Эл аралык панорама

Эр жүрөк
Эрдоган же Түркиянын азыркы лидери жөнүндө
Давосто, Швейцариянын лыжа тепчү курортунда, дүйнө лидерлери жыл сайын кыш айларында бир кур чогулуп, дүйнө экономикасынын ар кыл актуалдуу маселелерин талкуулашат. Быйыл да ошол лидерлердин жыйналышы болуп өттү. Бирок бул жыйналыштын бир чоң сенсациясы - Түркиянын азыркы лидери, премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын Израиль Президенти Шимон Перес менен Палестина маселеси боюнча ачыктан-ачык кер-мур айтышып, карап отурган эл-журттун көзүнчө чогулуштан демонстративдүү түрдө чыгып кеткени болду. Бул жөнүндө британиялык авторитеттүү "The Economist" жумалыгы мындай деп жазды:
"Бул эмне, атайын жасалган иш болдубу? Же Режеп Тайып Эрдоган өзүн өзү башкара албай, ачууга алдырдыбы? Бирок, премьер-министрдин Израиль Президенти менен ачык айтышып, наарызылыгын ачык билдиргени, жыйналышты таштап салып, басып кеткени анын атын алыска кетирип, Ататүрктөн кийинки эле эң көп оозго алынган түрк саясатчысы катары кабыл алынып жатканын унутпайлы. Залдагы финансы дөө-шаалары жана саясатчы мыктычыкмалар эмне дээрин билбей эле калышты го. А бирок аны уккан дүйнө мусулмандары "Эрдоган еврей мамлекетинин лидерин Газа тилкесиндеги согуш үчүн айыптап, пикирин ачык билдирди" - деп алакан чабышууда. "Кантип эле силер башканын баарын билип, бирок киши өлтүрүп атканыңарды, болгондо да балдар менен аялдарды өлтүрүп атканыңарды билбей калдыңар?" - деп айткан Эрдогандын сөзүн, анын ошондогу кубарып-кумсарган өңү-түсүн азыр ар бир мусулман, ар бир араб билип отурат.
Башынан Израиль менен стратегиялык союздаш катары саналып келген Түркия мындан ары багытын өзгөртөбү, кызуу кандуу, бетке чабар Эрдоган эми өз мамлекетин кай жакты көздөй жетелейт? Батышкабы же Чыгышкабы? - деген суроолор ошол эле замат пайда болду. Албетте, НАТОдон чыгып кетүү же Европа Бирлигинен баш тартуу, же Израиль менен Америкага душман болоюн деген түрктөрдүн оюна да келбейт дечи. Бирок Эрдоган келе турган шайлоого карата өз шайлоочуларынын бир көңүлүн алайын деп ой кылганы ачык эле көрүнүп калды. Эгер ошондой план болсо, анда премьер өз максатына толугу менен жетти десек болот. Азыр аны мактап сөз кылбаган бир киши жок. Эрдогандын бул жоругун колдогон атуулдардын саны 80% дан ашты. Эми 29-мартта келе турган муниципалдык шайлоолордо анын мээлүүн исламчыл деп сындалып жүргөн Ак партиясы бир топ ийигиликке жетээри көрүнүп калды.
Эрдогандын бул эрдиги тээ биринчи дүйнөлүк согушта жеңилишке учураган Оттомандардын кегин алгандай, ошондон бери калып келаткан ардануу сезимин кайра жандандыргандай болду. Бир даары "Түрк лидеринин бул жоругу спонтандуу болуп, кокусунан болуп кетти, ошонусу менен Батыштын жакшы санаттарына негизделген өз түрк дүйнөсүн моралдык жактан лидер болууга жарай турганын билдирди" - деп санайт азыркы түрк комментатору Ченгиз Чандар. Ал эмес Эрдогандын эң негизги атаандашы Деңиз Байкал дагы айласыздан Эрдогандын бул жоругун туура эле иш болду деп баалап, алакан жайып тим болду.
Бирок баары эле жапырт колдоп жатып калды деш да туура эмес болоор эле. Биринчиден, Эрдогандын бул кылыгы Түркия жүргүзүп келаткан Израиль менен Сириянын ортосундагы ортомчулук ролуна чоң зыян келтирди. Премьердин "террорист" деген кандай адам болоорун так түшүнүп алалы деп Барак Обамага кайрылганы Газада бийлик жүргүзүп аткан Хамасчыларды террорист деген наамдан арылталы дегендей эле кабыл алынды. Буга Европа менен Американын лидерлери расмий түрдө эч нерсе билдиришпесе да, кулуардагы сөздөргө караганда эч ким Эрдогандын Давостогу бетке чабаар кылыгын мактап жаткан жери жок. "Эрдогандын эмне кылып, кайда чаап кетээрин эч ким билбегени - жакшы жышаан эмес" дешип баары эле өкүнүчүн билдирип жатышты. Эми Түркияга Обаманын жакын арада визит менен келип кетиши да абдан проблемалуу иш болуп калды окшойт.
Бирок Эрдоган мырзанын кызуу кандуулукка алдырып, атырылып кетме кыялы башынан эле белгилүү болчу. Анын үстүнө премьердин көз карашы боюнча Батышка Түркия эмес, Батыш Түркияга муктаж жана кызыкдар. Анын үстүнө Набукко деп аталган, Европага Каспий деңизин аралап, Түркиянын территориясы аркылуу өтө турган альтернативдүү газ түтүгү да Эрдогансыз чечилбейт. Бул проект Түркия колдобосо, эч качан ишке ашпай турганы түшүнүктүү иш. Бир жолу ошол эле Эрдоган: "Эгер Евросоюзга кирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдө Түркиянын энергия боюнча көз карашы эске алынбаса, ал газ проектисин Түркия оң жагына чечпей коюшу мүмкүн экендигин да эскерткен эле. Ошол эле Түркия азыр Саудия Арабиясы менен Ватиканды абдан колдоп, БУУнын гомосексуализмди дискриминация кылбайлы деген чакырыгын четке кагып, бүт дүйнө болуп буга каршы туралы деп айгай салууда.
Экинчи тараптагылардын ою боюнча, Евросоюзга мүчө боло албай жаткан Түркия азыр ошого өчөшүп, дүйнөдө өзүнө достор издеп жатканын да белгилешүүдө. Региондогу улам кычап бараткан маселелрди эске алса, чындыгында эле Европа бул мамлекетке бут тоскондун ордуна, кайра кучагына бекем кысып, колдон чыгарбашы керек дешет булар. Экинчи жагынан Түркия ислам дүйнөсүндөгү бирден - бир секулярдык, демократиялуу жана Батыш менен башынан союздаш мамлекет. "Араб инвестицияларынын биринен сала бири бул өлкөгө чууруп келип жатканынын негизги себеби да дал ошол Түркия Батыштын бир бөлүгү, Европанын тартибиндеги мамлекет үчүн келип жатат", - деп түшүндүрөт бир араб инвестору.
Демек, ушул репутациясын дагы да бекемдеп, көп нерсеге атайылап эле көз жуумп, Түркия түндүк Кипрдин маселесин да шарт гана чечип ташташ керек деп санашат бул тараптагылар. Эгерде мурда макулдашылгандай 2009-жылдын декабрында грек киприотторуна өз портторун ачпаса, анда Евросоюзга мүчө болуу деген маселени Түркия далай заманга чейин унутуп эле койсо туура болот деп белгилешет көптөгөн аналитиктер.

Кубанын 50 жылдык мааракесинде бул мамлекеттин жаңы Президенти Рауль Кастро Американын жаңы лидери Барак Обама менен жолугушуу тилеги бар экенин билдирип өттү. Кубанын жетекчилиги менен жолугушуу керек экендигин, керек болсо бул мамлекетке мурунтан колдонулуп келаткан санкцияларды жок дегенде жеңилдетүү зарылдыгын белгилеген Обаманын шайлоо алдындагы билдирүүлөрүн эске алып, Рауль Кастро "нейтралдуу жерди" тандап туруп, жолугууга бараарын ачыктады. Бирок Барак Обама да айткан сөздүрүн аткарууга азыр эле бара койбосу да түшүнүктүү. Соода жана инвестиция чектөөлөрүн, чек аранын эки тарабында калып, ажырап калган үй-бүлө мүчөлөрүн жолуктурууга шарт түзүү сыяктуу маселелерди көз ачып-жумгуча эле чече койбосун айтышууда. Ошону менен бирге Америка менен жакындашуу тез эле бүтө койчу иш эмес экенин Рауль Кастро да бир кур белгилеп кетти. Буга кошумча айта кете турган дагы бир нерсе, мурунку жетекчи Фидель Кастро Обаманын шайланышын "жаман иш болгон жок" деп жылуу кабыл алган эле, ошону менен бирге ар бир сөзүн этиеттик менен айтканы билинип эле калган. Кубалыктарды шектенткен суроолор да окшош: Америкалык жаңы лидер шайлоодо айткан сөзүнө турабы, ошого анын калган үзөнгүлөштөрү макул болобу? Бул чындыгында эле жүйөлүү суроо. Себеби Обаманын ою боюнча, эмбаргонун жеңилдениши Кубага демократиянын келе башташына алгачкы шартты түзөт. Гавана саясий куугунтукту токтотуп, демократияга аздап болсо да өтө башташына жагдай түзөт. Түрмөдө жаткан саясий туткундарга жеңилдик берилишине алгачкы кадам болуп саналат.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan