Кыргызымдын жигиттери
Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат үчүн" кыймылынын
Координатору
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери.
Чок кармаган кол менен баатыр
бол, деп
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени.

(Байдылда Сарногоев)




  Намыс! Намыс!

Азаматтар, кайдасыңар - Мыктылар?!
"Эмки Президент ким болот?" деген суроо-
Илгери үмүт. Ичиңде - өрт, кашыңда - жоо.
Ажыдаардай ургулайт коррупция,
Тегеренип, чимирилип оңдо - солдо.

Намыс! Намыс...козголуп Ата-арбактар,
Колдойбуз деп ойгонгон жапандухтар.
Берген элек "Кудайдын дачасын" деп,
Кыргыздарга жадырайт бүт жылдыздар!

Казаныңар ырыска толо болсун,
Ырчыларың булбулдай созолонсун!
Кыйын чакта "кыргызым" деген жигит,
Карапайым, калыс алтын такка консун.

Ошол чыгаан татыктуу алтын таажы,
Кыя чаап жок кылсын ажыдаарды.
Күүгүмдөгү кыштакка ойго баткан,
Күйгүзсүнчү эл күткөн жарык шамды!..

Намыс! Намыс! Бүжүрөп майдасыңар,
Улут да эмес, киши эмес кайда сын, ар?!
"Мен силерди Эл, Адам кылам" - деген,
Азаматтар, мыктылар кайдасыңар?!

Алик Акималиев




  Толгой тарткан кыл аркан

Азимбек Бекназаров, Бириккен Элдик Кыймылынын штаб жетекчиси:
"Президентке ишеним калбады"

- "Бүгүнкү күн менен эле жашоо бүтүп калбайт" деген сөздү саясий өңүттө чечмелеп бере аласызбы?
- Бүгүн сот гана эмес, баардык эле күч органдары да учурдагы бийликтин, президент Бакиевдин үй-бүлөсүнө кызмат кыла турган гана органга айланып калышты. Алар Ак үй эмне десе, ошондой чечим чыгарып берет. Бул жерде бийликтин аракети белгилүү.
Алардын көз карашына төп келбеген саясатчыларды коркутуп-үркүтүп, кысымга алып, унчукпас кылып салууга болгон максатты көздөп жатышат. Мындай аракеттин андан аркы максаты-бийликтикинен башка көз карашы бар саясатчыларды колдоп кете турган инсандарга да "эгерде кимде-ким оппозицияга кошулуп, аларга тилектеш болсо, аларды да кылмыш жообуна тартып коебуз" деген максат болуп жатат. Азыр ошондой саясий буюртмалар менен азыркы бийликке ачык пикирин билдирген Эмилбек Каптагаев, Эркин Бөлөкбаев, Исмаил Исаковго кылмыш иштери козголгон. Алардын катарын кечээ жакында "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев толуктады. "Акыйкат үчүн" кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкуловдон Кыргызстандан эч жакка чыкпоо жөнүндө тил кат алды. Ишенбай Кадырбековдун иши болсо дагы белгисиз мөөнөткө токтотулду.
Ушул учурда мен сотторго, тергөөчүлөргө дегеле Ак үйдүн буйругун аткарып жаткандарга сиз берген суроодой, бүгүнкү күн менен эле жашоо бүтүп калбаарын, бүгүнкү жасагандары келечекте беттеринде чиркөө болуп калбасын эскертким келет.
Ал эми 27-январда мамлекет башчы элге жасаган кайрылуусунда айтып жатат, "бардык саясий күчтөрдүн пикирлерин эске алуу менен иштешем" деп. Элден мурда жогоруда биз айтып кеткен саясий күчтөрдүн башчыларына куугунтукту токтотуп, "мына, мен буларды токтоттум" деп койсо, эл да ишеним артып калмак. Ошондуктан президентке ишеним калбады, жеке мен ишенбейм.

Гули Мамасалы кызы




  Баратып, баратып эле...

Жапаров "жарк" эткенде...
К Бакиев бийликке өзү менен бирге келгендерден арылып бүтүп жанында Акылбек Жапаров эле калган сыяктуу. ММКларда саясий ушакчылар аны да эчак эле "кетет, кетет" деп жүрүштү эле, эмнегедир ал маалыматтар чындыкка дал келген жок. Бул сапар ордунда калышынын себебин, Кочкордун дагы бир тыңчыкмасы, "Акыйкаттык үчүн" кыймылынын төрагасы, азыркы оппозиция лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловго байланыштуу деген кептер тарады. Угушубузча Акылбек мырза Бакиевге Жекшенкуловду "тизеге чаап", Кочкорду колго алам, деген убада аркылуу ордун сактап калган имиш. Кайран Акылбек мырза, анысы чын болсо, кезегинде Бакиевге кошулуп алып, "чоң атасы" Турдакун Усубалиевге асылып, Долондун берки бетин ызы-чуу кылып, кийин "атышып атып", элге жаман көрүнгөн эле, эми кантээр экен? Себеби, Кочкорлуктардын Жапаровдон айныганы былтыркы шайлоодо эле байкалган. Акылбек Кочкордон "Акжолго" 80% добушун сатып алсам да салдырам деп, Текебаев менен байге сайышып, салдыра албай утулуп калганын "Ата Мекенчилер" эмгиче айтып жүрүшөт. Анткени, шарт боюнча утулган тарап "Ата Мекенчилердин" жетекчилигин ресторанга коноктомок экен, бирок ушу күнгө чейин утулушун аткарбай качып жүрөт имиш.
Эльнура Дүйшеева




  Каалоо кумарын ээрчибе

Адамдарга кең пейил, айкөл болуңуздар
КР Президенти К.Бакиевке
КР генералдык Прокурору
Э. Сатыбалдиевке

Кайрылуу

Урматтуу, өлкө Башчысы, урматтуу баш Прокурор!
Сиздерге кайрылуубуздун себеби мындай: "Акыйкат үчүн кыймылынын" лидери А.Жекшенкуловдун, "Ата Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаевдин жана башка оппозиция өкүлдөрүнүн үстүнөн жакында кылмыш иштери козголуп, мунун айланасында ММКаларда бир топ ызы-чуу болуп жаткандыгы бизди тынчсыздандырууда
Негизи Ислам дининде Аллах Тааланын айткандары боюнча, жана Пайгамбарыбыз Мухаммад алейхиссаламдын осуяттарында: Адилеттүлүк эң жогорку орундарга коюлат. Аллах Таала жана анын Пайгамбары баардык мусулмандардан алардын адилеттүүлүгүн сактоосун талап кылган.
Алла Таала ыйык Куранда: "Адамдардын ортосунда адилеттүүлүк менен өкүм кыл, каалоо кумарын ээрчибе, антпесе ал сени Аллахтын жолунан адаштырып коет "(Сод сүрөөсү, 26 аят). " Адилеттүү болууңарда көңүлүңөргө ээрчибегиле. А эгер силер тайсалдасаңар, же баш тартсаңар анда Аллах силердин эмне кылганыңардан толук кабардар "(Ниса сүрөөсү, 135 аят) деп айткан.
Алланын элчиси Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммад алайхис салам: " Адамдарга кең пейилдү, айкөл болуңуздар, мына ошондо адамдар да сиздерге ошондой мамиледе болушат" деген.

Урматтуу Курманбек
Салиевич,
А. Жекшенкуловго, Ө.Текебаевге жана башка оппозиция лидерлерине кылмыш иштеринин козголуусуна байланыштуу айтаарыбыз: Коомубузда адилеттүүлүктүн орун алуусуна, жогоруда аталган иштин адилеттүү чечилүүсүнө көмөк көргөзүүңүздү жана адамдардын жөн жеринен запкы чегүүсүнө адилетсиз жагдайлардын келип чыгуусуна жол бербөөңүздөрдү сунуш кылабыз.

"КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ОРТО АЗИЯ МУСУЛМАНДАР КОНГРЕССИНИН" ЖАМААТЫ.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan