Эй, бери кара!

Кочкорлуктар козголот...
"Кочкордогу түзүлгөн Жекшенкуловдорду колдоо комитети түздөн түз сиздерге жана "бөрк ал десе баш алган" жетекчилериңизге кайрылат. Бүгүнкү күндөгү Жекшенкуловдорго коюлган кылмыш иши тек гана бийликтин арсыз аракети деп деп түшүнөбүз. Түптүү кочкор жеринен Ормонхан, Калыгул бай уулу, Турдакун аталарыбыз чыккан. Улуу инсандарыбызга көч улай Аликбек Жекшенкуловду Кочкор жергесинен чыккан мыкты дипломат, такшалган саясатчы, чыгаан уулдардын бири деп таанып билебиз. Биз Кочкор эли ар дайым Аликбектей уулубуз менен сыймыктанабыз. Жаш болсо да, элим деп туйлап, жерим деп ыйлап жүргөн, эл- жер деп күйгөн жигиттин минтип, бүгүн бийлик билермандарынын опсуз оюнунун курмандыгы болуп жатканы өкүнүчтүү" деп, ачууларын кармана албай отурган кочкорлуктар А.Жекшенкуловду колдоо комитетин түзүп, учурда 876 адам кол койгон кайрылуу Президент

Бакиевге жолдонгону турат.




Бийлик менен ким сүйлөшөт?
Аксакалдардын кайрылуусунан кийин бийликтин оппозицияга кол сунушу Бириккен Элдик Кыймылдын саясий бюро мүчөлөрүнүн эч кимисинин деле маанайын көтөргөн жок. Көпчүлүгү "К. Бакиев менен сүйлөшкөндө эмне? Аны кетириш керек!" деген пикирлерди айтышты. Акыры ары талашып, бери кеңешип, бийлик адатындай күнөөнү оппозицияга оодара саларын сезиштиби, Акүйдө болчу диалогго И.Өмүркулов, М. Чолпонбаев, Т. Тургуналиев, Ч. Жакупова, А. Сарыбаев кирген жумушчу тобун жөнөтмөй болушту.

Бекназаровдун баласына кылмыш козголду
БЭКтин штаб жетекчиси Азимбек Бекназаровдун уулу Эрнест Бекназаровго каршы Бишкек шаардык милициясы кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүп баштады. Иш Эрнестин кимдир-бирөөгө карызы бардыгына байланыштуу козголгон. А.Бекназаров бул ишти саясий куугунтуктун бир көрүнүшү катары баалап жатат. Башкасын айтпаганда дагы, бийликтин бул иши чындап саясий куугунтук экени сокурга да дайын болуп туру. Дегеним, эгер карызы барларгы карата кылмыш ишин козгой бере турган болсо Кыргызстандын жарымына кылмыш козгоп койсо болот. Ал эмес мамлекеттин банкын тоногондор дагы жөн эле жүрбөйбү… Же бирөөгө кор, бирөөгө зар дүйнө деген ушундайбы?




  Түтөбөчү, түтөтпөйүн

Оппозициянын жарыгы
Ала-Тоого тиеби же лидериң ким?
Ар бир кыргыз билген "эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө артык" деген макал айла жоктун иши эмеспи, шашкалактап, өлүп бараткандагы нерсе го бир. Болбосо, чыдай жүргөн кыргызың бир күн чыдап койсо, куйрук жемек, куйрук деген көп ооруга даба, анан да кубат берет, энергетикалык кризистин айынан тезекке күн түшкөн бүгүнкү түрү да суук, өзү да суук, бийлиги да суук күндө денеңди жылуу кармайт, ал эми өпкө айла жоктун тамагы…
Эми бу макалды түрдүү маселеге байланыштырса болот, шашмалыкка, колдо жок жакшы нерсеге караганда, колдо бар начарыраак нерсе артык экендигин ж.б. билдирет. Бу макал жүрүп олтуруп "шашкан шайтандын иши" дегенге да такап салат, шайтан аралашкан жер оңдурбасын билесиңер…
Жеке мен бу макалды байланышы барбы же жокпу терең анализдебей эле, президенттик бийликти азыр эле революциялык жол менен же дагы бир тезирээк жол менен ала коелу, бийликтин "өпкөсүнө" тоюна коелу дегендерге колдонгум бар. Бийликти шашпай алып, "куйругуна" эртең шашпай тойсо болбойбу, тердеп-кургай олтуруп дегендей, чогуу-чаран дегендей…
Эмесе, сөз башынан болсун.
Ушул тапта, маселен, Бекназаров, дагы бир катарлары президентти тезарада кызматтан шыпырып түшкүлөрү келет, бийликти колго алгысы келет. Төңкөрүш жолу мененби же импичмент жолу мененби, бийликти алуунун түпкүлүгү түз болбос. Аны чечмелеп олтуруштун да кажети жок. Цивилизациялуу өлкөлөрдө бийлик мыйзамдуу түрдө - шайлоо жолу менен алынант го. Дал ошол жол туура жол, кийин артынан ар кандай шайтан-шабырлар илээшпей турган жол, кээ бир Африканын "тентек" өлкөлөрүн эске албаганда дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө ушул жол мыйзамдаштырылган да. Ошондуктан биздин оппозиция бүгүнкү күнү "Бакиев кетсинди" таптакыр унутуп, эртең эле келип калчу президенттик шайлоого кам уруш керек. Бүгүн башташ керек, эртең кечигибирээк калат, бүрсүгүнү болсо таптакыр эле кечиккени. Экинчиден, Бакиев бийлигин сактап калуу үчүн күч органдарын мыйзамдан тыш колдонуп жиберериши мүмкүн экендигин эстен чыгарбаганыбыз абзел.
Ишти эмнеден баштоо керек? Албетте, бүтүндөй оппозиция биригип бир кандидатын аныктап алуудан баштоо керек. Бу маселе чечилбеген бойдон турат. Чечилеби деги?! Экинчиден, идеологиялык ишти ар кыл иш-чаралар менен жүргүзүп, элди өзүнө тартуусу зарыл. Бүгүнкү күнү эл оппозицияга, айталы, мындан үч жыл мурдагыдай ишене албай турат. Атаганта де, оппозиция деп элди, эл деп оппозицияны түшүнчү маанай келсе… Элдин оппозицияга ишеними азайганы - экинчи оркойгон минус. Үчүнчүдөн, оппозициянын элдин калың катмарына сиңип кетчү мамлекетибизди кризистен чыгаруу жана андан ары өнүктүрүү жөнүндө, жөнөкөй тил менен айтканда, эл жыргап-куунап жашачу жагдайды алып келгенге түрткөн так, даана программасы жок, жалпы журт жактырган. Үчүнчү минусу ушул. Ал эми бир иште үч минус дегениң - ишиң таптакыр эле болбой турат деген кеп, дагы күчөтүп айтсак, болбой калыптыр деген кеп! Дагы эле бирок…
Бирок, кандай гана тескери кеткен иш болбосун же жоголуп кеткен ишти болбосун оңдоп, калыбына келтирип, болбосо, кайрадан түзүп коюуга болот. Биздин оппозициянын убактысы өтө аз, антсе да аракеттенүү керек, биримдик менен, биримдик менен гана!
Бакиев, Бакиев эле дейбиз, а тарапта не жагдай?
Чынга тике караган адамдар, жагдайды антипатиясы менен симпатиясына алдырып жибербеген адамдар билип турат: азыр Бакиевди канчалык жактырбайлы, айтууга аргасызбыз: президенттигин четинен көрсөтө баштады, бийлигин эч нерсеге карабай бекемдей баштады. Кийинки кадр саясаты, америкалык базаны чыгара турганы, өлкөгө 2 млрд. долларды алып келе турганы , эки дөөнүн бирин тандашы ж.б. иштери биртопторго туура жүрүш катары көрүнүп жатат. Бул иштер жалаң эле плюстардан турбасын, сырткы эффектге үндөшкөн бу чаралардын жыйынтыгы жакшы болбосун терең аңдабай жатышат.… Бир сөз менен айтканда орустардан келчү акча менен "Ганси" базасынын чыгышы кыргыздын башын далай чиритет, чиритип эле тим калбайт ов! Бу Бакиев тараптагы сөздүн официалдуу тарабы. Официозун алып салып айтсак…
Бакиев ушул тапта бийликти ар тараптан өзүнүкү кылып албадыбы, закондоштуруп да, законсуз да - бу билгенимди кылам, билгениңерди кылып алгыла деген кеп! Оппозицияны да, эл тарапты да камгак катары көрүп турган кези. Бүлөлүк башкаруусу го чектен небак чыккан. Тууган-туушкандары, жоро-жолдоштору май-талкан жумуштарда иштейт, курсактары небак тоюнган, ага карабастан дале тоюнуунун жолунда…
Манасыбыздан кийинки эл башында тургандардын баары эле коркок-билиштиги бар адамдарбы деп калам. Дегеним, Бакиев Америкага: "Кет!" деп эле түз айтуунун ордуна Иванов деген орустун өлүмүн көтөрө чаап, дурус акча төлөбөй жатканын айтып, Медведевге жашынып алып айтып, ага кошумча Чудинову америкалыктар тепсеп өлтүргөн, жарадар кылган адамдарды, керосин төккөнүн жардамга чакырып… Мейли, неси болсо да, бу Америка базасынын кереги жоктур.
Орустарга чокунуп калган жаныбыз, америкалыктарга караганда орусубуз эле жакшы. Анын үстүнө орусуң да көнүп алган, "биз америкалыктар менен болобуз" деп моюн толгой турган болсок, бир-эки полк эсебинде десант түшүп, Акүйдү Аминдин аксарайындай кылбайбы…андан кудай сактасын!
Ошентип оппозиция эртең эле келе турган президенттик күрөшкө бүгүн аттанышы зарыл. Баса, аттанчулар билип коюшу абзел: Бакиев экинчи жолу да шайланат, үчүнчү жолкусунда Конституцияны оңдоп жиберип кайра шайланат. Бийликти жанынан артык көргөн адамдын бийлигин алып көр эр болсоң! Эми бу тилек бийликтегилердики, жеке Бакиевдики.
Ошондо келерки шайлоого оппозициядан кимди аттандырабыз? Шашып кетпей санап көрөлү: Текебаев, Сариев, Жекшенкулов, Бекназаров, Байболов, Эркебаев, Исаков… болдубу же Каптагаев менен Шерниязовду кошуп өтөбүзбү? Аны өзүңөр билгиле. Мына ушул президенттикке кандидаттыкты эске алганда, анча кыска эмес тизмеден бирди тандаганда, эки бирдей азаматыбыз чыга келет окшойт: Текебаев жана Сариев. Эми бир тырышып бирин алып таштасак Сариев калат өңдөндү.
Эмне үчүн Текебаев эмес?
Ооба, Текебаев далай жыл оппозициянын казанында кайнап, кайнаганда да кээ бирде ал казан тозоктун казанына айлана жаздап, көрбөгөндү көрдү, билбегенди билди. Ушул азыр өлкөбүздөгү алдыңкы саясатчы гана эмес, алдыңкы инсандарынан да болуп саналат. Бирок, Текебаев чарчады окшоду, ресурстарынын көбүн бийлик менен кармашып жатып коротуп салган окшоду же коротуп бүтө жаздады.Токтоолугу аздап ачууга алдырып жибергенге өтө баштагандай сезилип кетет кээде. Текебаев, Текебаев деп жатып, эл да тажай жаздаган жокпу деген да санаркоо болубатат.
Ал эми Темир Сариев ушул азыр Дамашки кылычындай курч кези, жолу менен ою аткан октой түз, күч-кубаты баралында, анан да дасыккан саясатчы гана болбостон, мыкты экономист да болуп саналат. Эң башкысы Сариев эмоцияга эч качан алдырбайт - бул бүгүнкү заманда аябагандай баалуу сапат.
Жеке пикир булар…
Эгерде бүтүндөй элди шайлоонун таза өтүшүн көзөмөлгө ала тургандай абалга, шайлоонун тазалыгы үчүн баарына даяр тургандай абалга жеткирсе, анда Бакиевиң айталаада калары бышык. Андай эмес, деп бир айтса, Адахан айтат, бир ууч кошоматчылар айтат, а башкабызга баары белгилүү болуп калды.

Баратбай АРАКЕЕВ










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan