Эл аралык панорама

ПАЛЕСТИНА ТРАГЕДИЯСЫ ЖАНА ЫДЫРАГАН АРАБДАР
Чыккынчылык качан болсо тырмактагы мык сыңары сыздатып гана турат
Артур Миллер

Өз азаттыгы жана мамлекеттүүлүгү үчүн күн сайын күрөшкө аттанган Палестина арабдары жөнүндө кимдер гана жазбады. Бул айыкпас жараат ХХ кылымда башталып, ХХI кылымга ого бетер өтүшкөн акыбалда кирди. Конфликттин тарыхын элдин баары эле биле бербейт. Ошондуктан алар демейде картаны карашат, андагы кымындай болгон Израиль деген мамлекетке, анан анын тегерегинде эки материкти каптап турган чоң-чоң араб мамлекеттерине көз чаптырышат. Анан ар бир адамдын оюна кетет: бу кандайча, кипкичине болгон еврейлердин мамлекети, ага каршы турган андан да кичине Палестина тилкеси, анда жашаган ыйлуу-муңдуу арабдар… Неге бу каршылашуу эмдигиче аягына чыкпайт дешип, баары аң-таң калышат. Чындыгында да таң калбай турган ишпи: арабдардын жеринде нефть деген суудай агат, газ деген андан бетер толтура. Египетте болсо дүйнөнүн эң байыркы цивилизациясы пайда болгон, туричт деген толтура. Мекке менен Медина - мусулмандар дүйнөсүнүн ыйык жерлери да ошол араб жергесинде.
А бирок иштин жайы, тилекке каршы, таптакыр башкача. Израиль кичине болгону менен анын артында Америка, Франция жана Улуу Британия сыяктуу державалар, Батыш мамлекеттери турат. Ошолор эмне десе, сөзүн эки кылбай турган араб мамлекеттери да Израилди тымызын колдоп тураарын баары эле биле бербесе керек. Анда кепти ошондон баштайлы.
Израиль менен 30 жылга жакын тыгыз кызматташып келаткан араб мамлекеттери: Египет (1922-жылы эгемендикке жеткен), Иордания (1946-жылы эркиндик алган), Сауд Арабиясы (1932-жылы түзүлгөн), Бириккен Араб Эмираты (1972-жылы түзүлгөн), Кувейт (1961-жылы түзүлгөн). Бул мамлекеттердин башында тургандар - көз карандысыздыкка жетишээр замат мурунку колонизаторлор, атап айтканда англичандар такка отургузуп кеткендер. Мисалы, Сауд Арабиясынын шейхи Абдул Азиз бин-Сауд (мамлекеттин аты шейхтин аты менен байланыштуу) так ошондой адам. Ал эми Египет болсо Гамаль Абдель Насердин убагында алда канча өз пикири бар, өз позициясы бар мамлекет болсо да, Анвар Садат бийликке келгенден кийин кайра Батыштын ырын ырдай баштаган жана ушу күнгө чейин ошол ыр такай ырдалып келатат.
Булар бийликте турганда эч качан арабдарда демократия болбойт, анткени демократия орноор замат булар бийлигинен кол жууйт. Карапайым эл булардан кантип кутулаарын билбей отурат бу заманда. Тилекке каршы, Палестина да ошол жолдо кетип баратканы өкүнтөт. Анткени Махмуд Аббас, азыркы номиналдуу Палестина лидери, демократиялык жол менен эмес, так ошондой көз боемолоо, добуштарды сатып алуу ж.б. жолдор менен бийликке келди. Бир гана Газа тилкесиндеги арабдар 2006-жылы чыны менен демократиялык шайлоо өткөрүшүп, натыйжада эч ким күтпөгөн Исмаил Ханиа жеңип алса болобу. А Ханиа болсо, албетте, Махмуд Аббаска жакпайт, анткени ал Батыштын кабак-кашын карап турат, анын үстүнө Исмаил Ханиянын партиясы (Хамас) террористтик уюм деген жаманаттысы бар. Бул шылтоого таянып, Израиль былтыр Газа тилкесин толугу менен блокада кылды, чек араларды жапты. Аны туурап Египет да палестиналык арабдарды легалдуу түрдө өз территориясына кое бербей, азык-түлүксүз калтырып кууратты. Анткени Батыштан чочулады, Хамасты жактырбаганын ачык эле билдирди. Анан калса Хамас партиясы дал ошол Хосни Мубаракка, Египет Президентине оппозицияда турган "Мисир мусулмандарынын боордоштугу" деген уюмга мүчө болуп жатпайбы. Мына кеп кайда жатат.
Эми Иорданияга келели. Бул королдуктун башында энеси англичан, Батышта билим алган, Джорджтаун университетинде окуп-чокуган, ал гана эмес ошол университеттин алдындагыгы Иезуит борборунда шугулданган Король Адалла 11 турат. Анын аялы каныша Рания, тукуму Палестинадан. Анын бийликке келишине ЦРУнун түздөн-түз тиешеси бар экенин мындан эле билиңиз: атасы Америкада катуу оорудан каза болоор замат, королдун тажиясына ал кездеги Мамлекеттик катчы Мадлен Олбрайт учуп келип, дал тажияда король мурунку осуятын өзгөртүп, өз ордуна Абдалланы дайындап кетти деп жар салса болобу. Ошентип Иордания Абдалланын башкаруусу астында калды. Аны тактан жылдырганга эч кимдин күчү жетпейт, анткени аны ЦРУ канаттууга кактырбайт да, тумшуктууга чокутпайт. Абдалланын бийликте турушуна кызыкдар экинчи тарап - Израиль, себеби кокус эле нааразы болгон эл көтөрүлүшкө чыкса, ар кандай шылтоо менен анны баса турган күч - ошол эле еврейлер.
Эми Сауддарга келели. Королдун жашы 84 тө. Жеке байлыгы 21 млрд доллар деп эсептелет. Анын 8000 ге жакын урук-тукуму, тууган-туушкандары Сауд Арабиясын түп көтөрө башкарат. Бул мамлекет жалпы эле араб дүйнөсүндөгү эң эле коррупцияга белчесинен малынган мамлекет деп эсептелет. Алдамчылык, көз боемочулук, акча менен сатып алуу - булардын негизги башкаруу ыкмалары. Бир жагынан Батыш маданияты ирип-чириди, мындан жаа бою качалы деп ооз жүзүндө сүйлөшөт да, эс алып, жыргап-куунаган жерлери дал ошол ириген-чириген Батышта. Акчалары да ошол Батыштын банк тарында, өнөр жайында, баалуу кагаздарында. Бир жагынан ССРге каршы согушкан моджахеддерди акча менен каржылашса, кийин талибандарды ушулар кутуртту. Садам Хуссейнди Иранга каршы тукурган да дал ушул Сауддар экенин эч кимге жашыруун сыр эмес. Ошол эле Сауддар азыр Сомалидеги тополоңдун артында турушат, Пакистандагы парамилитаристтик күчтөр да ошол капчыгы чоң шейхтерден азыктанат. Эмне үчүн? Анткени жогорудагы мамлекеттерде араб диктаторлоруна нааразы болгон Мусулмандар боордоштугу уюмунун толуп аткан мүчөлөрү бар, алар күчтөнсө - шейхтердин бийлигине доо кетет.
Кечээ кийинки палестиналык жүз миңдеген арабдардын азык-түлүксүз калып, жадагалса кошуна Египетке өтө албай азап чеккенин дал ошол Батыштан келген врачтар, гуманитардык жардам көрсөткөн уюмдар ачык эле жазышууда. Бул Израилге түздөн-түз жардам көрсөтүү эмей эмне? Бекер жардам көрсөтөм, чек арадан өткөргүлө деп суранса да, жакын жолотпой койгон Грециялык анестезиолог Могние муну "Египеттиктердин ташбоорлугу" деп сүрөттөдү. Палестинага деп жөнөтүлгөн Ливия Президентинин медициналык жардамдарын да каратып туруп чек арадан өткөрбөй койгон да Египеттик аскерлер болду.
Дегинкиси, Израиль бул эки жүздүү араб лидерлеринин пайдасын аябагандай көрүүдө. Демек, Палестина арабдарынын тарта турган азаптары дагы алдыда. Анткени аларга реалдуу жардам көрсөтүп, сөзүн сүйлөй турган арабдар ич ара ыркы жок, бир менен бири душман, ички проблемалары андан да көп.

Аббас Бахтияр,
Араб профессору,
Норвегия

Редакциядан :
Доктор Аббас Бахтияр азыр Норвегияда жашайт. Интернетте чыга турган бир катар онлайн басмалардын консультанты жана активдүү автору. Буга чейин Норвегиядагы Нордланд университетинин сырттан иштеген профессору болгон. Араб дүйнөсүнө белгилүү аналитик жана журналист.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan