Кыргыз деген эл жашайт, кыргыз деген
Чынында Мекенибиз кандай кооз, кандай керемет. Ушундай ажайып жерди бизге калтырган бабаларга миң ириет таазим!
...Өкүнүчтүүсү, ары жок, намысы жок бүгүнкү урпактары ошол ыйык, керемет жерди барктай албай жатканында. Улут катары улуттун туусун көтөрө албай турганында... көрүнгөндү кылчак карап. Улут катарында калыптанып, өзүбүздүн киндигибизди өзүбүз кесип, бабалар салып кеткен жол менен кетмейинче башка жол менен жыргап кете албаарыбызды дале сезбей жаткандыгыбызда...
...Улутчул болуу бул кылмыш эмес. Керек болсо дүйнөнүн "мен" деген прогресивдүү адамдары улутчул болушкан. Бул жөнүндө далай ириет жазылган. Бүгүн биз суктанган Россиянын тарыхына деле үңүлүп көрөлүчү. Ошол эле Пушкин, Лермонтов, Достоевский, Ломоносов, Шолохов улутчул болгон эмес беле? Алардын ар бир жазганында өз улуту алдыңкы саптарда турган. Ал эми тилибизди кара. Эгемендик алып, шапкебиз көккө ыргытылгандан бери 20 жыл өттү. Эне тилибизге эмне жакшы иш кыла алдык? "Силердин тилиңер менен Чалдыбардан ары чыга албайсыңар" деп өзүбүздүн эле карачечекей "киргиздердин" шылдыңын да унчукпай кабыл алдык. Арданган дагы жокпуз. Ал аз келгенсип. Бир кезде, орустун акылдуу бир инсаны Нобель сыйлыгынын лауреаты А.И.Солженицин раматылык:
"СССР курамындагы Орто Азиялыктардын орустарга ашка жүк, башка жүк болгондон башка пайдасы жок. Болгону, Казакстандын Түндүк жагын өзүбүзгө алалы да, калганын "сокур ичегидей кесип салалы" деп "кебез" менен чаламандын чак түшүндө эле "муздаганычы". Бул деген кыргыздын короосуна дагы ыргытылган таш эмей эмне. Ал айтылган сөздөн бери канча убакыт өтсө да көкүрөктө түйүлөт, чиркин.
Улуттун улуулугу демекчи, гезитибиздин өткөн санында Абдылжан Акматалиев агабыздын "Манас" караңгы тамда камалып турат" деген маеги ("Айгай" №5. 30.01.09.) жарык көрдү. Окуп алып, башкага табылган акча улут сыймыгы болгон улуу Манасыбызды даңктоого, элге жайылтууга табылбай турганына кейидим. Бир кезде В. Путин орус классикалык адабиятынын 50 томдугун далай тираж менен мамлекет эсебинен чыгарып, аны бекер тараттырганы эске түшөт. Муну, Путин мырзанын улуу орус эли өз маданиятын билсин деген камкордугу деп эле кабыл алган далайы.
Ушулардын баарын ойлоп, чылымдай түтөгөн ойлорго аргасыз тумчугасың. Бүгүн бар, эртең жок бийлик үчүн алакандай элди түндүк менен түштүккө, "сен куйрук", "мен куйрукка" бөлгөн азыркы саясатка нааразы болосуң. Мурда жазгам, азыр да айткым келет, далайыбыз бүгүнкү "сат, сат, сат" саясатына чыланып, көбүбүз күнүмдүк оокаттан көтөрүлө албай, айрым элдик деген интеллегенциябыз төө куштай башын кумга катып, өлкө үчүн маанилүү кезеңде бир тамчы болсо да акыйкат сөзүн айта албай келет же жалганбы? Мисал, азыр экономикабыздын кыр аркасы болгон энергетикабыз жеке менчикке өтүп баратат, андай болуп кетсе эмне болот? Эртең өлкөнүн көргөн күнү кандай абалга кептелет? деген сыяктуу суроолор менен "алакандай болсо да өз оюңарды билгизип койгулачы" деп Кыргызстандын баардык интеллигенция өкүлдөрүнө гезитибиздин дээрлик үч саны аркылуу кайрылган элек. Үч, төртөө гана оюн айтыптыр. Далай улуу инсандарыбыз (андай ар намысы бийиктер" бизде оголе эле көп го - К.А.) баланын чочогундай болсо дагы пикирлерин айта албады. Балким, "Ач кулактан тынч кулак" дешкендир. Шакем сыздагандай "Кайдыгерликтин сазына баткан экенбизго" деп биз калдык. Тээ Атилланын заманынан бери келе жаткан кыргыз урпактары, VII-VIII кылымдарда Түрк каганы эмес, улуу Табагач (кытай) каганынан да күчтүү деп эсептелген кыргыз каганы Барсбек сыяктуу өз алдынча каганаты болгон улуу элдин урпактары бүгүн минтип майдаланып баратканына кейийт экенсиң. Же улуттун каймактары кетип, жалаң "көк сүтү" калганбызбы?
... Бирок, "Үмүт акырында өлөт" деген сыңар баары бир жакшы ойлорго жанашкың келет. Себеби, кыргыздын үмүтү эч убакта өчпөгөн. Ошонусу менен жеңген. Эми да жеңээр?! Табылды Муканов агайыбыз жазгандай. "Кыргыз деген эл жашайт, кыргыз деген, киндиги калган бүтүп, тоо менен, жылдыз менен!"

Кенжебек Арыкбаев




Барсбек: (VII-VIII кылымдар)
Аттан аттын неси артык, ашыра баскан изи артык, эрдин эрден неси артык, эр сайышта күчү артык, хандан хандын неси артык, калкым деп күйгөн иши артык.


Иса Ахунбаев
"Элим, каным эле эмес, жаным да сага таандык!


Касым Тыныстанов:
"Өз элиңди , өз тилиңди, өз жериңди, өз ата салтыңды үйрөн, бил жана аны көздүн карегиндей аяр сакта! Ал сенин өмүрүң, көрөр күнүң, ичээр сууң!


Жетпей турат...

Боо түшүп, Ата Журттун асманында
Боз булут неге айланып кетпей турат?!
Кайналган дараметке акыл кошоор,
Кыргызга, кыргыз дээр жетпей турат.
Гүлжамила Шакирова


...Акыл эсин камчылап,
Аккуладай алкынат,
Ай-жылдызга талпынат,
Кыргызымдын жигиттери.

Ысык-Көлүм

Сен барда жанга даба жакшылык бар,
Өзүңө бир өмүрүм аздык кылаар.
Айланып, Ысык- Көлгө бир жетсе дейм,
Сүйүүгө жетпей калган бактысыздар.
Каныбек Иманалиев


Редакциядан: Элеттик бир акындын бул ыры мындан беш жыл мурун жазылган. Мурун да жарык көргөн. Теңир тоонун таза абасындай, бирок, ыйга чыланган Тагдырбек мырзанын бул таза ойлору, андагы ачуу чындык, анын бетин баскан кара булут тилекке каршы Ала Тообуздун асманында азыр да тургандай туюлат. Кудум, Шайлообек Дүйшеевдин мындан 21 жыл мурун жазган "Кайдыгерлик" деген ыры күнү бүгүн жазылган абалда тургандай. Эл акыны Т.Бөрүбаевдин төмөнкү ыры да 5 жыл мурун эмес, кудум бүгүн жазылгандай...


Ыйлап турам жазгым келип Кыргызды...
Кыргыз үчүн жаздым ушул ырымды!
Ырлар болуп ыйга айланган сырымды.
Эзелтеден ар-намысты туу тутуп,
Эх, кыргызым, карыткансың кылымды!

Карап турам асман толгон жылдызды,
Ыйлап турам жазгым келип Кыргызды.
Тирүүлүктөн эчак баары кетишкен,
Же кыргызым асмандагы жылдызбы?!

Кана сенин акыл айткан Бакайың?
Акыйкатты сүйлөп турса баалайын!
Кана кыргыз Кошой болуп колдогон?
Аалым барбы мен тарыхка жазайын?!

Ак эмгектен өлгөндөрүң баркталбайт,
Ошондуктан тирүүлөрүң даңкталбайт.
Көкүрөктө "Улут" деген намыс жок!
Ата-баба ыйык салты сакталбайт!

Оңго-солго чарпылбаган көп элең,
Кекчил эмес кечиримдүү эл элең.
Уул-кызың бийиктикке умтулса,
Келечегин аркалаган бел элең!

Балдарыңа чыккынчылык кыласың,
Каймактарын түрмөлөргө тыгасың.
Эртеңкинин шыбагасын бүгүн жеп,
Келечектин сен тамырын кыясың!

Кыргыз деген уул-кызың көрүнбөйт,
Айтпасам да тарых муну төгүндөйт!
Өзөгүмдү өрттөп барат бир сезим,
Урпактардын келечеги көрүнбөйт!

Мурдагыдай болбой калды карылар,
Качып-бозуп жүрөт кыргыз жакшылар.
Инсандарын карышкырдай кырышты,
Бийлик кылып эки жүздүү саткындар.

Жаштарымдын келечеги көктөсүн,
Толтурсун деп эртең кыргыз бөксөсүн.
Тилек айтпай кууланасың куу сакал!
Тарых сенин сакалыңды өрттөсүн!

Кеменгерлер үн-сөзү жок термелет,
Бирин-серин ардуу уулуң теригет.
Сыналгыдан, үналгыдан каткырып.
Бийлик үчүн жашоо болду керемет!

Сокурдуктан айыга албай жүрөгүң,
Ошондуктан караңгыда күндөрүң.
Конок бийлеп кутургансып төрүңдө,
Эх Кыргызым, өз үйүңдө жүдөдүң!

Бийлик бизге келемиштей сезилип,
Чоңдоруң бүт казынаны кемирип!
Эх Кыргызым, чоң базарга айландың,
Жаш балдарың арабага чегилип!

Баары кетти эл-жер кезип талаага,
Эч ким калбай ыйык салттуу калаада.
Сезим сокур жан соогалап калышты,
Карапайым Кыргыз толуп базарга!

Таштандыда ымыркайга чалынып,
Нан издешет кайырчылар чаалыгып.
Киши жегич, баш кесерлер жана да,
Сойку бизге болбой калды жаңылык!

Көп кыздарың айласыз сойку болду,
Жаштарың бүт карачы жойпу болду.
Карыларың чоңдорго чокой болуп,
Чоң сөздөрүн кайтарган койчу болду!

Акты-ак деп кара кылды как жарган,
Намысың жок канжыгага баш сайган.
Дилсиз, тилсиз дудук болгон кыргызым,
Атуулуң жок туңгуюктан жол тапкан!

Асманың аңтарылса ай дебейсиң,
Жериңди сатып жатса кой дебейсиң.
Жалкоосуң, оомалуусуң жалтактаган,
Бийликтин көзүн карап мемирейсиң.

Кырылганда тукум курут болбогон,
Ата-баба ар-намысын жолдогон.
Баатыр элең атка жеңил, тайга чак,
Алмустактан Ата-Журтун коргогон!

Кыргыз элең Бакай калпак кийинген,
Мылжың күлгөн кошоматты билбеген.
Көкүрөгүң ачык мырза калк элең,
Ханга эмес акылманга ийилген!

Кыздарың да баатырларга тең чыккан,
Тукумуңдун тазалыгын туу туткан.
Мөлтүр элең шылдыр аккан булактай,
Абийир үчүн намыстанып уу жуткан!

Эми кара, мурунку жок жамалың,
Кошоматчы шөмтүрөгөн абалың.
Тыңдай албай жоону эмес үйүңдү,
Ачылбастан турат сенин кабагың!

Кийин тарых кечирбейт го кылмышың,
Чач ал десе баш аласың Кыргызым!
Эл арманын бөлүшкөндүн ордуна,
Өз элиңе душман болдуң тымызын!

Карап турам асмандагы жылдызды,
Ыйлап туруп жазып бүттүм бул ырды.
Тирүүлүктөн эчак баары кетишкен,
Же кыргызым асмандагы жылдызбы?!


Тагдырбек Бөрүбаев
(Канжар) Ак-Талаа району









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan