Футбол: Чемпиондор лигасы

Он алты командадан кимиси озот?
Футбол күйөрмандары кыпылдап турган кезеңи. Эмки жумада Европанын Чемпиондор лигасындагы таймаштар кайрадан жанданат. Уу-дуунун чырагына кайрадан май тамат.
Спорттук ар бир кармаш туу чокуга - финалга жакындаган сайын улам курчуп, улам күчөй берери бышык. Ошентсе да, кыргызымдын "күчөгөн сайын түтөгөн" деген сүрөөнү дал ушул Чемпиондор лигасына туура келеби деп ойлойм.
Чемпиондор лигасы жыл сайын өткөрүлсө дагы, төрт жылда бир сагынтып келе турган дүйнөлүк чемпионаттан кем калбайт. Айрым параметрлери боюнча дүйнөлүк чемпионаттан дагы ашып түшөт деп эсептешет адистер. Анткени, бүткүл дүйнөдөн иргелген, алчы такымын жеген таланттар дал ошол Европанын тандалма командаларында өнөр көрсөтөт.
Буга чейин топтордо же айлампада жүргөн оюндар толук аяктап, эң мыкты 16 команда белгилүү болгон. Эми Еврокубок өзүнүн түз жолуна түштү. Чүчүкулак аркылуу аныкталган эки атаандаш бетме-бет чыгып, жан аябай салгылашат. Жеңгени сегизден бир финалга илгерилейт, жеңилгени жер карап, орто жолдо кала берет.
"Күлүктөн күлүк чыкса, төрт аягы дүпүрөйт" болуп, мыктылардын ичинен мыктылар суурулуп чыгат мында!
Чемпиондор лигасында, ошентип, Англиядан 4, Испаниядан 4, Италиядан 3, Португалиядан 2, Германия, Греция, Франциядан бирден командалар калды. Негизинен эч кандай күтүүсүз жагдайлар жок сыяктуу. Алгачкы үч өлкөнүн улуттук лигалары футболдогу моданы аныктап, даңазасын арттырып келатканы ырас.
Англиянын премьер-лигасы тарыхта үч ирет, ал эми акыркы эки жылы катары менен дүйнөдө эң мыкты деп таанылды. Демек, кудурети күчтүү футбол материктен көчүп, Англия аралын көздөй ооп баратканы талашсыз.
Англиянын командаларында ойносок деген футболчулар канча! Бирок, бул тилекке ар кимдер эле жетише бербейт. Өткөн жылдарда Алексей Смертин өңдүү айрым таланттар гана англис клубдарына азыноолак аралаша алган. Көпчүлүк орус футболчулары ак эткенден так этсе дагы, премьер-лиганын оюндарына көгүлтүр экрандан гана көз салып келишти.
Быйыл акыбал кыйла оңолчудай баштанат. Россиянын курама командасынын чабуулчулары Роман Павлюченко "Тоттенхэмде" топ жарса, Андрей Аршавин "Арсеналдын" босогосун жаңыдан аттады. Андрейдин жолу кандай уланарын азырынча айтуу кыйын, ал эми Роман тумандуу Альбиондогу дарбазанын торуна топ артынан топ салууда. Россияда ойноп кеткен чет элдик чеберлердин карааны дагы бул аралда калыңдап барат. ЦСКАдан "Эвертонго" барган бразилиялык Жо, мисалы, адепки эле оюнда эки гол киргизди.
Италиянын улуттук биринчилиги футболдук ааламда өтө кадырлуу. Бул ирет "каны кызуу итальяндар" жеңет дегендер дагы аз эмес. Азырынча 3 командасын сактап калган аппениндиктер атаандаштарын тик качырып, артка чегинбеси бышык.
Бирок, таймаштын бул этабында Италиянын үч командасы башкаларга эмес, Англиянын үч командасына туш келгени кызык. "Челсинин" француз чабуулчусу Н.Анельканын божомолуна ишенсек, англичандар итальяндарды 3:0 эсебинде аеосуз талкалайт.
Анельканын минтип айтышына негиз барбы? Бар, албетте. Бирок, аны төгүнгө чыгарчу аргументтер дагы аз эмес.
Соңку төрт жыл катары менен Англиянын командалары финалда ойноп, эки ирет Еврокубоктун ээси болушту. Бул - бир. Экинчиден, англичандар төрт финалдын экөөнө башкаларды жеткирбей, тек гана өздөрү жеке ат салышты.
Чемпиондор лигасынын былтыркы финалы күйөрмандардын эсинде болсо керек. "Челси" менен "МанЮ" Москвада беттешип, оюндун негизги жана кошумча бөлүктөрү жеңүүчүнү аныктай алган эмес. Бир жарым саат катуу кармаштан кийин гана "МанЮ" 11 метрлик айып тебүүдөн утушка жетип, кадырлуу кубокту канжыгага бөктөрүп кеткен.
Чемпиондор лигасынын жана Премьер-лиганын жеңүүчүсү "МанЮ" быйыл да Англияда өз атаандаштарынан кыйла озуп, дүбүртү катуу. Бирок, сэр Алекс Фергюсон бул ирет италиялык "Интерден" чочулабай койбойт. Анткени, "МанЮ" сыяктуу эле, өз өлкөсүндө топ баштап бараткан "Интерди" Жозе Моуринью машыктырат. Моуринью менен Фергюсондун беттешүүсү - бул эки залкар машыктыруучунун өнөр сайышынын туу чокусу болот өңдөнөт.
Айтор, "МанЮ" менен "Интердин" эки беттешүүсү футболдун соңку тарыхына жазылып калат деп үмүттөнөм. 2008-жылдагы "Алтын топтун" ээси Криштиану Роналду өзүнүн бийик наамын коргосо, "Интердин" чабуулчусу Златан Ибрахимович ошол наамга татыктуу экенин ырастоого умтулат.
"Арсенал" менен "Романын" таймашы дагы күйөрмандарга көп ыракат тартуулайт деп күтөбүз. Бул эки команда кандай абалда, кандай шартта турбасын, кашык каны калгыча салгылашып көнгөн. Аршавин "Арсеналда" оюн көрсөтөбү? Жок. Мурдагы "Зенитчи" эми турнир ортолоп калганда экинчи команданын намысын коргоого укугу жок.
Дагы бир кызыкты, албетте, "Челси" менен "Ювентус" тартуулашы мүмкүн. Жарым жыл илгери болгондо "Челси" италиялык атаандашынын эсин эки оодарып тынмак. Бирок, лондондук "аристократтардын" эрте жаздагы абалы кабатыр кылбай койбойт. Болгону бир жума мурда гана башкы машыктыруучу Луис Сколари иштен бошотулду. Анын ордуна Россиянын курама командасынан Гуус Хиддинк шашылыш чакыртылса да, абалды кескин оңдошуна убакыт жетишпей калышы мүмкүн. Ал эми "Ювентустун" насаатчысы Клаудио Раньери 2004-жылга чейин "Челсини" машыктырып келген, демек, анын ички сыры менен тышкы чырын беш колундай жат билет. Акыры ушул жагдай ажаат ачып кетер бекен?
Бул этапта төрт командасы менен күрөшүп жаткан Испаниянын Примерасы сөзсүз түрдө башкы байгени жеңип алууга умтулат. Барыдан мурда "Барселона" менен "Реал" өтө карылуу. "Барсадагы" Это О, Месси, Анри, "Реалдагы" Рауль, Игуаин, Роббен өз чеберчилиги менен кимди болбосун таңдандырбай койбойт.
Чынын айтканда, жалгыздан командасы калган Германия, Франция, Грециянын ийгиликке жетиши күмөндөр. Чемпиондор лигасында кокустуктар өтө сейрек учурайт. Баягы эле Англиянын "Ливерпулу" менен Португалиянын "Портусунун" жагдайы алардыкынан басымдуу болушу мүмкүн.
Ошентсе да, бул макаламды күтүүсүз, балким, мага окшогон күйөрмандар күткөн божомол менен соңуна чыгаргым келет.
Чемпиондор лигасынын 2008/09-жылдардагы жеңүүчүсү болуп... Оюуңузда ким дейсиз? Ооба, орус олигархы Роман Абрамовичтин үч командасы, жок, үч машыктыруучусу аталышы мүмкүн.
Түшүндүрө кетейин. "Челсинин" ээси Р.Абрамович төрт жылда беш машыктыруучуну алмаштырды. Ошолордун үчөө азыр Англиянын бир, Италиянын эки чыгаан командасын башкарып, Чемпиондор лигасында өз ара таймашканы турат.
Жашыл талаага Гуус Хиддинк "Челсини" баштап чыкса, Клаудио Раньери "Ювентусту", Жозе Моуринью "Интерди" жетелейт. Тагдырдын тамашасын караңыз!
Чүчүкулактын ыракымы менен Р.Абрамовичтин алгачкы эки машыктыруучусу эмки жумада күч сынашканы турат. "Интерди" жетектеген үчүнчүсү Англиянын "Манчестерин" жыйырма жыл башкарган сэр Фергюсондун өзүн тике беттейт. Кимисин намыс колдойт? Үчөөнүн кимиси туу чокуга жете алат?
Кызыкты көрө жатарбыз, кубанычты бөлө жатарбыз, Күйөрман!
Акбар Рыскул




Чемпиондор лигасынын 8/1 финалында төмөнкү командалар беттешет:
"Челси" (Англия) - Ювентус" (Италия)
"Вильярреал" (Испания) - "Панатинаикос" (Греция)
"Спортинг" (Португалия) - "Бавария (Германия)
"Атлетико" (Испания) - "Порту" (Португалия)
"Лион (Франция) - "Барселона" (Испания)
"Реал" (Испания) - "Ливерпуль" (Англия)
"Арсенал" (Англия) - "Рома" (Италия)
"Интер" (Италия) - "Манчестер Юнайтед" (Англия)

Бул 16 команданын таймаштары 24/25-февралда жана 10/11-мартта өткөрүлөт.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan