Ыйман сабагы

Тутунган тууң кайсы?
Бүгүнкү ички дүйнөбүздөгү, коомубуздагы адеп-ыйман терең кризисте.
Адамдар ортосундагы акдилдик, адилеттик, ар намыс, жана башка бийик, аруу идеалдар материалдык кызыкчылыктын, пендечиликтин тепсендисинде калууда.
Дурусу, бурушу болгон таптык күрөшкө негизделген советтик идеология урагандан кийин коом анык чакчелекей абалга туш болду. Ыйманыбызды исламдан, теңирчиликтен, кришнадан, иеговадан ж.б. издеп жатабыз. Дегинкиси, диндин кайсынысы болсо да "ууру кылба, ушак сүйлөбө, жакыныңа жамандык жасаба", "кудай бир, ага баруучу жол ар түрдүү" сыяктуу жакшы эрежелерден турат. Адам тарыхында философтор Сократ, Лао-Цзы баштаган байыркылардан тартып, кечээки эле Кант, Шопенгауэр, Толстойго чейинкилердин айтканын "баланча олуя түкүнчү деген эмеспи" деп, оозубуздан түшүрбөй мисал кылганды жакшы көрөбүз. Жакшылыкка тарбыялаган чакырык динден чыгабы, олуянын сөзүндөбү, аны жакшы түшүнүп өзүбүзгө сиңирип, өзүбүз аркылуу коомго өрнөк болуу жакшы максат. Бирок аттиңай, "чала молдо дин бузат" болуп, "мен ишенген дин гана таза, андан бөлөгү арам, бөлөк динге сыйынгандарга арабызда орун жок", деп кергиштегенибиз да бар арабызда. Ал эмес "жакшысыңарбы" деп учурашкан болбойт, анын жакшы-жаманын такып эмне кыласың "Ассалом алейкум" деп учураш деп таңуулап жаткандарыбыз да бар. "Пайгамбарым ушундай деген" деп бирибиз думбаланып жатсак, бирибиз мода кубалап, казыбыз эшилип турса да кардыбызды жыңалачтаганга кириштик. Эки жак бири бирине элдешпес душманындай мамиле кылат. Коом арасындагы бул жарака түркөй - фанаттар тарабынан менен күндөн күнгө чоңоюп жаткандай.

...Элге журтка таанымал агабыз бар. Мезгилинде такыба коммунист эле. Такыба эмей эмне, союздук маанидеги бир мекеменин парткомунун катчысы болуп, кийин ички иштер министрлигинин бир чоң башкармалыгын жетектеп генерал наамын алган. Учурда пенсияда. Азыр деле радио-телевизордон түшпөй коомчулукка, айрыкча жаштарга оңду-солду акылын айтып келет. Ошол агабыз мындан беш алты жылдай мурда ажыга, өзү эле эмес, кемпирин дагы ала барып, чөлкөм боюнча биринчи "ажы апа" кылдым деп мактанган жайы бар. Ажы ата менен ажы апаны туугандары тай союп куттукташат. Куттук айтканы кесиптештери - ИИМдин кызматкерлери мурдагы адат боюнча "алигиден" ала келген экен. "Ажы ата" өзү да ичпей, аларга да ичирмек турмай ачтырбай, "халал жерди" арам кылдыңар деп урушуп жолго салыптыр. Кызыгы эртеси болду дейт уккандар. Эртеси генерал формасын кийип, башкармалыкка келбейби. Кызматкерлери куттуктап чай уюштурат. Чай ортолоп калган мезгилде генерал: "Ой бул эмнеңер? Алып келбейсиңерби "алигиден". Мен ал жактан ажы болсом, бул жерде офицермин" - деп кадимкидей шыңгытып отурган экен.
"Үлгү болот, "жол көрсөтөт" деп үмүт байлаган, ыймандуулук тууралуу ооз көптүрө сүйлөгөн аксакалдарыбыздын жасаган кылыгы ушул. Өзгөлөрдү эле эмес, кудай тааланын өзүн да мурдагы райкомундай көрүп, алдагысы бар.
Ажыга мусулман баласы жаманымдан, билип-билбей жасаган күнөөмдөн арылып келейин, тазарайын деп барат го. Ошол ажыга барыш үчүн бөлөк мамлеттин паспортун паралап сатып алгуу арам эмеспи? Ажылыкка деп Кыргызстандын жарандарына бөлүнгөн квотаны сатып жиберген "азиретилерди" эмне дейбиз?
Үлгү болуучу жигиттерибиз уят иш экенин сезип койбой, бири биринин этегин ачып, гезитке жылаңач чыгарганына, бири бирине "матрешка гейт" болгонуна, маашыр. Эң өкүнүчтүүсү ошондой ыйманында уят уялабагандар бийликке тартылып, "райкомуна" жагынуу үчүн болбогонду болду деп кылмыш жыттанбаган жерден кылмыш ишин козгойт, ажан аялдардан "Обон" түзүп "жумуртка уруш" уюштурат, момундай соттойсуң, болбосо ордуңду бошотосуң" деп сотко көрсөтмө берет. Бийликтен кетээри менен ошондой эле ыкма менен иштеп жаткан кийинкилердин айбын ачып, бетти тултуйтуп телевизордон элдин таламын талашып чыга келет. Жашоого ушундай мамиле көнүмүшкө айланып эрөөн төрөөнү билинбей баратат.
Кыргыз деген атын өчүрбөй келе жаткан кыргыздын айкөлдүгү, эрдиги, ынтымагы, намыстуулугу жана башка жакшы сапаттары кайда калды? Бүгүн кандай денгээлдебиз? Эмне деген бейдарек, кайдигер, оома, түркөй элге айланып бара жатабыз. Эмне үчүн соодагер дунган - "таразадан алдагандай мен сага кыргыз белем", уйгур - "үйлөнүү тоюнда мас болгондой сен кыргыз белең?"- деп айтышат? Акын Шайлообек күйгөндөй эле бар:
Кыз-уланы улуусун барктачу эле,
кыянаттык иштерге баспачу эле,
кыйналса да абийрин сактачу эле
Кыйын кезде итин да таштабаган
кыргыз качан карысын таштачу эле?
Жаман жактарыбыз, бирөөнүкүн алдап алмай, ууру кылмай, куулук, шуркуялык, тилемчилик кадыресе эле турмуштук көрүнүштөй болуп, эрөөн-терөөнү билинбей, ушул жийиркеничтүү окуялар коомчулук тарабынан жерилбей калды. Көрсөк да көрмөксөн билсек да билмексен кайдигерликтин сазына батып бара жатабыз. Кайда барабыз, эмнени туу тутуп, кимди үлгү кылабыз?
Марсел Кыдыков




  Эскерүү

Шералы Назаркулов ким эле?
6-февраль күнү Акыйкатчы Турсунбек Акун мындан 7 жыл мурда саясий ачкачылыктын айынан көз жумган белгилүү укук коргоочу, маркум Шералы Назаркуловду эскерүүгө арналган маалымат жыйынын журналисттерге өткөрдү.
Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымына караганда туптуура 7 жыл мурда ушул күнү 6-февралда кечкисин ачкачылык акциясынын катышуучуларын АКШ Элчилиги кабыл алган. Жолугушуудан чыккандан кийин Шералы Назаркулов башы ооруп турганына даттанган. Эртеси күнү 7-февралда көз жумган.
Бул ачкачылык акциясы Кыргызстандын 90 гектар жери Үзөңгү-Кууш Кытай мамлекетине берилгенине нааразычылык билдирип, ошондой эле ал кездеги парламентарий Азимбек Бекназаровдук камакка алынганына байланыштуу, акаевдик режимге каршы ачкачылык акциясы уюштурулган эле. Ачкачылык акциясынын 22-күнүндө көз жумду. Бирок ал кездеги соттук медициналык экспертиза анын өлүмүн ачкачылыктан эмес, мурдагы оорусунан өлгөн деген корутунду беришкен. Биз укук коргоочулар А.Абдирасулова, Төлөйкан Исмаилова ж.б.лар Шералы Назаркуловдун өлүмү боюнча экспертизаны кайра каратууга жетиштик. Биздин аракетибизден улам 2007-жылы ага КР Президенти К.Бакиевдин Жарлыгына ылайык "Эрдик" медалы берилди. Аксы окуяларында каза болгон азаматтарыбыздын жакындары компенсация алышты бирок өкүнүчтүүсү Ш.Назаркуловдун жакындары мамлекеттен бир тыйын да компенсация алган жок. Ш.Назаркулов кыргыз элинин чыныгы атуулу эле. Ал эгемендүү Кыргызстандын тарыхында саясий ачкачылыктан көз жумган - биринчи укук коргоочу.
Шералы Назаркулов ачкачылыкта турган кезинде уулду болгон, ага Азимбек деп ат койгон. Бирок ал уулун жыттап, эркелеткенге да үлгүрбөй кетти.
Мен Президенттин алдындагы Адам укуктарын коргоочу комиссиянын төрагасы болуп турганымда да, учурда Акыйкатчы катары да маркум Ш.Назаркуловдун ишине кайдыгер караган эмесмин, мындан ары да аткарылчу иштер алдыда. Жакында эле мындан эки ай мурда Шералынын аялы жана 7 жаштагы уулу Азимбек көр тириликтин айынан Орусияга көчүп кетишти.
Ш.Назаркуловду өзү туулуп өскөн Кара-Кулжада эскерип, ага эстелик коюуусу зарыл. Бирок азырынча аткарыла элек. Ш.Назаркулов боюнча Алмаз Эркебай уулу "Оптимисттик трагедия" деген китебин чыгарган.

Барно Сабирова
Акыйкатчынын Басма сөз кызматынан




  Архив дайджест

Правда и ложь об Аксы
... Покойный Шерали Назаркулов в дни голодовки, предчувствуя что-то нехорошее, несколько раз подходил ко мне и просил, чтобы мы с ним прекратили голодовку и выехали к кочкорцам на их поддержку. Он не раз видел, как Акуну сочувствующие и поддерживающие нашу акцию люди передавали деньги в знак солидарности. Шерали попросил у Т. Акуна дать денег на дорогу добраться до Кочкорки. Но падкий до денег Акун, отказал бедному Шерали в его маленькой просьбе, сославшись на то, что у него самого дети сидят дома голодные. Невежественный Акун задаром пользовался незаурядным интеллектом Назаркулова. За проделанную работу он в виде подачки иногда давал ему мелочь на сигареты или на проезд. Вообще сборщиком различной материальной помощи, как всегда являлся никому неподотчетный Акун....
... Вот такая сущность ажы акбар Акуна, который напрямую повинен в смерти Назаркулова о чем писалось ранее. Акун прекрасно знал, что год назад Шерали лишился селезенки и был тяжелобольным. Несмотря на это Турсунбек не остановил голодовку Назаркулову. Поделился бы Акун народными деньгами, которые поступали извне в копилку Штаба, поехал бы вместе с отцом в роддом, выписав сына, оставил бы Шерали дома. Тогда он наверняка не погиб бы. Но сверхжадный Акун на такой благородный шаг не пошел. Он, как пиявка, привык жить за счет бед и старданий других.
...Если бы у ненасытногго Акуна не возобладела бы сверхжадность и сверхалчность, возможно, Назаркулов был бы жив, прекратив голодовку, он поехал бы в Кочкор и на горном воздухе восстановил бы здоровье. Акун в реиод голодовки делал бизнес на всем. Попросив всех выйти на минутку, закрывался в своем кабинете, тет-а-тет беседовал с посетителями и без свидетелей собирал деньги. Отбоя от таких - не было. Даже главный пропагандист ислама в Кыргызстане ?збек ажы прислал энную сумму акуну. Помимо чего Турсунбек из кабинета дырылдаева звонил в Прагу в офис радио "Азаттык" и требовал от Нарына Айыпа дать хороший гонорар для нужд семьи. Об этом мне подтвердил сам Н. Айып в тот период директор "Азаттыка". Родственники Бекназарова с личным транспортом днем и ночью были в распоряжении Акуна. Вечерами Акун постоянно уезжал к себе домой, там приняв душ, сменив белье, хорошенько отдохнув с домочадцами, возвращался далеко за полночь. Хозяином голодовки был вездесущий Акун, заправляя всеми. Итак, воодушевленные поддержкой из столицы сторонники Бекназарова в Аксы, идут на крайние шаги. Благо ценные указания, каким образом нагнетать обстановку поступают из Штаба акции голодовки. ...
... Собранные от депутатов и лидеров оппозиции деньги в сумме 15 тысяч сомов, которые предназначались для поездки на сорок дней смерти Ш. Назаркулову, алчный Акун присвоил. Имена тех, кто давал по тысяча сомов Акуну, имеются, да и сами, кто помогали деньгами могут об этом подтвердить, кроме А. Масалиева и З. Сыдыковой. Масалиева уже нет в живых, царство ему небесное, честнейший был коммунист, а Замира - посол в США. Акун в прямом смысле, кинув всех нас участников голодовки, которые на эти деньги должны были поехать в Чалму к родственникам покойного Назаркулова, Акун стал "катализатором аксыйских событий".
... И самое непростительное, после трагедии в Аксы, Акун спекулировал духом и прахом Ш. Назаркулова. Вот что он заявляет в газете"Агым" за 21 июня 2002 года:"14 марта я зарезав крупнорогатый скот, съездил на сорок дней Назаркулова.." А на деле, он с 13-18 марта безвылазно находилсы в Аксы, раздувая огонь недовольства. Помянуть Назаркулова, после того, как нас кинул Акун, наняв машину на свои средства, съездил автор этого журналистского расследования. Я пробыл там ровно неделю, пробиваю льготы и кредиты родственникам Шерали через губернатора Ошской области Накена Касиева. Там я узнал об аксыйских событиях. До меня помянуть Назаркулова к родственникам никто не ездил...
Мелис Арып-Бек
"Жаңы ордо" №34 16-ноябрь 2007-жыл.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan