Чимирилет дөңгөлөк...

Дүйнөдөгү эң кымбат автомобилдер
"Ат адамдын канаты" деп илгери бабаларыбыз айткан болсо, цивилизациялуу бүгүнкү коомдо адамдын убактысын үнөмдөп, ар иштен бир ишти бүтүргөнгө автомобилдин пайдасы өтө эле зор. "Аттын аттан неси артык, ашыра баскан изи артык..." дегендей, азыр учурда уламдан-улам темир тулпарлардын да биринен бири өткөн маркалары пайда болууда. Ошондой дүйнөдөгү эң кымбат делген он автомобилди Сиздердин назарыңыздарга сунуштап турубуз. "Ой жеткен жерге кол жетээр" демекчи, балким, Сиз да ушундай темир тулпардын ээси болуп калышыңыз бардыр.

  Тарых таржымалынан

"Мерседес"
Готлиб Даймлер. Дүйнөдө эң биринчи жолу 4 дөңгөлөктүү бензин менен жүрүүчү автомобилди негиздеген адам.
Ушул адамдын аракети менен автодүйнөдө бүгүн баарыбызды тамшандырган Daimler Motoren Gese IIshaft компаниясы негизделген. Аталган маркадагы алгачкы автомобиль 1901-жылы пайда болгон. Готлиб чыгарылган машинаны кантип атоону ойлонуп, ага алгачкы заказ берген австро-венгр конслу Ницце Эмиля Еллиненканын кызы Мерседес деген ат жагып калып, ошондон тарта романтикалуу Мерседес деген атка 1885-жылдан тарта автодүйнөнүн чыйрын салгандардын бири Карл Бенцтин аты биргелешип "Мерседес-Бенц" болуп чыгарылып келет.

  ВМW

Бул маркадагы автомобилдин тарых башаты 1928-жылга туура келет.
ВМW чечмелегенде - Bayerische Motoren Werke (Бавариянын мотор заводу) деп айтылат. Аталган компания негизинен 1917-жылдын 20-июлунда түзүлгөн. Бирок, алар автомобиль чыгарганга чейин кухняга керектелүүчү эмеректерден тарта авиа моторлорго чейинки тетиктерин чыгарып келген болсо, 1933-жылы гана алгачкы "303" моделиндеги "БМВ" машинасын жасап чыгарышат. 1936-жылы белгилүү "328" моделиндеги автомашина жарыкка келет. 1970-жылдары компания кризиске учурайт. Бирок, көп өтпөй кайра бутуна тез эле туруп, атактуу 3-5-6-7-сериядагы "БМВ" машинасынын жаңы моделдери пайда болот. 1998-жылы чыгарылган ВМW х5 модели дүйнөдөгү эң мыкты спорттук автомобиль катары даңазаланган. 1999-жылы пайда болгон ВМW Z8, ВМW Z 9 моделдери да ааламда алдыңкы орунду ээлеген.
Учурда БМВ машинасы Германиянын 5 заводунда жана дүйнөнүн ар кайсы жериндеги 22 заводдо чыгарылып келет.

Ауди
Audi компаниясы 1909-жылы негизделген. Түзүүчүсү Август Хорьк. Алгач ал 6 цилиндрлүү мотор түзүп, бирок, анысы аз жерден банкротко кептеп коё таштаган. Ошол эле жылы латын вариантына кайрылып, белгилүү Audi жана Volkswagen компаниясын негиздейт. Ауди жана Вольксваген маркасындагы алгачкы автомобили 1910-жылы пайда болот.
1968-жылдан тарта алдыңкы дөңгөлөктөрү менен түртүлүүчү жаңы маркалары пайда болот. Аудинин 4 шакекчедеги эмблемасы аны ийгиликке алып келген төрт компаниянын бирдей эмгеги катары белгиленип келет. 1990-жылдары өзүнүн жеңил, жумшак жүрүшү менен айрымаланган "А 3", "А 4", "S 4", "А 6", "А 8" модельдери көп өтпөй "ТТ" моделиндеги маркалары пайда болот. Учурда Ауди маркасындагы автомобилдер көптөгөн автосүйүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган автомашина экенин тастыкталып келет.

Даярдаган Нурдин Асанов










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan