Күн бүркүм

КСДП Конституциялык сотко кайрылат
Анда кезектеги президенттик шайлоону быйылкы жылы күз мезгилинде өткөрүүнү тактап берүү өтүнүчү коюлат. Анткени азыркы президент мурунку Конституция менен шайланган. Ал Конституция боюнча президенттик шайлоо быйыл күзүндө болууга тийиш. Бул тууралуу социал-демократиялык партиянын лидерлеринин бири Иса Өмүркулов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, партия учурда Конституциялык сотко жолдоно турган арызды даярдоонун үстүндө иштеп жатат. Шайлоо күзгө белгиленсе социал-демократтар өз талапкери менен чыгууга даярдык көрүшөт. Азыркы президент Курманбек Бакиев экинчи мөөнөткө шайлоого катышууга ниетин ачыктап, шайлоо мөөнөтүн Конституциялык сот аныктаарын 11-февралда маалымат жыйынында билдирди.

Президент оппозициядан эмес, динчилдерден коркот
Коопсуздук кеңешинин отурумунда президент Курманбек Бакиев: "Коомдо динчилдиктин өсүп жатканына олуттуу проблема катары өзгөчө көңүл буруу зарыл" деди. Ошондой эле бийлик иш жүзүндө буга чейин дин маселесине көңүл бурбай келгенин белгиледи. Бир күн мурун журналисттер менен жолугушканда Президент оппозициядан коркпой турганын билдирген.

"Кыргызгаз" элдин жонунан кайыш тилүүдө
Элдин эсебинен "Кыргызгаз" 10 миллион доллар киреше алаарын СДП фракциясынан депутат Роза Отунбаева айтып чыкты. Көрсө, "Кыргызгаз" Өзбекстандан көгүлтүр отундун бир миң кубометрин 240 доллардан сатып алып, керектөөчүлөргө 312-320 доллардан сатып жатыптыр. Ошондо "Кыргызгаз" ортого кошулган үстөктөн жылына 10 миллион долларга чейин пайда көрөт экен. Депутат айым элдин мойнуна минип "майкурсактарды" кылыгын катуу сынга алды. Бирок, аны уккан эч ким жок да...

Наргозуев нар көтөргүс маселени козгоду
ЖК депутаты Бегалы Наргозуев Кыргызстандан 2007-жылы 69 наристе, 2008-жылы 81 наристе АКШга багып алууга чыгарылып кеткенин билдирип, өлкөдөн наристелерди чыгарууну токтотууну суранды. Азыр Италия, Швеция, Францияга дагы жаңы төрөлгөн наристелерди чыгарууга далдалчы болушкан фирма, кайрымдуулук уюмдар ар бир баланы 12 миңден 17 миң долларга чейин баалап сатып жатат деген маалымат бар.

"Айгай-пресс"




Үн катышты...
Б.Амиражанов боюнча иштеп табуу божомолу бар экендигин ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын жетекчиси Кубатбек Норузбаев билдирди. Дайынсыз жоголгон депутат Руслан Шаботоевдин коммерциялык иштерине байланыштуу божомол боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал ошондой эле шейшемби күнү Акыйкатчы Турсунбек Акундун Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоев менен депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиражановдун төрт айдан бери дарексиз жоголгону боюнча ИИМ иликтөө иштери жыйынтык бербейт, деп сынга алганы негизсиз экендигин билдирип, бул боюнча тергөө-оперативдик амалдарды аткаруу активдүү улантылып жатканын белгиледи. Норузбаев өткөн жылы ички иштер органдарында 1800 адамдын дайынсыз жоголгондугу катталып, алардын ичинен 1749 адам табылганын, үстүбүздөгү жылы январь айында эле 96 адам дайынсыз жоголгондугу катталып, алардын 89у табылганын маалымдады.




Азоого чалма
Алишер Саипов Жекшенкуловдун тапанчасы менен атып өлтүрүлгөнбү же "Джек потрошителдин" уландысы
Турдакун Усубалиев баш болгон аксакалдар Президент Бакиевге кайрылып, оппозиция өкүлдөрүнө карата ашепке куугунтуктоону токтотууну талап кылышканда, администрация жетекчиси Д.Үсөнов, мамкатчы Д. Нур уулу, Баш прокурор Э.Сатыбалдиев аксакалдарды кабыл алып, оппозиция менен сүйлөшүүгө даярбыз дешкен.
Аксакалдар прокурордон толук маалыматты эшиткен соң, оппозицияга карата козголгон кылмыш иштери "кара шоона" менен көктөлгөнүн баамдап, маселенин саясий куугунтук экендигин ырастаган пикирлерин айтышкан. Ага удаа эле Президент маалымат жыйын өткөрүп, оппозициянын өтө радикалдуу канаты менен дагы сүйлөшүүгө, кызматташууга даяр экенин маалымдага.
Ушундай билдирүүлөрдөн кийин коомчулуктун көңүлү да жай ала түшкөнсүгөн. Бирок, "көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы дегендей" болуп, бийликтин оозу бирди айтып, колу башканы жасаганы дагы эле уланууда.
"Акыйкаттык үчүн" кыймылынын жетекчеси, БЭКтин саясий бюро мүчөсү А. Жекшенкуловго тиешелүү Макаров үлгүсүндөгү тапанчаны бир жума мурун эле баллистикалык экспертизадан өткөрүшкөндүгүнө карабастан кийинки жумада кайтадан текшерүүгө алышты. Алганда да Алишер Саиповтун өлүмүнө байланыштырып жаткандары түшүнүксүз. Мурунку администрация жетекчиси өз убагында А. Жекшенкуловду "Джек Потрошитель", "Убийца девочек", "Сексуальный маньяк" дедиртип гезиттерге жаманатты кылып, анысы такталбай соттон жеңилсе, эмкилери Алишер Саиповтун кылмыш ишине арлаштырып жатканы "күлкү келерлик". Аксакалдардын айтымында, А. Жекшенкуловго козголгон кылмыш иши эч нерсеге арзыбайт. Болгону ТИМде иштеп турганында өңү начар каалга-эшиктерди башкасына алмаштырганга буйрук берген экен. Андан тартылган зыян болгону алты миң сом же жүз элүү доллар. Алмашылган эшиктер көрүнгөн жакка ташылып кетпей, ушуга чейин кампада сакталып турат имиш...
Ошентип, оппозиция лидери Аликбек мырзаны торго илүү мүмкүнчүлүгү табылбай, айлалары кеткенде Жекшенкуловдорду жапырт куугунтука алышып, баласы батышка качып, иниси камакка алынып баш-аягы беш биртууганга кылмыш иши козголууда. Апрель провокациясынан кийин бириндеп кеткен оппозицияны чогултуп, бир жылча лидерлик кылган Аликбек мырзанын ички-тышкы байланыштары, тактикалык жүрүштөрү бийликтин айласын курутуп, убарага салууда. Бийлик азыр негизги чабуулун Жекшенкулов мырзага багыттап, эптеп сындыруунун жолун издөөдө. Ушундай эле куугунтуктоолор оппозициянын көпчүлүк лидерлерине козголгон.
Көз көрүнөө банкты тоноп, мүшөктөп героин саткан "укук сактоочулар" камактан бошотулуп, өлкөдө укуктук нигилизм, өзүмдү өзүм билем заманы өкүм сүрүүдө. Муну көрүп-билип туруп бийликтин айткандарына кантип ынанууга болот? Оозу менен бирди айтып, колу менен башканы жасап жаткан бийликтин куйту аракетин эл эртеби кечпи туура талдап алат. Кош стандарттуу аракеттер же эки жүздүүлүк бийликтин абройун түшүргөндөн башка эч пайда алып келбейт.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan