Көк жылгаякта

"Көтөрөм!" дейт кыргыз туусун
Карина Ураимова. Россиянын Новосибирск шаарында туулган. 15 жашта. Улуту кыргыз. Атасы Карим Ураимов Өзгөндүн кулуну.
Жакында борборубуз Бишкекте муз тебүү сарайы ачылып, аны менен кошо көркөм муз тебүү спортуна болгон чыйыр жол да салынгандай болду. Анын алгачкы саамалыгы катары Карина Ураимованын аракет-максатын атасак дейбиз.
Буга чейин Россияда жүргөн Карина жакында Кыргызстанга келип, жаңы ачылган муз тебүү сарайында көркөм муз тебүү боюнча спорт чебердигине талапкер катары өз өнөрүн спорт адистеринин сынынан өткөрдү. Алардын купулуна толду. Эми эл аралык мелдештерде Карина Кыргыз туусун көтөрүп чыгууну максат кылууда.
Өз сөзүндө ал, 9 жашынан баштап көркөм муз тебүү ийриминде машыгып келгенин, бир нече эл аралык мелдештерге катышканын, Россияда төрөлүп, жашап келсе да, эми минтип Кыргызстандын намысын коргоо чечимине келгенин айтат. "Балким, 2010-жылы Канаданын Ванкувер шаарында өтө турган кышкы олимпиадага Кыргызстандын намысын коргоп калаармын" деген кыялын да жашырбады.
Убагында, апасы монгол кызы болгондуктанбы, Монголиянын спорт жетекчилери Каринаны расмий чакырып, ошол өлкөнүн атынан эл аралык мелдештерге катышууну сунуштаган экен. Бирок, Карина ал сунушка макул болбогонун айтат, себеби, "мен, кыргызмын да" дейт.
Арыба, Карина! А, балким чын эле, жакынкы келечекте көркөм муз тебүү спортунда да, анын эл аралык аренасында кыргыз кызы оюн көрсөтүп, кыргыз желеги желбиреп калаар...

  Ыйык жер

Эгиз бак
Кыргыз жери өзүнүн керемет жаратылышынан тышкары да, касиеттүү жерлери менен бай. Мисалы, эл оозунда жергебизде жети касиеттүү мазар бар деп айтылып келет. Ар биринин өзүнө тиешелүү табышмагы, аруулугу бар. Ошол жети касиеттин бири Ысык-Көл районуна караштуу Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн Өрнөк айылынын күн батыш тарабындагы Эгиз Бак мазары. Бул касиеттүү жерди карыялар "сүйүүнүн мазары" деп коет. Махабаттын улуу дайрасында анын азабын тартып, андан жолу болбогондор мазарга келип таазим этип, жараткандан жакшылыгын сураса, сөзсүз кайтарымы болот дешет.
Эң өкүнүчтүүсү азыр ага айыл өкмөтү да, аким, губернатору да таптакыр көңүл бөлбөгөнүндө. Оозунан "Санта Атасы" түшпөгөн Мамашев дегендер туристтерге дал ушундай жерлерди даңазаласа андай жерлер жаман болбосо жакшылыгын көп бермек.
А, "Эгиз Бак" качан өтсөң, табышмактуу да, муңдуу да телмирет.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan