Илгери-илгери эмес...

Орус эл жомогунун бүтүшү же Россиянын экономикасы жөнүндө
Россиянын экономикасы тууралуу талаш эбак башталып, эч ким тура прогноз кыла албагандыгы эми билинди. Дүйнөлүк кризис орус экономикасынын эсин оодарып, заматта ар бирибиздин көзүбүздү чайыттай ачты. Оптимисттердин сөзү оозунан түшүп, пессимисттердин көзү тунарды. Чыныгы кризистин жексур карааны орус шаарларын жаңы гана аралап, кыскарган жумушчу орундар, токтогон конвеерлер, жумушчуларга айлык бере албаган ишканалар эми эмне кылаарын билбей баштары маң. Тилекке каршы, жаңылыктар канчалык супсак болгон сайын, мамлекет жетекчилеринин сүйлөгөн сөздөрү жомокчулардын маегине окшошууда, баягы эле экономикалык мифтер, кыйратабыз, жыргатабыз деген убадалар.

Биринчи миф же жомок. Азыркы кризиске бир гана Америка күнөөлүү имиш.
Ооба, бир чоң күнөөсү бар. Ал күнөө - Америка жана Батыш мамлекеттери ай сайын эмес, күн сайын өсүп кеткен нефть менен газга ошол күн санап өскөн калыбынан жаздырбай акча төлөп туруш керек экен. Россия асмандан жамгыр сыяктуу нөшөрлөгөн акчага белчесинен батып, бирок өндүрүштү диверсификациялабай жата бериши керек экен. Россиянын экономикасын замандын ар кандай борон-чапкындарына туруштук бере ала тургандай кылып реформалоо, түшкөн акчаларды акыл-парасат менен сарптоо Американын же Батыштын милдети беле. Мына эми ошол жамгырдай жааган акчалар сээлдеди, нефтинин баасы түштү, жөө жомоктор жомок бойдон калды. Экономикабыз эч кандай кризиске туруштук бере албай турган экономика экендиги эми билинди. Биздин жетекчилердин күнөөлөгөнү Америка, ал эми баарын акыл калчап баалаган кытайлар да өз баш оорусун башкаларга таңуулагандын ордуна "Бул дүйнөлүк экономикалык апаатты чогуу чечели, биргелешип аракет этели" - деп күн сайын айтып жатышат. Экинчиден, тырышып отуруп, экономикасын бекем өндүрүштүк пайдубалга коюп алышыптыр. Азыр баардык жерде кризис, бирок экономикалык өсүштү быйыл дагы 8 пайыздан кем өнүктүрбөйбүз деп план түзүштү.
Россиядачы? Экономикалык кайра жаралуу болду деп айтканга эч бир негиз жок. Интеллектуалдык ресурстарды күчтөндүрүү боюнча жадагалса Голландияча да илимий эмгектер чыгара албадык. Кирешелердин баарын Американын казначейлик кагаздарына алмаштык. Россиянын акчалары американын финансы системасын сактаганга жумшалды. Глобалдык дүң продукциянын 2,8 пайызын гана чыгарабыз, экономикабыз чийки заттарды сатканга гана өтүп баратат. 2007-2008 - жылдарда чийки заттардын үлүшү экономикабыздын 78,2 пайызды түзсө, машина жабдыктарын чыгаруу 2007-жылы 5,6 пайызга чейин төмөндөдү. Ошол эле мезгилде тамак-аш продуктуларын импорттоо 3,7 пайызга өстү, ал эми орус банктарынын чет өлкөлөрдөн алган заемдорунун көлөмү 488,3 миллиард Америка долларына жетти.
Экинчи жомок. Биздин мыкчыгерлердин башынан тынбай сайрап келаткан бир эле иллюзиясы - кокус кризис болсо, Россияны каптабайт, бизден кайып өтүп кетет деген жомок эле. Ал жомоктун кризистин биринчи эле күнүнөн баштап таш-талканы чыкты. Акча дегенге белчебизден батып жатсак да, Батыштан кредиттерди ишканаларыбыз колдон келишинче, кекиртекке батышынча ала бериптир. Жыйынтыгын көрүп отурабыз. Ала бере турган мамлекеттин казынада каражаты жок. Ал эми Американын резерв фонду менен Европанын Борбордук Банкы Бразилия, Мексика, Сингапур, Түштүк Корея сыяктуу кризис оорусуна чалдыккан мамлекеттерге 1,9 триллион доллар көлөмүндө жардам көрсөттү. Дагы жардам беребиз деп камынып жатышат. А бизчи? Ички проблемаларыбыз чачтан көп, а бирок ышкырыгыбыз таш жарат. Ал гана эмес глобалдык геополитика оюндарга катышып, көрүнгөнгө муштум кезейбиз. Же туруктуу ички валютабыз жок, же ишене турган резервдерибиз жок, же таяна турган тоолорубуз жок.
Үчүнчү жомок . Россия - энергетикалык держава. Нефть менен газ бизде толтура экендиги чын, бирок экономикабыздын бул сектору улам барган сайын маселелери көбөйгөндөн-көбөйүп баратканын таптакыр эстен чыгарып койдук. Негизгиси - бул эки маанилүү сырьену чыгаруу барган сайын кымбаттап, технологияларыбыз ишпалдасы чыгып баратканында болуп жатат. Аны жаңыртуу, модернизациялоо керек. Анда социалдык сектордун проблемалары жатат. Демек, зор инвестициялар керек. Былтыркы эле жылы бул эки сектор мамлекеттин казынасынан 100 млрд доллар түрүндө жардам сурады. Экинчиден, былтыр Россия 1987-жылга караганда 15 пайызга нефтини аз өндүргөнүн эстен чыгарбайлы. Ошол эле убакта, Казакстан, Азербайжан, Туркменистан, Өзбекистан нефть чыгарууну алда канча көбөйткөнгө жетишишти. Россия, тескерисинче, азайтып алды.
Суроо туулбай койбойт: нефть менен газдын мамлекет менчигинен кеткенине канча заман болду. А бирок ал нефть жана газ магнаттарынын тапкан кирешелери кайсы жакка житип кетти? Кайда ал миллиарддар? Эми алар уялбай мамлекеттен кредит сурайбы? Эмне үчүн бул сырьенун баасы дүйнөдө асманга чыгып турган кезде индустриябызды жандантып, кайра иштетүү тармагын жолго коё албадык?
Төртүнчү жомок. Россиянын экономикасы инновациялык экономика экен.
Макул дейли. Анда эмне үчүн биздин атуулдар 68 пайызга чейин чет өлкөлөрдөн келген дары-дармектерди пайдаланышат, көчөлөрүбүздө импорттолгон машиналар жайнайт? Дагы илимий тармакка келели.Эмнеге бизде илимий иш менен шугулданган мекемелердин саны 1992-жылга салыштырганда 29,3 пайызга кыскарды, долбоорлоо жана изилдөө институттарынын саны 8,5 пайызга кыскарды? Ошол эле 1992-жылы АКШ илимий кызматкерлердин саны жагынан Россиядан эки эсе алдыда болсо, азыркы учурда 6 эсеге озду?
Дагы цифраларды келтирели. 1992-жылга салыштырганда 2000-2007-жылдарда эсептөө машиналарын орус компаниялары 12,8 эсе көбөйттү, грузовиктерди 7 эсеге көбөйттү, жеңил машиналардын санын 22,3 эсеге көбөйттү. Ошол эле нефть жана газ өндүрүүдө Батыш компаниялары 70 пайыз биздин Россияда өндүрөт. Ырас, Япония, Корея, Кытай биринчи мезгилде сырттан келген технологиялар менен экономикасын өнүктүрдү, бирок ошого катар өз технологиясын жандандырган, өз илимий потенциалын өргө тарткан. Бизде дурус деген объекттердин баарын чет элдик компаниялар курат, ошолордун инженерлери долбоорлойт, ошолор команда берет.
Кытай абдан туура иш кылып атат деп күн сайын тамшанабыз, бирок жасаган ишибиз теңирден тескери чыгып жатат.
Бешинчи жомок. Мамлекеттик корпорациялар келечекте мыкты жетишкендиктерди камсыз кылат. Туура, мамлекеттик корпорациялар индустриялык секирик жасаганга көп мүмкүнчүлүгү бар. Япония, Кытай ушул жол менен кетишкен. Бирок, ал мамлекеттер ошол эле учурда бир максатты алдына койгонун унутпашыбыз керек. Ал максат - өндүрүлгөн продукцияны четке чыгарууну, чекене сатууну көздөшкөн. Бизде болсо мамлекеттик корпорациялар эч кандай конкуренция дегенди билишпейт, анткени монополисттер. Банкрот болгон авиазаводдор, автопром, согуштук маанидеги заводдордун бары ушул тармакта, бирок бирөөсү да чыгарган продукцияларын тышка сатууну максат кылган жок, кылайын деген ниеттери да жок.
Кыскасы, кийинки жылдардагы ооз көптүргөн мифтердин дээрлик баары негизсиз экендигин учурдагы кризис ачыкка чыгарды. Буга турмуш өзү ишендирди. Азыр эми биздин жомокчулар дагы эмне деген жомок чыгарсак деген ой менен баштарын катырып отурган чактары.
Асмандан жерге түшө турган заман эми келди.
Көрсө, кийинки жылдар чын-чынына келгенде экономикалык өсүш эмес, экономикалык жатып ичерликтин жылдары болуптур. Табият берген байлыктарды талоонун, андан түшкөн каражаттарга семирүүнүн жылдары болуптур. Рубль бекемделгенден бекемделиптир, күндөлүк товарларга суроо-талап аябай өсүптүр. Эмгектин өндүрүмдүүлүгү эмес, эмгек акы уламдан-улам өсө бериптир. Кредит дегенди биринчи эле кезиккен киоскадан алып, эмне кааласак сатып ала бериппиз. Ошонун натыйжасында соода-сатык жин тийгендей өсүп, элдин доходу 5,5 эсеге, физикалаык жактарга таратылган кредит 72,5 эсеге жетиптир. Башкача айтканда, баарыбыз карызга жашаппыз. Мамлекет болсо ушундай утурумдук жыргалга "көз жумду" жасап, импортту кыскартууга эч бир көңүл бурбай, жергиликтүү өндүрүш деградацияга учурап, жыйынтыгында экономикабыз ар кандай жөө жомоктордун курманыдыгына айланыптыр.
Эң эле кутургандар ушул тополоңдо пайдага марып, акчасы чуурган орто класс болуптур. Акча санаганды таптакыр унуткан олигархтар, андан бериде алып сатарлыктан ирип-чирий баштаган жаңы көпөстөрдүн кылган жоруктары, жашаган турмуштары, миңген машинелери газеттердеги көнүмүш хроникага айланып, бирок алар кантип байып атат деген суроого эч ким жооп бергиси келбей калганын эч кимибиз унута элекпиз.
Социалдык жиктенүү жогорку чекке жетип, байлар менен кедейлердин ортосундагы айырма асман менен жердей болуп, акыры азыркы кризисте белчебизден батып отурабыз.
Эмне кылуу керек?
Бул жакшы суроо. Керек суроо. Өткөндүн сабактары келечекке жол чапканга жардам бериши зарыл. Эң негизгиси, аз болсо да бирдеме чыгарып, чыгарганда да сапаттуу чыгарып, ошону сатканга үйрөнүшүбүз зарыл. "Россияда сугунулган" деген лозунг мындан ары "Россияда жасалган" деген лозунг менен алмашыш керек. Мунсуз эч качан өнүкпөйбүз да, өспөйбүз.
Бийлик менен бизнестин тирешүүсү токтолушу керек. Чиновниктин милдети - салык чогултуу, жаңы технологияларды өндүрүшкө кийирүүнү колдоо, суроо-талап секторундагы импорт деген нерсени уламдан-улам кыскартуу болушу керек.
Кичи жана орто бизнести кош колдоп өнүктүрүү мамлекеттик мааниси бар маселе деп таанылышы керек. Аларды ар тараптан кысып, акчасын талаган чиновниктери жоопко тартууга чейин жетпесе болбойт. Кайра иштетүү тармагындагыларга налогду азайтып, НДСти кыскартып, чийки зат менен табият байлыктарын саткандарга налогду көбөйтүү зарыл.
Дагы бир биздин экономиканы куруткан балээ - инфляция. Энергетика жана коммуналдык чарбадагы монополисттерди тарифтерди көбөйткөнүнө тыюу салуу менен бирге, элдин эсебинен оокат кылган жатып ичер компанияларды демонополизация кылып, керек болсо банкрот катары чийден чыгарып, аукциондордон сатуу зарыл.
Тышкы экономикалык саясатыбызды кайра карап чыгып, ВТОго мүчөлүктү токтото турушубуз керек. Ошону менен бирге өнүккөн мамлекеттерден өндүрүш тармактарын Россияга алып келүүнү ар тараптан колдоп, ага параллель өз индустриябызды диверсификация жасаганга бардык аракетибизди жасашыбыз керек.
Владислав ИНОЗЕМЦЕВ,
экономика илимдеринин доктору, Постиндустриалдык коомдорду изилдөө Борборунун директору
Никита КРИЧЕВСКИЙ,
экономика илимдеринин доктору, профессор, Улуттук стратегия Институтунун директору
Которгон
Темирбек Муктаров










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan