"Дама, король, туз" кимдин колунда же...

Колдоп турса кең мекен,
министр болуш эмне экен?
Каалайбызбы каалабайбызбы туңгуч президент бүгүнкү падышадан өтө эле өйдө экендиги дайын болуп туру. Дегенибиз, Аскар Акайыч өзү Кеминдик болсо да, теги Сузактык Бакиевди завод деректрлигинен премьер-министрликке дейре көтөрүп келди. Анан калса ошол эле Акаев доорунда бийлик мунарасында Сузак кулундары арбын болчу. А бүгүнчү? Сары-Өзөн Чүйдүн азаматтары четке сүрүлүп, түштүктүн мыкты чыкмалары бийликтин кыл чылбырын келиштире чоюп жатыр. Биз минтип, түндүк-түштүк маселесин козгоп, элди экиге бөлгөндөн албетте алыспыз. Тек гана Курманбек Салиевичтин кеминдиктерге, асыресе Аскар Акайычтын жердештерине жасаган мамилесин айталы дедик, калыстык үчүн. Мына, караңыз да, өзүңүз санаңыз!

Айтибай Тагаев - Жогорку Кеңештин төрагасы - Ноокат району
Игорь Чудинов - Премьер-министр - Бишкек шаары
Данияр Үсөнов - Президенттик администрация жетекчиси - Талас
Өмүрбек Бабанов - КР 1-вице-премьер министри - Кара-Буура району
Өктөмкан Абдуллаева - Вице-премьер министр - Карасуу району
Адахан Мадумаров - Коопсуздук кеңеш катчысы - Өзгөн району
Элмурза Сатыбалдиев - Башкы прокурор - Өзгөн району
Молдомуса Конгантиев - Ички Иштер Министри - Таш-Көмүр шаары
Замирбек Молдошев - Чек ара кызмат төрагасы - Сузак району
Бакыт Калыев - Коргоо министри - Таш-Көмүр шаары
Марат Султанов - Финансы министри - Алай району
Акматбек Келдибеков - Башкы салыкчы - Алай району
Акылбек Жапаров - Экономика министри - Кочкор району
Искендербек Айдаралиев - Айыл-чарба министри - Талас облусу
Искендер Гаипкулов - Эсеп палатасынын төрагасы - Араван району
Нурлан Сулайманов - Транспорт жана Комунникация министри - Чоң Алай району
Камчыбек Ташиев - Өзгөчө кырдаалдар министри - Сузак району
Султан Раев - Маданият жана маалымат министри - Кара-Суу району
Нурлан Акматов - Бажы Комитетинин төрагасы - Нарын
Пайзуллабек Рахманов - Мамрезерв төрагасы - Жалал-Абад
Турусбек Мамашев - Туризм агенство директору - Кара-Кулжа району
Мурат Суталинов - Коопсуздук Комитетинин төрагасы - Бишкек шаары
Айгүл Рыскулова - Миграция комитетинин төрайымы - Бишкек шаары
Адамжан Жолдошев - Мамкаттоо агенттигинин төрагасы - Өзгөн району
Каныбек Нарбаев - Архитектура жана Курулуш комитетинин төрагасы - Аксы району
Каныбек Осмоналиев - Дин иштери боюнча мамкомиссия төрагасы - Алай району
Турсун Турдумамбетов - Маммүлк төрагасы - Ак-Суу району
Жаныш Бакиев - Мамлекеттик күзөт кызматынын начальниги - Сузак району
Каныбек Жороев - Президенттик администрация жетекчисинин орун басары - Лейлек району
Мелис Эшимканов - УТРКнын директору - Ат-Башы району
Кыяз Молдокасымов - "Кыргыз -Туусу" гезитинин башкы редактору -Өзгөн району
Сакы Садыков - "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редактору - Чоң-Алай району


Ушунакай окурман, баамдадыңызбы? Тараза ташы кимдерге ооп турганын бул эми "крупный калибирлер" дегенибиз. Майдасын айтпайлы. Бул ненин белгиси? Баарыдан да Бакиев бийлигине Сары-Өзөн Чүйдүн чүйгүндөрү несинен жазды экен десең. Же азыркы Президенттин мурдагы ажого болгон ич күптү мамилесиби? Балким Курманбек Салиевич аларга ишенбестир? Жердешчилик ылаңы Акүй көзүрлөрүн чырмап алганын билдиңизби? Билгенде колуңуздан келээри не?










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan