт, натыйжасында, алдыдагы шайлоолорго орду толгус жоготуулар менен барууга туура келет. Бул "эки жерде эки төрт" дегендей эле кеп.
Тескерисинче, жөнөкөй эле логика менен карап көрсөк, убактылуу болсо да "лидер болом, көчтү баштайм" деп аттанган лидердин аброю ашкере өсүп, анын күзгү күрөштө элдик лидерге айлануусу толук мүмкүн. Ал эми азыр жашына туруп, кийин кайрадан "лидер" болгусу келгендердин "тактикасы" кесепетин гана тийгизет. Андай "пайдалуу" ыкманы эл да жактырбайт, кечирбейт дагы.
Кенжебек Арыкбаев









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan