"Неудобный" суроолор

Аскар Акаевге, Кыргызстандын туңгуч Президентине:
Аскар Акаевич, сиз Москвага "орун которуп" кеткениңизге (жумшактап айтканда) мына төрт жылга жакындап баратат. Орустун гезиттерине интервьюларды берип, эң мыкты деген окуу жайында, МГУда, аспиранттар менен студенттерге дарс окуп жатасыз. Сиздин лекцияларга киргенге орун таппай котолоп турган угуучулар тууралуу ошол эле орустун гезиттери байма-бай жазып жатат. Эми сизге суроо: ошол билимди орустун студенттерине эмес, кыргыздын өсүп келаткан муундарына да берсем деген ой кеттиби сиздин акылга бай башыңызга, тажрыйбага бай жашыңызга? Кыргызда акылман кеп бар ата-бабаларыбыздан калган: "Адашкандын айбы жок, кайрылып үйрүн тапкан соң" деген. Сиздин доордун чындыгында кандай болгондугун азыр ар бир кыргыз билип отурат. Ата конушуңузга качан кайрыласыз, караңгыда кайсалаган кыргызга качан жардам кыласыз? Же кыргыздан "Чакыруу кагазын" күтүп жүрөсүзбү?

Курманбек Бакиевге,
Кыргызстандын Президентине:
Курманбек Салиевич, баягында Ататүрк паркына капыл-тапыл кирип барып, ал жердеги көз жоосун алган ак сарайларды "мыйзамсыз" экен, элим-журтум эс ала турган жерлерди абдан тебелеп-тепсеп коюшуптур деп абдан кыжаалат болгон элеңиз. Катуу чара көрүү жагын да администрацияңызга тапшыргансыз. Аны угуп, ансыз да коргой турган кишиси жок, көк жашык болуп бараткан элиңиз иттей ыраазы болуп, айрымдары көзүнө чолок жаш алганга чейин жеткен. Бирин-экин чиновник кызматынан да "айрылган". Тагыраак айтканда, андан да жогорураак кызматтарга секирик жасашкан. Эми сизге суроо: ошол сиз койгон чоң маселенин аягы эмне болуп бүттү? Же "Биздин үйлөрдү талкалаганга караганда, Ганси авиабазасын кетирген алда канча оңой" деп айткан сиздин эле айланаңызда жүргөн адамдардын циничный кеби туурабы? Айтор, башынан "унутчаак" жайыңыз бар эле, деги жок дегенде ушуну унутпасаңыз деген бир кеп да…

Данияр Yсөновго, Президенттик администрация башчысына:
Данияр Токтогулович, кийинки жылдарда аябагандай көп чыгым тартчу болдуңуз. Же мурдагы замандай сизди "куугунтукка" алган бир киши болсочу. Тескерисинче, жеткен эрке-талтаңсыз. Каалаган учурда кетесиз кызматтан, каалаган учурда келесиз. Бирок акчаларыңыздын суудай акканычы… Жалко, бир карасаң. Акаевдин миллиарддаган дүйнө-мүлкүн элге кайыртам деп, жарым миллион долларыңызды желге чачтыңыз. Сокур тыйын казынага түшкөн жок. "Темир" генерал Ф.Куловдун күбө өткөнүнө караганда, парламентке да 300 миңге жакын долларыңызды таратып, чоң кызматка отурупсуз. Жакында болсо бөпөлөп баккан чоң банкыңыздын колтойгон долясы башка бирөөлөрдүн колуна өтүптүр деген каңшаар тарады. Чынбы же жалганбы ушул кеп? Эгер чын болсо, эмнеге эле ушунчалык "расход" болуп атасыз деги? Деги "ак эмгегиңиз" менен араңдан жүрүп тапкан дүнүйөңүздү ушинтип эле чача бересизби?

Сөз кадырын билгендерге

"Бөлөк ойду балдак кылып таянбай, өз күчүнө ишенгендер жаңылбайт."
(Советбек Байгазиев)
Ага-ини Керимкуловдорго (Темирбек, Айдарбек) жалпы суроо:
Акаевдин акырынан тойгуча жем жеп, ээлебеген кызматка албай, кийин Бакиевдин заманында андан бетер шапар тээп жүргөн Керимкуловдордон деле дайын чыкпай кетти. Шектүү жерлерге түк жолобой, натуура сөздү эч бир жерде сүйлөбөй, чоңдорго жаман көрүнбөй, гезиттерден жаа бою качып, кулактарын жапырып "күтүп" эле отурушат сыяктанат атактуу ага-инилер. Күткөндөрү баягы: Ак үйдөн бир шыңгырак... Же тигилерден эч бир кабар-катар жок. Убакыт болсо өтүп атат зуулдап. Элиме-журтума кайдыгер эмесмин деген жигит аттуунун баары эбак эле же тиги партияда, же бул лагерде. А Керимкуловдор кайда? Дайын жок. Сак жүрүшөт сыяктуу. Так жүрүшөт сыяктуу. Кимге болсо да абдан "берилгендик" менен иштейбиз деген ойлорунан кайта элек сыяктуу.
Ау, кайдасыңар Медетбек, Айдарбек? Мынча күттүңөр, күтө тургула эми аягына чейин…


Болот Шерниязовго
Жакында "Айат-пресс" гезитинин бир бетине толтура маек куруп, өзүңүздү тарпка конбогон алгыр кушка теңеп, ал эми оппозиция жээгиндеги санаалаштарыңызды "кузгундар" деп, катуу эле мазактаптырсыз. "Текебаев, Сариев же Байболов, алар бийликке келсе оңолобуз дейбиз. Биз антип оңолбойбуз, кайра жоголобуз" деп андан да ашепке тантырапсыз. Ал аз келгенсип журналист коомчулугун да оптом мазактап... Андай тантыраган ойлоруңуздан айырмаланып, сизчилеп, көчүгүңүзгө муздак шамал кирсе, океандын ары жагына кире качпай, тиштеринин кирин сорсо да чындыкты жазып келаткан ошолор, журналисттер.Ушуну биле жүрүңүз. Эми алардын бетин кантип карайсыз? Анан дагы оппозицияны болушунча боктоп алып, Текебаев менен Жекшенкуловдун артынан (эки күн өткөн соң) Таласка бардыңыз. Эгер өзүңүздү өзүңүз элестеткен тарпка конбогон "алгыр куш" болсоңуз, киндик кан тамган жериңизге аларды жиберип ийип артынан карап турбай, өзүңүз баштап кирип бармаксыз. Анан да Таласка алардын артынан барып алып, Бишкекке аманат катыңызды жөнөтүпсүз, "Азаттык" аркылуу. "Мен өлсөм да оппозицияны таштабайм, өз санаалаштарымды сатпайм" деп. Ал эми "Айат-пресске" берген маегиңизди сиздин актанууңуз боюнча журналист туура эмес угуп алыптыр. Ээ, айланайын, кичинекей маалымат болсо бир жөн, жаңылып калгандай. Килейген бир полоса маекти кантип туура эмес жазсын. Буга эч ким ишенбейт. А балким, Сиз чын эле сатылып, ал үчүн оппозицияны боктоп берем деп, партиядан чыгып, бирок, тигилер сураган доляңызды бербей, анан сиз кайра бет тырмаарлык менен 180 градуска бурулган жоксузбу? Кайран гана Бокем, өзүңүз айткан Гамзатовдун саптары эске келет, "он тогуз жерден жараланып мен турсам, жыйырманчысын өзүң сайдың жүрөккө..."
"Айгай-пресс"










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan