Азизбектен азил кеп

Шамыркандан шар айтма
Биоанатомия - табышмак

Бут

Премьер-министрдин кызматы буттун милдетин аткарат. Төө көтөргүс оор жүктү чыдап көтөрүш керек, же болбосо буту-бутуна тийбей, чымын-куюн болуп чуркап жүрүш керек. Азыркы мезгилде бийликтин буту чарчай баштады деген кеп, сөз бар.

Кол

"Тили менен буудай кууруган" мырзаны эл-журт туу тутчу. Бийлик менен байлыктын кулу болбой турган жигит деп эсептешчү. Адамды бийлик берип сына дейт. Ал мырзага да бийликтин "акырынан" "жем" берип сынап көрүштү. Өлө жакты. Сөзү өлдү, өзү өлгөн жок "кол балага" айланды.

Өпкө

Бизнестин битин сыгып "Биттин ичегисине кан куйган" битта жигит бар. Оомалуу-төкмөлүү дүнүйөнү көп эле көрдү. Убагында Казакстанга "качып" баратканда "качан келесиң?" десе, менин өлкөм мен бараткан өлкөгө качан автономия болгондо келем дегенин көпчүлүк биле бербесе керек. Кыскасы баскетболдун тобундай өйдө ыргыды, кайра ылдый түштү. М-эр болуп жүрүп Ош базарга мээри түштү. Тартипке салды. Анысы, бирок, кийинки келген ...эрге жаккан жок. Ылдыйлап кетип, "резервде" жүрдү. Эми кезеги келиптир. Тандемдеши экөөнүн кезеги келди. Азыр кимге: "2" коюшаарын өздөрү билишет. Кичирейип бараткан "безразмерный" өпкөсү далдаңдатып, калдаңдатып учуруп кетпесе эле, азыр бул мырзанын дардаңдай турган убагы.

Мээ

Мээнин баарын мээлеп атып же сыртка сүрүп чыгарышты. Үч А-А-Анын мээси жок деп ким айта алат? "Мээси жок" деген ошол айткан кишинин өзүнүн мээси жок. Мээси бийликти башкаруу жагынан жаза тайып кеткени болбосо, илим жагынан мээси мээ эле болчу. Кайран, мээ...

Жүрөк

Жүрөктүүлөрдү бийликке жакын жолотушпайт. Мекенин жүрөгү менен сүйгөндөр көпчүлүгү оппозицияда отурушат. Эл үчүн күйгөн, кыргызды сүйгөн Роза деген гүл бар. Байлыкты сүйө турган болсо, небак эле эки тизгин, бир чылбырды колуна кармап даражалуу кызматта отурмак. Эл үчүн күйүп бышып, жүрөгүн эли-журтуна арнаган ошол гүлдүн жүрөгүнө баракелде.

Бет

"Белый дорожниктердин" арасында деле, акыйкатты айта калган беттүүлөр бар. Мисалы, алардын бирөөсү көпчүлүгүн алар түзгөн парламент жыйынында өзүбүздүн "легитимдүүлүгүбүздү тактап албайлыбы" деп, өткөндө сунушун сууруп чыкты. "Акыр-чикирде" агып кете бергенден бети чыдабады окшойт.

Кекиртек

"Керней алкымдуу" чиновниктер болчу эле, кекиртегинен пачка-пачка долларлар шуулдап өтүп турган. ТЭЦтер, ГЭСтер өтүп кете турган кекиртектер пайда болду эми. Кудай берген суубуз суу сактагычка толбой, "Толгой тарткан кыл аркан, тоногондордун ГЭСи" болуп турган убакта, электрибиз эми кимдин колуна өтүп жалдыратаар экен?

Мурун

Кеп ал кишинин мурдунда деле эмес, анткени накта кыргыздар Манастай болуп мурду коңкойгон адамдар болушкан да. Ошон үчүн бизди "Коңкобайлар" деп койсо, бул жерде ардана турган деле эч нерсе жок. Кеп биякта жатат "Буканын өзү карыса да, мурду карыбайт" дейт. Бул эротикалуу макал эмес, бул саясий макал. Ошол акебиз да "кеттим" дегени менен "Бөрү карыса бир койлук алы бар" демекчи, баары бир саясаттан кете койбос. Антсе эле баласынын бакытын жыга чапкан атышпайбы. Карыганда калкы үчүн күйбөсө да, уулунун кадыр-баркы үчүн күйөөр...




"Светофор"
Адатта светофор эмне кызмат кылат? Туш тараптан агылган кыймылды жөнгө салат. Муну эми биринчи класстын баласы деле билет.
... Мындан төрт жылча мурун чоң көчөнүн чок ортосуна коюлган светофорду айдоочусу да, жүргүнчүсү да соккулап, койгулап, аны менен кошо айланасындагы дүкөн, кафе, маркет-саркеттерди кошо талкалап салган, светофор жакшы иштебей калды дешип.
Анан жаңысын сатып алдык, өтө "кымбатын". Аны сатып алууга акча жетпей, алды океандын ары жагынан бери келди, "жашылбайлар". Ал жетпей Төө Ашуунун ары жагындагы бир банкты кошо тоноп, анан орноттук. Анысы кызыл, сарысы жок, чылкый "жапжашыл" эле күйүп туруп берди. Ошол бойдон "жашыл" жарык күйгөнү күйгөн. Айыл эмес, шаар караңгы турса да баягы "жашыл" жашылынан тайбайт. Бир тарап үчүн ганга күйгөн мындай светофорго аркы өйүзү, берки өйүз азыр катуу нааразы. Багыттар кай тарапты көргөзүп жатканы белгисиз. Светофордон болсо төрт жылдан бери "жашыл" жарыктан башка жарык күйбөйт. Алмаштырып салалы десе "гарантийный срогу" бүтө элек. Эмне кылыш керек, же "пробкада" тыгылып тура беребизби?

Эльнура Дүйшеева




Чечинбеңиз, чечип бериңиз
БШК - Бийликтен Шыпырылган Клара
МАТ - Медеттин Айласы Түгөндү
ТӨР - Текебаев Өмүрбектин Революция
РОТА - Роза Отунбаева Таластыктардын Алдында
ДЭУ - Даниярдын "Эриданы" Унутулбайт
ЧИК - Чудинов Игорь "Крутой"
БӨК - Бабанов Өмүрбек "Купкрутой"
ТАА - Ташкул Андан Ашат


ОО Кудай сактай көр
Москвада Аскарды башы
менен сактай көр
Оппозицияны эл-журтка
Баркы менен сактай көр
Бийлик жакты оо Кудай
Калпы менен сактай көр!


Көз ирмемдеги сөз ирмемдер

Тоготпогон жыланды, топтошкон кумурска өлтүрөт,
Тоготпогон ажону, топтошкон журт кетирет.

***
Шыйракты эт деп билгиле,
Шыбырды кеп деп билгиле.
***

Алкы чоң аким оонаган жерде арыз калат,
Алкы чоң ажо оонаган жерде карыз калат.

***
Карыз Ак үйгө көө болуп кирип, төө болуп чыгат.

***
Өлүккө жараша ый,
Бийликке жараша сый.

***

Сүттөй ынак сүйүү тапса, иритип албаш үчүн муздаткычка.

***
Акылсыз баш - аскерсиз чептей.


Хи-хи-хи...
Кожоюн чиновниктерин чогултуп кеңешме өтүп жатат. Март айы жакындагандан сайын оппозициянын ооматы ачылып, бийликтин кыжыры келип жаткан убак.
- Мугалимдер оппозицияга кошулушту, - дешет
- Ничего, мугалимдердин айлыгын бергиле, - дейт кожоюн.
- Медиктер бүт оппозицияга кошулду - дешет.
- Медиктердин да айлыгын бергиле - дейт кожоюн.
- Элдин баары эле оппозицияга кошулду - дешет.
- ОМОНго айлыктарын бергиле - дептир кожоюн.

Оо, жашоого "ода"
Чиновниктер тоголок,
Пара берип чоңоет
Алкымдарын тыя албай
Абийирлери жоголот.
Депутат, депутат
Бийлик жакта бек бутак.
Элин сүйүп шайлоодо,
Төө кыядан өткөн соң
Төгөрөгүн жеп утат.

Даярдаган Азизбек Келдибеков










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan