Эмне үчүн?

Эларалык саясатта "чайкоочулук" аброй апкелбейт
Аскер базадагы
ызы-чуу
Акыркы учурда кыргыз коомчулугунун көңүлү "Манас" аэропортунда жайгашкан АКШнын аскер базасынын тегерегинде болгон ызы-чууга бурулууда. Анткени, Кыргыз президентти К.Бакиев Москвага жасаган иш сапарында АКШ базасын чыгаруу боюнча кыргыз өкмөтү чечим кабыл алгандыгын жар салган. Россиянын төрүндө отуруп, АКШ базасы токтоосуз чыгарыла тургандыгын да билдирген. Бирок, Маскөөдө айтылган өкмөттүн чечими бүгүнкү күнгө чейин ачыкка чыга элек. Болгону 4-февралда өкмөт Кыргызстандын 2001-жылдын 4-декабрындагы АКШ менен болгон келишимди денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорун парламентке киргизди. Эмнегедир, жоо куугандай Жогорку Кеңешке шашылыш барган долбоор Парламенттин бул жумадагы жалпы сессиясынын күн тартибине кирген жок. Ал эми базаны чыгаруу тууралуу кыргыз өкмөтүнүн билдирүүсүн АКШ тарап ушул учурга чейин ала электигин айтышууда.
Кыйын кезең келдиби?
Курманбек Бакиев бийликке отургандан берки эң опурталдуу учурга кез келди. Октябрь, ноябрь деген катар-катар митингдер, ошол учурдагы ички тирешүүлөр азыркы кырдаалдын алдында суу кечпей калат. Анда таасири күчтүү эки державанын кызыкчылыгы коюлган эмес. Жыл жаңыргандан кийин гана кыргыз ажосунун алдына кимди тандайсың деген чечкиндүү талап коюлуп, К.Бакиев Россияны тандаган түр көрсөттү. Бирок, иш жүзүндө андай болбогону байкалууда. Ажо Маскөөдө "макул" деп, бирок, Кыргызстанга келгенден кийин АКШ базасын чыгаруу маселеси кечеңдетүүдө.

Эгеменсиңби, Эштегим?
Эгемен өлкөбүз деп көкүрөк какканыбыз менен эларалык маселерди өзүбүз чече албаганыбыз жакында дагы бир жолу билинди. Президент Бакиев АКШ базасын чыгарууну Россияда жарыя кылды. Кыргызстандан эле айтса болбойт беле? Өзүбүздө эле эмес, дүйнө жүзүнө ким экендигибиз көрүндү. Анан Кыргызстан өзү чечет, суверендүү өлкөбүз, саясий чечим кабыл алдык деп төш каккандарды көрүп, аргасыздан жылмаясың. Кызыгы, базаны киригизүү маалында дагы Москвадан "добро" алганбыз. Союздан тараган мамлекеттер дагы деле Россияны жалдырап карап отурабы дейин десең, кошуналар өз саясатын тың эле жүргүзүп жаткандай. Маселен, Өзбекстан Америка базасын киргизип, Анжиян окуясынан кийин кайра өзү эле чыгарган. Кыргызстандан "Гансини" чыгат дегенден бери, Тажикистан эч кими жок эле аталган базаны жайгаштыруу үчүн Америка менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Рахмон Европага болгон иш сапарында; "Алар келбей туруп эле дипломаттык каналдар аркылуу бизге кат жөнөтүштү. Биз эч кандай шарт койбодук, ойнободук жана соодалашпадык. Мен ошол замат уруксат бердим. Себеби биз Ооганстандагы тынчтыкка кан-жаныбыз менен кызыкдарбыз" деди. Себеби, орустардын ГЭС курабыз деп убада кылган миллиардаган долларларды тажиктер күтө берип тажаган көрүнөт. Экинчиден ар кайсы жерге барганда, ар кандай билдирүү жасаган орус саясатынан түңүлдү.

"Гансини" чыгаруу оңой эмеспи?
Курманбек Бакиев үчүн АКШ базасын Кыргызстандан чыгаруу оңойго турбайт. Бул маселеде чиеленишкен татаал жолдор көп. Бүгүн чыгат десе эле, аларың эртең жок болушпайт. Экинчиден март төңкөрүшүндө Америка чоң салым кошкону айтылып келген. Аны А.Акаев дагы тастыктаганы бар. Эгер ошол божомолдор туура болсо Бакиевдин бийликке келишине Америка үлкөн салым кошкон болуп чыгат. Мына ушундайлардан улам база тууралуу чечим кечиккенине Орусия кабатыр болууда. Эгерде базанын чыгышы так чечиле турган болсо, анда америкалык атайын чалгын кызматтары жөн жатпайт. Өз иштерин ар кайсы тармактан баштайт. Эң алды кыргыз президентинин үй бүлө мүчөлөрүнүн тегерегинде жүргөн атка минер шылуундардын батыш банктарында жаткан акча каражаттарын жана байлыктарын каза баштайт. Анын келип чыгуу жолдору жөнүндөгү материалдарды Кыргызстандык маалымат каражаттары аркылуу таркатып дагы жибериши мүмкүн. Ушундай нерселери менен азыркы бийликке бир топ ыңгайсыздыктарды түзө баштайт. Ички саясатты активдештирип, оппозицияны жигердүү колдоого алат. Дагы башка толгон токой ыкмаларды пайдалануу аркылуу кыргыз бийлигин базаны чыгаруу чечимин кайра карап чыгууга аргасыз кылышы толук ыктымал.

Чечкиндүүлүккө ким түрттү?
Геосаясий кызыкчылыгы бар эки мамлекеттин кысымынын жыйынтыгы Бакиевди чечкиндүү кадамга барганга аргасыз кылып койду. Былтыр Грузиянын "соккусуна" тушуккан Россия Борбор Азияны колдон чыгарбоонун айласын кылууда. Эки тараптуу жолугушууларда, ШОСтун жыйынында Кытай менен Россия жетекчилери Бакиевден АКШ базасын чыгарууну суранып келсе, жыл жаңыраары менен "ким менен болооруңду аныкта" деген талабын койду. Аргасыздыкка кептелген кыргыз бийлиги азырынча Россияны тандады.
Россиядан насыя алгыча бекер акчаны пайдаланса болбойт беле?
Кыргыздар Россиядан 300 миллион доллар насыя алып жатат. Эки жыл өтпөй аны кайра төлөй баштайбыз. Ал эми Америка базасы ижарага, жер салыгына ж.б. болуп отуруп, кыргыздын бюджетине жылына 150 миллион доллар төгөт. Эки жылдыкын чогултса 300 миллион болот. 300 миллион доллар карызга эмес, бекер түшүп жатпайбы? Дегеле, бизде алган акчалар "кайда кетти, эмне жасалды" деген суроолор жообу жок келет. Көзөмөлдөгөн эч ким жок. Алынган насыя дагы кумга сиңген суудай болуп, белгисиз жоголоору турулуу. Анткени, ушуга чейин АКШ аскер базасынан түшкөн миллиондогон доллардын эсеби билинбей келүүдө. Ким алып, кайда коротулганы да айтылбайт.

Эларалык чөйрөгө калп айтууга болобу?
Кыргыз саясатчылары Бакиев бүгүн бирди сүйлөсө, эртең башканы айта берээрин эскертишип, АКШ базасы чыкпай да калышы мүмкүн экендигин айтышууда. Эгерде чындап эле Президент ички саясатка колдонгон тактикасын тышкы саясатка алып чыга турган болсо, айткан сөзүн аткарбаган көнүмүш көрүнүш дагы кайталанышы ыктымал. Бирок, биздин ички саясатта, кыкеңдерде боло берсе, эларалык саясат мындай нерсени көтөрө албайт.

Камбаратаны курууда утулдукпу?
Россия Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 1 млрд. 700 млн. доллар бөлө турган болду. Бул акча карыз катары берилет. Өкмөт, бийлик устаканын мүлжүгөндөр насыя акчаны эки тараптан түзүлгөн акционердик коом төлөйт деп төш кагышууда. А түзүлгөн АКтын 50 % кыргыз өкмөтүндө болуп жатпайбы. Демек, карызды төлөөр учурга келгенде кыргыз өкмөтүнүн мойнуна илинет. Же карыз кылып коюшуп, жүздөгөн жылдар бою пайда көрбөй калышы мүмкүн. Себеби, 1 млрд. 700 млн. доллар Камбар-Ата-1 ГЭСин толук курууга жетпейт. Аталаган каражат ГЭСтин үч агрегатын ишке киргизип, электр энергиясын иштетүүгө жетет да, ГЭСтин калган агрегаттарын куруу үчүн жаңы насыя алынат. Жалпы курулушту аяктоо үчүн 2 миллиард 200 миллион доллар керек экен. "Кумтөргө" салынган чыйыр жолдун "сценарийи" дал ушул жерде да көрүнүп тургансыйт. Акча каражаты жетпей калганда, кыргыз өкмөтү жарым акчасын төксүн дейт. Бизде андай акча болбогондон кийин, көнүмүш адат кайталанып алакан жайышат. Аргасыздан кыргыз өкмөтү чеңгелдеп отурган акциянын жарымын сатыкка койдурушат. Акциянын баасына чыдап ала турган үлкөн акчалуулар кыргыздардан эмес орустардан чыгат. Жыйынтыгында суунун башын Россия ээлеп, көзөмөл кылуу фунциясын колго алат. Мындай болбойт деген жерде да, азыр Акционердик коомдун деректирлер кеңешиндеги беш адамдын үчөөсү Россиядан боло турган болуптур. Демек, бул келишимден ким утулуп, ким утаары акылы бар кишиге аңкайып эле көрүнүп турат го…

Булар калп айтабы?
Экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов болсо; "ГЭСти куруу боюнча долбоор даяр боло элек. Ошондуктан 1 миллиард 700 миллион доллардын келиш-келбеши күмөндүү" экендигин айтып, мындан сырткары Камбар-Ата-1 ГЭСи Кыргызстандын тагдырын чечүүчү обьект экендигин баса белгилеп, анын директорлор кеңешинде орус тараптан үч, кыргыз тараптан эки киши болушун улуттук кызыкчылыкты уттуруу катары баалады.
Ал эми "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, "Америкалыктар, башка чет элдиктер айтып жатышат, Орусия менен сүйлөшүп базаны калтырабыз деп. Бул жерде Ош базарынын деңгээлинде соода кылып, биз өзүбүздүн улуттук мамлекетибиздин кадыр-баркын түшүрдүк. Бүтүндөй саясий аналитиктер, башка мамлекеттин буга кызыкдар адамдары кыргыздар менен эмес, орустар менен эле сүйлөшүп чечебиз, кыргыздарга акча берсек эле болот деген көз карашта болуп калышты. Албетте бул Кыргызстандын эл аралык абройу үчүн чоң сокку" дейт...
Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев алынган насыяларды кайтаруу мезгили акыры келээрин, 2 миллиард доллар насыя алуу менен өлкөнүн карызы плюс 4 миллиард долларга өскөнүн белгиледи.
Кыскасы, кыргызымдын кылым карыткан сөзү кайрадан эске түшөт; "Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат"... а, буга ким күнөөлүү?

Керим Мурас





И нам, и киргизам, и американцам понятно, что начинается новый торг. Американцы останутся в Кыргызстане
(АКИпресс. Из интервью А. Дубнова)
…Единственный эффективный результат всех этих встреч - это двусторонние соглашения между Москвой и Киргизией. Все остальное - песочные замки.
- В эти соглашения вы включаете и договоренность по базе Манас?
- Сейчас российская власть на всех уровнях подчеркивает, что решения по Манасу - это самостоятельное решение Киргизии, что Москва к этому не имеет никакого отношения. И чем чаще они это говорят, тем ясней становится, что да, Москва имеет отношение к декларации Бишкека. Я не понимаю, зачем нужно было заставлять президента Киргизии делать это заявление в Москве. Если это суверенное руководство, то почему подобное заявление сделано не у себя, где его с января ожидали, и не в США, а на территории третьей страны? Причем в ответ на вопрос российских журналистов? А Россия, словно оправдываясь за заявление Бакиева, сразу начала подтверждать, что по-прежнему будет сотрудничать с силами антитеррористической коалиции?
Все прогнозы того, что Киргизия намерена сделать заявление о закрытии базы, оказались верны. Москва посылает сигнал новой администрации Обамы: уважайте наше мнение, уделяйте больше внимания нашим возможностям и нашей роли в Центральной Азии и в Афганистане. Мы можем купить себе союзников за два миллиарда долларов. Все вопросы, связанные с транзитом грузов через Центральную Азию, с размещением баз решайте предварительно с нами. Подчеркните нашу роль. И американцы услышали и поняли этот сигнал.
- И американцы с базы не уйдут?
- Это тоже важный момент. И нам, и киргизам, и американцам понятно, что начинается новый торг. Американцы останутся в Киргизии, может, снимут погоны, может, поменяют место дислокации, например, переедут в Ош. Станут платить больше денег. Может, вообще для работы по Афганистану будет создан совместный российско-американский контингент. Обратите внимание, что парламент Киргизии не стал срочно обсуждать Манас - ждут ответа американцев. Киргизы суверенны, и никто их торопить с решением по Манасу не будет. Потому что это был жест.
- А кредиты - тоже жест?
- Грант на 150 миллионов долларов, безусловно, придет. Если Бишкек выполнит обещание отдать России 48 процентов завода "Дастан" - будут прощены долги Киргизии. Может прийти и кредит 300 миллионов долларов, потому что необходимо закрыть дыры в киргизском бюджете. Что касается кредита на строительство Камбаратинской ГЭС - надо понимать, что даже в России нет сейчас таких денег, и это решение еще не ратифицировано российским парламентом. Мы снова наступаем на грабли, которые уже дали нам по лбу в Ташкенте. Там мы выступили в пользу Каримова против Рахмона, а теперь выступаем в пользу Бакиева против Каримова. И если сотрудничество с Киргизией по строительству ГЭС примет формы реального соглашения и реальных перспектив, можно считать, что наши отношения с Ташкентом снова выйдут на нулевой уровень, и все придется начинать сначала.
- Но Россия же не может подчинить все свои финансовые интересы отношениям с Ташкентом?
- Пока речь идет о том, что мы заплатили за антиамериканский жест обещанием американских денег.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan