Сандан санга

Акбар Рыскул
Атакенин Акболот
(Романдан)
(Уландысы. Башы өткөн сандарда)
Кандуу кактыгыштардагы кайраты үчүн калк ичинде Эр Солтоной же кийин соң аргымагына жараша Чабдар аттуу Солтоной атыгып кеткен айтылуу баатыр жазмышка, тагдырдын кыйноосуна аргасыздан мойун сунду утурумча.
Эр Солтонойго негизинен ойрот жасагындагы кыргыз-кайсак балдарын согуш өнөрүнө, айрыкча ат жалында айкашка машыктыруу милдети жүктөлгөн. Анда Атаке, Нышаа, Татыгул сындуу кыргыз таналарынан тышкары, казактын Улуу жүзүнөн Сеңкибай, Саурык, кашкарлык таранчы Бурханжан, сарт Мамадали, алтургай каапыр орус Ыйбан сыяктуу тагдырлаш, муңдаш, куракташ, кыйын кыстоону бир тартып, бир жакадан баш чыгарган уландар бар эле. Не белбоом кетер, не белимден айрылам деп, тобокелге баш байлаган уландар түгүл, алардын устаты Солтоной баатыр дагы калмак буйругун орундоого мажбур. Амал кыска, аргамжы келте.
Ар улут уландарына адегенде темирдей тартипти, калмак тилин, кайгуул менен коргонуу, чагылгандай чабуул сырларын үйрөтүштү. Жоңгор зайсандары менен нойондору алка-шалка кара тер чыккыча жүгүртүп, таш көтөртүп, курсактары кындай тартыла, булчуңдары буркуйа баштады балдардын. Багалчагы ката жөө кармаштын ыкмаларына өтүштү.
Бутпарастан калган мушташ, алакандын кыры менен шылый чабуу, атчан душманды айак менен серпе тебүү, бышкан кышты баш менен жаруу көбүнө кандим өнөргө айланды. Нышаа, Мамадали, Ыйбан сыйактуу тирикарак балдар кадимкидей тыңып калса, каруу-күчкө жаңы кирген Атаке анда азаптын азабын тартып шорлоду, балак жеди, балтыр эти канады, сөөгү сыздады. Ат жалында кармашка келгенде гана эңсеси көтөрүлдү Атакенин. Өзүнөн кырдуу балдарды коштой чаап, курагынан мурда токтолду, мезгилинен озо эсейди Тынайдын эркеси.
Канткен менен уландарга койулган эң башкы катуу талап - ат кулагында эмин-эркин ойной билүү. Чаап бараткан тулпарга каргып минүү, касыңды ээр кашынан оодара тартуу, бетме-бет эр эңиш - кыргыз-кайсак баласынын канына эзелтен сиңген касиет.
Солтоной колу улам узак аралыкка чыгып, ургадан оолактай машыкты.
Тарам-тарам бөлүнгөн ар улут уландары үкүлүү камыш учун үзүп барат. "Мөндү, мөндү, мөндүлөп, жабуу, жабуу, жабуулап" ураандары калмакча. Оңду-солду кылыч шилтеп, жаа тарта жарышкан балдар жаш кыраан кейпинде. Өздөрү да кызыл чокко алмаз кылычтай сугарылып келет. Аткан октой зуулап, ар киминде алга озуу аракети, дасыгуу далалаты.
Кыргыз уландарын кыйкуулап сүрөгөн эр Солтоной ат жалында айкаш өнөрүнөн кынуу таап, кызый берди. Жер жайнаган камыш башын кайкы кылыч, болот шамшар менен таарый жүрө отуруп, күндөгүдөн оолак кетти.
Мындан ары жыландай имерилген Жоонсаз жолду тирейт. Уландар ушул туштан имерилчү эле. Солтоной бүгүн "кайт" дебей, Жоонсазды шилей кирди. Калбырдай өпкөсү көөп, кара тери алынган калмак жылкысы түздө мурча берер эмес, бирок сазда сорулду. Жаштайынан ат жалында ойногон азаматтар былкылдак сайга киргенде булар да өчөрүлдү өмгөктөй. Ат туягы жерге жетпей, каалгыган каздай. Акырек созуп кошкура, көкүрөк-көөдөнү балчык жирейт.
Уландардын чабалы Татыгул ат-паты менен сазга тыгыла, буйдала түшкөн белем, буркурап ыйлап жиберди:
- Баа-а, баа! Мен чөктүм, баа...
Имериле чапкан Солтоной мууну бош уланга кайрылып, сазга баткан атты ооздуктан тарта өөдөлөтө сууруп барат:
- Темин! Чү де!
Татыгулга эңиле, жандай сүздү баатыр. Атка айбат көрсөтө камчысын үйрүп жүрүп отура, кургакка жетти. Күтпөгөн буйрук айтты Татыгулга:
- Чап, атаңа наалат, чап! Узап кет алга!
Сазды жиреп чыккан балдар кудум кара каргадай. Көзүнө чейин баткак. Топтун алды эки тизгин, бир чылбырды жыйнай тартып, дем баскыча эр Солтоной ач айгай салды:
- Чап дейм! Токтобо-о!!..
Атаке конгон торуну булдурсун камчы менен сооруга тартып жиберди:
- Ча-ап, Манаптын тукуму!
Шакирттерин шаштырып, алга сүрөгөн эр Солтонойдун көздөрү чычаладай күйүп, кызарып чыккан. Куйрук улаш Нышаа, Сеңкибайдын аттарын, Ыйбан өчөңдөй минген кулагерди демите киркиреди:
- Ооздукту койо бер, оозуңа ча-айын! Чү де, чамда-а!..
Аттары саздан атыла, мөңкүштөй чыккан балдар тең жарыша, карчыга куштай сызылды. Даңгылга жеткенде туякта калган ылай-баткак асманга чейин чачырап, даңкан ыргып барат.
Куйундай куйгуду уландар...
Калмак жасагынан бөлүнгөн эр Солтоной колу карлыгачтай зыпылдап, Жылдыз, Кундуздун сол жакасына из жашырып кетти заматта. Тайчызаада Калдаң Сереңдин арттан түшкөн куугуну Жоонсаздан калмактын кара мылтыгын даңылдата асманга атып, бармагын кырча тиштеп кала берди.
Бекер жерден беш карууга ээ болуп, согуш сырына каныгып, карылуу ат минген уландарын эр Солтоной оболу кыргыз тоолоруна же казак талаасына эмес, тескерисинче из жашырып, Кашкар, Жаркен тарапка багыштады. Анысы артымдан куугун түшсө, карапайым калкымдын канына забын болбойун деген амалы чыгар. Эл ичинде эмес, элден тыш жашырына турган оң.
Эр Солтоной жасагындагы эр таналар бирде Жылдыз, Кундуздан, бирде Текес, Иле бойунан куйулгуп, капилет түндүктөн түшүп, капшыттан чыгып, жоболоңдуу жоңгор жасактарын өз төрүндө карчыттан бурдай берди. Ошондой күндөрдүн биринде Кашкардан Сыбан Рабдан ургасын беттеген ары бай, ары карылуу соода кербенин көзү чалды көк жал Солтонойдун. Үч күн акмалап жүрүп, уландары менен буйткадан бурултпай тап берди.
Эр Солтонойдун эртаналары шыйрактуу мылтыктарын борчук ташка такап боортоктой, келчү кербендин жолун торой, кароолго кармап жатышты. Узун кербендин айак-учу короого камалган койдой тар коктуга толук кирген кезде "түрс!", "тар-рс!" эткен түтөтмө мылтык доошу аска-зоону жаңыртты. Жамгырдай жааган жебеден күзөттөгү нойондор жер жазданып, жайдак аттар жалт берди. Капчыгайдын туш тарабынан кулаган таштан ач айкырык, астын-үстүн замана. Эр Солтонойдун кирилдеген үнү аска-зоону жаңыртты:
- Айт-ууйт, атта-ан!
Кайдан-жайдан чыкканы белгисиз, кайкы кылыч ойнотуп, тик найза кезеген жигиттер кербенчилердин арасын жиреп барат. Бабасынын арбагына тайына "Манап! Манап! Мана-ап!" деп айгайлаган Атаке ушунда алгач ирет көзгө түштү. Курбулардын сабынан озо кербенбашыга алгач жетти да, шалкетме менен тизеге кагып, эткээл эмени төө өркөчүнөн дөңгөчтөй кулатты. Кашкар калпагы самандай сапырылып, чаңга оонады чоң соодагер. Өң-алеттен кеткен жоон-жолпу кербенбашы тизелей калып, жүзүн мыртыйган манжалары менен калкалай жан соогалап жиберди:
- Йанимди койиң, йаним!..
Улгайган эле адамдын уңулдап жалбарганы жаш сарбаздын бүйүрүн ого бетер кызытты, эркин бүлөдү. Жүзүнө парда тагынган Атаке ат жалынан эңиштей берип, кербенбашынын оң жамбашында салаңдаган кылычына кол сунду. Кымбат буйумун кыйа албаган соодагердин көзү тетири айлана чанагынан чыкты.
Кожойунун коргойм деп ынтыккан алыбеттүү нойон ат жалынан ыкыс бере, Атакенин жолун торой, сыр найзасын кезеди. Жоңгор нойону барымтачы баланы эки чайнап, бир жутчудай бараандуу болсо да, жан жактан шумкардай шукшурулуп келаткан атчандардан саарасы учуп, кол салууга батынбай элтең.
Ушуну сезген Атаке кербенбашыга буйруду:
- Бер!
- Олиң, олиң, нема буирсаң олиң!
Атакенин өктөм буйругунан чочулаган кербенбашы сабы күмүш менен каңдалган кылычын кыңырыла сунду. Анан белиндеги кайыш кынын чечип берди.
- Дамаш, нагыз дамаш! - деп күбүрөдү угуза.
Кымбат буйум кылычынан айрылып, ичинен кан өткөн соодагер бозала чаңга көмкөрөсүнөн оонап, өпкө өпкөсүнө батпай соолуктап жатты.
Баатырлыктан балалыгы басым Атаке "чын эле дамашпы?" деген тейде өз колунда кыңгыраган кылычтын мизин сылап, кайыш кындын оймосуна алаксый түштү каш кагым.
Ушуну гана аңдып тургандай калмак нойону капилет найза сунду тик качыра. Аттын оң капталына ыкчам оой берген Атаке душмандын найзасын калканы менен кагып үлгүрдү. Анан, бартобокел, нартобокел, дамаш кылычын кандайча шилтеп, кандайча сокку урганын өзү да байкабай калды. "Кырсык каш-кабактын арасында" деген ырас.
Дамаш кылычтын тийген жеринен өрт кетти. Эмелеки эңгезердей нойондун алмадай башы топтой ыргыды көр топуракка. Баштан айрылган дене ээрде экчеле, күрөө тамырдан кызыл кан бүркүлдү көккө.
Бул балагатка жаңы толуп, багалчагы катып келаткан Атакенин жоокерлик замандагы алгачкы кан төгүүсү эле. Заманаң бөрү болсо - бөрү бол!
Сыбан Рабдан ургасына каруу-жарак ташыган кербен орто жолдо ошентип колго түшүп, Нышаа, Сеңкибай, Ыйбан, Татыгул, Мамадали сындуу боз балдар, эр Солтонойдун өзү толук беш куралга ээ болуп, кудуңдаганын айтпа.
Атакенин колунда дамаш кылыч! Сирийада сомдолуп, Дамаскиде каңдалган кылыч мизи күнгө чагылышат жаркылдай!..
(Уландысы бар)










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan