Гүлчамбар

Кабырымды кар менен жапкыла
Эртең менен эрте турдум. Балкондон сыртка карап жаттым. Жамгыр түнүчүндө абдан катуу болсо, азыр барган сайын жайлап, атүгүл басылып бара жатты. Капкара булуттардын жүрүшүн көрө алган эмесмин, бирок акыркы сейрек тамчылар жылдыздарды суу кылганын азыр ойлонуп турдум. Көк жүзүнүн четинде күн акак таштай жаркыраганы жаткан. Ар бир жалбырак эртең мененки жашыл түстөрү менен көздөрүн ушалап ойгонуп жатты. Бул маалда Бишкекте күн нымдуу топурактай муздак болушуна карабастан, күндүз ысык боло турганын да кабарлап турду.

Шамал тим эле дарыя жээгинде кийик суу ичкендей дабышсыз эле. Жымжырт, бирок куйту эмес эле. Ичимден чөө жана арстан аңын кармаш үчүн сойлой ага жакындаса, куйтулар да жерге карап жүрөт дедим. Унчукпоо же добуш чыгарбоо жашоонун ызы-чуусун басуу, атүгүл токтото туруу сыяктуу нерсе. Бул жымжырттык өз эрки менен доосун эч сүйлөбөй коргогондордун жымжырттыгына окшош. Куйтулардын жымжырттыгы болсо караңгы жерге баш калкалаган, атүгүл учу түрүлгөн түйүнчөктүн ичине жашынган бирөөнүн жымжырттыгы. Бул жымжырттыктын аркада буттарынын изин калтырбаган уурудан эмне айырмасы бар?
Балкондо ушуларды ойлоп турганда көзүм карлуу тоолордун сүйкүмдүү, таттуу, ишеним туудурган сулуулугуна кадалды. Оопа жана жан аябоосу менен тарых бою улуу максаттарга өзүн арнаган улуу рухтарга окшоп турушту. Тоолор салабаттуу жана айбаттуу, төбөсү агарган карыялардай кудум адамдардан алыста сыяктуу эле. Азыр өлүм жазасын алган бирөө болсом жана мага "акыркы каалаганың эмне?" деп сурашса, айтат элем: "даргамды ушул тоолордун төбөсүнө кургула да кар жаап жатканда мени өлтүргүлө".
Бул таң мына ушундай башталды!
Сакалымды алып, тамагымды жеген соң, машинеме отурдум, саат үчтөрдө Манас проспекти менен университетке барыш үчүн жолго чыктым. СDдеги чоор дабышы ал күнү ичиме ушундай таасир этип жатты, түшүндүрүш мүмкүн эмес. Сырты тынч, бирок ичинде коркунучтуу толкундар толкуп жаткан көлгө чумкуган өрдөк сыяктуу өз ичимдеги толкундарга чөмүлдүм, жамындым. Ичимде жиликтериме чейин суу болдум. Кайсы жол менен бара турганымды дагы билбей, машинемдин газ педалын терең ойлорго баткан абалда басып жаттым. Ыйык жашоо жана өлүм тууралуу ойдун чексиз нематтарына карай мени ээрчитип бара жатты.
Башым адашып, машинени да айдап бара жатканда кызык нерселер оюма келе баштады. Машинемде эмей эле, ыпысык аба ырайында бороондун ортосунда калгандай элем. Каным катып калган. Буттарымдын боолору кудум эле чечилгендей. Майда кар ырайымсыз бир адамдын урган муштумдарындай бетиме оңдон-солдон тийип жатты. Ар бир кар тийген сайын кыпкызыл кан болуп жерге түшүп турду. Аппак карлар тегерегимде кызарды. Мендей ыпысык аба ырайында бороондо тоңуп жаткан жалгыз адамдын "кабырымды кызыл топурактан, жок, жок, кабырымды майда кызыл кар менен жапкыла" деген осуяты болду. Ээн көчөлөрдө титиреген ит сыяктуу, ыпысык аба ырайында үшүгөн жалгыздыгыма ким салам айтпайт? Адам жалгыз болгондо демин да укпайт. Өлүктөй болот. Мында эч кимдин айыбы жок. Чынында айыптуулар ушунчалык көп, адам ким менен жолугушса, эртеси күнү сөзсүз бири-бирин таарынтат жана кийинчерээк ар ким өз жагына жана өз ичиндеги ээн көчөлөргө чегинет. Жалгыздыктын логикасы болбогондуктан бул туура жоруу болушу мүмкүн эмес. Айрыкча андан мурун баштан өткөн болсо анын эч логикасы жок. Кадимки коркууга окшойт. Жалгыз киши - жалгыз калуудан коркпогон киши. Жалгыздык жана коркуу ырайы суук жыландай күндүн эң ырайымсыз отунда дагы кишини үркүтөт, титиретет. Ошентсе да баарыбыз бири-бирибизге сүт жыттанган наристе деминдей жумшак болсок, эмне болот эле? Боло албай жатабыз, анан дагы жалгыздыктан арызданабыз. Мына ушундай карама-каршылык.
Жалгыздык менен курулган космостук тынчтык доору, тамырларда кандын күрүлдөп агышын дагы укпаган киши чынында жымжырттык цивилизациясындагы урандыдай. Же болбосо жалгыздык - түзүлүү этабындагы аң-сезим доору. Абдан кызыгам, жалгыздыктын калың, жумшак жана ысык терисинен канча киши үшүгөн?
Жалгыздыктан тоё ичкен жалгыз болобу? Бул себептен жалгыздык жансыздык дегенди билдирбейт эле, бирок жымжырттык дегенди билдирет эле. Азыр да башаламандык жалгыздыктан, жаман жакшыдан эмнеге күчтүүрөөк болууда? Адамзаттын чече албаган эки суроосу.
Жалгыздык маданиятында алгач сөздөр сүйлөйт, анан өрөөн көз жашына толот. Жалгыздык жана сөздөр бул эки түбөлүк нерсени көз жашынын чексиздигине ташыйт. Экөөнүн тең чексиз чоңдугунда башка жалгыз чөгөт жана кайра тирилет. Сөздөрдүн башаламандыгын кубалаган жалгыздык көз жашынын дарыяларында чөгүп, кайра тириле турганын кайдан жана кантип биле алат? Сөздөр - жалгыздыктын көз жашынын сыясы менен калтырган бут издери. Жалгыздыкты ким окуса, бул бут издери менен кетет жана чексиздик мезгилинин салкын шамалдарын өз рухунда сезет.
Бул сүйлөмдөрдү бүгүнкү акыреттик аба ырайында жыттаган элем. Бул күнү бири жер үстүндө, экинчиси жер астында болгон эки азем бар эле: Чыңгыз Айтматов өлгөн эле. Жер үстүндөгү аземге баардык романдарынын каармандары жанында, миңдеген киши, баардык кыргыздар, бүткүл Бишкек, кудум Бишкек жана Алаарчадагы бактар, кудум Алатоо тоолорундагы баардык карлар, кудум өрөөндөрдөгү "ала маралдар, түш көргөн карышкырлар жана баарынан да Гүлсараттын неберелери болгон тайлар кулундарды жана жабагыларын жанына алып келишкен, бирок Чыңгыз Айтматов табыты болгон "Ак Кеменин" ичинде жапжалгыз эле. Баары кезек менен Шекер дарыясынан алынып келген суу менен жуулган Айтматовдун сөөгү жаткан чатырга кирип, бир-бирден коштошуп же чоң аталарына салам айтып жатышты. Эң акыркы болуп Гүлсараттын небереси экенин айткан бир тору ат келип, "өзүн таанытты, тукумун баяндады". Зыяратчылардын баары кулак түрдү жана аны тыңдай баштады. "Сен адам жылкысынын жакшысы элең. Бир тулпар элең. Гүлсараттын канаттары болгон элең. Ал жашоосунун эң бактылуу, эң сонун күндөрүн, эң бактылуу мезгилин сени менен бирге өткөргөн. Сени чоң апама жасагандарыңдан улам мен жана неберелерим унутпайбыз. Көзүмдүн алдынан бара жаткан сен эмес, тулпар Гүлсарат. Тиги дүйнөдө бир күнү жолугушарбыз. Сен да эгер апамды көрсөң, салам айт жана мындай де: "Эми сенин ордуңа улуу кыргыз жерине така издерин неберең калтырууда. Тукумубуз уланган убакта Айтматов, сен да биз менен жашайсың, Гүлсарат да. Анын буттарынын дабыштары кулагымда эң сонун комуз күүсүндөй дайыма калат" деди. Гүлсараттын небереси ушуларды айтып жатканда Айтматовдун досторунун баарынын көздөрүнүн алдынан бүт өтмүшү көңүлдөрүнөн сүзүлүп өтүп жатты. Мухтар Шаханов "Кожожашта" мындан ары бирге маек кура албайбыз деп ушундай бакырды, ушундай кыйкырды, Гүлсараттын небереси коркуудан чатырдан артка кетенчиктеп чыкты. Шаханов кошок айтууну улантты, Шекер дарыясынын жээгинде дагы бир от өчтү, көк жүзүн зорго көрүнгөн бир булут каптады. Айтматовго "таарынган булут" мына ушул булут, башкача айтканда менмин деди жана ыйлады, катуу ыйлады. Колдорун көккө көтөрүп, улантты, мурун ал Гүлсараттын көздөрүн жумган, азыр Гүлсараттын небереси анын көздөрүн жумууда" деди.
Айтматов табытынын ичинде өзүнөн башка ар нерсени көрө билүүдө, бирок Ата-Бейитке коюлган учурда болсо өзүнөн башка эч бир нерсени көрө албайт эле. Билесиздер, ал тирүү кезинде жалаң тоолор менен, Ысык-Көл менен, бактар менен, жалбырактар менен, дарыялар менен, койлор менен, аттар менен гана сүйлөшкөн эмес, "Кыяматта" көктөгүлөр менен да сүйлөшкөн. Азыр болсо ал унчукпайт, алар сүйлөп жатты.
Акырында "Ак кеме" таштарды баса баса, тоолорду аша аша эмес, Гүлсараттын неберелери тарткан арабада "түбөлүккө кеткен жол, үйгө кеткен жолдон кыска" жазылуу плакаттын астында күн нурунан сактанып, канаттарынын күчү жетпегендиктен артта калып, тоңуп өлгөн Чүй (каз) сыяктуу өлгүм келбейт, канат кагып өлгүм келет дегендей Чүй проспектисинен Ата-Бейитке карай жолго чыкты. Жол бою гвоздикалар, розалар, жоогазындар ыргытылып жатты.
Кеме акыркы лиманга якорь таштаганда жалаң Айтматовдун деңиз маягы жанмак, Айтматов дагы жалгыз өзүн көрө алмак. Өз жарыгы, өз жылдызына учурамак.
Айтматов түбөлүк тынчтыгына жеткен. Ошол учурда уулу менен кызы колдорунда сырты ак жана эки учунда ысымдарынын (Э жана Ш) баш тамгалары болгон бир жаздык алып келди. Кудум Айтматовдун атасынын совет зындандарында жатканда башын жаздап, жылдар бою уктаган жаздыгындай эле. Ал да уулу Чыңгыз жана кызы Розанын ысымдарынын баш тамгалары бар болгон жаздыкка башын жаздап уктаган эле. Жана бир ыр жазылуу кара таш баш жагына коюлду:
Сага айта турган сыры
бар дүлөй кара таштын да,
Өткөн күндүн баардык издери
жатат жер астында,
Жер астында ата-бабаң кулак
кылып чөптөрдү,
Сенин ар кыймылыңды
тыңдап турган сыяктуу.
Шаханов

Жогоруда ушулар болуп жатканда төмөндө экинчи азем башталган эле. Айтматовду алгач Чора тосуп алды. Чора "билетимди партияга алып барганыңды да, комсомол башчысынын сени менен жолугушкусу келбегенин да билем" деди. Эй Эрназар! Эй Эрназар! Эрназар да, өзү да түшкөн бул чуңкурдан экинчи чыга албай турганын билип жаткандай көз көзгө, тизе тизеге отуруп маек курушту. Эрназар аялын сураган сайын Айтматов ыйлап жатты, Айтматов болсо "сени чуңкурдан куткара албадым" деген сайын Эрназар ыйлап жатты. Бул чуңкурда да убакыт өтмүшкө чейин созулган. Ошол учурда азыркыга чейин бул чуңкурда болуп көрбөгөн бир окуя болду, "Бөрү Эне" чуңкурдун башында бир тактын үстүндө жаңы келген Айтматовго "кош келдиң" куттугун айта баштады. Аны баардык "Акбаралар, Ташчайнарлар, Бөртеченелер, Ашиналар жана атүгүл Бугу Энелер да тыңдап жатты: "Эй, суук тоолордон келген баатырым, мен карышкырлардын Улуу Энеси Бөрү Эне, сенин жардамың менен сүт толтура эмчектерден улам неберелерим эмип жашап жатат. Карышкырларыма боз талааларда, тоолордо жашоо укугун бергениң үчүн сага бул чуңкурда табынам" деди. Аңгыча чуңкурдун эшиги такылдады, келген "Момун" чал эле. "Жамийла чет жакта, келгениңди угуптур, "Даниярдай жигитке качканым үчүн мени эч ким айыптабасын, ашыктык маданиятынын ханышасы катары бул жерде тынч жашап жатам. Мага бул маданиятты берген Айтматовго сый-урматымды тартуулап, маданиятыбызга кош келдиң деп жазган бул күүнү сага жиберди" деди. Айтматов эми өзүнүн адамдар, тарых жана коом тууралуу жаза албай турганын, мындан ары адамдардын өзү тууралуу жаза турганын ойлонду. Анан ичи караңгы жана муздак бөлмөдө оң бетин атасы, сол бетин Бүбүсара тутуп турган жана өзү жазбаган бир дептер көрдү, окуй баштады, дептер өз өтмүшүн баяндап турат, мына ошол учурда так ошол учурда "Жер-Эненин" боорунда "Кылым Карытар Бир Күндүн" башталганын, өлгөнүн түшүндү. Ал кечте Саманчынын Жолу ал тууралуу ыйлаган Айтматовдун көз жаштарынан суу болгон эле.
Машинемдин чайпалышы менен тик да эмес, жатык да эмес ой саякатым бүттү. Чынында, бул аң-сезимим ордунда туруп, өлүм менен байланышым эле. Өлүм менен байланыш мээнин ичкериге, тереңге карай жүрүшүндөй сезилди мага. "Өлүм асылзаада жымжырттык экен, өлүм асылзаада жалгыздык экен" деп ойлондум. Өлүм тымызын жатууга жана жашыруун түш көрүүгө окшобойт. Табыла турган табышмакты да таба турган жымжырттык бул жымжырттык" дедим ичимден. Анан оюма агностикалык бир ыр келди:
Буудай эгесиң, буудай оросуң,
Арпа эгесиң, арпа оросуң,
Сулу эгесиң, сулу оросуң,
Топ-топ адам эгесиң,
ай мүрзөчү
Эмне оросуң?
Бул терең ойлордун мени Ахунбаевдин бурчуна кантип алып келгенин билбей жаттым. Бир нерсеге урулганымды түшүндүм. Машинемден түштүм, карасам, бир итти сүзүптүрмүн, баласы жерде узатасынан жаткан өлүү энесинин эмчегин эмип жатат. Ошол абалымда калдым. Көчөдөгү башаламандык менен убакыт да тим эле тоңгондой. Аңгыча алты жаштардагы бир бала энесинин колунан качып чыгып, кичинекей күчүктү кучагына алды, сылап-сылап энеси менен көздөн кайым болду. Ал кичинекей бала ким эле, билесиңерби? Багар-көрөрү жок балдар үйүндө мага бөбөгүн бербеген кыз бала эле.
Зекай Өздемир,
түрк жазуучусу жана адабиятчысы.
29.06.2008 Бишкек










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan