Саясат айдыңында

Ааламга кетчү жол айылдан башталат
Өтүп бараткан жума оппозиция жээгиндегилер үчүн, айрыкча "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев үчүн айрыкча учур болду. Бийликтин "бөрк ал десе баш алган" жасоолдорунун колу менен түзүлдү, ошол ийгилик. Арадай ишти чарадай кылды алар.
Аталган партия Талас облусуна катардагы эле партконференциясын өткөргөнү барышты. Бирок, бийлик кудум тоо көчүп келаткансып кабыл алып, борбордогу милиция кызматкерлеринен тарта жүктөп жөнөтүп, жумуртка менен соктуруп, (ал жумурткалардын бири акимдин өзүнө тийип) сотко сүйрөп, натыйжада ал чөлкөмдө саясый абал өзүнөн-өзү кайнап, анын ысыгы азыр бүт Ала Тоого тарап турган кез. Тиягы Ош, Жалал-Абад, бул жагы Нарын, Көл, Чүй аймактарындагы эч нерсе менен иши жок элет эли кулак түрүп эле калышты. Кыргызстандын ар бир кокту-колотунда азыр "Текебаев, Текебаевди тигинтиптир, минтиптир" деген эле сөз. Андай маалыматтардын алды чет өлкөлөргө чейин тарап кетти. Кыскасы, Текебаевдин карапайым эл алдында, айрыкча Талас жергесинде имиджи көтөрүлдү. "Ашыкча аракеттери" менен бийлик өзү көтөрүп берди. Болбосо, аталган партконференцияга кадыресе көңүл бөлүп, жайына койгондо Ө.Текебаев өзүнүн ээрчитип барган алты адамы менен алты айылда болуп, айланып келип Бишкекке отуруп калмак. Мыйзам боюнча ушундай болмок.
А, азыр болсо "Ата Мекен" партиясынын лидеринин келишин, партиянын партконференциясын өлкөнүн бүт аймагы күтүп жатат, айрыкча айыл эли. Анан калса "чыныгы лидермин" дегендер, борбордо отуруп алып, гезиттерге пачке-пачкелеп интервьюларды берип отура бербей, эл аралап, эл менен кошо үшүп, элдин азабын да тарта алса, элдин духун көтөрө алса - ошол лидер.
Демек, Ааламга кетчү жол, Вашингтон же Москвадан эмес, айылдан башталат...

Нурдин АСАНОВ




 "Өчпөс ырлар" рубрикасынан

Кыргызымдын жигиттери
Ала качып аргымактар
арыш керет,
Азанатып азаматтар
намыска бек.
Шамдай жанып алышып,
Шамал менен жарышып,
Жүзүн сүртүп булутка,
Жүрөгү от, каны ысык,
Алатоону бел кылып,
Абалтадан шок болот,
А болбосо жок болот.
Кыргызымдын жигиттери.

Дүгүрөтүп, жердин үстүн
тулпар келет,
Дүркүрөтүп дүйнө жүзүн
шумкар келет.
Кымыңдашат кыргыздар,
Жымыңдашат жылдыздар,
Ал анткени алардын,
Арасында Чыңгыз бар.
Аалам кезет жомоктой,
Ак калпагын жоготпой,
Акыл эсин камчылап,
Аккуладай алкынат,
Ай-жылдызга талпынат,
Кыргызымдын жигиттери.

Учту мына Айчүрөкпү же
аккуубу?
Шукшурула жигит шумкар
сыяктуубу?
Закымдады кыз улан,
Жакындады боз улан.
Ана, жетти, жетти!
Бек кучактап кетти, кетти!..
Ак сүйүүгө бек болот,
Ак достукка чеп болот.
Кызыл гүлүң соолбосун,
Кыдыр болуп жолдошуң,
Кыраан Манас колдосун,
Кыргызымдын жигиттери!

Кыялбек Урманбетов, акын




Ошто "Ата мекен партиясынын мүчөлөрүнө куугунтук күчөдү.

"Ата Мекен" партиясынын Ош облусттук бөлүмүнүн лидери Бакытбек Калмаматовдун "Азаттыкка" билдирүүсүнө караганда, саясий уюмдун Кара-Суу, ошондой эле Ноокат райондук төрагалары Төлөгөн Келдибаевди жана Набижин Каримбердиевди соңку күндөрдө белгисиз кишилер "жолуңардан кайткыла, болбосо көзүңөрдү тазалайбыз,"-деп коркутуп-үркүтүп, а түгүл Төлөгөн Келдибаевди эки күн мурда токмоктоп да кетишкен. Мындан тышкары партиянын башка активдүү мүчөлөрүн да ачык опузалоо күчөдү.




"...Мен президент болсом, экс-президент Аскар Акаевдин кылык жоруктары кайталанбайт."
(2005-жыл.17-март. К. Бакиевдин Жалал-Абаддагы оппозициянын жыйынында сүйлөгөн сөзүнөн)

Түштүктө "Ата Мекенчилер" кысым токтобосо жол тосууну чечишти.
Таласта эл толкуп жатканда бийлик жасоолдору Жалалабадда да тынч жаткан жок. Мисалы, Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси Асылбек Текебаевдин Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы пратиялаштары менен жолугушуу учурунда номерсиз автоунаа менен "табышмактуу" адамдар артынан калбай аңдуу жүргүзгөн. Ал автоунаадагылар Асылбек Текебаевди Мадумар-Ата ашканасына чейин кууп барып, "эскертүү" берген. Унаадан түшкөн үч кишиде бир тапанча жана Калашников үлгүсүндөгү эки автомат болгон. Алар өздөрүнүн ким экендиктеринин айткан эмес.
Эгер, ушул өңдүү кысым көрсөтүүлөр күчөй берсе партиянын Жалалабаддагы мүчөлөрү жол тосууга мажбур болушаарын билдиришти.

Турсунбек Акун, акыйкатчы:
"Бул - аша чапкандык..."
- Талас облусунун Кара-Буура районунун акиминин, укук коргоо органдары нын оппозициячыл саясатчыларга жана "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата жасаган мамилеси аша чапкандык.

Исмаил Исаков, экс-коргоо министри:
"От менен ойнобогула!"
- Бийлик тез аранын ичинде учурдагыдай ыксыз куугунтуктоолорун токтотпосо, мындай көрүнүш элдин кыжырына тийип, толкундоолордун тездешине шарт түзүп берет.

Топчубек Тургуналиев, БЭКтин мүчөсү:
"Мындай жол бийликти жакшылыкка алып барбайт"
- Ушу тапта бийликке каяша айткан оппозиция лидерлерине, ал тургай алардын туугандарына да ар кандай шылтоолор менен кылмыш иштери козголуп, бийликтин саясий куугунтукка алуусу күчөдү. Бул жол бийликти жакшылыкка алып барбайт.

"Репрессияга жол бербейбиз!"
Учурдагы абалга кабатырлануу менен Ош облустундагы "Ош коомдук кыймылынын" жетекчиси А. Кангельдиев 260 киши кол койгон кайрылуусун өлкө башчысына жөнөттү. Анда, 1937-жылдагыдай саясий репрессия баш көтөрө баштаганына кабатырланып, Конституциянын гаранты болгон Президенттен ыксыз куугунтуктоолорду токтотууну талап кылышкан. Кайрылууда бүгүнкү оппозиция лидерлери Ө. Текебаев, А. Жекшенкулов, И. Исаковго окшогон азаматтарга асылып жаткан бийлик жасоолдоруна кыжырданууларын билдирген. Мындай мамиле токтотулбаса, аларды коргоо үчүн миңдеген адамдар чыгаарын да эскертишкен.


Жалалабаттыктар Текебаевди коргошууда
Жалалабаттын Базар-Коргон, Ноокен райондорунда жана Кочкор-Ата, Майлуу-Суу, Ташкөмүр шаарларында Ө.Текебаевди колдогон жыйындар өтүп, "Ата Мекендин" лидерине карата бийликтин уюштуруп жаткан чагымдарына кабатырланууларын билдиришти.










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan