Жердеги жылдыз

Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен Оруссияны багынткан Академик - Кайыргүл Сартбаева
Кайталангыс опералык ырчы Кайыргүл Сартбаева өзүнүн 50 жылдык чыгармачылык жолунда бир далай мыкты ролдорду жарата алды. Анын театрдагы улуу жолу П.И.Чайковскийдин "Евгений Онегин" операсы менен башталган. Татьянанын ролу андагы жаш ырчы Сартбаеванын дебюту болчу. Көргөндөрдү суктандырган да, тамшандырган да кыялкеч жана сезимтал ырчыга ошол дебюту ойдогудай үзүрүн берди десек жаңылбайбыз.

Анын аркасынан Кайыргүл нечендеген мыкты партияларды, ариаларды аткарып, талантынын аркасынан Алатоо койнунда жана көптөгөн чет өлкөлөрдө кадыр-барк, атак-даңк тапты. Жакында эле 73 жаштагы профессор эжекебизге Россиянын эл аралык чыгармачыл Академиясынын Академиги деген наамы тапшырылды. Мындай чоң даражадагы наамды буга чейин Кыргызстандан эки адамга ыйгарылган. Улуу жазуучу Ч.Айтматов менен атактуу маэстро А.Жумакматов. Анда сөз башынан болсун.
- Эже, ардактуу Академик наамыңыз кут болсун! Бу наам сиздин талыкпаган эмгегиңиздин үзүрү эмеспи.
- Чоң ырахмат. Туура айтасың, бул менин 40 жылдан ашуун педагогикалык эмгегимдин акыбети кайтып жатканы десем болот. Менин жашоомдо чыгармачылыгым менен бирге педагогикалык ишмердигим дагы өтө маанилүү орунду ээлейт. Көп жылдан бери Кыргыз Улуттук Консерваториясында иштейм. Окуучуларымдын арасында жакшы вокалисттер көп. Шакирттеримдин катарында көптөгөн эл аралык конкурстардын лауреаттары Т.Роммер, З.Мейзер, С.Балтаева, Б.Төлөгөнова, М.Устинова, Л.Распутиналар менин жолумду жолдоп келатышат. Булардын келечеги али алдыда. Чынында мен өзүмдүн шакирттерим менен сыймыктанам. Академик деген наамды алганымда шакирттерим да катуу кубанышты. Кыскача айтканда ушу жылдын белеги жан дүйнөмө өзгөчө бир жылуулук тартуулады.
- Сыйлык алганда толкундандыңызбы?
- Албетте, толкундандым. Чыгармачылык жолдо сыйлык алган сайын толкунданам. Анткени маңдай-тер төгүп, күн-түн дебей ошол татаал жолдун түйшүгүн тартып, суугуна тоңуп, ысыгына күйүп жүрүп тапкан мээнет таттуу, кадыр-барктуу да анан ушунчалык сыймыктуу болот. Эмгектин бааланышы ошол адамга кадимкидей күч-кубат берип, шыгына шык, демине дем кошот экен. Андыктан ушул ирет дагы Академик наамын алып жатканымда толкундандым. 2009-жылдын 15-январында Москвадагы окумуштуулар үйүндө, Эл аралык чыгармачылык Академиясынын мүчөсү - Академик болуп шайландым. Эл аралык чыгармачылык Академиясынын президенти Г.П.Гладышев өзү Академиянын дипломун тапшырды. Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен профессионалдык опера искусствосу боюнча аялдардан жалгыз мен Академик деген даражага көтөрүлдүм. Бул жеке мен үчүн жана кылым карыткан кыргыз элим, кыргыз маданияты үчүн дагы чоң сыймык десем жаңылышпайм.
- Биз үчүн Кайыргүл Сартбаева - улуу эпостордон тартып, өзүнүн замандаштарына чейинки башкы каармандардын, аялдардын ар түрдүү бейнелеринин бүтүндөй бир галлереясын түзгөн эң көрүнүктүү опералык ырчысыз. Дегеним гастролдук географияңызда чек болбогондур?
- В.Власов, А.Малдыбаев, В.Ференин "Айчүрөк" операсында Айчүрөктүн, М.Раухвергердин "Жамийласында" Жамийланын, "Алтын кыз" операсында Чынардын, "Ажал ордуна" операсында Зулайканын образдарын жараттым. Ошону менен бирге Жузеппе Вердинин "Отеллосунда" Дездемонанын бейнесин элге ачып бердим. Ушул ролдон кийин бардык операларда жалаң башкы каарманды ойной турган болдум. Дездемона мага Татьянадан кийинки ийгилик алып келген роль болду. Ошондо республикалык гезитке "Дездемона - Кайыргүл Сартбаеванын вокалдык жана музыкалык чеберчиликтин туу чокусуна жеткендигинин күбөсү. Анын жанга жагымдуу үнү өтө көркөм, эң назик, эң уккулуктуу, диапозону так, бир калыпта кубулжуган коңгуроодой авазы тимеле чериңди жазат" деп жазышкан эле. Менин чыгармачылыгымдын азыркы бийик даражага жеткендигине 1972-1974-жылдары СССРдин чоң театрында стажировкадан өткөнүм чоң таасирин тийгизди. Өмүрүмдөгү ушул этап мага кенен чыгармачылык жол ачты. Тагдыр буйрук насаатчыларым дагы мыкты болушту. Ырчы Ирина Архипова, дирижер М.Эрмлер, режиссер О.Моралевдер мага аябай ылайыктуу жана өзүмдүн келбетиме жарашыктуу Ж.Пуччининин "Чио-Чио-Сан" операсындагы Баттерфляйын тандап беришти, муну москвалык опера сүйүүчүлөр жылуу кабыл алышты. Чынында Баттерфляй татаал, психологиялык маңызы терең роль болчу. Кийин Күн Чыгыш өлкөсүндө өткөн "Мадам Баттерфляй" конкурсунун дипломанты болуп, күмүш медаль алгам. Чарчоону билбей, изденип иштөөмө театрдын андагы көрүнүктүү ишмердиги К.Молдобасанов, А. Жумакматов, Н.Давлесов, К.Арзиев, М.Ахунбаевдердин таасири тийген. Алар чыгармачылыгыма саресеп салып, өз кеңештерин айтып, табыма келтире таптап, тарбиялап турушчу.
Гастролдорго көп чыктык. СССРдин эң четки чектеринен тартып, Венгрия, Польша, Куба, Дания, Греция, Сирия, Туркия, Кипр, Исландия, Швеция, Германия, Япония, Монголия, Швейцария деги дүйнө жүзүн кыдырткан тагдырыма ыраазымын. Артта калган ал мезгилдер тууралуу айтып түгөтө албайм.
- Чыгармачылыгыңыздын кайсы этабы менен өзгөчө сыймыктанасыз?
- 1972-жылдан тартып 1987-жылга чейин СССРдин Мамлекеттик Академиялык чоң театрында жана Кремлдин Съезддер сарайында коюлган 15 спектаклде башкы каармандарды ойногом. Бул абсолюттук рекорд болгон. Мына ушул учурлар менен өзгөчө сыймыктанам. Анткени менен чыгармачылыгым ушул мезгилдерде гүлдөп, күндөн-күнгө бийиктеп бараткан эле. Кайталангыс жылдарым менен театрдын тарыхында калганыма сыймыктанам.
- Биздин опера ырчылары көбүнчө чет жактын сыйына көп татыктуу болушат эмеспи. Айтайын дегеним Атажурттан кандай сый көрдүңүз?
- Бул жагынан алганда менин Атажуртка эч кандай таарынычым жок. "Манас" орденин беришти. Кыргыз эл скульптору Т.Садыков "Эл куту" скульптуралык композициясына айкелимди киргизди. Дегеле кайда барбайын сыйдын үстүндөмүн. Эл мени менен сыймыктанса, мен элим менен сыймыктанам. Ошондуктан жашым өйдөлөп калганына карабай эл-жер үчүн кызмат кылып жүрөм.
Маектешкен
Нурайым
Асанкалиева












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan