Неудобный

Суроолор
Чолпон Баековага,
парламенттин
вице-спикери, Конституциялык соттун мурунку төрайымы
Чолпон Турсуновна, сизден "Айгай" гезити көптөн бери сурайын деп жүргөн бир суроого так жана ачык жооп берип койсоңуз абдан сонун болоор эле. Суроонун жайы төмөндөгүдөй: Бу Консот деген аттуу-баштуу мекеменин уюшулганына бери болгондо он жети жылдан ашыптыр. Ал мекемеге сиз бери болгондо он беш жылдай төрайым болуп иштепсиз. Ошондон бери карай бул уюмга мамлекеттин капчыгынан аябагандай зор акча короптур. Башкасын коюп, сиздин эле жашаган мамлекеттик резиденцияңыз үчүн, минген машинаңыз үчүн, сизди жумушуңузга, анан ар күнкү кечки той-тамашаларга коштогон "мигалка" машина үчүн, охрана үчүн, айтор, ансыз да жыртык-тешиги көп бюджеттен каражат деген миллиондоп агыптыр. Бирок, ошол чоң каражаттардын кичине болсо да, тырнактай болсо да элге, коомго пайдасы болдубу? Сиз жетектеген уюм жок дегенде бир жолу негизги мыйзамдын тепселишине каршы тура алдыбы, демократияны, адам укуктарын сактоого кайырымы болду деп ойлойсузбу? А өзүңүз ошол миллиондогон каражаттарды зор ишеним менен ай сайын, күн сайын төлөп берип турган эли-журтуңуздун алдында абийирим таза, жүзүм жарык деп айта аласызбы? Же бу Консот деген кокуй дал ошол конституцияны таламандын тал түшүндө бузгандарга убак-саатынан кечиктирбей "ак жол" тилеп, конституциянын атынан деп туруп ак бата бериш үчүн уюшулган беле? Деле өмүрүңүздө бир жолу бийлик башындагылар, ар кыл "төңкөрүштөрдүн" уюштуруучулары, "учредителдик чогулуштун" анабашылары ж.б. конституцияны ачыктан ачык тепсегенде, элдин конституциялык укуктары чектелгенде мыйзам бузбагыла деп үн көтөрүп айта алдыңызбы? Же мыйзам сактоонун мага эч бир тиешеси жок деп эсептеп (анда неге төрайым болуп он алты жыл айлык жедиңиз, бекерпоздордун колтойгон штатын неге кармадык?), мыйзамды, конституцияны тепсеген кылмышкерлерге элден озунуп "улуу даражалуу" деп кулдук уруп коюп күн көрүп келе жатасызбы? Деги биздин конституцияны кол жоолукка айландырып, кай жакка болсо чое бере турган резинага ким айландырды, ошого кош колдоп ким жардам берди? Конституциянын сакталышын көзөмөлгө албоо - түздөн түз мамлекеттин пайдубалына залал келтирүү деген америкалык улуу саясатчынын сөзү чын болуп жүрбөсүн, Чолпон айым?
(Уландысы 6-бетте)




90 жаш
Кыргызстан КПБКсынын төрагасы болуп Кыргызстанды 25 жыл башкарган, Кыргыз Эл Баатыры, ардактуу эс алуудагы ардагер, кадырман карыя Турдакун Усубалиев быйыл 90 жашка толот экен деп, жердештери мааракеге даярданууда. Учурда уюштуруу комитети түзүлүп, жетекчилигине КРнын экс-депутаты, Нарын областынын экс-губернатору коомдук ишмер Шамшыбек Медетбеков дайындалды. Кадырман карыя картайдым деп жатып албай дале болсо күүлү күчтүү. "Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылын негиздөөчүлөрү менен бирге Кыргызстандын коомдук-саясий иштерине активдүү катышып келет.

АКШ долларынын курсу жогорулай баштады
Борборубуздагы акча алмашуу жайларында бир АКШ доллары 45 сомдон сатылып, 42 сомдон алынууда. Улуттук банктын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, азыркы мезгилде кырдаал өлкөнүн башкы банкында иликтенип жатат. Баса айтмакчы, жума башында Казакстан улуттук валюта теңгесин 25% девальвациялаган эле. Кыргыз тараптан да ошондой кадам жасалабы деген коркунуч өз күчүн жогото элек. Же чындап эле кризиске баратабызбы?

Конституциялык соттун судьясы аялынын өлүмүнө тиешеси барбы?
Ушундай суроону Жогорку Кеңештеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева парламентте коюп, Деминдин коңшуларына таянып, ал аялын зордук менен психоневрологиялык ооруканага жаткырганын, ал жерде аялы каза тапканын билдирди. Депутаттын маалыматы боюнча, Демин аялы менен "сталинка" түрүндөгү квартираны талашып жаткан. Президенттик администрацияда, юридикалык системада иштеген, бирок соттук иш боюнча эч тажрыйбасы жок Сергей Демин быйыл январь айында Конституциялык соттун судьялыгына шайланган. Кызматка киришүүнүн алдында 5-февралда ал парламентте ант бериш керек эле. Бирок, аялынын каза болгонуна байланыштуу Демин Жогорку Кеңешке келген жок. Роза Отунбаева бул маселени иликтөөнү парламентке сунуштады.

"Ата Мекен" партиясы Алматыга барат
Казакстандагы "Бириккен социал-демократтар" саясий партиясынын лидери, мурдагы спикер Жармахан Туякбайдын демилгеси менен "Бүгүнкү күндүн көйгөйлөрү жана социал-демократия" деп аталган эл аралык жыйын уюштурулуп жатат. Ага Социнтерн уюмунун Борбор Азиядагы жалгыз мүчөсү катары "Ата Мекен" партиясы чакырылды. Жыйынга алты делегат аттанып турат. Алар Ө.Текебаев, Болот Шерниязов, Асия Сасыкбаева, Дүйшөн Чотонов, Райхан Төлөгөнов жана партиянын жаш канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев. Жыйынга Казакстан, Кыргызстандан сырткары Орусия жана башка өлкөлөрдөн делегаттар катышуусу күтүлүүдө.

Нааразылык акциясы жалпы өлкө боюнча башталат
"Президентти мөөнөтүнөн мурун кетирүү жана үй-бүлөлүк башкарууну токтотуу талабы менен нааразылык акциясы жалпы Кыргызстан боюнча бир күндө башталат. Бирок, анын так күнү азырынча айтылбайт," - деп билдирди Бириккен Элдик Кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров. Анын айтымында, алдыдагы жаз чечүүчү жаз болот. "Бийлик күч колдонууга аракеттенет. Бирок тартип коргоо органдары өз элине каршы ок атпайт. БЭК жакын арада нааразылык акциясы жана анда коюлган талаптар тууралуу эл аралык уюмдарга, өлкөнүн калкына, күч органдарына кайрылуу жасайт. Оппозициялык кыймыл өлкөнүн үй-бүлөлүк башкаруусун өлкөнүн азабы, оор кырдаалдын булагы катары баалайт" дейт, Бекназаров.

Кочкордо Жекшенкуловду колдоо комитети түзүлдү.
"Акыйкаттык үчүн" кыймылынын координатору, оппозициялык күчтөрдүн лидери Аликбек Жекшенкуловго карата бийликтин жасап жаткан кысымдарына нааразы болгон Кочкорлуктар Жекшенкуловду коргоо комитетин түзүп, жасалма козголгон кылмыш ишин токтотууну талап кылган кат менен президентке кайрылуу жазып, кол топтоого киришти.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan