Эр өлсө дагы сөзү өлбөсүн

Кыргыз Республикасынын Президенти К.С. Бакиевге

Ачык кат

Урматуу Курманбек Салиевич 27-январда элге жасаган кайрылууңуз баш тартууга, баш мыйзамдын 3-беренесинин 2-бөлүгүн одоно бузуу менен өлкөдө авторитардык режимди бекемдөө үчүн багытталгандай.
Сиз улуттун кызыкчылыгы-өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, деп айттыңыз. Буга чейин билген жок белеңиз? Эмне үчүн Сиздин "Ак жол" аттуу партияңыздын депутаттары мыйзамдаштырып, өзүңүз колду коюп, баш мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын бүт аймагы кол тийгис жана бөлүнгүс" деп жазылып турса дагы аны одоно бузуп КАРКЫРАНЫ Казакстанга өткөрүп бердиниз? Мындай элдик чыкынчылыкка кандай жооп бересиз?
Сиз улуттун кызыкчылыгы - экономикалык өз алдынчалык жана көз карандысыздык дедиңиз. Буга чейин муну дагы билген жок белеңиз? Эмне үчүн өзүңүз экономиканын өзөгүн түзгөн энерготармакты, кен байлыктарын, өнөр жай тармактарын жалпы коомдун каршы пикирине карабай, эсепке албай, өзүм билемдик кылып чет мамлекеттик (өздөрүнүн гана кызыкчылыктарын ойлошкон) "бизнесмендерге" бердирип жатасыз? Мамлекеттин карамагында эч нерсе калбаса, кайдагы экономикалык өз алдынчалык жана көз карандысыздык болот? Мүмкүн үй-бүлөөңүздүн экономикалык көз карансыздыктарын алмаштырып жаткан жоксузбу? Экономиканы өстүрүү, элдин турмушун оңдоо эмес, тескерисинче элди сызга отургуза турган "чудиновуңуздун" эл арасында айтылган "чудо" өкмөтүңүз кабыл алган патенттер жөнүндө токтомун жана лигитимсиз "Ак жол" фракциясы кабыл алган, өзүңүз колду койгон "Салык Кодексин" окуган жоксузбу? Кээ бир патенттердин баасы бир нече пайызга көтөрүлгөнүн, анын натыйжасында жүктүн баардыгы элдин мойнуна жүктөлгөнүн билбейсизби?
Сиз "улуттун кызыкчылыгы - улуттук интелекти туруктуу өнүкүрүү, күчтүү жана билимдүү улут", деп баса белгиледиңиз. Мектептер жылытылбай, жарыктын жоктугунан, министриңиздин буйругу менен окуучулар окубай жүргөндөрүн уккан эмессизби? Жогорку окуу жайларын бүткөндөр жумушу жок базарларда, же чет өлкөлөрдө көчө шыпырышып жүргөндөрүн, улуттун сыймыгы болушкан, жазуучу, илимпоз-окумуштуулар, маданият-искусство өкүлдөрүнө мамлекет тарабынан кам көрүлбөсө каяктагы улуттук интелекти өнүктүрү, жакшы билим алууну айтыңыз?
Сиз "ар түрдү саясий күчтөрдүн интелектуалдык ресурстарын, ой пикирлерин угамын" дедиңиз. Буга чейин кимди угуп келдиңиз? Баш мыйзамдын 42-беренесинин 2-бөлүгүндө "Президент… адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин кепили болуп саналат" деген милдетиңизди одоно бузуп, кепили болгондун ордуна, жазалоочу, диктатка өткөнүңүзгө кандай баа бересиз? "Ак жол" партиясынан башка өзгөчө оппозициялык маанайдагы партиялардын жетекчилери, жер-жерлердеги партиялаштары, жоро-жолдоштору, тууган уруктары менен саясий, экономикалык, социалдык абалдарды талкулоо үчүн жана жөн эле жолугушуу үчүн барышса, акимдер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, аларды согуш мезгилиндеги душмандарды тоскондой, жолун бөгөп, жумурткалар менен "аттырып", мүмкүнчүлүк бербей, тоскоолдук кылышып, ар түрдү шылтоолор менен иш козгошуп, сиздин жана үй-бүлөөңүздүн буйруктарын аткарып жатышса, кайсыл саясий күчтөр менен сүйлөшмөксүз?
Сиз пенсионерлердин пенсиясы, мугалимдердин, врачтардын айлык акысы күнүмдүк турмушка жетпей жатса, мамлекеттик каражатты, өзүңүздүн кызыкчылыңыз үчүн коротуп жаңыдан Президенттин алдында катчылыкты, жана стратегиялык институтун түзүп, сунуштарды тактоо үчүн бир айлык мөөнөт бердиңиз. Өзүңүздүн администрацияңыз, коопсуздук кеңеши, өкмөт, губернатор, акимдер жана кеңешчилериңиз иштей албайбы? Эгерде үчүн алардын иши сизди канаатандырбаса, элдин эсебинен эмнеге аларды каржылоо керек? Катчылыкта кимдер отурат, кайсы мамлекеттин жарандары, аларды каржылоо үчүн канча мамлекеттик каражат сарпталат, буга кандай жооп бересиз?
Сиз жеке жоопкерчиликти мойнума алам деп жарыя кылдыңыз. Анда, төрт жыл жоопкерчилик кимдин мойнунда болгон, балаңыздынбы, инилериңиздинби? 2005-жылы Президент болуп шайланганда элге берген антыңызда, жоопкерчилик бир гана сиздин мойнуңузга жүктөлгөндүгүн унутуп калдыңыз беле? Кыргызда "Эр өлсө дагы сөзү өлбөсүн" деген улуу сөз бар. Сиздин айткан сөздөрүңүз менен аткарган иштериңиз төп келишпей жатканын 27-январга чейин билген эмессизби?

Урматуу Президент!
Жогорудагы суроолорго жооп беришиңизди, Бириккен Элдик Кыймылдын жетекчилерин саясий куугунтуктоону токтотууну, мыйзамдарды одоно бузуп, үй-бүлөөгө кызмат кылган, башкы прокурорду, ички иштер министрин, коопсуздук комитетинин төрагасын, Бакай-Ата жана Талас районунун акимдерин жумуштан четтетип, мыйзамдын негизинде жоопко тартылуусун, ошону менен бирге, өлкөнү бүгүнкү оор абалга алып келгениңиз үчүн элден кечирим суроону жана Баш мыйзамды одоно бузуп, адамдардын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин кепили боло албагандыгыңыз үчүн, конституциянын 50-беренесинин 1,2-бөлүгүнүн негизинде мөөнөтүңүздөн мурун кызматтан кетүүңүздү талап кылабыз!

Бириккен Элдик Кыймылынын улуттук кеңеши





Аксакалдар кайрылат
Байыркы кыргыз кытмыр, ыплас жолду тандаган эмес
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.С.Бакиевге

Урматтуу Президент!
Сизге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын гаранты деп кайрылып жатабыз. Сизди өлкөнүн эң бийик кызматы болгон президенттике бардыгыбыз чоң үмүт менен, абдан ишенип чын жүрөктөн шайлап, кыргыз элинин бүгүнкү жана келечек тагдырын сиздин колго бердик эле.
Биз бул турмушта көптү көрдүк, ар кимибиз ар кайсы кызматта иштеп, Кыргызстандын гүлдөгөн учурун да, кыйын кезеңдерин да баштан кечирип, далай оош-кыйыштарды өттүк. Өлкөбүздөгү бүгүнкү абал бизди абдан тынчыздандырып турат, саясый кырдаал өтө курч, бийлик менен оппозициянын тирешүүсү күч алууда. "Эрегиштен эр өлөт" деп илгертен акылмандарыбыз айтып келген. Анын сыңарындай бүгүнкү эрегиштен өлкөбүздүн тагдырына доо кетеби деп кабатырлануудабыз.
Байыркы кыргыз эли ички атаандаштар эле эмес сырттан келген жоого дагы ачык аттанып, бетме-бет чыгып, кытмыр, ыплас жолдорду тандаган эмес. Буга кыргыз элинин Рух бийиктиги, намыскөйлүгү, адамдык сапаттары жол бербеген, анткени акылман элибиз эгерде ыпластыка бир ирет жол берилсе, ал көбөйүп отуруп, каргашалуу селге айланып, жалпы журттун ырысын кетирээрин билген.
Азыркы бийлик менен оппозициянын тирешүүсүндө өлкөнүн укук коргоо органдары айрым учурларда мыйзамсыз ыплас жолго түшүп кетип жатканын сизге кабарлап койушубуз керек. Бул жагдай бардык кыргыз элинин намысына шек келтирүүдө. Оппозиция лидерлери О. Текебаев, А. Жекшенкулов, И.Исаков жана башкаларга козголуп жаткан кылмыш иштери, аларга көрсөтүлүп жаткан кысымдар көп учурда жигиттиктен четтеген, ыплас жолдор аркылуу кетип жатканы бизди кейитет. Биздин ойубузча мындай жосундар элдин нааразычылыгын күчөтөт, ынтымагын кетирет. Ошондуктан биз бийликти да, оппозицияны да ата-бабаларыбыздын мурасын эстен чыгарбай, улуттун биримдиги, өлкөнүн келечеги үчүн өз ара сүйлөшүүлөргө барып, биринин сөзүнө бири кулак салып, келишпестиктерди жаңжал жолу менен эмес, дискуссия жолу менен чечүүлөргө чакырабыз. Ал эми кылмыш иштерди козгоону тезинен токтотуп, өрт тутанып кетпеси үчүн макулдашууларга барып, таймашса да ачык таймашып, көңүлдү ирээнжитип, зээнди кейиткен ыплас методдор колдонулбасын дээр элек.
Урматтуу Курманбек Салиевич! Ушул маселелерди элге кайрылууңузда өз учурунда көтөрдүңүз, ич ара келишпестиктерди жөнгө салууда Сиз өлкөнүн баш мыйзамынын гаранты катары, болуп жаткан туура эмес жагдайларга туура баа берип, өлкөдө Рух тазалыгын сактап, укук коргоо органдарынын мыйзам чегинен четтешине жол бербейсиз деген үмүт менен кайрылабыз. Азыркы абалга жалпы Кыргызстан эли да кайдыгер карабашы зарыл, элдин калыстык сөзү, кадырман кеңеши абдан керек болуп турат.
Кыргыз эл баатыры, ардагер пенсионер Т.Усубалиев
Кыргыз эл баатыры, эл акыны C.Эралиев
Кыргыз эл баатыры, академик, М. Мамакеев.
Кыргыз эл баатыры эл акыны С. Жусуев
Экс- мамкатчы КР, профессор И.Абдуразаков
Академик М. Мамытов
Академик, КМШ эл аралык фитоборборунун президенти О.Нарбеков
Академик Д. Маматканов
Академик, КР мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лауреаты, К.Осмонбеков
Академик, экс- төрага ЖК А. Эркебаев
Экс-премьер-министр КР Т. Чынгышев
Экс-премьер- министр А. Муралиев
Экс -төрага ЖК М. Чолпонбаев
Профессор, экономикалык илимдердин доктору А. Сарыбаев
Кыргыз эл жазуучусу Б.Жакиев
КРнын Атайын ыйгарым укуктуу элчиси Ж. Сааданбеков
Академик, Кыргыз эл жазуучусу М.Байжиев
КР эмгек синирген дарыгер А. Джайлобаев
Экс депутат, профессор Т. Балтабаев
Ардагер пенсионер А. Абдылдаев
Ардагер пенсионер И. Алджанбаев
Ардагер пенсионер Т.Чорчоев
Профессор, ардагер пенсионер К.Молдобеков










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan