Кош жылдыз

Урмат менен Неля:
"Сүйүүнү даңазалагыбыз келет"
Жаңы жылдын башталышы менен жагымдуу жаңылыктардын катарында шоу дүйнөсүндөгү эки жылдыз Неля менен Урмат баш кошушканы баарыбызга эле маалым. Элдин татыктуу уул кызы болуу аракетинде жүргөн жаш ырчы жубайлар жакшы ниет менен Ыйык Валентин күнүнө карата жалпы күйөрмандарына концерт берүү алдында турат. Максаттары алгач күйөрмандарынан бата алуу. Мындан сырткары ушул кеченин дал сүйүү күнүнө туш келгенине кубанып турган учурлары. "Өзүбүздүн сүйүүбүздү даңазалоо менен бирге, жалпы сүйүшкөндөрдү да куттуктаганыбызга кубанычтабыз" дейт, жубайлар.

Достук мамиле сүйүүгө айланганда...
Урмат: Бири бирибизге болгон жакшы мамиле, көңүл буруулардын ,сезимдердин аркасы ушинтип сүйүүгө айланды. Бир жарым жылдан ашык кыз- жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Анан бир топ ортодогу сыноолордун соңу ушинтип баш кошуубуз менен аяктады.
Сүйүү...
Урмат:- Биринчиден, сүйүү бул- бирин бири толуктоо экен. Анткени Неля жанымда болсо бардык нерсем түгөл болуп өзүмдү толук кандуу сезип, баардыгы жайында болот. Нелянын жанымда болушу кемтик жеримдин бүтөлүшү, моралдык жактан болобу бардык жагынан мага опол тоодой жөлөк болушу. Жанымда бир азга эле жок болуп калса, ага муктаж экенимди дароо сезем.. Экинчиден, мамилелердин бир бирине төп келиши, ортодогу чоң ишенимдин пайда болушу катары эсептеймин. Анткени, кандайдыр бир көйгөйлөрдүн келип чыгышынан улам алдастап, айласын таппай карайлап калсам, азыр болсо кеңешчү жакын адамым бар экенин ойлоп, жан дүйнөм тынчтанып калат. Негизи эле бири бирибизди ар тараптан колдоого аракет жасайбыз.. Буга чейин да кеңешип, кеңеш берип, кеңеш алып келгем. Мындан ары да ушундай нерселер күч алат. Анткени биз бир бүтүнбүз.
Бал айын кантип өткөрүштү...
Неля: - Көптөн бери эңсеп жүргөн бир катар өлкөлөр бар. Ошолордун бири, Кудай буюруса виза жагы чечилип кала турган болсо, алдыдагы жакшылыктардан кийин Америкага барып калышыбыз ыктымал. Ал эми ага чейинкисин ушинтип эле бир бирибизди толукташып, кызыктуу, жагымдуу күндөрдү кайын журтум менен биргеликте чогуу өткөрүп жатабыз. Тоюбуздан кийин бир ай эч жакка чыккан жокмун. Кайненем менен үйдө олтурдум. Азыр гана минтип алдыдагы концертибизге байланыштуу, даярдыктарды көрүп, ыр жаздырып, Урмат менен чогуу чыгып жатам.
Канча балалуу болгуңар келет?...
Урмат:- Негизинен бала жандуумун. Кичинекей балдарды аябай жакшы көрөм. Мен үчүн чек жок, кудайдын бергенинче, ар бир наристе өзүнүн ырыскысы менен төрөлөт эмеспи. Анан да мен эркек же кыз болсун деп бөлбөйм, айырмасы жок. Кудайым канча наристе буюрса, багып алганга кудуретим толук жетет.
Учурда сүйүүсүз эле, "эсептешип" үйлөнгөн жаштарга кандай карайсыз?
Неля: Материалдык нерсени көздөп же кандайдыр бир бир тарапка гана пайда алып келе турган сүйүү - бул сүйүү эмес. Таптакыр эле оту күйүшпөй калат дегенден алысмын, анткени бара-бара балким сезимдер пайда болуп сүйүүгө айланып кетиши мүмкүн. Сүйүү деле убакытты талап кылган нерсе да. Бирок, азыркы жаштардын ортосунда эч бир нерсени көздөбөгөн чыныгы сүйүшкөндөр көп, көпчүлүгүнө күбө болуп жүрөбүз. Бири бирисиз жашоолорун элестете албаган укмуш сүйүүлөр бар.
Алдыдагы майрамды кандай белгилейсиздер?
Урмат: - Буюруса, түбөлүккө тандап алган жарым болгондон кийин, ага жагымдуу нерсе тартуулагым келет, атайын сюрприз камдап койгом, менимче белегим Неляга сөзсүз түрдө жагат болуш керек деп ойлойм. Колумдан келишинче эсте калгыдай кылам, бул биздин алгачкы бирдиктүү өткөргөн майрам. Кандай болгон күндө да бири-бирибизге жылуу сезим, жылуу кеп арнап тургандан айырбасын. Ушундай даңгыр жолго бир түшкөндөн кийин ынтымак, денсоолук, акыл-эстен Алла Таалам кем кылбаса эле, калганын жайгарып алыш өзүбүздүн колдо.
Маектешкен
Гули Мамасалы кызы









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan