Хандар өткөн, бектер өткөн дүйнөдөн

Аялы жок ааламдагы жети бай
55 жаштагы Пол Аллен АКШ
18 млрд долларга тең капиталга ээ. 1975-жылы ал мектепте чогуу окуган досу Билл Гейтс менен "Microsoft" корпорациясын ачышкан, бирок 1983-жылы катуу оорунун запкысынан ал айласыздан бул жумушту уланта албай калган. Азыр болсо өзүнүн каражаттарын ар кандай илимдүү долбоорлорго жумшап, байлыгын ийгиликтүү көбөйтүүдө. Гитаралардын түрлөрүн коллекция кылат. Джимми Хендрикстин музыкаларына жана анын өзүмдүк буюмдарына акысы жана "Рок-н-ролл" музейине ээлиги бар. Мындан сырткары конок күтүү сапаты менен өзгөчөлөнөт. Маселен, Канн киновестивалынын убагында өзүнүн Помесьесин француз Ривьер Бред Питке жана Анжелина Джолиге убактылуу жашап турганга шарт түзүп берген.

Питер Тьель, 40 жашта, АКШ
Байлыгы 1,5 млрд. доллар. "Paypal" төлөөчү системасынын бирден бир өздөштүрүүчүсү жана ээси. Өтө пайдалуу жана жаңы долбоорлорго каражат жумшоо менен эмгек акысын көбөйтүүдө. Мисалы, 2004-жылы "Facebook" социалдык торуна 500 миң доллар сарптаган, ал бүгүнкү мезгилде 5 млрд. долларга бааланууда. Питер чуркоо, серфинг жана саякат кылуу менен көңүл ачат.

Михаил Прохоров,
43 жашта, Москва.
"Forbesтин" билдирүүсүнө караганда, "Онексим" группасынын башчысы. Байлыгы 19,5 млрд. долларга барабар. Михаил аскер катарында кызмат өтөп, кийин каржы институтун эң жакшы деген баа менен бүткөн. Менменсинген бойдок, бир жолу минтип айтканы бар: "Адамдар эмнеге үйлөнүшөт, себеби алардын үй бүлөлүк жана каржылык камсыздыгы бар, а менде болсо бүт бары жакшы, көйнөгүм таза жана үтүктөлүү". Баскетболду, лыжа тебүүнү жана футболду сүйөт, ЦСКА командасынын чоң күйөрманы.

Роман Абрамович
Чукотканын мурунку губернатору, эң атактуу россиялык миллиардер. 23,5 млрд. долларлык байлыгы менен Россиянын эң бай Адам деп саналган үчөөнүн бири. Эки жолу ажырашкан, беш баланын атасы.

Немецтик принц Альберт фон Турн унд Таксис
Аябай атактуу жана бай үй-бүлөнүн оңбогон каражаттарына ээ. 24 жаш курагында эле 2,5 млрд. долларга теңделген капиталдын ээси болгон. Жогоруда айтылган байлыктарынан сырткары, 30 миң гектар жерге 18 жашында эле ээ болгон.
Принц бүгүнкү күндөрдө Европадагы эң чоң токой чарбасынын ээси болуп саналат. Альберт апасы жана чоң эжеси менен фамильярддык сарайда жашайт.

Марк Цукерберг, Нью- Йорк
"Forbes" журналындагы " эң бай 400 адам" рейтингдеги эң жаш байлардын бири. Ал 24 жашында эле 1,5 миллион доллар иштеп тапкан. "Эң чырмалыштуу" "Facebook" социалдык желесинин өздөштүрүүчүсү болуп саналат. Муну 2004-жылы гарварддык жатакананын бир комнатында ойлонуп олтуруп жараткан.

Дэвид Росс - 42 жаштагы Великобританиялык миллиардер.
Ажырашкан, бир баласы бар. Өзүнүн 1,5млрд. долларын мектепте чогуу окуган досу экөө эң чоң уюлдук компанияны түзгөндө тапкан. Маданият сүйүүчүсү- Девид бош убагында өзүнүн шаардын сыртындагы үйүнүн арткы короосунда атайын курулган музыкалык театрдын сценасында опера коет.


P.S Гезитибиздин кийинки сандарында, Кыргызстандагы бойдок,
бай мырзаларына орун беребиз.

Гули Мамасалы кызы
konsul-li-kg@mail.ru









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan