...айбалтаңды ала жүр

Орто Азиядагы геосаясий кызыкчылык кандай чечилет?
Орто Азия чөлкөмүндөгү геосаясий кырдаал курчуй баштады. Дүйнөлүк державалардын кызыкчылыгы бул жылы Борбор Азияда активдешет өңдөнүп калды. Мунун алгачкы белгилери Россия президенти Медведевдин Ташкентке жасаган иш сапарынын алкагында билинди. Сапардагы Россиянын позициясы, анда сүйлөнгөн сөздөр Орто Азия мамлекеттерин бир топ козутуп койду.

Россия президенти Д.Медведевдин Өзбекстанда сүйлөгөн сөзү Тажикстан менен Кыргызстанга жагымсыз маанай жаратты. Аталган билдирүүгө Кыргызстан баягысындай эле "балык" болуп отуруп берсе, Тажикстан нааразычылыгын ачык билдирип, орустарга кыр көрсөткөнгө жарады. Буга Россиянын билдирүүлөрү эки ача чыкканы шарт түздү. Себеби, Амударыя жана Сырдарыянын башында турган мамлекеттерге сууэнергетикалык обьектилерди куруу маселеси боюнча Д.Медведев Өзбекстанда өзгөчө: "Борбор Азия чөлкөмүндө сууэнергетикалык станцияларын курууда, коңшу өлкөлөрдүн кызыкчылыгын эске алуу зарыл. Эгерде бардык тараптын макулдугу болбосо, аталган проектилерди ишке ашырууга Россия катышпайт" деген пикирин билдирген. Мындай билдирүүгө Тажикстан ТИМи; "Биз Д.Медведевдин Душанбеге жасаган иш сапарында айтканы менен Ташкенттеги билдирүүсү эки башка чыкканына кабатырбыз" деп билдирүү таратып, орустарга нота жөнөттү. Анткени, өткөн жылдын август айында Тажикстанга болгон иш сапарында Медведев Рогун ГЭСин бүтүрүүгө жана өлкөнүн ички дарыяларына үч ГЭС курууга Россия каражат бөлөөрүн билдирген. Орус лидери ошол учурда сууэнергетикалык обьектилерди курууда коңшу өлкөлөр менен т.а. Өзбекстан менен макулдашуу керектигин эскерткен эмес. Ушуга негиздеп тажик Президенти Рахмон Москвадага боло турган иш сапарын токтотуп, 10-11-февралда Брюсселге жөнөөрүн билдирген. Билдирүүдөн улам айрым аналитиктер Орто Азиядагы суу маселесин Евросоюз менен АКШ гана туура түшүнүп, калыс чечип берет деген пикир таратышты. Бирок, кийинчерээк, айрым ортомчулардын ортого түшүшүнүн негизинде Москвадагы ОДКБ жыйынына Рахмон кайра бара турган чечим кабыл алды. Аба ырайынын начар болгонуна карабай Москвага сапар алган тажик президентин орустар жылуу кабыл албай койду. Мейманканаларда орун жок деп алакан жайышканы да түшүнүксүз ойлорду жаратууда.
Орто Азия өлкөлөрүнүн келише албаган эң негизги көйгөйү суу маселесинде жатат. Суу маселесин комплекстүү карап, башка өлкөлөрдү ортого салбай, лидерлери өз амбицияларынан бийик туруп, кеңешип гана чечпесе, буга чейин болуп келген тирешүүлөр улана берери бышык. Тилекке каршы, жогорку жакты карап чечим кабыл алып үйрөнгөн союздун тарбиясындагы жетекчилер мындай иште "мен кыйынмын" оорусу менен оорушуп, башка мамлекеттердин таасири астында коңшуларын тизе бүктүрүү, чөгөлөтүү максатын көздөгөн саясатты өркүндөтүп келишет. Аягы көрүнбөгөн тирештин жыйынтыгында бирөөсү Москваны караса, экинчиси Батыштан үмүт артып жигердүү кызматташа албай күн өткөрүшүүдө.
Россиянын ММКлары К.Бакиев Москвага жөнөөр алдында "Американын базасын чыгаруу чечимин кабыл алат" деген малыматты байма-бай жазып жиберишти. Кыргыз бийлиги мында дагы ачык пикирин билдирбей "балык" болду. Акыры орус ММКлары айткан маселе туура чыгып, К.Бакиевдин Москвага жасаган иш сапарынын алкагында "Манас" аэропортуна жайгашкан АКШ аскер базасы чыгарыла тургандыгы ачыкка чыкты.
Көрсө, экономикалык жана энергетикалык кризистен кантип чыгуунун айласын таппай калган кыргыз бийлиги өткөн жылдын аягында Россиядан жардам сурап кайрылыптыр. Кыргыз бийлигин кантип "чөгөлөтүүнүн" айласын таппай келген орустардын "чырагына май тамып", "Ганси" базасын чыгаруу талабын коюшканы билинип отурат. Анткени, 2006-жылдан баштап эле Россия менен Кытай АКШ базасын чыгаруу боюнча ШОСтун деңгээлинде маселе көтөрүп, эки тараптуу кыргыз-орус жолугушууларда дайым айтып келиптир. Бирок, Кыргызстан тараптан эч кандай жооп болгон эмес экен. Мындай маалыматты дагы жакында орус ММКлары таратты. Жардам алуу маселесин сүйлөшүү үчүн декабрь айынынын акырында Президент Москвага бармай болуп, кийин январдын 16сына жылдырган. Кыязы, кыргыз бийлиги АКШ менен кантип мамиле үзөөрүн билбей кыйналган өңдөнөт. Ошол учурда АКШнын аскер башчысы да Бишкекке келгени белгилүү. Акыры Москвага барып, кыргыз президенти Бакиев "Гансини" чыгаруу тууралуу өкмөт чечим кабыл алды деп жар салды. Жогорку Кеңеш болсо "Ганси" базасын кароо маселесин күн тартибине киргизди. Өкмөт тийиштүү мыйзам долбоорун Парламентке жөнөттү. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги болсо жакшылыктан үмүттөрүн үзбөшүн айтышуда.

(Уландысы 6-бетте)




  Күн собол

Кыргызстандын "Манас" аэропортуна жайгашкан Американын "Ганси" авиабазасын өлкө башчыбыз "чыгарылат" деди. Сиздин пикир?
Темир Сариев, "Ак шумкар" партиясынын төрагасы:
- Кыргыз бийлигинин базаны чыгаруу боюнча чечим кабыл алуусуна - дүйнөлүк финансы-экономикалык кризис каатчылыгы Кыргызстанга жакындап келиши, 3-4 жылга созула турган энергетикалык кризис жана анын шартында Камбар-Ата ГЭСтерин куруу зарылдыгы түрткү болду. Андан сырткары Россия акыркы мезгилде КМШ айдыңында үстөмдүк кылуу аракети да таасирин тийгизди. "Манаска" антиттеррордук коалициянын базасын жайгаштыруу боюнча чечим 2001-жылы Москванын макулдугу менен кабыл алынган. Аны чыгаруу чечими да Москвада кабыл алынууда. Анткени, Россия Кыргызстандын саясатында өтө орчундуу орунду ээлейт. Бирок, базаны реалдуу чыгышы үчүн 6 ай убакыт бар. Ал убакыттын ичинде көп нерсе өзгөрүп кетиши ыктымал. Кыргызстан үчүн дүйнөлүк биринчи держава болгон АКШ менен таймашуусу кыйын. Ошондуктан өлкө үчүн жеңил болбойт. Эл аралык валюта кору жана жеке АКШдан келип жаткан финансылык жардамдар токтойт. Орус тарап берген каражат аны жабышы кыйын.

Исхак Масалиев, ЖК депутаты:
- Базаны чыгаруу чечимине байланыштуу Кыргызстанда саясий турмуштун активдешүүсү пайда болот. Өлкөдөгү демократиялык уюмдардын нааразычылыгын жаратышы ыктамал. Булардын негизинде дагы бир түстүү ыңкылаптын болушуна шарт түзөт. Анткени бир катар саясатчылардын артында АКШ турат.

Азимбек Бекназаров, БЭКтин штаб жетекчиси:
- Курманбек Бакиев Москвада кыйын кырдаалдан чыгыш үчүн гана Манастагы базаны чыгаруу боюнча чечим бар деп койду. А чындыгында андай чечим жок. Анан Курманбек Бакиевдин сөзүнө ишенип болбойт. Бакиев Бишкекке келгенден кийин база өз ордуна кала берет деп коюшу да мүмкүн. Анткени ал айткан сөзүн аткарбайт. Буга көп жолу күбө болгонбуз.

Исмаил Исаков, экс-министр:
- Базаны чыгаруу чечими менен Курманбек Бакиев өлкөнүн тышкы саясатын бузат. Мунун Кыргызстан үчүн зыяны көп. Биринчиден, Кыргызстан өнүккөн өлкөлөр менен мамилесин бузуп алат. Борбор Азияда жалгыз демократиялык багытта келаткан Кыргызстанда кошуна мамлекеттердей режимдер орношуна шарт түзүлөт. Ал эми берилип жаткан насыялар Россия үчүн ыңгайлуу, бирок, Кыргызстан үчүн ыңгайсыз.

Бакыт Бешимов, Жогорку Кеңештин депутаты:
- Манастагы базадан түшүп турган 150 миллион доллардын ордун кантип толтурабыз. Экинчиден, Россиянын насыясынын келиши да дароо болбойт. Анткени, Тажикстанга мындан сегиз жыл илгери 2 миллиард доллар убада кылып, анын өтөөсүнөн ушул кезге чейин чыкпай келүүдө. Анан Манастагы АКШнын базасын чыгаруу боюнча өкмөттүн чечими бар экенине шегим бар. База боюнча өкмөт чечим кабыл алганы ушул кезге чейин белгисиз болгон. 3-февралда президенттик администрациянын жетекчилиги, өкмөт мүчөлөрү база боюнча эч кандай билдирүү болбойт дешкен. Андан кийин эле Москвада президент өкмөттүн чечими тууралуу айтууда. Бул түшүнүксүз. База жабыла турган болсо, анын жол-жоболору бар. Президент, же өкмөт башчы парламентке келип 2001-жылы жетишилген келишимди бузууну сунушташ керек. Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы өз коопсуздугун, анын ичинде регионалдык коопсуздугун бекемдөөдө турат. Бул жагынан алганда Манастагы базанын чыгарылышы улуттук кызыкчылыкка каршы келет. Анткени Ооганстанда кырдаал жакшы эмес. База болсо регионалдык коопсуздук үчүн кызмат кылып жатат.

"Айгай-пресс"











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan