Толгой тарткан кыл аркан

Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Кокон хандыгын түзүүгө жол бербейбиз"
- Роза Исаковна, Таласка барып келген сапарыңыздар тууралуу көп маалымат тарады. Кандай барып келдиңиздер? Эмне деген жыйынтык сөздөрду айта аласыз?
- Таласка "Ата Мекен" партиясынын райондук конференцияларына катышып келүү үчүн СДПК партиясынан Б. Бешимов экөөбүз барганбыз. Айта кетчү нерсе, партиялардын өз ара мамилелешип, кызматташуусу мыйзам ченемдуу көрүнүш. Анын үстүнө оппозициянын бир күчкө - БЭКке биригип, иш жүргүзүп жатканы жалпыга белгилүү. Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо биздин жана "Ата Мекен" партиясынын бир нече мүчөлөрү депутат болуп, бир фракцияга биригип, иш алып барышууда. Ошолорду колдоо масатында биз дагы партиялык конференцияларга чогуу катышып турууну чечкенбиз. "Ата Мекен" партиясы конференцияларды өткөрүү тууралу маалыматты ММКларга алдын ала жарыялашканы белгилүү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ак үйдүн командасы менен КРнын Конституциясын, саясый партиялар жана ЖК депутатынын статусу жөнүндүгү мыйзамдарды одоно түрдө бузушту. Бул операциянын "пульту" облустук администрацияда жайгашып, Бишкектен ИИМдин орун басары атайын жиберилип, ИИМдин басма сөз кызматы менен Таластын чиновниги Чаргынов кошулуп, жалган маалыматтарды берип жатышты. Азыркы бийликтин ички дүйнөсүн, ал-ахыбалын Таласта даана сезип, көрдүк. Бийлик элдин нааразычылыгына жооп бере албай, кайсалап, тайсалдап турду. Кара-Буурага кыргын тийгендей милицияны тартыптыр. Бүт өрөөн боюнча мал базарларды жабышыптыр. Айыл өкмөттөрү, милициянын кызматкерлери үймө-үй кыдырып, "чогулуштарга барбагыла" деп элди коркутушуптур. Акимдер "минус" деген чоң топторду түзүп, оппозицияга каршылык көрсөтө турган өзүнчө фронт түзүп, кызуу иштешиптир.
Чындыгында бийликтин башы айланып, кылган ишине отчет бере албай калыптыр. Партиялык чогулуштарды өткөрүүгө уруксат бербей, алдын-ала макулдашылган жайларга киргизбей, талаада эл чогулуп, жыйналыш өткөрсө, уруксатсыз өткөрдүңөр деп соттоп, эскертүүлөрдү төшкө илишүүдө. "Ата Мекен" партиясына "Хизбут-тахрирге" жасагандай эле мамиле жасашты. 2007-жылдагы парламенттик шайлоолордо 50 дөн ашык депутаттык орунду ээлегенге жеткизген жүз миңдеген жактоочулар мындай мамилеге чыдай алабы?! Эскерте кетейин, Ө.Текебаевдин өмүрүнө коркунуч бар экенине биз "матрешка" ишинде эле күбө болгонбуз. Ал ишти тейлеген адамдар Таластагы окуяларды да жөнгө салып жүрүштү.
Манасата, Кара-Буура, Бакай-Атадагы чогулуштарга катышып, эл менен жолукканга аракеттендик. Бакиев Акаевден кем калбаган окуучусу экенин даана көрсөттү. Ал өзү 2005-жылдын 24-мартындагы революциянын алдында өткөн бир топ митингтерге катышканда кандай гана бут тосууларга дуушар болгон жок. Эми ошол тоскоолдуктарды жаңылбай-жазбай кайталап, азыркы оппозицияга карата колдонууда. ОБОНчуларды тукурду, жумуртка, таш ыргыттырды, милиция, прокурор, сотторго талатты. Бирок, ал бир нерсени эсине бекем түйүп алышы керек - элдин эс-акылы тунук, Бакиев кандай жол менен бийликке келгенин эл эң жакшы билет жана эч качан унутпайт.
- Ө.Текебаев курал алып жүрүп, мыйзамды бузду деп жатышпайбы?
- Куралдар маселеси келип чыкканда Ө.Текебаев дароо тийиштүү документтерди көрсөтүп, бары мыйзамдуу экенин далилдеди. Бирок, бийлик азыркыга чейин элди коркутууга аракеттенүүдө. Ал Талас жергесинде оппозиция куралды башка ой менен алып келишкен деген сөз таратып, бөйрөктөн шыйрак чыгарып жатышат. Анткенге булардын шыктары да, мүмкүнчүлүктөрү да бар. Ноокатта өткөн сот жыйынын КТР кайталап көрсөтүп, "Ак жол" партиясынын колдоосу менен аскер күчтөрүн жарандардын турмушуна кийлигишкенге укуктуу деген мыйзамды кабыл алып, кыргыз элин чөгөлөтүп, биздин өлкөнү Кокон хандыгына айландырабыз деген арам ойлору бар. Биз буга эч качан жол бербейбиз!
Биздин ишеничтүү маалымат булактарыбыздын айтканына караганда биз Өтмөк аркылуу келчү жолдо бийлик атайылап көчкүнү жардырып, түшүргөнгө камданыптыр.
- Роза эже, Россиядан 2 миллиард доллар кредит алганы жатканыбыз айтылып жатат. Аны кандай максатта, кимдин кепилдиги менен алабыз?
- Комплекстүү, чоң суроо бердиңиз. Бул кредит менен Бакиевдин режими нары же бери болот. Аталган "пулдун" ичинде ошончолук кубаттуу динамит жатат. Президент бул кредитти алып Камбар-Ата 2ни куруп, Камбар-Ата 1дин долбоорун баштап, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого чыгып, утуп алам деген пландары бар болуш керек. Россиянын финансылык мүмкүнчүлүгүнө, энергетика тармагындагы бай тажрыйбасына эч бир шек жок. Россия - энергетикалык улуу держава, биздеги ГЭСтер бул мамлекеттин күчү менен курулганы талашсыз. Бирок уккан маалыматтарды, фактыларды ой жүгүртүп, талдап көрөлү, өлкөбүз мындай кредиттен пайда табабы? Жок (!) деп жооп кесе айтууга туура келет. "2 млрд. доллардын 1,7 миллиарды эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташуусуна жумшалат" деп Балкибеков айтууда. Анда жеке эле Камбар-Ата 1,2 эмес, Сарыжаз, өйдөңкү Нарын ГЭС каскаддарын курууну "Түндүкэлектр" бөлүштүрүү компаниясы жана ага шайкеш ишканаларды инвестициялай турганы боюнча кеп болгон.
Мындай чоң көлөмдөгү кредитти Россия биздин мамлекеттин кепилдигине таянып бериш керек эле. Анда биз эл аралык финансы уюмдарынын катышуусу менен гана бул маселени чече алабыз. Андай болсо Кыргызстандын карызы эки эсе көбөйөт. Ага эч ким макулдук бербейт. Эгер алсак, жөнөкөй тил менен айтканда өзүбүздү өзүбүз муунтуп алабыз. Андай чоң суммадагы кредит репутациясы жакшы, кудуреттүү, атактуу бизнес-компанияга берилет. Россия үчүн ал - Интер РАО АЭС болуп жатат. Россиялыктар кредиттин 80-90%ын Камбар-Ата-1 ГЭСинин техника-экономикалык долбооруна, турбиналарын, дагы башка эки ГЭСтин чоң жабдыктарына жумшап, өздөрү эле өздөштүрөт экен. Адистер, жогорку квалификациялуу жумушчулар - баарына каражат бул жерде сарпталат. Россия бизге кредит берип, аны өзү үчүн иштетип, өздөштүрүп, суунун башына чыгып, Камбар-Атадан баштап, Токтогул ГЭСтерин тейлеп, калат. Кийин 1,7 миллиард доллар кредитти кыргыз эли кайтарып, төлөп бериш керек. Анда биздин элдин утушу эмнеде?! Президент Москвага барар алдында соодалашууну көздөп, америкалык база боюнча эч сөз айтпай олтурганынын сыры ушунда. Россия кредиттин берилишин аталган базанын чыгарылышы менен шарттап койсо, анда биз такыр куру жалак калышыбыз мүмкүн. Региондук саясатты эске алганда да биз өз кошуналар менен тил табышып, башка бирөөлөрдүн кызыкчылыктарына ыктабай, негиздүү позицияны ээлешибиз керек.

Маектешкен
Зулпукаар САПАНОВ




  Эки айрылыш жолдо...

Өйдө тартсаң өгүз өлөт,
Ылдый тартсаң араба сынат
(Уландысы. Башы 1-бетте)
Орто Азия чөлкөмү демекчи, Кавказдагы ызы-чуудан кийин жалпы КМШ мейкиндигинде өз кызыкчылыктарынан бир карыш да артка чегинбөөнү чечкен Россия, Борбордук Азиядагы мамлекеттерге таасирин күчөтүүнү Кыргызстандын суу ресурстары аркылуу колго алууга болоорун так түшүнгөн сымал. Мындай "жакындашуу" бир чети И.Чудиновдун өткөн жылдын соңунда В.Путин менен болгон жолугушуудан кийин өзгөчө жандана баштады. "Карга карганын көзүн чокубайт" эмеспи, балким Игорь, Владимирге Орто Азиянын ачкычы так ошол Кыргызстандын суу ресурстарында экенин ишенимдүү шыбырап бергендир. Бир чети орустар беребиз деген 2 миллиард доллар дагы оңой акча эмес. Ошондуктан, Нарын каскадына ГЭСтерди куруу үчүн бериле турган ал акчаны берээрден мурун, орус төбөлдөрү "Сен ким мененсиң" мамилесин чечип алалы деши да, "Саакашвилиге окшоп тигилерди же биз тарапта экениңди ачык айт" суроосу кабыргасынан коюлушу да мүмкүн. Биз бул жерден грузин президентине өз галстугун "жедиргенин" эске алсак ашыкча болбос.
Бир чети өлкө башчысы эмне үчүн өтө пайдалуу делген гидро-энергетика тармагын орустарга гана ыроологусу келип турат. Ага инвесторлорду башка өлкөлөрдөн деле тапса, далайлар чыкмак.
Жөнөкөй версия: себеби, Москва эч убакта өз кызыкчылыгы жүрүп жаткан жерде адам укугу эмес, андан башкасы тебеленсе да унчукпайт. Авторитаризм орнотосуңбу, жалган шайлоо өткөрөсүңбү, коррупция өсмөктөн кокодон алабы, көрмөксөн. Бизге окшогон кичинекей өлкөнүн башындагы Бакиев болобу же башкасы башкарабы, мындай "Московский вариант" албетте, ыңгайлуу жагдай да. Анан калса Владимир Путиндин 2012-жылы бийлик башына кайра келиши толук мүмкүн. Андан аркысы техниканын иши демекчи, Россиянын негизги мыйзамына анча-мынча оңдоп-түзөөлөр кирип, президенттик мөөнөт 6 жылдан болуп, плюс дагы бир мөөнөттү кошкондо Владимир Владимирович эң жогорку бийликтин даңгыраган жолунда 2024-жылга чейин барбайт деп ким кепил боло алат?
Демек, Кремльдин айтканынан чыкпаса, ажобуз үчүн деле бул жакшы шанс эмей эмне... 2024-жылга чейин... Дагы бир себеп, Кыргызстан ЖККУ, ШОС, ЕврАЗэС сыяктуу уюмдарга мүчө болуп саналат. Алардын шартына ылайык эгерде өзү уюмуна катышкан өлкөлөр тарабынан колдоону жоготууга ниеттенбесе, ал булардын талаптуу шартына макул болууга аргасыз.
Бирок, бироктун бирогу бар. Себеби, Америка деле дүйнөнүн чар тарабындагы кызыкчылыктары үчүн катуу тураары маалым. Анан калса Американын жаңы президенти Барак Обама шайлоодогу убадаларына ылайык Ирактагы согушту солгундатканы менен, Афганистан, Пакистан тарапта абал көзөмөлгө катуу алынаарын айтып өткөн. Дал ушул максатта азыр Пентагон ишке киришти. А, мындай учурда "Манас" аэропортундагы авиабаза албетте, АКШга керек. Алар "чык" десе эле чыгып кете бербейт. Бир чети Барак Обама президенттикке ат салышып жатканда, "Мен, АКШнын түшүп кеткен авторитетин кайра көтөрө турган президенти болом" деген жалындуу убадасын айткан. Кокус кыргыз бийлиги "кыйшаңдай" турган болсо, АКШ "демократия аралчасына" "демократиянын салымын" аянбай төгүп коюшу деле ажеп эмес. Дал ушул база туурасында эки күн мурун Кыргызстанга АКШнын борбордук командачылыгынын башчысы генерал Девид Петреус келди. Ал тургай кыргыз журналисттерине атайы пресс-конференция берип, жыл сайын Ганси үчүн АКШ Кыргызстанга 63 миллион доллар төлөөрүн, анын көлөмүн дагы көбөйтүү маселеси каралып жатканын айтып, "Америкалык базаны чыгаруу негизсиз. Ал чыкпайт" деди.
Кыскасы, эки оттун ортосунда калганыбыз өлкө жетекчиси эле эмес, жалпы кыргыз мамлекетине оор суроо болуп калгандай. Анткеним, туура чечимдин да, туура эмес чечимдин да ачуу-таттуусун эл тартат. Ал эми чечимди эл эмес, эл шайлаган президент кабыл алат. (Өлкө ичинде болсо нааразычылыктар өзүнчө күчөп барат). Же бул кимиси көбүрөөк төлөсө ошонукун аткарам деген "тактикабы"? Себеби, "Ганси" тууралуу президентибиз америкалыктардын нервине биринчи жолу эле тийип жаткан жок. Эсибизде, 2006-жылы Астанада өткөн ШОСко кирген өлкөлөрдүн саммитинде да Курманбек Салиевич "америкалыктар менен келишимди бузам" деп чыккан. Аягы келип Сем байкебиз "Манастагы" ижара акысын көтөрүүгө мажбур болгон. Бирок, эки тоонун чөбүн эңсеген элик жөнүндө накыл кепти да унутпасак.

Кенжебек Арыкбаев










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan