14 - февраль ыйык Валентин күнү
14 - февраль сүйүү жана романтика күнү үү
Ал эми бул күндүн тарыхына токтолсок биздин доорго чейинки 3-кылымда Император Клавдий 2чи "Аскер кызматына жараган баардык мырзалардын үйлөнүүсүнө тыюу салуу" тууралуу буйрук чыгарат. Император түшүнүгү боюнча үйлөнгөн солдаттар үй-бүлөсүн кантип багуу жөнүндө гана ойлонуп империянын даңкын аз ойлоп калышы, армиянын согуштук духуна терс таасирин тийгизет деген. Ошентип солдаттардын согуштук духун сакташ үчүн Император мындай указды чыгарат. Бирок бул указдан кийин сүйүп калган мырзалар азайып калган эмес. Алардын бактысына императордун каарынан коркпой, жашыруун түрдө легионерлерди сүйүктүүлөрү менен нике кыйып берген адам табылган. Ал Римдин Тернии шаарынын Валентин аттуу чиркөө кызматкери эле. Валентин чыныгы романтик адам болуп, анын жакшы көргөн иши урушкандарды жараштырып, сүйүү каттарын жазганга жардам бермей эле. Бул жөнүндө уккан императордун жини келип, Валентиндин мындай иштерине тыюу салып, өлүм жазасына тартат. Валентин өзү да түрмө кызматкеринин кызын сүйүп жүргөн болот, ал өлөөрүнүн алдында сүйүктүүсүнө сүйүүсү жөнүндө билдирген коштошуу катын жазып, акырында "Сенин Валентиниң" деп жазып таштап кетет. Кат ал жазалангандан кийин гана окулат. Ошентип жаш християн чиркөө кызматкери сүйүү үчүн өлүмдөн коркпой курман болот. Акырында ал сүйүү үчүн курман болгон адам катары католик чиркөөсүндө акталат. Ал эми 496-жылы Рим папасы Геласиус 14-февралды ыйык Валентин күнү деп жарыялайт.

Ыйык Валентин күнүндө сүйүшкөндөр бири-бирине ар бир мамлекетте ар кандай белектерди тартуулашат.
Японияда таттуу шоколаддарды берүү салтка айланып, эң көп берилүүчү белектердин бири болуп калган. Япон эркектери аялдарга салыштырмалуу көбүрөөк белектерге ээ болушат. Ал эми француздар Ыйык Валентин Күнү зергер буюмдарын тартуулашканды жактырышат, ал эми Даниялыктар бири-бирине кургатылган ак гүлдөрдү жөнөтүшөт.

Валентин күнүндөгү ыйык нерселерге Англиянын жаштары көбүрөөк ишенишет. Мисалы, Британияда турмушка чыга элек кыздар 14- февраль күнү күн чыга электе турушуп, терезенин жанына келишип, өтүп бара жаткан жигиттерди карашат, алардын астынан өткөн биринчи мырза келечектеги жолдошу болот деп ишенишкен. Дербиште кыздар 3төн 12ки ирээтке чейин чиркөөнү түн оокумда бир ырды кайра-кайра кайталоо менен айланып чыгышкан, мындан кийин аларга чыныгы сүйүү келет деп эсептешкен.

Бул күндү майрамдоого тыюу салынган
Бул майрам Сауд Аравия мамлекетинде майрамдоого официялдуу түрдө тыюу салынган. Ыйык Валентин күнүндө бул мамлекетте баардык дүкөндөрдө майрамдын символу болгон белектерди сатууга, ошондой эле гүл сатуучу дүкөндөрдө да кызыл розаны сатууга чек коюлган.

Жагымдуу белек
Ыйык Валентин күнү сүйүшкөндөр үчүн ыйык күндөй сезилет. Жүрөгүндөгү таза, тунук сүйүү сезимдерин, ушул ыйык күндүн урматы менен, колуна сүйүүнүн символу болгон кызыл роза гүлүн көтөрүп, өз махабатын ачыкка чыгаргандар да жок эмес. Албетте, кымбат баалуу белек берүү ар биринин эле колунан келе бербейт эмеспи. Баалуу белектен мурун жакшы сөз жан эргитээрин унутпаңыз. Жүрөгүңүздөн суурулуп чыккан жагымдуу сөздөрдү, сүйүктүүңүзгө болгон арзуу сезимдерди, сүйүүнүн шооласындагы нурларды арнасаңыз эң сонун унутулгус жагымдуу белек болот деп ишениңиз.

Зергер буюмдар аял затынын жактырып эңсеген буюмдарынын бири болуп саналат. Андыктан кээ бир мырзаларга мындай баалуу белекти сатып алуу кыйыныраак. Себеби сүйүктүүсүнүн табитине жаккан баалуу белекти тартуулоо мырзалар үчүн чоң эрдик. Ал айымга берген белеги менен өзүнүн махабатынын канчалык деңгээлде экендигин көрсөтө алат. Ошондуктан мырзалар өзүңүздөгү сезимди далилдеш үчүн жакшылап ойлонуп белек тандоосу абзел.

Бул сиздин сүйүктүү адамыңызга
Сүйүктүү адамыңыз романтик болсо, сөйкө шакек жана башка зергер буюмдарды белекке берсеңиз болот. Сиз тартуулап жаткан белекте жүрөктүн формасы болсо абдан жакшы болот. Өзүңүзгө гана жагып турган баш аламан белектерди бербегенге арекеттениңиз. Анткени, сиздин сүйүктүүңүз учурдун талабына ылайыкташтырылган белекти күтүп жаткандыр. Алтын шакек өзгөчө ар түрдүү кымбат баалуу таштардан турса, бул да өзгөчө белектердин бири. Алтын шакек изумруд ташы менен байыркы кездерде энелердин жана сууда жүрүүчүлөрдүн тумары болуп эсептелчү. Азыркы кезде байлыктын белгиси. Алтын шакек рубин ташы менен болсо күч жана бийликтин белгиси. Мындан тышкары оттой алоолонгон сезимди жана эң бийик махабаттын туу чокусу деп белгиленет. Алтын сапфир ташы менен сүйүшкөн адамдардын жана жаңы баш кошкон жубайлардын тумары болуп саналат.
Ошондой эле таттууну жакшы көргөндөргө таттуу жана даамдуу ар түрдү формадагы белектерди берсеңер да болот. Себеби таттуу маанайды көтөрөт. Ыйык Валентин күнүнө өзгөчө белек- бул назик жана жумшак мамалак. Ошондуктан сүйүктүүңүзгө кооз жана жумшак мамалактардан да белек берүүңүздү сунуштайбыз.





  Сиз үчүн 14-февраль ...

Асылбек Өзүбеков:
- 14-февраль Валентин күнүн мен эч кандай майрам деп айта албайм. Бул майрам кыргыздар үчүн туура эмес, кийинки муунду тескери жакка буруп жатат деп айтаар элем. Мунун баары идеялогиянын жоктугу , мындай нерсени токтотуш керек. Жөн гана жаштар үчүн жакшы шылтоо болуп калган . Алар өздөрү деле бул майрам кайдан чыкканын билишпейт . Илгери 8-март жана 23-февраль деген эки гана майрам бар эле.

Айгүл Чалова:
- Ар бир майрамдын өз орду бар. Бул майрам да өзү айтып тургандай сүйүшкөндөрдүн майрамы. Сүйүүсүн билдире албай жүргөндөр бул күнү сүйүү каттары аркылуу сүйүүсүн билдиришет. Жаштар үчүн жакшы майрам.
Мен дагы көпчүлүк кыздар сыяктуу эле жакын адамымдан кыпкызыл роза гүлүнөн гүлдесте сыяктуу ар кандай белектерди алам.

Съезбек Искеналиев:
- 14-февраль жаштардын майрамы, кыргыз элинин нукура майрамы болбосо да кийинки жылдары биздин жаштарыбыз 14-февралды ыйык Валентин күнү деп майрам катары майрамдап келе жатышат. Сүйүшкөндөр бири - бирине жакшы белектерин тартуулашып маанайларын көтөрүшүп эс алышат эмеспи. Сүйүүнүн күчү керемет. Ушунча майрамдардын ичинен бир майрам көптүк кылбайт го деп ойлойм.




Арзуу кат
Ыр жыттанган махабатым
Эч качан көзүм ала качып көрбөгөм, бирок өткүр каректерине туруштук бере албай көзүм ала качып жаттым. Бирок ага да кайыл болбой көздөрүнүн сыйкырдуу таасиринен чыга албай, арбалып жогун издегенсип, жүрөгүм сызылып кайра эле карай бердим...
Нечен- нечен жүрөк кылын чертип, жан дүйнөгө жарык шоола чачып чыгарма, ыр жазган колдору… жүзүмдү, чачтарымды аяр сылап, жагымдуу жыты эс тандырып ысык кучагына назик кысып турду. Түрсүлдөп, түшүнүксүз сезимге кабылган журөгү кабынан чыгып кетчүдөй катуу согуп жатты. Өрт жуткандай ысык эриндеринин даамы тандайымдан кетпей, жан дүйнөм жайдарыланып, бейиш төрүнө жетелеп, жалыны жок куйкалап өрттөп бара жатты… "Сүйөм"- деп, жалынып- жалбара албадым, тилим күрмөөгө келбей койду… Ансыз деле сүйөрүмдү батынып айта албасам да жалтанган, жалооруган көз карашымдан байкаган чыгаарсыз. Сырдуусуз… Каректериңиздин тереңине ой катасыз... Табышмактуусуз… Жүрөгүңүздүн бир бурчунан орун бербейсиз…Жазыла эле ак барактайсың жана ыр, калем- сыя жыттанасыз… Барктуу, нарктуу экениңизди туюндуруп сырдуу гана жылмаясыз…
Сизге кез келгенде тилимден сөздөрүм учуп, өткүр көздөрүңүздү жалооруй карап, кулак- башым дүңгүрөп, башкаларга билдирбөөнүн аракетин жасап, көздөрүмдү кирпигиме далдалаймын. Анан, татуу ойлор тоодон урап, талкаланып, көңүлүңүздүн муздактыгынын, жүрөгүңүздүн мерездигинин жели жүзүмдү сылай өткөндө…эх, жүрөгүм куушурулуп, туталанып, ызаланып, байкуш муштумдай жүрөк ок тийген аркардай тырпырап- тырпырап анан, үнсүз ыйлап- онтой баштайт. Билем, жүрөгүңүздү башка бийкеч бир топ жыл мурун уурдап кеткен… Сездим, салыштырдыңыз, таразаладыңыз… Окшошпой койдум...
Бирок, кантсе да жалыны өмүр бою өчпөгөн сизге деген сүттөй таза махабатым, туңгуюк кусаланган жүрөгүңүздү бир силкинтип, бир тал ширеңкени куурайга жаккандай "дүрт"- деп алгандай болду. Анан да, мен үчүн эң маанилүүсү мен да сүйө алам, жүрөгүмдө жоопсуз болсо да сүйүү жашайт жана мен сизди өзгөчө сүйөм.
Ошентип, сизге жетелеген кыялдарга оронуп, сизди кусаланып эстеп, ойлуу жатам, темир керебетте… Тургум келбейт… Турсам эле сиз жөнүндөгү ойлорум алда кайда чачылып кетчүдөй, турсам эле сизди ойлой албай калчудай, турсам эле элесиңизди жоготуп алчудай… Жата бердим, сизди сүйгөндүгүм үчүн сүйүнүп, бактылуу да бай сезип…Түбөлүгүбүз жок экенин сезип, үмүттөр жалп деп өчүп, сиз кеткен тараптан сыя, калем, ырдын илеби келип...
konsul.kg@mail.ru










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan