Өмүргө айланган кайрык

"18 жаш тоодон аккан булак белең,
Болбосо андан учкан бубак белең"
Зейнеп Шакееванын ысмы кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна таанымал. Аны саймериндеп тааныштырып олтуруунун кажети жок. Аксуубай Атабаевдин "18 жаш" деген ыры менен кошо таржымалга айланган ырчы. Кудай буюрса, ушу жылдын көктөмүндө 60 жашка чыгат экен. 9 небересин эркелетип, бактылуу турмуш кечирүүдө.

- Зейнеп эже, 18 жашыңызды сагындыңызбы?
- 18 жашты кимдер гана сагынбайт. 16 жашымда филармонияга ырчы болуп келгем. Алгач "Элмира", "Күн чыгышым" деген ырларды аткарчумун. 17 жашымда "18 жашты" ырдап чыккам. Эми ал учур жомоктой кез эле да. 18 жашымда "18 жаш" менен атагым чыгып, "дүң" дей түшкөм. Бирок, балалык баео сезим менен атак-даңк эмне экенин, өзүмдүн атактуу болгонумду деле этибар албаптырмын. Жөнөкөй кийинип, жөнөкөй жүрчүмүн. Ошол мезгилдерде мен үчүн эл алдына чыгып ырдоодон өткөн бакыт жок эле. Татынакай кийинип алып, сахнага чыгып, бүт дитиң менен берилип ырдасаң, концертке келген эл дүркүрөтө кол чаап, кайра-кайра суранып ырдатса, тимеле жүрөгүм алып-учуп, кадимки канат бүткөндөй туюлчу. Анан ансайын ырдагым келип, эргип чыкчумун. Ошондогу менин булактай атылган учурумдун элестери "18 жаш" деген ырда калды. Ал ырды уккан сайын, ырдаган сайын ошондогу кайрылгыс, кайталангыс кездерим көз алдыма тартыла түшөт. Репертуарымдагы 50дөн ашык ырларымдын ичинен жүрөккө эң жакыны ушу "18 жаш".
- Атактуу ырчы кыздын артынан далай жигиттер жүгүрсө керек?
- Каяктагы жигиттер? Ал мезгилде тарбия башка болчу. Жакшы көрүп, гүл көтөрүп келген жигиттер элдин көзүнчө гүл бергенден уялып, тартынып турушаар эле. Анын үстүнө жеке өзүм дагы мындай маселеге такыр көңүл бурчу эмесмин. Эси дартымдын баарын ыр ээлеп, ырды сүйүп, ыр деп жашаган кызга чынын айтсам жигиттердин кереги жок болчу. Жаныңды жай алдырбаган иш планыбыз дагы жигит менен жолугуп, жигит менен сүйлөшүүгө, анан калса ашыкча ойноп- күлүүгө мүмкүнчүлүк берчү эмес. Мына ушундайдан улам жигит күткөн эмесмин.
- Сизди ошол 18 жашыңызда ала качып кеткен деп уктум эле?
- Ошондой болгон. Филармонияда беш-алты күн катары менен концерт бердик. Эл жык-жыйма. Билет жок. Укмуш концерт бергенбиз. Төртүнчү күнкүсүндө биздин айылдык балдар келишиптир. Жакшы бир жолдош бала бар эле. Анын туулган күнү экен. Балдар "Зейнеп, досубуздун туулган күнү. Апасы да ооруканада ооруп жатат. Кичине көңүлүн көтөрүп коелу" дешти. Эч кандай жаман оюм жок, макул болдум. Анан эле ак жоолук салынып, шайы көшөгөнүн артында отуруп калдым. Тагдыр экен да, өз айылыма келин болдум. Улуу муундагылар "Зейнеп, жакшы кыз айылдан чыкпайт" деп сооротуп коюшту. Очор-бачар үй күтүп, бүлөлүү болуп калдым. Бирок, ырды таштаган жокмун. Жолдошум дагы каршылык көрсөткөн жок. Бир колум менен микрофон кармап, бир колум менен бала көтөрүп жүрүп ырдадым. Расмий санаганда сахнага 21 жыл өмүрүмдү арнаптырмын. Бул убакыт айтканга оңой болгону менен күн-түн дебей дөңгөлөктүн үстүндө жүрүп, филармониядан баштап, тээ алыскы жайлоолорду кыдырып, чабандарга чейин концерт берчүбүз. Маданият министрлиги да биздин баскан-турганыбызды катуу көзөмөлгө алып турчу. Атактуу болгонубуз менен биз өз башыбызга ээ эмес элек. Эл үчүн жашап, эл үчүн ырдачубуз. Бизди эч ким чалчактатып эркелетчү эмес. Жылдыз оорусу менен ооруган жокпуз. Жетекчилик "бас" деген жакка басып, "олтур" деген жерге олтурчубуз. Тартип катуу болгондуктан ушундай кадыр-баркка жеттик окшойт деп ойлоп коем.
- Айтмакчы, андагы маданият министри Кондучалова филармониядан сизди чакырып алып, "Шакеева, курсакты тарт" деп зекиген дешет?
- Жогоруда айтпадымбы, бизди аябай көзөмөлдөп турушчу деп. Экинчи баламды төрөгөндөн кийин ушу окуя болгон. Кондучалова аябай талапты катуу койгон министр болчу. Мамлекеттик деңгээлдеги чоң концерт болмок. Даярдыгыбызды көргөнү келиптир. Анан мен ырдаганы чыксам, токтотуп коюп, шашпай басып келди да "Шакеева, курсакты жогот" деп, сөөмөйү менен курсакка бир сайып атпайбы. Жаман эле болуп кеттим. Төрөгөндөн кийин аялдын денеси бир топто өз калыбына келет эмеспи. Жаңы эле төрөгөнүмдөн кабары болсо дагы, эч нерсени уккусу да, билгиси да келген жок. Талап деген талап да, аткарбаска аргаң жок. Негизинен эле "семирбегиле" деген талап катуу болчу.
- КРнын эмгек сиңирген артисти деген наамды качан алдыңыз?
- Наам алыш деле ойдо жок болчу. 1976-жылдын жай айларында айылда эс алып жүргөнбүз. Сиңдилерим "Зейнеп Шакеевага КРнын эмгек сиңирген артист деген наам берилсин" деген буйрук чыкканын гезитти көтөрүп алышып, бизге сүйүнчүлөп барышыптыр. Чынында кубандык. Жууп, майлап эле жатып калдык. Андан кийин деле эл артистигин алуу үчүн жүгүргөн жокмун. Кийин заман өзгөрүп кетти.
- Жакында эле кайсы бир концерте сиз "18 жашты" ырдап чыктыңыз го. Ошондо залдан сизди көрүп, "18 жаштын" мукам обонуна канчалары термелип, айрымдары көздөрүнө жаш алып ыйлап жатканын көрдүм. Алар сиз менен кошо жарышып ырдап да атышты.
- Азыр сахнага чыксам өзүм да ыйлап жибергим келет. Жүрөгүм титиреп кетет. Алыста калган делбирим кездерим көзүмдөн учуп, эмнегедир ошол күндөргө кайрылып баргым келет. Эл батпай, тимеле бирине бири тирешип туруп алышып, ырларыбызды уккан мезгилдерди сагынам. Азыр деле анда-санда өз замандаштарым менен айылдарды кыдырып,концерт коебуз. Аксакалдар, апалар келип "Ээ, айланайын барсыңбы?" дешип, колумдан өбүшөт. Андай минуталар менин өмүрүмдү узартып жаткандай туюлат…
- Алдыда 60 жылдык юбилейиңиз күтүп жатпайбы, даярдык көрүп атасызбы?
- Даярдык деле көргөн жокмун. Жакында эле жолдошумдун ашын бердим. Кыш түшкөндөн бери оорукана менен үйдүн ортосунда жүрөм. Ден соолук кичине начарлап турат. Мамлекет тараптан деле кабар билинбейт. Юбилей өткөрүш үчүн чоң каражат керек. Персоналдык пенсионер катары эки миңге жетпеген пенсия алам. Аны каягына жеткирем? Эми жаз келе берсинчи, буйрук болсо өтүп калаар. Али үмүтүмдү өчүрө элекмин. Кудайдын бир айтканы тургандыр. Балдарым, неберелерим аман болсо, ошолор оорусаба, дайыма көңүлдөрү куунак болуп турушса мага ошол бакыт. Келип он сегиз жаштан "18 жашты" аткарган менден кабар алган сиздердин "Айгай" гезитине чоң ырахмат! Аман болгула!
- Рахмат эже, сиз да бар болуңуз!

Маектешкен
Нурайым Асанкалиева










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan