Эл аралык панорамада: окурман ой бөлүшөт

Барак Обама - жаңы тарыхтын жарчысы боло алаар бекен?
Дүйнөлүк басма сөздүн учурдагы эң негизги темасы - Америка Кошмо Штаттарынын жаңы Президенти Барак Обама десек эч бир жаңылбайбыз го. 20-январдан баштап бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колго алган кара түстүү лидер азыр ар бир кат-сабаттуу инсандын оозунда. Бул күнү 4 миллионго жакын америкалыктар тарыхта болуп көрбөгөндөй зор церемонияга катышып, мамлекеттин жаңы лидерин дүйнөдөгү эң маанилүү бийлик креслосуна отургузуу аземин өз көздөрү менен карап отурушту. Бул церемонияны алып көрсөтпөгөн бир да телеканал же массалык маалымат каражаты калган жок окшойт. Эмне үчүн? Себеп бирөө эле - Американын тышкы жана ички саясатын өзгөртүү. Турмушту оңдоо. Азыркы улам сормо сазга тартып бараткан каржы кризисин жоюу. Эл аралык мамилелерди тынчтык жолго салуу. Айтор, үмүт, үмүт жана да үмүт.


Обама шайлоодо жеңип чыкканда Америка эмес, Европанын элинин кандай кубанганын айтып отуруунун кажети жок. Христиан дүйнөсү да, мусулман дүйнөсү да Барак Обамага зор симпатия менен карап турат азыркы тапта. Бүтүндөй Африка континентинин жетине албай сүйүнгөнү өзүнчө эле тема. Айрыкча, кубанганынан жер тепкилеген Кенияны айт. Америкалык караларды айт, Мексика тектүү америкалыктарды айт, америкалык мусулмандарды айт. Кыскасы, дүйнөнү финансы кризиси ар тарабынан ороп, нефти менен газдын согушу Батышта да, Чыгышта да элдердин эсин эки кылып турган кезде, бир күн болсо да милларддаган ар түрдүү калктар бир сүйүнүп алышты окшойт, чиркин.
Обаманын канында африкалыктар менен актардын гени бар экен, христиандар менен мусулмандардын гени бар экен. Америкада төрөлүп, Индонезияда чоңоюп, өз атасы христиан, өгөй атасы мусулман болуп, эки цивилизациянын тең ак-карасын айра таанып, сабырдуулук менен чыдамдуулук, толеранттуулук деген эмне экенин өз турмушунда сезип-билип чоңойгон азамат экен.
Барак Обама мектепти мусулман чөйрөсүндө окуп баштап, андан соң Американын бирден-бир мыкты университети саналган Гарварддан юрист деген кесипке ээ болуптур. Ошол студент кезинде эле саясатка жакын болуп, университеттин студенттер жамаатынын президенти болуп шайланыптыр. Кийин Чикагодо юрист катары кызмат өтөп, бара-бара демократтар партиясынын жергиликтүү уюмуна кириптир. Жаш болсо да партиянын катарында белсемдүү кадр катары таанылып, шайлоолорго катышып, кийинчерээк Конгресске мүчө болуп шайланыптыр. Ал эми демократиялык партиянын эң эле авторитеттүү лидерлеринин бири, Американын мурунку Президентинин жубайы Хиллари Клинтон менен ат салышканда кантип аны жеңип чыкканын баарыбыз эле угуп-билип жүрбөдүкпү. Кийин жалпы улуттук масштабда Американын эң эле сыйлуу, абройлуу саясатчысы деп аталган Джон Маккейнди ишенимдүү эсеп менен жеңип алганы чынында эле тарыхый окуя, дүйнөлүк саясаттын бурулуш учуру катары кабыл алынды.
Азыр Атлантиканын аркы жээгинде да, берки жээгинде да менмин деген аналитиктер, экономисттер азыркы дүйнөлүк кризисти кантип жеңүү керек деген суроонун үстүндө күндүр-түндүр баш катырып жаткан кездери. Барак Обаманын бийликке келишин британиялык "The Economist" журналы "Улуу үмүттөрдүн учуру" деп баа берди. Орусиянын гезит-журналдары да Америка менен мамилени жакшыртууда Обаманын сабырдуу, акылдуу позициясы жардамын тийгизет го дегендей маанай менен жазышууда. Биздин региондон казак Президенти Н.Назарбаев телефон менен баарлашып, жаңы лидерге адамгерчилик сый мамилесин билдиргенге үлгүрдү. Куттуктоо телеграммасын башка эл менен катар Кыргызстандын Президенти К.Бакиев да жөнөттү. Телеграммада эки мамлекеттин ортосундагы башынан жакшы өнүгүп келаткан өз ара мамилелерди мындан ары да жакшыртуу тилеги билдирилди, ич ара байланыш арды жакшыртуу зарылдыгы айтылды.
Эми Б.Обама чече турган зор маселелердин тегерегине келели. Ал үчүн эң зор маселе, албетте, Ирактагы согушту токтотуу. Ошол эле катардагы дагы бир зор маселе - эл аралык финансы кризисин жолго салуу. Бул Американын жаңы Президенти чече турган эң бир татаал дагы, кыйын дагы маселелердин бири. Андан кийинки маселе - Американын эл аралык аброю, азыркы учурда планетанын дээрлик бардык бурчтарына тарап кеткен антиамериканизм. Кыргыздар айткан: "Жаман болуш бир паста, жакшы болуш аста-аста" деген макал чынында эле эң бир туура айтылган кеп экен. Азыр Европада деле мен америкалыкмын деген кишини көп кишилер ачыктан-ачык эле жаман көз менен карайт, айрым жерлерде күлөт. Башканы коёлу, биздин эле Кыргызстанда бул америкалык экен десе, Мотуев же Турсунбай Бакир уулу эмес, башкалар да жактырбаганын ачык билдиришчү болду. Албетте, буга таң калуунун кереги жок, анткени азыркы күндө Кыргызстан дүйнө эмне маселе же көйгөй менен жашаса, ошону кошо тарткан мамлекет. Элдер тарткан азаптарды биз да тартып жатабыз, дүйнөлүк проблемалар бизде да толтура, андыктан глобалдык саясатка айлабыз жок кызыгабыз, Америкада болуп жаткан иштер керек болсо бизге да же зыянын же пайдасын тийгизет.
Америка Кошмо Штаттарынын жаңы Президентинин алдында турган дагы бир чоң маселе - энергоресурстар, нефть жана газ. Планетанын температурасы улам жылымтык тартып баратканынан улам чыккан маселелер - бул дагы Обаманын баш оорусу болмокчу, анткени күйүүчү майдан чыккан зыяндуу газдар атмосфераны ката-кат чулгап, асманда озон тешиги деген балээ чыгып, ошондон улам Антарктика менен Арктиканын муздары ээрип, океандар ташып, добул менен бороон-чапкын Американы да, Европаны шаштысын кетирүүдө.
Андар бериде Жакынкы чыгыш маселеси, Ирандын ядролук куралга ээ болом деген кооптуу дымагы, Афган согушу, Израиль менен Палестинанын жарым кылымдан бери бүтпөй келаткан чатагы, диндердин ортосундагы, цивилизациялардын ортосундагы улам ырбап бараткан араздашуулар да американын жаңы Президентинин алдында турган маанилүү маселелрдин бири.
Эми Борбор Азия регионуна келе турган болсок, бул жерде да бир катар актуалдуу маселелердин башы көрүнүп турат жана бул маселелерге АКШ эч качан кош көңүл карай албай турганы айдан ачык. Биздин региондогу нефть менен газдын арбын кендери чоң мамлекеттердин аппетитин аябай козгоп, биздин жаңыдан түптөлүп келаткан суверендүү мамлекеттерге бир капталдан Кытай, экинчи тараптан Россия көз агытып турганы көрүнүп эле турбайбы. Бул мамлекеттерде демократиянын тартиптерин артка кетирбей, алдыга кетирип, авторитаризм режимдери менен конструктивдүү иш алып баруу да оңой маселелелерден эмес. Кыргызстандагы америкалык авиабаза Обама үчүн принципиалдуу маселеге айланып, аны Кыргызстандан чыгарабыз деген ички жана тышкы шыкакчыларга тиешелүү сокку уруу да турган маселе болуп баратат окшойт.
Албетте, америкалыктардын биздин территориядан чыгып кетсин дегендердин көпчүлүгү учурдагы саясий коньюктуранын кулдары - мында эч бир шек жок. Экинчиден, Америка Кошмо Штаттары менен мамилени бузуу аракети бери болгондо акылсыздык жана азыркы учурдагы жана жакынкы келечектеги көп нерсени түшүнбөгөндүк. Менимче, бул маселе бара-бара өзүнөн-өзү чечилип калышы мүмкүн. Афган согушун бир жагына оодарып, ашык чыгымдарды кыскартуу аракети бизге караганда Америкада алда канча күчтүү. Бул биринчиси. Экинчиси, Россия менен мамилени жакшыртсак, Америка менен кырды бычак бололу деген саясаттын өзү жеткен акылсыздык го. Эмне үчүн бири менен мамиле жакшы болсо, экинчиси менен мамиле бузулушу керек? Жок, Кыргызстандын тышкы саясатынын эң негизги доктринасы Акаев заманында эле абдан ачык жана так белгиленген: биз баардык күчтүү мамлекеттер менен жакшы, достук мамиледе болушубуз керек. Россия Америка менен араздашса - ал эки мамлекеттин жеке маселеси жана биздин туурадан кыпчылышыбыздын эч бир зарылчылыгы жок. Ошол эле позиция Кытай менен Американын өз ара мамилесине да тиешелүү. Биздин, эгемен кыргыз мамлекетинин өзүнүнүн тышкы саясаты жана ал саясаттын өзүнчө приоритеттери бар. Ал приоритеттерди өзгөрткүлө, башка жакка бургула деп бизге таңуулаганга эч кимдин акысы да, укугу да жок. Эгер бизге керек болсо, биздин улуттук кызыкчылыктарга жооп берсе, бурулабыз же бурабыз, бирок аны өзүбүз гана чечебиз. Кеп мына ушунда.
Дегинкиси, Американын жаңы Президентинин иш күнү жаңыдан гана башталды. Алдыда конституция боюнча дагы туура төрт жылы бар. Ал төрт жылдын ичинде АКШ кайда жылат, башка мамлекеттер, анын ичинде биздин жакынкы жана алыскы кошуналарыбыз кандай иштердин өтөсүнө чыгат - көрө жатабыз. Алдыдагы төрт жыл эмес, келе жаткан ала жазда, жайда жана күздө Кыргызстанда кандай окуялар болуп кетиши мүмкүн - бул да бир кудайдын өзүнө байланыштуу нерселер. Ошондуктан биринчиден өзүбүзгө ишенели да, андан кийин бир кудайдан жакшылык, тынччылык күтөлү.
Жаңы жылда баарыбызга аманчылык тилейли. Ушул.

Осмонакун Ибраимов










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan