Кыргызымдын жигиттери

Исмаил Исаков
(Экс-коргоо министри)

Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери.
Чок кармаган кол менен баатыр
бол, деп
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени.

(Байдылда Сарногоев)




  Адыр-адыр тоолордон...

Азимбек Бекназаров БЭКтин штаб жетекчиси болуп дайындалды.
20-январь күнү Бириккен Элдик Кыймылдын саясий бюросунун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул жыйында элдик революциалык кыймыл тарабынан козголгон лидер тандоо маселеси каралып, ("бекназаровчулардын" идеясы боюнча) ошол эле жыйында Азимбек Бекназаров БЭКтин штаб жетекчиси болуп дайындалды. Штаб жетекчисине негизинен БЭКтин Улуттук Кеңеши кабыл алган чечимдерин, акцияларын уюштуруу милдеттери жүктөлөт. Бирок Азикең Таластагы "Ата-Мекен" партиясынын ачык конференциясына барып, эл менен жолугушууга катышкандын ордуна, борбордо жылуу кеңседе отуруп алып, лидер тандоону чиймелеп отуруп алган "схемасы" негедир Улуттук Кеңештин айрым мүчөлөрүнө жага берген жок. Тескерисинче, лидерди Таластагы жолугушууларда эл тандады окшойт. Баса буга чейин БЭКте секретарият түзүлүп, анын жетекчилигине Асанбек Сарыбаев дайындалды. Ал 2007-жылдын 12-мартында бийликтин жүргүзгөн саясатына канагаттанбай оппозициянын катарына өтөм деп ачык жарыялап маданият жана маалымат министирлигинин орун басарлык кызматына отставкага кеткен.


  Саясат доскасында

Бул неси, шах-пы?
В Кыргызстане экс-руководитель администрации президента назначен министром иностранных дел. Соответствующий указ подписал глава государства Курманбек Бакиев.
15/01-2009 14:05, Бишкек - ИА "24.kg"
Экс-администрация башчысы Медет Садыркулов өзү айткандай 15 күн эс алып келип, бүгүнкү бийлик сунуштаган кызматка бараар-барбасын айткычакты эле, 15-январда аны Тышкы иштер министри болуп дайындалганы жөнүндө президенттин Жарлыгы чыкканы туурасында жогоркудай маалымат "24.kg " сайтына жарыяланды. Аны окуп, окуй электе , Медет Чокановичтин Тышкы иштер министрлигинен баш тартканы туурасында башка бир кабар тарады. "Ат тезеги кургай электе", айрым маалымат каражаттары Курманбек Салиевич менен Медет Чокановичтин ортосунда оор жолугушуу болуп, экс-администрация башчысы эшикти "тарс" жаап кеткени жөнүндө эшиткенин жазып чыгышты. Эгер, Жарлык чын эле чыккандан кийин Садыркулов жанагынтип кеткени чын болсо, "Ажонун саясат доскасындагы жүрүшү оор эле болотко" деп божурашкандар мындан көбөйдү. Андай болсо, "тактикалык жүрүштөрдүн мастери" болгон Садыркуловдон илибой күтүүсүз жүрүштөрдүн болуп кетиши да мүмкүн.




  Жылдар жылга жалгашат
Бийликтен бийлик алмашат…

УЮБУЗДУ ЭМИЗИП ИЙБЕЙЛИ
Былтыр Чычкан жылы келгенде: "Чычкан деген жайлата уюгуна дан ташыйт, демек быйыл токчулук болот" деп жалпы элдин токчулуктан үмүтү чоң эле, биринчи иретте өп-чөп жашагандардын. Ал жыл биздин үмүттү актаган жок. Баланча миң тонна эгин алдык деп апырткан Ногоев сыяктуулардын гана үмүтү акталды окшоду. Анткени, аладын эл эсебинен толтурулган кампасы бөксөрбөйт эмеспи. Аларга кай жыл болбосун баары бир дечи…


Ошол 2008-жылы кымбатчылыктын жылы болду, тер кургантпай тезек тердик, коррупция гүлдөп турду, кыргыздын бир катар мыкты уулдары жарык дүйнө менен коштошту. Жыйынтыгында Чычкан жылы жакшы жыл болду деп айта албай турубуз.
Мына эми Уй жылы келди. Телерадиодон сүйлөп, газетага интервью бергендин баары эле бир ооздон: "Уй жылы деген токчулуктун жылы болот, жакшылыктын жылы болот. Анткени уй деген жоош, жегенинин баарын сүт кылып берет"деп илгери үмүт менен айтып жатышат. Актилекке бүтүндөй эл ишенет. Бирок, баарыбыз бир жагдайды эске албай жатабыз. Азыркы бийликте тургандар Бакиеви баш болуп ошол уйдун сүтүн өздөрү шимирип койбос бекен? Маселе ошондо!
Адамзат турмушунун заң-закүнүнүн бири - эскини жаңы танып, бул процесс тынымсыз кайталанып турат. Эскиге караганда жаңысы жакшы болуш керек. Ушу жагдайдан алганда Акаевдин бийлигин зордук менен төңкөрүп салган Бакиевдин бийлиги дурус болушу керек эле го. Андай болбоду, жаман делген көрүнүштөр эки эселенип көбөйдү. Ушул туштан мисалдатпасак болбой турат.
Бакиев, анын жандоочтору: Акаев тушунда бүлөлүк башкаруу болгон, биз андайга барбайбыз деди да бүлөлүк башкаруу кандай экендигинин атасын таанытты! Ушул тапта бүлөлүк башкаруунун апогейдеги кези; мурунку бийлик учурунда коррупция аябай басты дешти, өздөрүнүн коррупциясы укмуштуудай өсүп-өнүгүп жатат; мурунку бийлик трайбализм менен ооруду дешти, өздөрү трайбализмдин айыкпас оорусуна кабылышты, бийликтин баарын түштүк жыттантып салды; мурунку бийлик өлкөнү экономикалык кризиске алпарды дешти, өздөрү кризистин сазына чыккыс болуп батты, мурунку бийлик стратегиялык мааниси бар тармактарды менчиктештиргени жатат деп чуу көтөрүшкөн, өздөрү электр тармагын баш кылып далай тармакты менчиктештиргени жатышат; Акаев кезинде тезек терген эмеспиз, калчылдап үшүгөн эмеспиз, Бакиевдин тушунда калчылдап тезек терип жүрөбүз; мурунку бийлик диктатурага баратат дешти эле, өздөрү ага келип калышты, мурунку бийлик сөз эркиндигин муунткан дешти, өздөрү эки гезитти жаап тынышты, бир топ гезитти коркутуп турган учуру… айтор, мурунку бийлик тушундагы негативдүү көрүнүштөр дүңү менен "төлдөп" жаткан кези, эгизден жана сегизден.
Мына ушундай бийликке кайсы уй чыдайт?!
"Уй деген жегенинин баарын кайра кайтарат, жыл жакшы болот" деген элдин актилегин бийлик "тилеги" ташкаптырбас бекен деген Улуу санаркоо бар… түшүнгөндөрдө. Кандай болгон күндө да жакшы үмүт жашай берет…
Дагы бир чоң санаркоо - уюбуз жар менен бүтчү тик кокту ылдый сайгактап кетсечи?!

Баратбай АРАКЕЕВ




  О, жашоо!

Кайран сөздөр, ай...
Өмүрбек Бабанов:
"...Акыйкат калыстык үчүн эч убакта артка кайтпайм. Бул сөз ар убак менин көкүрөгүмдө туу болуп жүрөт"
("Агым" 23.03.07.)

Мелис Эшимканов:
"... Күч структурасы, темир жол, аэропорт, газ кимде? Шагыраган акчанын баары Курманбек Салиевичтин өзүндө"
(2006-жылы 30-октябрда ЖК сессиясында сүйлөгөн сөзүнөн)

Кабай Карабеков
"... Мен дагы кайталайын, Кыргызстан Бакиевдердин үй-бүлөөсүнүн ырайымсыздыгын, алдым-жуттумдугун көтөрө албайт. Бакиевдин имиджи азыр нөлдө. Ал эми эл аралык коомчулукта аброюн капкачан жоготкон. Бакиев бүгүн бирди айтса, эртең ал айтканы орундалбайт. Кайра башканы сүйлөйт. Дипломатия бул Ош базары эмес! Дүйнөлүк коомчулук астында Бакиевдин президент катары деңгээлин көрө албайм. Кыргыз эли үчүн өтө өкүнүчтүү, уят дагы.
(2006-жылы май митингинде сүйлөгөн сөзүнөн)

Өмүрбек Субаналиев
" - Бул жолку кайрылуусу президенттин анык жүзүн көрсөттү. Ал дагы эле өз амплуасында: баары жакшы, экономика өсүп жатат, бир стакан сүт, булочка, ура! Ал андан башка не айтат...
...Биз кезексиз шайлоо өткөрөбүз. Биз адекваттуу өлкө башчысына муктажбыз. Жетишет, бүт дүйнөгө шылдың болуп бүттүк..."
(2007-жылы март айында өлкө башчысынын элге кайрылуусунан кийинки, Кулов баштаган Бириккен фронттун штаб башчы болуп турганда сүйлөгөн сөзүнөн)










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan