Сандан санга

Акбар Рыскул
Атакенин Акболот
(Романдан)
Кылыч берсең кындап бер,
Көңүлүң менен чындап бер.

(Токтогул)

Тоорулдагы жигиттер өргүү курган. Кимиси ээр жаздана көөшүлүп, кимиси ат шайманын оңдоп алек. Манап насили Атаке, түбү кашкарлык Мамадали камчы өрүп, катарлаш тизелей чөк түшкөн.
- Оногу, одан нарига... Нойгут айылы, - деп сөөмөй жаңсап калды Мамадали иш арасы.
- Койчу? Нойгутпу?- деди Атаке ишеңкиребей.
- Йа, нойгут деймиз. Нойгут хам кыргыз гой.
- Тээтиги кырдын тескейиби? Кыргыз айылбы?
- Йа, багадур хотун! - Мамадали ырсайып, өзүнүн баш бармагын өзү кырча тиштей, "вах!" деп тамшанды.
- Алыспы?
- Икки күн. Йа-йа, Багадур хотун Йанал!
Атакенин колундагы көкчарык жерге түшүп кетти.
- Тарт йипти...Сен немага?..
Мамадалинин өтүнүчүн кулактан сырт кетирген Атаке мелтиреп отуруп калды. Көкчарык кайда, көкмелтейи кармады.
Жаңыл Мырзанын ысымын укканда жүрөгү "зырп" эткен Атакенин. Ошондон кекенди бала манап. Көрөйүн же өлөйүн деп тиленди. Чоңатасы хан Түлкү менен Үчүкөнүн канына забын болгон Жаңыл Мырзадан кек алууга кекенбей коймок эмес көкжал манап бөлтүрүк. Байкасаң, бөрү заман балдары дагы тоорулга түшүп, баатырлыктын шаанасы менен ойнойт.
"Тиги кырдын тескейи - нойгут айлы", "Тескейи - нойгут айлы" деген кеп кулагында жаңырган хан Түлкүнүн небереси жанына жай таппады. Жүрөгү торго түшкөн чилдей тырпырап, түрсүл какты. "Опаа, оңтойлуу кез эми келди" деп жоруду. Ичинен ант айтып, шерт ичти өспүрүм.
Ай-койдун акылын калчамак кайда? Эр Солтоной колунан эртерээк аттангыча демикти Атаке. Ээндей чыгып, уландар жасагынан узаганда гана ат тизгинин жыйнай тартты, бирок, артка кылчайган жок. Тээ алдыда учкаша жүрүп кеткен тоолорго көз кадап, "тиги кырдын тескейи, тиги кырдын тескейи" деп күбүрөдү.
Ат жалында Акболотун кындан сууруп чыгып, устарадай жалаңдаган дамаш кылычты күн шооласына сылай карады. Акболоттун мизин жалады Атаке. Анан текирең таскакка сала, ынтыкты алга.
Белчеден кан кечкен заманда нойгут айылы да бейкапар жатпас шекилди. Өрүштө чачыраган малга жалчыларын, андан аркы белге сакчыларын койгон Жаңыл Мырза ашкере кылдат, ашкере айбын. Турмуштун оош-кыйышын тартып, эчен тушамышка чалынса да, колунан жаа-жарагын түшүрбөгөн кайраты бийик, акылы тунук Жаңылдын. Асты арыдым-аздым дей элек. Алакандай нойгут элин ар капшыттан бурдаган дөңбөрү менен ачкарын чөөлөрдөн жашырып, аркыт бел, куу коктуда аман асырап жүрү.
Атын тескейдеги бетегеге тушаган улан кечки күүгүмдү күттү. Үрүл-бүрүл караңгыны төшү менен жирей бөртө жөнөдү. Нойгут айылына чукулдай келе топ тобулгу, чычырканак жамынды. Шыйрактуу калмак мылтыгын оңтойлуу орнотуп, түтөтмө дары дайындап, кароол кармоого демденди. Эл орунга отуруп, мал-сал мамыраган маал. Тымтырс, тышка чыккан караан байкалбайт. Алданеден шыбыр алдыбы, же тек гана өз милдетин өтөдүбү, карт дөбөт кара күчкө зоңк-зоңк үрүп, калган иттер аны коштоп тим болду эрине.
Кызык, жоңгор ургасында коңтаажынын ордосу башкалардан айрымалана, өзгөчө бөлүнүп турар эле. Мында сөөлөттүү өргөө байкалбайт. Бир кылка, текшилей каралжын боз үйлөр. Эчен жыл кар-жамгырга кагылып, кийизи тозо түшкөндөй. "Жаңылдын үйү кайсы, караңгыда тышка чыгар бекен?" - ушуну ойлоду улан. Кимден, кантип билет? Кантсе да, түн - бакырдыкы, таңга илинүү жарабас.
Анан калса, кол созсоң кармалчудай койуу баркыт түн. Жылдыз текши жамырап, кооптуу жымжырт.
Атакенин чыдамы кете баштаганда, көптөн күткөнү орундалгандай, четтеги бозүйдүн эшиги шалп түрүлүп, шектүү караан бөлүндү берите. Колуна шам кармап алган. Шамдын нуру жүзүн жаркытып, ак жоолукчан айал кейпинде. Соңунан ээрчий баскан эркек адам алда неден кабатыр болгондой, корулдай үн катты:
- Жаңыл Мырза, кайда барасыз?
- Сакчы, сен кала бер! Мен өзүм...
Жайдын жымжырт түнүндө тигил экөөнүн сүйлөшкөнү Атакеге айныксыз даана угулду. "Эшик алдында сакчысы "Жаңыл Мырза" дебедиби. Ап-бали, так өзү экен!" деп жоруду ичинен кымылдай.
"Сен кала бер!" деген буйрук уккан сакчы артына терс бурулуп, бозүйгө кайрылып кетти чагымда. Берилей баскан караан өзүнө өзү ажал тилегендей, башына шам кармап келет. Анын айал экени "ап-чүх-х!" деп ачуу чүчкүрүп алганынан да таасын байкалды.
Бар тобокел! Оңтойлоно боортоктоп жатып, шыйрактуу кара мылтыгын түтөтүп, кароолго кармай баштады Атаке.
Ажалды тик беттеп келатканы кандай айалдын? Буйрукпу! Ушул учурда шамчырактын жалыны калтылдай түшүп, айал мүдүрүлүп кеткендей, "а-а" деген солгун үн чыгарды. Атаке анын ордунан турушун акмалап калды. Кызык, шамчырактын жарыгы бирде берилей, бирде арылай жылгансып, бир орунга токтобой ойдолойт.
Бүткүл көңүл-көөнү шам кармаган айалга бөлүнсө да, шектүү караанды кароолго иле албады Атаке. Ойкуйт да кайкыт шам чырактын жалыны. Күтүүсүздөн желкесинен чыккан өктөм үндөн селт этти Атаке:
- Токто! Мылтыгың ташта!
Түтөтмө мылтыктын шыйрагы бүгүлүп, жерге шалк этти.
- Кимди аңдып жүрөсүң?
Желкесинен чыккан үн да айалдыкы экенин сезген улан артына кылчайып, жазганбай жооп берди:
- Нойгуттун Жаңылын.
- Кегиң барбы?
- Кетпес кегим бар!
- Айт!
- Адеп сени, анан Жаңылды жер жаздантам! - Атаке Акболотун кындан сууруду.
- Арсыз көөдөк! - деген айал колундагы жаанын жебесин кере тарта келе, дагы суроо катты:
- Көзүң тирүүсүндө айтып кал: ким жиберди?
- Өзүм,- деди тиги жалтанбай.
- Өзүң кимсиң өлүм издеген? - жаасын тик сунган айалдын жаалы катуу.
- Атаке.
- Атаңа наалат! Маалкатпай өз атыңды айт!
Кыйды бала кыйын жагдайга кабылса да, өктөм мүнөз тааныта кергиштей сүйлөдү:
- Таанысаң Тынаймын, тааныбасаң Кудаймын! Тынайдын уулу, Хан Түлкүнүн кулуну Атаке мен болом!
Тынайдын болбосо да, Кудайдын барманы сактадыбы, же хан Түлкүнүн арбагы колдодубу, Атакеге тик сунулган жаа жебеси төмөн түшүп, айалдын көкүрөгүнөн оор күрсүнүү чыкты:
- У-уф, курган жан... Хан Түлкүмүн туйагы белең?!..
Жаңыл Мырза жаа тартканда жаза кетпеген. Жаңылбастан көзгө аткан. Жаңыл Мырза жаа тартканда өмүрдө бир гана ирет жаңылган. Андай экен, айтып берели.
Хан Түлкү менен Үчүкөнү келбес жайга аттандырган Жаңыл Мырза өмүр бакы өксүдү. Кечирилгис күнөөгө батканын сезди. Анткени өзү да жоокерлик замандын курманы!
Жаңыл Мырза дейбизби же Жаңыл Кыз дейбизби, айтор, анын да арманы аттын башындай. Байагы Аксынын арсак жолдорун арткан карындай жапыра келип, борчук таштан хан Түлкүнү суктана карап турганы өмүр бакы көз алдынан кетпеди.
От жарыгында баатырдын караанын кайтарып, көлөкөсүнө көөшүлүп турбады беле бейбак! "Көрсөм көкжал бөрү экен, тийип алчу эр экен!" дебедиби бейбак! Деди да, саадагынан саркар жебе сууруп алып, караанынан кагылган хан Түлкүсүн "өмүр" деген берки өйүздөн "өлүм" деген аркы өйүзгө өткөрүп тынбадыбы! Кайриет, аркы дүйнөдө жаны жай алды бекен баатырдын? Арбагы азыр да кыжаалатпы?
Төрт бирдей көкжалынан айрылган сарбагыштар тим жатабы, Жаңыл Мырзанын сары изине чөп салып жүрүп, канатын кайрып-толгой ыпысык алып келип, токсондогу Калматайдын муздак койнуна салып беришпедиби. "Адам - ит жандуу" деген ырас экен. Ал кордукка да чыдап, карабагыш Калматайдан балканактай бала таппадыбы бейбак!
Айал баштуу айалдай, катын баштуу катындай жүрүп калган кезинде сарбагыш кайнилери менен шарактаган абысындары жолдон чыгарды, акылынан адаштырды. "Кайдагыны эске салбай, шүк жүргүлө" дегенине көнбөй, кайсы бир той-томолокто колуна кайрадан Алеңгир жаасын карматып, астына аргымак ат тартышты.
"Өнөрүңдү бир көрсөт, жеңе" деп кыстаганда, "кой десем көнбөдүңөр, өз убалыңар - өзүңөргө" деди да, олоң чачын бууп байлап, жоо кийимин кийинип, аргымак аттын оозун агытып, тетигинден бери узактан дыр койду. Кайындары көккө ыргыткан калпактарын катар-катар жерге түшүрбөй жыра атып жүрүп отурду да, жарданган элдин арасынан уулун таап, ат жалына эңе качты. Кайталангыс өнөргө карк болуп, оозу ачылган кайындары эс жыйып, этек жапкыча кыйла узап кетти Жаңыл Мырза. Кыр капталдай бере кылчайып караса, токсондогу Калматай баштаган куугун каргадай салпылдай келет артынан.
- Өз убалың - өзүңө, аман-сооңдо артыңа кайт, какбаш! Карыганда кайрат көрсөтүп кантесиң! - деди да, күнжүрүштө Жетитер-Чемен беттеди.
Кайрылып нойгут айлына жакындаган сайын "Баланы кантем?" деген сарсаана күч алды. "Ээрчите келген" деген ээн ооз жалаа эчендердин чырагына май тамызып, эч күнөөсүз наристенин өзөгүнө өмүр баки чок жагар. Ошону ойлогондо каңырыгы түтөдү, заманасы куурулду.
Айагы аста секин басып, каргадай талпынып калган балканактай баласын карагайга байлап, саадактан саркар жебе сууруду. Эрдин кесе тиштеген бейбак эми чындап чымырканып, өз жатындан чыккан баласына жебени тике мелжей баштады. Тайсалдабай тартып жиберет беле бейбак, алыс эмес жакындан тааныш дабыш угула калганы. Кой кайтарып, "чойт-у-уйт" деген ошол чал арып-ачкан өз атасы экенин боолгоп тааныды.
Тааныды да, Жаңыл Мырза алгач ирет жаңылды. Жаа тартканда жазем кетпеген, учурунда хан Түлкүнү, эрдемсиген эчен эрлерди жер жазданткан колу калчылдады каруусуз. Көзүнөн он салаа жаш, он талаа кан куйулуп, балканактай баласынын дал жүрөк толтосуна саркар жебе кадоого жетпеди дарманы.
Наристенин таңылган колун чечкен соң, чегедек түтөтө белги берди да, "Алладан болсо, атам таап алар" деген үмүттө артына кылчайууга ары жетпей аттана берди.
Алыста жүрдү ай айланта. Акыры Жаңыл айлына сыр бербей түшүп, атасы Табылды деген уул таап алган бешик тойдун үстүнөн чыкты. Кызы аман кайтып, капилеттен уул тапкан нойгуттарга кош кубаныч бир келди.
Жаземдебей жаа тартчу Жаңыл Мырза, ошентип, өз жатынынан чыккан балага батынбай койгон. Ал алгачкы жаңылганы. Эми өзү "тийип алчу эр экен" деп жактырган хан Түлкүдөн калган туйакты көргөндө экинчи ирет жаздым кетеби?
Айылын акмалап жүргөн шектүү адам жөнүндө астыртан кабар беришкен тыңчылары Жаңылга. Бардыгын билген бейбак. Билмек турсун, бир катын менен "сакчыга" жанагыдай жалган шам жактырып, шектүү адамдын алдынан чыгарган.
Өзү артынан аңдыган Жаңыл. Түн жамынган каракчынын кимге катылып, кимге кастык кыларын так аныктагысы келген. Айлына келген жалгыз жанды жер жаздантып, кара көзүн кашайтуу текейден арзан деңизчи. Арамдык көздөгөн кас душмандын амалын, сырын камырдан кыл сууругундай тартып чыгуу алда канча абыгер.
(Уландысы бар)










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan