Аалам алкагында

АКШ
Президент болгондон кийинки алгачкы аскердик аракети катары Барак Обама Ооганстанга кошумча 17 000 миң аскер жиберүү сунушун колдоду. Бул аскерлер талип согушчандарына каршы күрөшкө коюлмакчы. Ак үй тараткан маалыматка караганда, бул күчтөр учурда Ооганстанда турган АКШнын 35 000 аскерине кошулуп, курчуп бараткан кырдаалды жөнгө салуу үчүн пайдаланылмакчы. Президент Барак Обама, кошумча аскерлер Ооганстанда курчуп бараткан абалды жөнгө салуу үчүн керектигин айткан.

ӨЗБЕКСТАН
Өзбекстан Таджикистанга жаратылыш газын берүүнү эки эсе кыскартты. Газды берүү суткасына 45 миңден 20-22 миң кубометрге чейин кыскарган. Өзбек тараптын мындай чечими Таджикистандын карыздарынын өсүшүнө байланыштуу болгон. Газды пайдалангандыгы үчүн тажик тараптын карызы 17 миллион долларга жеткен.

ВЕНЕСУЕЛА
Венесуэлалык лидер Уго Чавес президентти кайра шайлоого чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө жекшембидеги референдумда жеңишке жеткендигин билдирет. Алдын ала маалыматтар боюнча референдумга катышкандардын 54, 36 пайызы чектөөлөрдү алып салууга добуш беришсе, 46,63 пайызы каршы добуш берген.
Добуш берүү жыйынтыктарын комментарийлеп Чавес Венесуэлада "Чындык менен кадыр барк" жеңгендигин айтты.
Мурда Чавес президенттик полномочиенин мөөнөтүн алты жылдан жети жылга чейин көбөйтүүнү жана мөөнөттөрдүн санын чектөөлөрдү алып таштоону сунуштаган эле. 2007-жылдын декабрында Конституцияга тийиштүү түзөтүүлөр референдумга киргизилген болучу, бирок шайлоочулар аларды колдогон эмес.

ООГАНСТАН
Ооган өкмөтү 60ка жакын талип согушкерине мунапыс берилгенин жар салды. Согушкерлер куралдан баш тартууга макул болушкан. Соңку 3 жыл ичинде 7 миң 680ге жакын козголоңчу өкмөткө каршы күрөштөн баш тарткан.
Ошону менен бирге эле БУУнун маалыматына ылайык, Ооганстанда былтыр жайкын жашоочулар арасындагы жоготуулар 40 процентке өсүп, саны 2 миң 118 кишиге жеткен. Улуттар уюму жаңы докладында өлүмдөрдүн 55 проценти үчүн согушкерлер жооптуу деп белгилейт. АКШ, НАТО жана оогандык аскерлердин колунан 829 карапайым адам каза тапткан.

Пакистан
Талиб лидерлеринин бири Моулони Суфи Мохаммад жана Пакистандын Түндүк-Батыш чек ара провинциясынын губернатору жекшембиде шарияттын мыйзамдарын Ооган чек арасына жакын Малаканд районуна киргизүү жөнүндө келишимге кол коюшту. Малаканд өзүнө Сват өрөөнүн жана ага жамаатташ кээ бир аймактарды камтыйт. "Биз Моулони Суфи Мохаммад менен өкмөттүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн учурунда жакшы саналуулукту көрсөтүү катары атышууну токтотууну жарыяладык", - деп айтты алардын өкүлү Муслим Хан.

Мексика
Мексикада нефтинин өлкөдөгү жана дүйнөдөгү эң көп чыккан жери ачылды, анын запастары чийки нефтинин 139 млрд. баррел деп бааланууда. Ошондой болсо да жер астынан нефтинин көп бөлүгүн казып алуу технологиянын жоктугунан улам казып алууга мүмкүн эмес. Мындай технология 2040-жылга карата гана иштелип чыгышы мүмкүн.

"Айгай" пресс




  Эл аралык панорама

Усама Бен Ладенди
Ким жеңет?
Британиялык эксперттердин айтканына караганда, Америка жарыялаган "терроризмге каршы глобалдык согуш" баш-аягы көрүнбөй, башталган убактан бери экинчи дүйнөлүк согуштан да узакка созулуп кетти. Деги мунун аягы болобу же эч качан бүтпөйбү? Оптимисттердин айткананына караганда, жеңиштин айрым белгилери байкала баштаган имиш: Ирактагы абал аз болсо да оңолуунун үстүндө экен, террорчу күчтөрдүн негизги уюму Аль-Каида болсо үч жылдан бери Батыш мамлекеттеринде баягыдай чоң террордук атакаларды жасаганга алы келбей, массалык түрдө кыра турган курал-жарактарды колдонууга мүмкүнчүлүк таппай турган учуру дешет. Экинчи жагынан, жихадчылар ислам дүйнөсүнүн ичиндеги идеологиялык талаш-тартыштардан да айрыкча жапа чегип жатышат, себеби алар жасаган киши өлтүрүүлөр, террордук кылмыштар мусулмандардын да нааразылыгын пайда кылып, аларды колдогондордун саны улам барган сайын азайып баратат.

Бирок террорго карата Американын жана Батыш мамлекеттеринин келишпес мамилеси дале болсо так жыйынтык бербей, күткөндөгүдөй эффективдүү болбой жатканын моюнга алуу керек. Мындай боло берсе, бул согуш дагы ондогон жылдарга созула тургандыгы айдан ачык. Аль-Каида уюму Иракта чилдей таратылса да, башка мамлекеттерде кайрадан баш көтөрө баштады. Маселен, Пакистанда. Ошол эле Афганистандын ичинде исламчы террорчулар кайра жандана баштады. Интернетке маалыматтарын таратып, ансыз да бүт дүйнөдө күчөп кеткен анти-американизм мындай террористтик уюмдардын чырагына ого бетер май тамызып жаткан убагы. Ырас, дүйнөдө бир миллиардга жакын мусулман болсо, ошолордун кичинекей эле бөлүгү жихад деген ураанды олуттуу кабыл алышы мүмкүн. Калган мусулмандар агрессивдүү диндештерин ар тараптан колдоого алууга эч бир кызыкпайт да, анча ишеним артышпайт.
Бирок Аль-Каиданын азыркы иш-аракеттери абдан жашыруун жасалып, ошол эле мезгилде абдан кандуу боло баштады. Эгер бир замандарда Ирландиялык террористтер бомбасын бир жерге жашырып, анан телефондон мына жарылат, ана жарылат деп күтүп отурушса, азыркы ислам террористтери киши жанкечтилерди жалдап, аларды тиги дүйнөдөгү "бейиш" жөнүндөгү пропаганда менен башын айлантып, кудум эл быкылдаган жерлерде бомбаларды үстү-үстүнө жардырып жатышат. Эгер 19-кылымдагы террорчулар бир гана падышаларга, корольдорго кол салса, азыркылар ким экендигине карабай, өлгөн адамдардын санын болушунча көбөйткөнгө бар аракетин жумшоодо. Мурун террор атакасынан ондогон, сейрек учурларда гана жүздөгөн адамдар каза тапса, 2001-жылдын сентябрындагы атакада жалаң Америкада 3000 ге жакын киши каза тапты. Эгерде бул жан кечтилердин колуна атомдук курал же биологиялык, химиялык курал тийсе, эч бир тартынбай туруп аны да колдонуп ийишмек.
Радикал исламчылардын негизги куралы - исламды коргоо деген шылтоо. Батыш менен Америка, жаныбыздагы еврейлер исламга ар тараптан атака жасап, биздин динибизди мазактап, пайгамбарларыбызды шылдыңдап жатышат дешет алар. Ал шылдыңдагандардын арасында Израиль, аны менен кызматташкан араб диктаторлору, ишенүүгө болбой турган шиит мусулмандары да бар деп санашат да, кандуу кылмыштарын ушинтип актаганга аракет кылышат.
Эми муну токтотууга кандай жол бар, эмне кылуу керек деген суроо туулат. Албетте, теоррористтерге эч качан келишүүчүлүк болбош керек. Эгер алар мына биз жеңдик деп айтса, анда иштин чындап бүткөнү. Алар: "бизди эч ким жок кыла албайт" дегенде эле иш бузулат. Америка Ирактан чыгып кеткени - ошол жеңилүүнү моюнга алгандык деп эсептөө керек. Бул жогорудагы британиялык эксперттердин ой-жоруулары. Ошондуктан Афганистанда антитеррористтик күчтөрдү кайра көбөйтүү зарыл. Бара-бара, балким, бул согушту алыстан туруп жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ачылышы да мүмкүн. Экинчиден, Аль-Каиданын негизги душманы - Америка, ал эми террор очокторуна жакын жерде жайгашкан мамлекеттерде ислам радикалдары эч качан катуу иш-аракеттерге барбайт.
Британ эксперттеринин сунушу: Батыш бир стратегиялык мааниси чоң маселени эч качан эстен чыгарбашы керек, ал - демократия. Демократияны бардык жерлерде таратууга колдон келишинче аракет жасоо зарыл. Анткени демократия өзүн-өзү коргоого жарамдуу коомдук система. Ырас, шайлоо учурунда дал ошол радикалдар бийликке келген учурлар жок эмес, бирок алардын авторитетин кетирип, экинчи бийликке жологус кыла турган да ошол шайлоо экенин унутпоо керек. Мисалы, Батыш Пакистанда Первез Мушарафты аябай эле колдоду. Бирок анын өтө агрессивдүү иш-аракеттери исламчыларды ого бетер активдештирип, мамлекет кыйын акыбалда калды, демократиянын принциптерине чоң шек келди. Натыйжада, Мушарафты колдоо токтотулуп, ким шайлоодо жеңсе, ошону колдойбуз деген позицияны кармоого туура келди. Туркияда да секулярдык күчтөр ыгы жок агрессивдүүлүктү көрсөтүп, башына жоолук салынган аялзаттарына да каршы чыга баштаганда, бийликке, исламга ачык колдоо көрсөткөн күчтөр демократиялык жол менен жеңип алды, Эрдогандын партиясы бийликке келди.
Айрым массалык маалымат каражаттарындагы ачык байкалган антиисламисттик макалалар да терроризмдин чырагына май тамызууда. Кээ бирлери исламды фашизмге теңеп, коммунизмдин эле бир түрү деген ойлорду да таратышууда. Бул да радикалдуу исламдын тегирменине суу кое берип, ишине ийгилик алып келүүдө. "Глобалдык согуш" дал ошондой эле "глобалдык жихад" кыймылына шыкак берүүдө, дешет британиялык аналитиктер.

Темирбек Муктаров

Эң бир маанилүү фактор - жихадчыларга каршы күрөшүүнүн эң жакшы куралы - идеялык күрөштү утуп чыгуу. Болгондо да, ислам дүйнөсүнүн ичинде, ал дүйнөдө жүрүп аткан кызуу идеологиялык талашта. Терроризмди жактаган акыл-эстүү мусулмандар азыркы тапта анча деле көп сандуу эмес, аларды көбөйткөндөр да, азайтканга жардам бергендер да дал ошол Батыштын менменсиген күчүнө, байлыгына гана ишенген, саясий чөйрөлөрү. Демек, исламга карата улуу жортуул же чоң казат эмес, ага акыл-эс менен мамиле жасап, маселенин чордонун табууга аракет жасаган туура. Маселен, айрым ислам уламалары жихадисттерди динди бузгандар, ислам динин бурмалагандар деп башынан эле далилдеп келишүүдө. Алар жихадчылардын иш-аракеттерин ар тараптан бетин ачып, бул сыяктуу исламды мокочо кылып көрсөткөндөргө ачыктан-ачык эле күрөшүп келатышат. Жардамды мына ошолорго көрсөтүү керек. "Терроризмге каршы күрөштүн чыныгы булагы жана талуу жери мына ушул жерде жатат" деп белгилешет Британиялык стратегдер.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan