Бийик, бийик жерлерде...

Биринчи леди
20-январь күнү Америка Кошмо Штатынын тарых барагына 44-президентинин жаңы ысымы жазылды. Мамлекеттик символу болгон желеги дагы бир жылдыз менен толукталды. Жаңы президент Барак Хусейин Обама бул күнү расмий түрдө өз ишине киришти.

Жашоо - күрөш дегениң ушул экен. Токтобойт. Агымында улам жаңы ысымдарды алып чыгып, карт тарыхтын көбөйгөнү болбосо, жукарбайт. Анын ошол саптарында азыр Мишель Обама деген ысым да атала баштады. АКШнын азыркы президенти Б.Обаманын жубайы - биринчи леди. Мындайда маалымат чөйрөсү да тим турбайт эмеспи. АКШнын биринчи ледиси ким? Качан, кай жерде туулган? Деген суроолор көбүрүп-жабырып, биринчи лединин кесиби, үй-бүлөөсү ж.б. толгон токой суроолорго курчалып турган кез. Ушундан улам биз дагы өз окурмандарыбызга Мишель Обама тууралуу азын оолак маалымат берүүнү эп көрдүк.
Мишель Обама (турмушка чыкканга чейин аты Ла Вон Робинсон) 1964-жылы 17-январда Чикаго шаарында туулган. Ата-энеси жөнөкөй кесиптин ээлери, аталган шаардагы суу түтүктөрү компаниясынын кызматкерлери болгон.
Мишель Чикагодогу эң престиждүү деген Уитни Янга атындагы мектепке окуп, 1981-жылы Принстон университетинин социология факультетине тапшырып, 1985-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган. Андан соң Гарвард юридикалык мектебинде билим алган. Ал окууну аяктаган соң Чикаго шаарындагы Sidley Austin юридикалык фирмасына кызматка орношуп, өмүрлүк жары Барак Обама менен ошол жерден таанышкан. 1992-жылы эки жаш баш кошту. Ушул эле жылы Мишель Обама Чикаго шаарынын мэринин жардамчысы кызматына орношот. 1993-жылы Public Allies аталган жаштардын коомдук бирикмесинде Чикаго шаардык офисинин директорунун милдетин аткаруучу кызматын аркалайт. 1996-жылы М.Обама Чикаго университетинин студенттер менен иштөө деканатынын жардамчысы болуп орношот. 2002-жылы АКШдагы бирден-бир мыкты делинген Чикаго университетинин алдындагы медициналык Академиянын коомдук иштер бөлүмүн жетектеп келген. 2007-жылдан тарта учурда аталган мекемеде коомдук жана тышкы саясат иштери боюнча вице-президенттик кызматын аркалап келүүдө.
Мишель жана Барак Обама эки кыздын ата-энеси. Улуу кызы Малиа 1999-жылы, кичүүсү Наташа 2001-жылы туулган. Мишель жолдошунан үч жаш кичүү.
Дүйнө саясатында таасири бар делген чоң өлкөнүн бүгүнкү биринчи ледисинин автобиографиясы ушундай, жөнөкөй.

Бетти даярдаган
Эльнура Дүйшеева










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan