Эки жылдыз

Cпорттун улуулугу, ал - сен кыргыз, орус, немис же кытай деп бөлбөгөнүндө. Муну кайталаганым кайсы гана күйөрман болбосун тамшандырып таамай оюн көрсөткөн спорт чеберлери алар үчүн ыйык жана бийик... Бир кичинекей мисал, Пеле. Анын керемет оюну кырчылдашкан эки тараптын согушун да токтоткон деген кеп аңыз болуп айтылып жүрөт, эл оозунда. Бул Нигерияда болгон окуя. Өлкө кадимкидей кан жутуп турган учур. Пеле ал жакка учуп барат. Ошондо эки тарап анын оюнун көрүш үчүн убактылуу болсо да ок атышуусун токтоткон дейт. Ал эми Ирандын шахы футболдун королуна жолугуш үчүн, аэропортто үч саат бою күтүп олтурган деген сөз бар. Дагы бир жолу Пеле Колумбиянын стадионунда ойноп жаткан кезде, судья дарбазага киргизилген топту жараксыз деп таап, нааразы болгон Пелеге "кызыл карточканы" көргөзүп, оюндан чыгарып салат. Жаалданган фанаттар стадиондон түп көтөрүлүп, Пеле оюнга кайтып келип, судьянын өзү оюндан чыгарылат.
Спорттун керемети , анын улутка карабайт дегеним ушул.
Ушул өңүттөрдөн улам, футбол дүйнөсүндөгү эки жылдыз, бири мыкты чабуулчу, бири мыкты дарбазачы Пеле менен Лев Яшиндин өмүр таржымалынан кеп козгогум келди.

  Пеле

Пеле, чын аты Эдсон Арантес до Насименто 1940-жылы 23-октябрда Бразилиянын Трес-Корасаес шаарында туулган.
Улуу Ата Мекендик согуштун алды. Бул мезгил бир эле Европага эмес, бүт дүйнөгө өз каарын төгүп турган кез. Ошол мезгилдерде төрөлгөн улуу футболисттин үй-бүлөөсү да оор турмушта жашаган. Пеленин атасы Жоао Рамос ду Насименто да өз кезегинде футболист болгон. Бирок, ал кезде футбол анчалык популярдуу болбогондуктан, үй бүлөөсүн багуу кыйынга туруп, анан калса катуу жаракат да алып, футбол менен кош айтышууга туура келген. Жан багыш үчүн эптеп жергиликтүү ооруканага санитарь болуп орношот. Үй бүлөөдөгү турмуштун оордугунан, Пеле 7 жашка чыкканда иштөөгө мажбур болот. Өтүк тазалагыч болуп иштейт, ал. Ошонун айынан окуусунан калып, 13 жашка чыкканда араң 4-классты бүтүрөт. Ошол учурда Пеле футболго кызыга баштайт. Машыгуу үчүн ал чүпөрөктү тоголоктоп "топ" кылып тээп, апельсинди жарылып калганча "ары-бери" ойнотуп... Анын мындай дилгирлигин алгач түрк кошунасы байкап, "Пеле" деген атты ошол коёт...
Пеленин эң алгачкы ойногон командасы "Американа" болгон. Кийинчирээк "Бакино" командасында ойнойт. Улуу футболчу
нун чоң футболго болгон сапары ушул командадан башталат. Себеби, анын талантын аталган командадагы машыктыруучу Валдемар ду Бриту деген адам алгач байкаган. 1956-жылдан тарта Рамиро, Зито, Жаир сыяктуу футболдун мыкты чеберлери бар "Сантос" клубунда ойной баштайт. Бул анын футбол карьерасындагы өсүү мезгилинин башаты болгон. Ушул жылы 7-сентябрда Пеле профессионалдык футболдогу эң биринчи тобун киргизет. 1958-жылы 17 жашар Пеле дүйнөлүк чемпионатта Бразилиянын курама командасында ойноп, Бразилия "Дүйнө чемпиону" аталат. Ошондо, оюндан соң Лев Яшин ресторанга атайы келип, Пеле менен жолугуп, аны алкаганын футбол королу өз эскерүүсүндө сыймыктануу менен жазган жери бар.
Баса, айтмакчы, спорт тарыхында Пеленин "Флуменсе" командасы менен ойноп жаткан учурда киргизген тобу "Кылымдын голу" деп аталып келет. Анда Пеле ал голду өз дарбазасынан баштап, алдынан чыккан атаандаштарынын баарын алдап өтүп, гол киргизгени айтылат. Ошондон соң, бүгүнкү күнгө чейин футбол оюнунда №10 деген майкени "мен" деген чабуулчулар кийүүгө далалат кылып келет. Себеби, Пеленин оюн талаасындагы номуру - онунчу эле.
Футбол боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону (1958,1962,1970-ж.ж) Пеле 1282 оюнга катышып, 1364 гол киргизген. Анын ичинен (бир оюнунда) отуз ирет 4 жолу, төрт ирет 5 гол, ал эми 1964-жылы "Ботафога" командасы менен болгон мелдеште катары менен сегиз гол киргизген.
1970-жылдары "Пеле ким? деген суроо менен бүт дүйнө жүзү боюнча сурамжылоо жүргүзүлгөндө, ар бир жүз кишинин 95и Пеле ким экенин айтып бере алган.
Футбол королу - Пеле Эдсон Арантис ду Насименто 1977-жылы 37 жашында жашы келгендигине байланыштуу чоң футболдогу оюнун токтоткон. Учурда, катардагы ардагер. Өз Мекенин терең сүйгөн атуул. Азыр арабызда.

Лев Яшин
1929-жылы 22-октябрда Москва шаарында жумушчунун үй-бүлөөсүндө туулган. Таланттуу дарбазачы Лев Яшин, 11 жашында "Динамо" (Москва) футболдук клубунун өспүрүмдөр командасында ойной баштайт. Ошондой эле футболдук карьерасынын акырына чейин ушул клубда өмүрүн арнап, оюн таржымалында 812 матчка катышкан. 25 жашынан тарта СССРдин курама командасында ойной баштайт.
1956-жылы Олимпиаданын чемпиону болот. 1960-жылы футбол боюнча Европанын чемпиону аталат. 1964-жылы, Яшин жана анын командасы Европа чемпионатынын күмүш медалын тагынышат. Ал эми 1966-жылы Англияда өткөн Дүйнө чемпионатында жарым финалга чейин таймашкан. Муну баса белгилегеним, СССР футболу жана бүгүнкү Россия курама командасынын Дүйнө чемпионатынын тарыхындагы көрсөткөн эң жогорку көрсөткүчү болуп келет.
1963-жылы советтик футболисттердин ичинен биринчи жолу "Алтын топ" сыйлыгын алып жана Европанын эң мыкты футболисти деген наамга татыктуу болгон. Ушул эле жылы футболдун пайда болушунун 100 жылдыгына карата Англия курама командасы - Дүйнөнүн курама командасы менен ойногон оюнунда дүйнөдөгү №1 дарбазачы болуп, футболдогу Дүйнө дарбазасын колдогон.
Лев Яшин футбол тарыхында эң көп мөөнөткө чейин ойногон оюнчу катары айтылып келет. Ал 41 жашка чейин чоң футболдо болгон. Социалисттик эмгектин баатыры. 1990-жылы, 21-мартта 61 жаш курагында көз жумган. Учурда, Москвадагы "Динамо" футболдук мектеби легендарлуу футболист Лев Яшиндин наамын алып келет.
P.S. Лев Яшиндин дүйнөдөгү эң мыкты дарбазачы экенин футбол статисттери төмөнкүчө аныкташкан: "Л.Яшин футболдук карьерасында 150 пенальтини тосуп, өз дарбазасын коргой алган". Бүгүнкү маалыматтарга таянсак, футбол боюнча дүйнөдөгү бир дагы варатарь бул көрсөткүчтү багындыра элек...

Даярдаган
Кенжебек Кылыч









Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan