Обон менен ыр дүйнө

"Жашоодо мени кыйнаган эч нерсе жок"
Ома
- Өзүнүн аты Өмүрбек. Бирок, Ома деген ат менен элибизге таанылды. Таланттуу жигит. Атасы тааныбаган океандын ары жагына барып, талантты менен "чемпион" наамына татып келген. Ошондон улам өткөн жылы Оманын ооматы бийиктеди дешет.

Бала чагы
- Таласта төрөлүп, чоңоюп, кайталангыс бала чагымды кереметтүү жерде өткөргөм. Ар бир бала курсагы ток болуп, кийими бүтүн болуп чоңойсо, балалыгын жакшы өткөрдү десе болот. Анын сыңары менин балалыгым жөнүндө жакшы элестерим бар. Сабакка, спортко берилип курсактын, кийимдин көйгөйүн ойлобой бактылуу чоңойдум. Ал үчүн албетте ата- энеме ыраазымын.

Чыгармачылык кадам
- Чыгармачылыкка атайылап эмес кокусунан келип калдым. Негизи 2- курстан баштап ырдап баштадым. Шоу дүйнөсүнө аралашайын деген деле ойлор, каалоолор жок болчу. Анан бир акылман адам: "Кудай ар бир эле адамга ырдоого мүмкүнчүлүк берген эмес. Ошол мүмкүнчүлүктү, талантты эл үчүн пайда алып келгидей кылып иштешиң керек"- деп айтып калды. Ошондуктан, чымырканып туруп ушундай кадамга бардым. Ал эми негизинен кесибим экономист.

Конкурс жөнүндө
- Бул конкурка катышуу үчүн Орто Азия боюнча болгону бир эле лицензия бар экен. Бир эле мамлекетке берилет экен. Ал лицензия Казахстанда экен. Ошентип Казахстандын лицензиясын колдонуп, Кыргызстандын атынан кат жолдоп, чакыруу алып конкурсту көздөй жөнөп кеттим. Конкурска барганымдын бирден бир себеби Кыргызстандын намысын коргоп, Атажурттун кадыр-баркын жогорулатайын деген ой болду.

Алтын медалдар
- Медалды номинациялар боюнча алдым. Үчөө алтын, бирөө күмүш. Төрт дүйнөлүк чемпион деген наамдын бири мага ыйгарылды. Бул албетте медалга караганда жогору турат.

Репертуардагы ырлар
- Репертуарымда 10 чакты ыр бар. Ырлардын сөздөрүн акын Кыялбек Урманбетов агайга жаздырам. Ага абдан ишенем, анткени, көпчүлүк акындар ырларын өздөрүнүн табитине карап сунуштай беришет. Ал эми Кыялбек агай болсо ырчынын көңүлүндөгү каалоосун таап, ырдын маанисине карап, аранжировкасын изилдеп, баарын жалпылап салыштырып туруп анан гана ыр жазып берет.
Аранжировканы Азамат Такырбашев деген жигитке жасатам. Үнүмдү УТРКдагы Нурдин байкенин студиясынан жаздырам.

Сүйүүдө. Жашоодо...
- Сүйгөнүм жок. Жан дүйнөдө эч ким жок болгондугуна байланыштуу жүрөгүм бейпилдикте. Ар бир адамдын бешенесинде жазылып турганы бар да. Буюруган күнү оюмдагы айымга кезигээримди сезем. Эртелеп сүйүүмдү издеп, шашылган жокмун.Жашоодо мени кыйнап кыстап же көңүлүмдү чөгөргөн эч нерсе жок.

Байлык мен үчүн...
- Жакындарымдын, бир туугандарымдын, ата-энемдин жанымда сак саламат бар болушу жана эң негизгиси эл-журттун тынчтыгы мен үчүн баа жеткис байлык.




  Жолдуу жолсуз

Мурат Насыровду ким "өлтүргөн"
1969-жылы 12-декабрында Алма-Ата шаарында жөнөкөй жумушчулардын үй-бүлөөсүндө төрөлгөн: апасы пластмассалык буюмдарды чыгаруучу фабрикада иштеген, атасы таксист болгон. Мурат гитарада ойногонду сегиз жашында баштаган, өтө эле жакынкы убактарда ал өзүнүн теңтуштарын үйрөтө баштаган. Ал жаш кезинен эле төмөнкү " Beatles"..... жана башка топтордун музыкалардын ойноп баштаган. Мектепти бүткөндөн кийин ал Ашхабад шаарына аскер кызматына чакырылат жана анын музыкага чын жүрөктөн кызыгуусу ошол жерден башталат. Аскер кызматын бүткөндөн кийин Москва шаарына көчүп келип Гнесинск атындагы окуу жайына тапшырат.
Насыровдун музыкалык жылдызы ошол убактагы "Ялта-91" конкурсунда ачылды, анда эч кимге белгисиз уйгур улутундагы балага атактуу калыстар бир добуштан Гранприни беришкен. Калыстардын тобуна Игорь Крутой, Владимир Матецкий жана Лайма Вайкуле кирген.
Үй-бүлөөнүн эң кичүүсү - бешинчи бала болгон, үрп-адат боюнча ал ата-энени карап үйдө калуусу керек болчу. Бирок, Мурат бул каада- салтты бузуп, ата-эне үйүн таштап: Гнесинск атындагы окуу жайына тапшырган.
Мен үйдө эки эркек жана эки кыздан кийинки эң кичине бешинчи бала болом дейт. Бир туугандарымдын баары мага караганда өнөрлүү жана таланттуу болушкан, бирок алардын арасынан жалгыз гана сахнага барган мен болгом. Мунун баары менин атамдын кадыры менен болгон. Азыр ал 75 жашта жана куран окуйт. Анын үнү аябай кооз, элдик ырларды ырдайт жана ар түрлүү музыкалык аспаптарда ойнойт. Атасы музыкага өтө шыктуу болгондуктан, анын бул касиеттери балдарынын жөндөмдөрүнө ээ болгон.
Мунун баары накта ыр жөндөмү: биз баарыбыз жакшы ырдайбыз.
Анын музыкалык жөндөмү Ашхабад шаарында аскер кызматында дивизиянын "Убакыт" аттуу чыгармачылык тобунда катышып жүргөндө башталган, ошол жерде ал Андрей Меркулов менен таанышкан, кийинчирээк ал ырчынын "Жаңы порт" тобунун түзүүчүсү жана алып баруучусу болуп калган.
Ырчы жана композитор өзүнүн дебютун "Ялта-91" конкурсунда Алла Пугачеванын репертуарынан - "Волшебник - неудачка" деген ырды аткаруудан баштаган.Анысы деле олуттуу даңкты алып келген жок. Бирок Мурат Насыров шашпайт. Гнесинск окуу жайын бүтүрүп, 1995-жылы гана өзүнүн биринчи дебют альбомун жазып бүтүрөт.
... 19-январда Москва шаарында 37 жаштагы музыкант жана ырчы Мурат Насыров каза болду. Ал өзүнүн Вучетиг көчөсүндөгү бешинчи кабаттагы үйүнүн балконунан секирип кеткен. Милиция кызматкерлери бул окуяны өзүн-өзү өлтүргөн деп эсептешкен. Ал эми музыканттын кесиптештери анын өлүмүн кесиптик чыгармачылыгынын үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштырууда жана Мурат Насыров эмнегедир бир нерсеге чыдамсыздыгы жеткен эмес деп эсептешүүдө. Ошол күнү жогоруда айтылган даректеги үйүндө никесиз катталган аялынын апасы 59 жаштагы Грега Бойко жана балдары 6 жаштагы Аким, 10 жаштагы Лия аттуу кызы менен болгон. Таң эртеден баштап Мурат өтө тынчсызданып жүргөн деп билдирген "Интерфакс" агенствосу. Информагенствонун билдирүүсүнө караганда кечинде ал студияга ылайыкталып жасалган бөлмөсүнө бекинип алган. Тепкич аянтчасына чыгып, коңшуларынын эшиктеринин коңгуроосун басып, аларга кыйкырып өзүнчө беймазага батат. Андан кийин үйүнө келип, балкондон секирип кеткен. Кырсык болгон жерге жарым сааттан кийин келген тез жардамдын врачтары: "Бул өлүм өмүргө теңдешсиз жаракат алгандан болгон" - деп билдиришкен. Москванын ИИББсы бул окуя боюнча атайын комментарий берүүдөн баш тартууда. Бирок, милиция кызматкерлери өздөрүнчө жеке сүйлөшүүлөрүндө "ырчынын өлүмү өтө таң калыштуу" - деп билдиришет, жана айткандарына караганда кырсыкка чейин ырчы баңги затын жана ошондой эле спирт ичимдигин таткан деген тыянакты айтууда. Белгилеп кетчү жагдай "РиА новости" агенствосунун билдиргенине караганда бир жылга жакын мурун Мурат Насыров атайын психикалык бейтапканадан ошону менен бирге баңги зат колдонууга аргасыз болгондордун даарылоо мекемесинен дарыланып чыккан. Эмнегедир ырчынын жарандык никедеги жубайы Наталья Бойко: "Мураттын өлүмү капыстыктан болгон, ал балконго сыналыгынын антеннасын оңдоого чыгып, ал жерден буту тайып кеткен. Бирок, мунун баары өтө эле шайкешсиздикке окшоп калды" - дейт. Ушул иштин негизги абалын тергөөчүлөрдүн түшүндүрүшкөнүнө караганда ырчынын туугандарынын кызыкчылыгы болуп өткөн окуяны күтүүсүздөн болгон деп тануу эле. Бизди өздөрүнүн суранычтары менен бул ишти козгобой эле койгула деп тажатып жиберишти" - дейт тергөөчү.
Ошентип, уйгур элинен чыккан белгилүү ырчынын өлүмү табышмактуу суроо бойдон калды.
Бетти даярдаган
Гули Мамасалы кызы









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan