Кыргыз деген эл жашайт, кыргыз деген...

Эгемендиктин биринчи жылы:
1991-жыл
Буюрса, үстүбүздөгү жылдын 31-августунда Кыргыз Мамлекети өз тагдырын өзү чечип, азаттык алган күнүнө 18 жыл толот. Ушул он сегиз жыл ичинде өлкөбүз эмнелерге жетишти, кандай ийгилик болуп, не кемчиликтер кетти? - мунун баары эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында сакталып калды. Жаманы да, жакшысы да - биздин басып өткөн жолубуз. Андыктан, өз тарыхыбызды баалай билсек деген эле тилек. Анан калса, 18 жаш - бул адам өмүрүндөгү өз алдынча жоопкерчиликке укук алган мезгил. Дегенибиз, андан аркы сапарында өлкөбүздү ийгиликтер коштоп, жакшылыктар гана жылоолосо деген ниет.
Ушундан улам басып өткөн жолубузга дагы бир ирет саресеп салып өтүүнү эп көрүп отурабыз. Анда, эгемендиктин айрым элестерине чогуу күбө бололу, мекендеш.

Эгемен Кыргызстан
1991-жылы 31-августта Жогорку Советтин кезексиз алтынчы сессиясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик суверенитети жөнүндө декларацияны кабыл алуу менен бирге, Кыргыз Республикасы жаңы тарых барагында өз алдынча мамлекет болуп, эгемендүүлүктүн алгачкы кадамына арыш таштаганын жар салды.

Президенттик шайлоо
1991-жылы, 12-октябрда Аскар Акаев эгемендүү Кыргыз Мамлекетинин туңгуч президенти болуп шайланды. Аны өлкө жарандарынын 95 пайызы колдоп, өз добушун добушун беришти.

Бар бол, басма сөз!
Шайлоонун эртеси жаңы шайланган президент журналисттер менен пресс-конференция өткөрүп, алдыдагы ой-максаттарын билдирди.

Кыргыз жетекчилери БУУда
1991-жылдын 20-25-октябрында Бириккен Улуттар Уюмунда Кыргыз Республикасынын күндөрү болуп өттү. Ага президент А. Акаев баштаган жетекчилер катышты. Ошондой эле, белгилүү режиссер Т.Океевдин "Ак илбирстин тукуму" аттуу көркөм фильминин презентациясы БУУнун атайын залында көрсөтүлдү.

Токойдогу "тополоң"
1991-жылы, 8-декабрь күнү Беловеждеги токойдо үч славян өлкөлөрүнүн (Украина, Белоруссия, РСФСР) башчылары Л.Кравчук, С.Шушкевич, Б.Ельцин СССР курамынан чыгуу жөнүндөгү документке кол коюшту.

АНТ
Өлкө президенти Аскар Акаев 1991-жылдын 11-декабрында Жогорку Советтин кезектеги сессиясында Президенттик кызматына киргендигине байланыштуу АНТ берди.

Боордоштук сапар
20-декабрда өлкө президенти А.Акаев Түркияга расмий сапар менен барды. Аталган жолугушууну Түркия башчысы Тургут Озал: "Бул жолугушуу буга чейин боордош элдерди бири-биринен алыстатып келген коммунисттик идеологиянын чынжырын үзгөндүк, түрк элдеринин кайрадан бири-бирине жакындоосу катары баалайм",-деген.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan