Шумдуктуунун төөсү жорго

... Көрө элегиң көп...
Ааламдагы эң чоң бала

Кабардино-Балкариядагы 6 жаштагы Жамбулат аттуу бала ааламдагы эң чоң бала катары 2003-жылы Гиннес китебине кирген. Анын салмагы 100 килограм. 40-размердеги бут кийим киет.

Эң чоң Адам
Ал эми жер жүзүндөгү эң чоң адам катары 56 жаштагы Бао Сишунь катталган. Анын бою 2 метр 36 сантиметр. 2007-жылы Пинпин менен Сишунь журналисттер менен жолугушкан. Ушул жылы сентябрда жаңы рекордсмен табылган. Ал украиналык Леонид Стадник. Анын бою 2 метр 55 сантиметр болгон. 61-размердеги бут кийим киет. Ющенконун тикмечиси 37 жаштагы Степага эки костюм тигип берген.

Ушундайды көрдүң беле?
Бул - дүйнөдөгү эң чоң самосвал. Муну Германиядагы көргөзмөгө бөлүп-бөлүп, алты деңиз контейнерине жүктөп келген. 360 тонна жүк көтөрөт. Саатына 350 литр май ичет. Багы 4730 литрлик. Баасы 2,5 миллион евро…

Шумдук го…
Керол Йегер (1960-1994) АКШнын, Мичиган штатынан. Дүйнөдөгү эң семиз адам титулуна ээ болгон. Расмий булактарда бою 170 сантиметр болгону менен салмагы 544 килди түзөт. Ал эми расмий эмес булактарда анын салмагы 727 килограм, бою 150 см.

Дүйнөдөгү эң кичине адам табылды
Жыйырма жаштагы Кытайдын тургуну Хэ Пинпиндин бою 73 сантиметр. Жер жүзүндөгү эң Кичине Адам катары таанылган. Рекорд китебине кирүү үчүн комиссиядан өтүп, быйыл катталганы турат. Аны эртең менен, күндүз, анан кечинде боюн ченешкен. Анын эки эжесинин бою кадимкидей. Атасынын айтымында Пинпин төрөлгөндө чоң адамдын алаканындай көлөмдө болуптур.

Узун буттуу орус кызы
16-сентябрда тарыхый жолугушуу болуп, россиялык "эң узун бут" титулунун ээси Светлана Панкратова менен Пинпин жолугушту. Орус кыздын бутунун узундугу 132 сантиметр.

Эң чоң "мамак"
Нью-Йорктук Макси Маундс эң чоң көкүрөк наамынын ээси болуп кала берүүдө. Маундс ийгиликтүү көкүрөк имплантациясы менен дүйнөгө аты чыккан. Актрисанын ар бир көкүрөгү он килограмдан ашат. 2005-жылы Гиннес китебине катталган.

Эң чоң учак
Учурдагы эң чоң самолет АН-225 "Мрия". Украинанын Антонов атындагы авиациялык илимий-техникалык комплексинде 1984-88-жылдары жасалган. Биринчи жолу 1988-жылдын 21-декабрында учурулган. Азыр экинчи экземпляры жасалуда. Жасаганга киришкенине жыйырма жыл болсо да, 70 % араң бүткөн. Ал 250 тонна жүк көтөрөт.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan