Маселе кабыргасынан

Оппозиция көчүн ким баштайт?
Бириккен Элдик Кыймылдын 10-февралда өткөн саясий бюросунда бир лидерди аныктоо маселеси кайрадан кабыргасынан коюлду. Улуттук лидер катары ишеним артылып келе жаткан Өмүрбек Текебаевди бюро мүчөлөрү жарга такап, ачык жооп алууну көздөштү. Лидер болгусу келген адам, шарт боюнча, каражат маселесин камтама кылуусу кажет.

Каражат маселесинен каржалдыбы, радикалдуу жолго баспай мыйзам чегинде аракеттенүүнү жактырдыбы же башка да себептер болдубу, айтор, Текебаев лидерликтен баш тартты. Бирок, бюро чечкен жаңы лидер менен кызматташ, эриш-аркак иштешерин билдирди.
Оппозиция көчүн эми ким баштайт? Бул суроонун жообу саясый бюронун жакынкы жыйынында билинет. Бюронун өткөн жыйындарына Темир Сариев жүйөлүү себептерден улам катышпай калган. Балким, Темир айылынан кайтып келсе, болоттой курчуйбу?
Ошентип, "Ата Мекен" партиясынын жообунан кийин кезекте "Акшумкардан" Темир Сариев, СДПКдан Алмаз Атамбаев (же Алмаздын макулдугу аркылуу Б. Бешимов, И. Өмүркулов), "Бирдиктүү Кыргызстандан" Амангелди Муралиев өз сөзүн айтып, эки тизгин бир чылбырды колго алууга мүмкүнчүлүгү бар. Негизги маселе каражатка барып такалууда.
Амангелди Мурсадыкович айткандай, АКШнын пулу менен жети нөлү бар планкага жогорку үч тараптын кимисинин кудурети жетет? Бул деңгээлде да маселе чечилбесе, оппозициянын келечеги күңүрттөнүп, "базар вокзал" башталып, майнапсыз жүрүштөр күч алышы мүмкүн. Айтор, кайсы партиянын лидери каржылоону колго алса, калгандары анын артынан тизиле кызмат кылууга даяр. Иши кылып, "Бакиевди кулатсак болду" дегенге жетүү үчүн жалпы күчтү бириктирүү зарыл, ким лидер болору андан кийин аныкталат - оппозициянын ою ушундай.





"Неудобный" суроолор
Коопкеңештин катчысы
Адахам Мадумаровго
"Хамсызбы" же "хансызбы"?
Адахам мырза, сиз өтө "тарыхый" адамсыз. Сиздин ар бир кадамыңыз "тарых". Баягы: "болду, бүт баарынын аягына чыгабыз, мына эки тизгин, бир чылбыр өз колубузда" деп Аксыда оолугуп барганыңыздагы жоругуңузчу, айрыкча. Бүтмөк түгүл, ансыз деле сиркеси суу көтөрбөй турган элди ого бетер көңүлүн кайт кылып, кыз-келиндерге "тиягыңызды" көрсөтүп коюп, бир иштин өтөсүнө чыкпай кайра келдиңиз. 2006-жылы бир ууч дуңган туугандардын үйлөрү өрттөнгөндө, чоң жоо тапкансып теледен "задавим" деп дагы алкылдадыңыз. Дагы бир жолу "Жогорку Кеңешти жалаң жаңгак жыгачы менен каптатып чыгам, келген коноктордон уялып жатам" деп шефиңиз менен кагышып, Элмира кызыбыздын калыс, жүйөлүү сөздөрүнө теригип, төраганын креслосунан "катапульт" жасадыңыз. Же Американын конгресси, же Россиянын Думасы жаңгак сыяктуу кымбат баалуу жыгачтар менен капталганын көрдүңүз беле? Алардын кабинеттеринде жаңгак эмес, обой жок экенин жок дегенде гезиттерден окуп алсаңыз болмок экен. Же жаңгак иштетүү менен шугулданган дос-туугандарыңызды акчага бир марытайын дедиңиз беле?
Баса, спикерден кетээриңизде "мындай сөзгө туругу жок мамлекет башчысы менен жарыбайбыз, бул жакшылыкка алып барбайт" деген сыяктуу баягы куру чечен сөзүңүз менен нааразылык билдирдиңиз да, кайра кызматка алгандан кийин дароо эле шефиңиздин ар бир кадамына, баскан изине "горд" боло баштадыңыз. Жок дегенде бир аз убакыт өткөрүп, анан Арзымат ырчынын ролуна кирсеңиз деле жарамак. Же кызмат ушунчалык таттуу окат бекен, чорт побери? Эми өзүңүзгө качан "горд" боло турган убак келет? Сиздин мурунку күйөрмандарыңыздын баары сизге "горд" болмок түгүл, ошонун нака тескериси болуп жүргөнүн билгиңиз да келбейт, аны билебиз.
Акыркы суроо. Кудай үчүн атыңызды гезит-журналдарга туура жаздырганга качан көнөсүз. Паспорттогу атыңыз Адахам, бирок ал азан чакырып койгон атынан айнып, "Адахан" болуп алган деп бир угабыз. Деги "хам"сызбы же "хан"сызбы? Себеби өзүңүз "тарыхый" адам болсоңуз, анан атыңыз ар башкача жазыла берсе уят иш экен...





Бишкек шаарынын мэри
Нариман Тулеевге
Тактада эмес, тарыхта калыңыз
Нариман мырза, мэр катары биринчи күндөн эле жакшы баштадыңыз, сизди чарбаны билген киши экен, шаар тазарып калды, оңоло тургандай түрү бар деп Бишкектиктер кубана баштаган эле. Базарлардын чет-жакасын аз болсо да тартипке келтирип, аялдамаларга көңүл буруп, көчөлөр шыпырылып калган. "Караван" супермаркетинин филиалдары да ар кайсы жерлерге активдүү курулуп, ал магазин турган жерлердин тегереги кудум Маскөөдөгүдөй жыпжылма асфальттар менен төшөлгөн. Бирок, кийинки учурда шаарыбыз кайра муруңку таз кейпине кетти. Кебетеси жуттан чыккандай үтүрөйүп, светофорлор бири күйсө, бири күйбөй, борбор эмес эле кадимки провинциялык киргил шааралардын бирине окшоп барат. Бул бир суроо.
Экинчиси, башынан темирге, чоюн, жез, алюминий деген оокаттарга абдан жакын азамат элеңиз, ушул тармакка да көз кырын сала жүрсөңүз. Себеби илгери сиз темир бизнесинин эң чоңу болуп турган заманда, бош жаткан темир эмес, суу түтүктөрүн жапкан (колодец деп коет го орусча) чугун жапкычтар, крышалар, ал эмес көрүстөндөгү темир-тезектер Кытайга байма-бай жөнөтүлгөн. Эми азыр темир бизде алтынга тете эле оокат болуп калды, ушуну токтоттура аласызбы?
Башынан темирге жакын элеңиз дегенибиз, кийин Кыргызстандын темир жолуна чоң болуп келдиңиз. Пикет-сикет дегендердин оозун айтор жаптыңыз. Профсоюздар темир тиштеткендей эле ооздору жап болду да калды. Алардын бирөөсү шааркеңешке депутат да болду окшойт.
Эми Бишкеке мэр болуп келгенден кийин, ошол адатыңыз дагы кармабайбы? Бишкек деген борбор шаар, канткен менен саясаттын чордону ушул жерде, мамлекеттин экономикалык жана социалдык турмушу ушул шаарда алаканга салгандай көрүнүп турат. Кызмат деген колдун кири, миллионер деген бизде азыр көп, ошондуктан жок дегенде шаар тургундарына мэр катары мээрим менен карап жүрүңүз. Андай болбосо шаарга чоң болуп келген келди-кетти көп миллионердин бири болуп унутулуп каласыз.
Эгерде шаар турмушу, болочок пландарыңыз боюнча окурмандарга маек куруп берем десеңиз, биз ага дайыма даярбыз.





Биринчи вице-премьер
Өмүрбек Бабановго
Кир болбо, бар бол
Өмүке, сиз чоң кызматка келгени эл ичине бир жакшы эмес каңшаар тарады. Хон деген аты бар кореец улутундагы бир бизнесмен менен кол алышып эле эмес, ак кагазга кол коюшуп, анын закондуу бир бизнесин огеле чоң суммадагы баага сатып алмак болуп, бирок акчасын ыйлатып бербей жүрөт имишсиз. Албетте, майда-чүйдө деталдарын биз деле окурмандарга айтып отургубуз келбейт. Анын үстүнө жаңы кадрсыз, ишиңизге биздин гезит ак жол гана каалайт. Ал жөнүндө мурунку бир номерибизде айтканбыз. Бирок, сиздей салабаттуу кызматкер, өкмөттүн бакандай болгон жетекчилеринин бири ушинтип артынан сөз ээрчиткени кулакка өөн учурай турганын түшүнөсүз да. Же чуулгандуу, арты таза эмес, колу, ниети кир эргулдардын баары азыр өкмөттө чогулду деген эл ичиндеги сөз чынга чыгабы? Кой, андай болбой калсын. Анда элдин убалы кимге болот? Анда силерден төмөнүрөөктөгү чиновниктер эмне кылат? Балык башынан сасый турганы илгертен келаткан ата сөзү экенин да эстен чыгарбайлы… Силерди көргөн майда чиновниктер анда түз эле рекетке чыгат, параны кудум Ак үйгө алып келесиң деп элди азапка батырат. Ансыз деле андай мамлекет кызматкерлери ал жерге толуп кетти, Ак үйгө ичке болуп кирип, жоон болуп чыгып атышат деп Эл-журт сайрап эле отурат.
Өмүке, ошондойлордун арасында деги өзүң боло көрбө.
Каалаарыбыз ушул. Ал эми суроонун жайын жакшы түшүнүң…

"Айгай-пресс"









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan