... этегиңди жап

Жол туман. Суу жок. Үмүт бүлбүлдөйт
Өлкөдөгү кырдаал күн өткөн сайын оорлошуп барат. Мамлекеттеги коррупция кенен кулачын жайып, элдин жашоо-турмушу кыйындоодо. Дүйнөлүк каржы кризиси улам жакындаган сайын кыргыз өкмөтү алапайын таппай, шаштысы кеткени кеткен. Мамлекет башчысы "дүйнөлүк каржы кризисинен биз пайда көрөбүз" дегени куру кыйкырык экенин турмуш көрсөтүүдө. Мурунку министр айым жашарып келгенин олдоксон көрдүбү же "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере" кылат деген бекеринен айтылбаганын туура түшүндүбү айтор каржы министри М.Султанов дүйнөлүк каржы кризисинин таасири тие баштаганын айтып, анын далили катары, былтыр бюджетке 1 млрд. 412 млн. сом түшпөй калганын балп эткирди. Мугалимдер маянасын алалбай калгандыгын бир мандеми да ушундан окшойт. Каатчылык кенен каптаганын дагы бир далили катары Кыргыз Президентти эски жылдын этегинде Россиядан карыз сураганы басма сөздөрдөн айтылып кетти. Суранычы орундалганы менен каатчылыктан чыгуунун жандалбасы аркасында эларалык мамилелерге көз жумганын байкадык.
Ушундай оор күндөр башталганын терең анализдеген бийлик жыл жаңыраары менен кадрлык ракирофкаларга барып, "бөрк ал десе баш алгандарды" чечүүчү орундарга алып келгени белгилүү. Өлкөдө оор кырдаал түзүлүп калса оппозиция оожалбашы үчүн аларды күн мурунтан тизгиндөө стратегиясы иштелип, жоон топ оппозиционерлерге кылмыш ишин ачканга жетишишти. Мунун баарына көз жүгүртүп отуруп, өлкө кыйын күнгө кептеле турган кырдаалга жетип калганын байкоого болот.
Дүйнөлүк каржы кризисинен сырткары бизде энергетикалык кризис кенен кулачын жайын турган учур. 31-январда Энергетика жана отун ресурстар министри Ильяс Давыдов, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 550 миллион кубметрди түзүп, өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1 миллиард 660 миллионго аздык кылып турганын билдирди. Ал эми 2-февралда "Электр станциялар" ААКнын басма сөз кызматы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 517 миллион куб метр суу калганын жарыялап, өткөн жылдагыдан 1,5 млрд. куб сууга аз экенин билдирди. Себеби, 2008-жылдын 2-февралында 9 млрд. куб суу болгон экен. Бул былтыркыдан быйыл кыйын болот дегенди билдирип турат. Жаз алды менен оор кырдаал ушул тармактан да түзүлүп калаары көз көрүнөө болууда. Ушундан улам дагы оппозицияны алсыратуу же өз түйшүгү менен алектентүү чараларын көрдү десек болот.
Азыр Россиядан грант жана кийин төлөп бере турган карыз эсебинде алуу каражат маселеси чечилди. Акыркы төрт жылдан бери көп спектирдүү саясат жүргүзүүгө далалаттанып келген кыргыз бийлиги бир жактуулукка өттү. Бул АКШ менен болгон мамилени кескин оорлотоору талашсыз. Терроизмге каршы орнотулган Ганси базасын чыгаруу демилгесинин башталышы, Американы жөн жаткырбайт. Алар да өз алдынча кандайдыр бир тактикалык кадамдарга барууга мажбур болот. Мындай абалдын түзүлүшү Кыргызстан үчүн кооптуу шартты жаратат.
Канткен күндө да Кыргыз жерине бейпилчилик зарыл. Бирок, ошол эле учурда тынчылык жолу менен өнүгүүнүн жолун издөө керек. Өнүккөн доордо жашап, коңшулар менен тил табыша албай же ички экономикабызды жөндөй албай тезек терип отурганыбыз жорукка сыйбаган иш. Ушундай кырдаалда эки дөөнүн ортосунда кара чымын болбой турган саясат жүргүзүү учурдун талабы. Мамлекет ичиндеги келишпестиктерден арылып, ынтымакка келбей туруп, сырткы саясатта алгылыктуу иш жүргүзүү мүмкүн эмес. Андыктан кыргыз аксакалдары айткан сунушка макул болуп, президент оппозиция менен сүйлүшүүгө барышы зарыл. Элдин сөзүн угуп, ар кандай саясий көз карашты эске алып туруп, өлкөнүн бүтүндүгү сактап калууга кам көрө турган учур келди окшойт.

Керим МУРАС




  Аалам алкагында

Иран
Иран туңгуч жасалма жандоочусун учурду. Өлкөнүн мамлекеттик жаңылыктар агенттигинин билдиргенине караганда, жасалма жандоочусун орбитага жергиликтүү өндүрүштөгү "Сафир" деген ракетанын жардамы менен ийгиликтүү чыгарылды. Жасалма жандоочунун учурулуусу ислам ыңкылабынын Иранда азыр майрамдалып жаткан 30 жылдык мааракесине туш келди. Мамлекеттик теледен көргөзүлгөндөй, президент Махмуд Ахмадинехжад "Үмүт" деп аталган жасалма жандоочуну учурууга белгисиз жерден телефон аркылуу буйрук берди.
Батыш өлкөлөрү уран байытуу программасы өзөктүк курал жасоого багытталган деп шектегендиктен Иранга каршы Улуттар уюму буга чейин бир нече санкция киргизген. Жасалма жандоочуну орбитага алып чыгуучу технология аскерий максатта да колдонулат. Бирок Иран мындай планы жок экенин билдирүүдө.

АКШ
Ушул шейшемби күнү мурдагы сенатор Том Дэшл Барак Обаманын администрациясында саламаттыкты сактоо министринин кызматын ээлөөдөн баш тартууга аргасыз болду. Анткени ал бир кезде тапкан кирешесинен 140 миң доллардык салыкты жашырганы ачыкка чыгып калды. Сенаттын каржы комитетиндеги сөзүндө мурдагы сенатор жаңылыштык кетиргенин моюнга алып, кечирим сурады, министрлик кызматка талаптанбай турганын билдирди.
Ушул эле күнү мамлекеттик жогорку кызматка талапкерликтен Нэнси Киллефер ысымдуу айым да алынды. Барак Обама аны өкмөттүк чыгымдарды кыскартуу менен алектенүүчү мекеменин башчылыгына көргөзгөн. Буга Киллефер айым бир ирээт салыкты кечигип төлөгөнү ачыкка чыкканы себеп болду.

Грузия
Грузиянын ЕККУдагы элчиси Виктор Долидзе "президент Михаил Саакшвили жүргүзгөн саясатка макул эмесмин" деген жүйөө менен кызматынан чегинди. Долидзе буга байланыштуу арызын Тышкы иштер министрлигине жолдогонун журналисттерге билдирди. Долидзенин айтымында, кызматынан кетүүгө өткөн жылы августта Түштүк Осетиядагы согуш себеп болгон. Буга чейин Грузиянын БУУдагы атайын өкүлү Ираклий Аласания да ушундай негиз менен кызматынан чегинген. Аласания жана Долидзе президент Саакашвилинин отставкасын жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун өтүшүн талап кылары күтүлүүдө.

Пакистан
Сват өрөөнүндө ишембиден бери айыгышкан салгылаштар жүрүүдө. Талибдер барымтага алган Пакистан аскерлерин бошотту. 30 полициячы жана аскерлер Пакистандын түндүк-батышындагы Сват өрөөнүндөгү салгылашта колго түшкөн эле. Кечээ кечинде талиб күчтөрү Ланди Котал деген жердеги унаа терминалында калган НАТОнун жүгүн ташыган 10 машинаны өрттөп жиберишти. Бийликтер ошондой эле Ооганстан менен чек арадагы Хыбер ооданында кеминде сегиз талиб өлтүрүлгөнүн, эки коопсуздук офицери жараат алгандыгын билдирди.

Россия жана Грузия
Россия жана Грузия - Европадагы журналисттик иш үчүн өтө коркунучтуу өлкөлөр. Бул туурасында Венада жайгашкан Эл аралык басма сөз институтунун докладында айтылган. "Свобода" радиосу бергендей, ушул өлкөлөрдүн ар биринде 2008-жылы массалык маалымат каражаттарынын төрт кызматкери курман болгон. Дүйнөдө өткөн жылы бардыгы болуп 66 журналист мерт болгон..

Казакстан
Казакстандын Улуттук банкы айрымдар "кара шаршемби" деп атоого үлгүрүшкөн 4-февралга чейин бир теңгенин АКШ долларына карата курсун 1 доллар - 120-122 теңгенин айланасында кармап келген эле. Шаршембиде Улуттук банк бул чектен кете турганын жарыялады.
Улуттук банктын төрагасы Григорий Марченко Алматыдагы маалымат жыйынында алмашуу курсу эми 1 доллар 150 теңгенин тегерегинде, же мындан 3-5% ары-бери жакта болот деп ырастаганы менен шаршемби күнү акча алмашуу жайларында америкалык 1 доллар 160-170, 1 евро 210-220 теңгеге чейин чыгып барды.









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan